27.09.13 Көңүл чордонунда
Экологияга күйүп-бышкан "Жашыл Ой"
же Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган таштандылар

Адам жаратылыштын бир бөлүгү. Аны сактоо - өзүбүздү өзүбүз сактоого жасаган аракет. Тилекке каршы адамзат бул ачуу чындыкты кийинчерээк гана түшүнүп, дүйнө жүзүндө экология маселеси учурда актуалдуу. Чындап келгенде жер жарылса акындын эле эмес ар бир адамзаттын жүрөгү аркылуу өтүүгө тийиш. КМШ мамлекеттери да ушундан улам 2013-жылды өздөрүнүн мейкиндигиндеги экологиялык маданият жана курчап турган чөйрөнү коргоо жылы деп жарыялаган. Чолпон-Ата шаарында 16-сентябрда башталып, 23-сентябрда аягына чыккан "Жашыл Ой" эл аралык экологиялык форумунун тилеги да табиятты коргоо маселелерине арналды.

Жаштар жашыл дүйнөнү сактай алат
Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фондунун камкордугу алдында башталган бул форумга КМШнын ар бир өлкөсүнөн 35 жашка чейинки курактагы курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында иштешкен коомдук ишмерлер, журналисттер, блоггерлер жана медиа адистер, жашыл бизнес чөйрөсүндөгү жаш ийгиликтүү ишкерлер катышты. Иш-чаранын өтүшүн каржылык жактан "Кумтөр" компаниясы колдогон.
Жаратылышты сактоодон сырткары иш-чаранын олуттуу маселелеринин бири туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук тармагында иштеген адистерди бириктирүү үчүн шарттарды түзүү болду. Форумдун катышуучулары КМШ мейкиндигиндеги курчап турган чөйрөнү жакшыртууга багытталган идеяларды талкуулашып жана биргелешкен аракеттерди кабыл алышты. Тактап айтканда, катышуучулар форумдун алкагында жашыл ишкердик, жергиликтүү жамааттарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык долбоорлор жана демилгелер үчүн жаштарды мобилизациялоо, экоукук, экотуризм, жашоонун сергек образы жана экокалктуу пункттар, жаш окумуштуулардын курчап турган чөйрөгө салымы, экологиялык журналистика ж.б. маселелерди кенен талкуулашты. Албетте форумдун негизги максаты табиятты туура пайдалануу жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Биз аталган форумга катышып, жаштардын оюн угуп кайттык.

Казыбек Пирмаматов, форумдун уюштуруучуларынын бири:
"Бул жылы КМШ мамлекеттеринен жаштарды чакырып, форумдун масштабын кеңейтүүнү чечтик"
- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жаратылыш маселелери курч. Өзгөчө биздин чет элдик туристтерге мактана турган Ысык-Көлүбүз таштандыларга толуп кетти. Айлана-чөйрөгө болгон мамилебиз начар экени жашыруун эмес. Элибиз өзү деле байкап жатса керек. Мына ушул көйгөйдөн арылып, бизден кийинки муундун айлана-чөйрөгө болгон мамилесин жакшыртуу максатында ушундай иш-чараны өткөрдүк. Бул иш-чара эки үч жылдан бери өткөрүлүп келатат. Бирок буга чейин Кыргызстандын ичиндеги облустардан келген жаштардын катышуусунда өткөрүлчү. Ал эми бул жылы КМШ мамлекеттеринен жаштарды чакырып, форумдун масштабын кеңейтүүнү чечтик. Себеби башка мамлекеттердеги экологиялык уюмдар менен биздин өлкөдөгү уюмдардын ортосунда жаратылышты коргоо боюнча тажрыйба алмашуу керек. Форумга өз мамлекеттеринде экологиялык зыян алып келген иштерге каршы күрөшүп мол тажрыйба топтогон жаштар катышты. Алардан биз өзүбүзгө көп пайдалуу нерселерди алдык. Аларга да өзүбүздүн билгенибизди үйрөттүк. Мындан сырткары баарыбыз бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууга белсенип жатабыз. Ошондой эле иш-чаранын алкагында эс алуучу жайлар жайгашкан көл жээгин жана көлдүн түбүн таштандылардан тазалоо боюнча акция уюштурулду. Сөзүмдүн соңунда мына ушундай мамлекетке пайдалуу иш-чараларга жардам берүү менен мамлекеттин келечегин түзүүгө салымын кошуп жаткан "Кумтөр" компаниясына терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Бул өтө жакшы иштердин бири деп айтаар элем. Мындан ары дагы чоң-чоң долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет деп ишенем.

"Жарандар "алма быш, оозума түш" принцибинен кутулуп өз айылын багууга милдеттүү"
Ошол эле учурда бул форумда экологияга зыянын тийгизбей турган жашыл ишкердик аркылуу аймактардагы элдин жашоо турмушун чыңдоо боюнча да мастер-класс өттү. Чындыгында агрардык өлкө болуп эсептелген Кыргызстан үчүн жашыл ишкерлик менен турмуш-тиричиликти жөнгө салуу эң ыңгайлуу жол. Биздин жерде баары өсөт. Болгону айыл чарбаны заманбап технология менен айкалыштырып, ошол эле учурда экологияны көздүн карегиндей сактап иштеген киши аз. Бул тема боюнча өзүнүн теориялык тажрыйбасын бөлүшкөн көз карандысыз серепчи Назира РАИМКУЛОВА төмөнкүлөргө токтолду.
- Ар бир эле айылдык үй-бүлө айлана-чөйрөгө зыян келтирбей туруп ишкерлик жасаса болот. Учурда ошондой ишкерлик менен өз үй-бүлөсүн, керек болсо өз айылын багып жаткан жарандар бар. Ошол эле учурда "алма быш, оозума түш" принциби менен жүргөндөр да жок эмес. Биздин негизги максатыбыз айыл жериндеги тургундарды бекерчиликтен жана кайдыгерликтен алыстатып, жумушсуздукту жоюу багытында кандай иштерди алып баруу керектигин форумдун катышуучуларына түшүндүрүү эле. Мисалы, аймактардагы тургундар туризм, айыл чарба, кийим тигүү, кол өнөрчүлүк тармактарында ишкерлердин жамаатын түзүү аркылуу өзүлөрүн жумуш менен камсыз кылса болот. Аны менен катар алар жергиликтүү бийликтин казынасына пайда түшүрүп, аймактын абалын чыңдап, өнүгүшүнө салым кошууга болорун белгиледик - дейт Назира айым.

"Өз өлкөңдү сүйүү көчөгө таштанды таштабоодон башталат"
Индиянын шаарларында көчөгө түкүргөн адамды үч жыл түрмөгө кесүү мыйзамы бар экен. Ал эми бизде башкасын айтпаганда да таштанды маселеси көп көйгөй жаратып келет. Башка аймактарды жөн кой, шаар бийлиги ар бир майрам сайын Кыргызстандын жүрөгү деп эсептелген Ала-Тоо аянтынан ала-тоодой болгон таштанды алып чыгып жатканын угуп, билип жүрөбүз. Тилекке каршы кудайдын керемети менен Кыргызстанда орун алып калган Ысык-Көлгө таштанды ыргыткандар да бар экен. Форумдун уюштуруу иштерине көмөкчү болгон Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фондунун Кыргызыстандагы өкүлү Адаш ТОКТОСУНОВА бул тууралуу күйүп-бышып буларды айтты:
- Биздин бул иш-чараны Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп жатканыбыздын көп себеби бар. Биз көлдү жөн гана акча табуучу дүкөн же театр катары карабашыбыз керек. Анын экологиялык абалын биринчи планга коюшубуз абзел. Негизи эле табиятты кордогонго болбойт. Аны ар бир жаранга түшүндүрүшүбүз зарыл. Эмнегедир экологиялык маселени чагылдырган журналисттер да аз. Бул маселеге көбү салкын мамиле кылып коет. Ушундай иш-чараларды бир жылда бир ирет эмес, ай сайын өткөрсөк жакшы болмок. Иш-чарага катышкан балдар-кыздар экологияны түшүнгөн, экология үчүн чынында күйгөндөр экен. Бул балдардын көз карашы башкаларга салыштырганда таптакыр бөлөкчө экени мага узатылган суроолорунан эле билинди. Анткени байлыкка же башка бир нерсеге эмес, жандили менен айлана-чөйрөнү изилдөөгө кызыккан балдар келди. Анан элди да таштандыларды урнага салып, тегерек-четти таза кармаганга үндөп турсак көлүбүз да таза сакталат эле - дейт Адаш Токтосунова.

"Шаарыбыздагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү да үйрөндүк"
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө экологияга жаңыча мамиле кылуу жараяндары тууралуу да кеп болду. Жаңыча дегенибиз, азыр адамдар табияттан алып мурдатан пайдаланып келген нерселерди айлана-чөйрөгө зыянсыз заттар менен алмаштырып колдоно баштады. Башка жагынан деле учурда дүйнөдө экологияга болгон жаңыча көз караштар пайда болду. Бул форум катышуучулары үчүн өз билимин жогорулатууга да чоң өбөлгө берди.
Мисалы, Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү Чынара Бекбоева журналисттерге бул жыйындан өзүнө керектүү билим алып жатканын айтып, "шаарыбыздагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөнүп жатам". Долбоорлорду түзүүдө анын да пайдасы тиет деп ойлойм. Андыктан мындай иш-чаралар көбүрөөк болуп турса жакшы болор эле" деди.
"Кен иштетүү тармагындагы экологиялык маселелер бурмаланып, коомчулукка түз жетпей калууда"
Бэн Феррис, "Кумтөр" компаниясынын экологиялык иштери тууралуу маалыматтарды ачык чагылдырып берүү үчүн атайын өкүлү, компаниянын айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн директору:
- Ушундай иш-чаралардын тез-тез өтүп турушу абдан маанилүү. Анткени кен иштетүү тармагындагы экологиялык таасирлер боюнча маалыматтар бурмаланып, коомчулукка түз жетпей калууда. "Кумтөр" ишканасы эл аралык стандарттар жана нормативдик ченемдердин негизинде иш алып барат.
Кен иштетүү соңу-на чыккан соң, ал жактагы калдыктар сакталган жайлардын баары экологияга зыяны тийбегидей тартипте көмүлөт. "Кумтөр" компаниясынын курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүндө 25 адис эмгектенет. Алар жыл сайын кен жайгашкан аймактын айлана-чөйрөсүнөн (суулар, топурак, өсүмдүктөр, аба, иштетилген калдыктар ж.б) 10 миңдей үлгү алып, 50 миңге жакын анализ жүргүзүп турушат. Бул ишке жылына 360 миң доллардын тегерегиндеги каражат бөлүнөт. Бул көрсөткүч компания тарабынан айлана-чөйрөгө зыян алып келүүчү жагдайлар тыкыр көзөмөлгө алынып турганынан кабар берет.
"Жашыл Ой" Кыргызстанда экологиялык маселелер боюнча жыл сайын форум өткөрүп келет. Быйылкы өзгөчөлүгү бул иш-чара бүтүндөй КМШ аймагын камтыды. Уюштуруучулар келечекте мындай иш-чараларды республиканын башка аймактарында да өткөрүшөрүн айтышты.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, сүрөттөр
Алимжан АСКАРОВдуку