presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Тиреш
Мамдирекция Жантөрө Сатыбалдиевдин кекиртегиндеги кылканбы?

2010- жылдагы июнь коогалаңынан Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактары айрыкча жапа чеккен. Ошол себептүү бүлүнгөндү кайрадан чукул арада калыбына келтирүү максатында бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын түштүгүнө кыска аралыкта оңбогондой каражат беришкен. Бирок Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы бул максаттагы акчалар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан чаржайыт жана мыйзамсыз сарпталгандыгын жар салып отурат.
- 2010-2011-жылдары Кыргызстанга, анын ичинде түштүк аймактарына ири өлчөмдөгү акча каражаттары тартылган, - дейт ошогездеги Каржы министри Акылбек Жапаров. - Тилекке каршы, ошол эл аралык жардамдар сарамжалдуу пайдаланбай, мамдирекция адегенде эле башаламандыкка жол койгон. Мен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынын башдиректору Жантөрө Сатыбалдиевди тажрыйбалуу жетекчи катары сыйлачумун. Бирок жумушту башаламан жүргүзгөнүнө эмдигиче айраң-таңмын. Атүгүл анын каржылык көмөктү пайдалануудагы оркойгон кемчиликтерин өкмөттүк атайын жыйында кезинде эле жар салгам. Эки жыл бою Кыргызстанга үстөккө-босток бөлүнгөн акчалай жардамга эле Ош жана Жалал-Абад шаарларына далай көп кабаттуу үйлөрдү куруп салышса, мындан кыргыз бийлиги утмак.
- Олчойгон акчалардын эмдигиче изи жок, - деп чырылдады "Интербилим" эл аралык борборунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева. - Маселен, Орусия менен Казакстан жөнөткөн курулуш материалдары каякка кетти деген сурообузга мамдирекция эмдигиче ынандырарлык жооп кайтара элек. Мындан тышкары аталган уюм каржылык отчетунун жабылганына карабастан элге-журтка ачык жарыялабай келатат. Анын ордуна Жантөрө Сатыбалдиев мамдирекцияны эл алдында отчет бердирбей туруп эле жаап тынды. Арийне, дал ушунун өзү абдан чоң шек туудуруп жаткан чагы.
Баса, 2010-жылы Түркия Кыргызстанга 21 млн. доллар убада кылган. Бирок мунун 11 млн. доллары гана калыбына келтирүү иштерине жумшалган. А Кытай өкмөтү 5 млн. доллар көмөк сунуш этип, мынча каражатка кытайлык компания өзү 66 батирлүү көп кабаттуу үй курууну улантып жаткан чагы. Ал эми Оман өкмөтү адегенде бир миллион доллар жардам убада кылган эле, бирок каражат мамдирекцияга толук бойдон түшкөн жок. А Азия өнүктүрүү банкы калыбына келтирүү жумуштарына грант жана насыя иретинде 100 млн. доллар караган.
- Каржылык жардамдардын басымдуу бөлүгү мамдирекциянын атайын эсеп-кысабына түшпөстөн, бүтүндөй жумуштарды донорлор өздөрү аткарышты. Оман өкмөтү 243 миң долларга тете курулуш иштерин баштап коюп, аны аягына чыгарбастан ара жолдо калтырышты. Ошентип чала бүткөрүлгөн жумушту өзүбүз минтип акырына чыгарып жатабыз. А Иран жана Кытай өлкөлөрү өздөрү бөлгөн каражатка өздөрү үй куруп жатышат. А Азия өнүктүрүү банкы дагы курулуш компанияларын өздөрү таап жалдап иштетип атышат. Баса, башында бардык донорлор биздин мамдирекция аркылуу иш кылабыз деп катуу убадалашкан. Тилекке каршы, бири дагы кийинчерээк ал сөзүнө турган жок. Ошентип аталган донорлордун бири дагы биздин мамдирекцияга сокур тыйын которушкан эмес. Ошондуктан аларды текшермек түгүл ички ишине кийлигишкенге таптакыр акыбыз жок, - дейт Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынын башдиректору Жусупжан Жээнбеков.
Ал эми өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден шек саноого Жогорку Кеңештин дегеле акысы жок деп эсептейт.
- Күйгөн жана биротоло талкаланган жайларды кошпогондо Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда жүз элүүдөн ашуун ар кыл объектилер жаңыдан тикеленди. Көпчүлүгү оңдолуп же толук бойдон кайрадан калыбына келтирилди. Мунун ичинде бийиктиги эки кабаттан он алты кабатка чейинки үйлөр тургузулуп, ээлерине өз мөөнөтүндө тапшырылды. Буга улай бир катар жолдор оңдолуп-түзөлдү. Жаңы конуштарга таза суу жана электр түйүндөрү тартылды. Мындан тышкары түштүк башкалаасында жыйырма жылдан бери каралбай, чатырынан такай суу аккан отуздан ашуун жатакана оңдолуп, жабылды. Ушунун баарын көрүп-билип туруп, биздин корообузга байма-бай таш ыргытып аткан саясатчыларга чындап жакаңды карманасың, - дейт премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов.
Ал эми аталган мамдирекциянын эмгек жамаатынын ырасташынча, мекеме өкүм сүргөн 30 ай ичинде аны бир нече ирет текшерүү басып, дээрлик 15 ай баш көтөртпөстөн иликтеп-жиликтешиптир. Бирок бактыга жараша бир дагы илинчек же мыйзам бузуу табышпаптыр. Ошентсе да жоюлган мамдирекцияны азыр деле Жогорку Кеңештин депутаттар тобу, ага удаа Эсеп палатасы басып, таптакыр тынч уктатпай жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары










??.??