27.09.13 Артыкбаев кылтакка илинеби?
Энергетика министрлигине КСДПдан дайындалган Осмонбек Артыкбаевге карата Ички иштер министрлиги 23-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде кылмыш ишин ачканын эшиттик. Бакиев учурунда фармацевт болуп, азыркы доордо энергетик болуп калган Осмонбек Мамбетжанович өз кызматкерлерине айлыктан сырткары күндө түштө тамактансын, үйүнөн жумушка каттаганы жол кире кылсын деп 8 млн. сомдой акча таратып берген дешет. Бирок андан 773 миң сом камсыздандыруу салыгын төлөбөй, жашырып койгону айтылууда. Муну тактоо максатында министрге байланышсак: "Бул такталбаган маалымат. Жеке мага же министрликке карата кылмыш иши козголгон жок" деп жооп берди.


Бириңерден бириң эр, премьер болчу кимиңер?
Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт отставкага айдалат имиши күчөп баратат. Ошол эле учурда башбакандыкка талпынгандардын саны арбыды. Маселен, ушу тапта Чүй губернатору Кубанычбек Кулматов, 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев, вице-премьер Тайырбек Сарпашев, "ата журтчу" Акматбек Келдибеков менен Марат Султанов, "ата мекенчи" Карганбек Самаков өкмөт башчылыгына көчүк басуу максатында ЖоКеде соодалашуу жүргүзүүдө.

Текебаевден митинг
"Ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев жума башында Асия Сасыкбаева, Эркинбек Алымбеков, Туратбек Мадылбеков сындуу партиялаштары менен жашыруун чогулуш өткөрдү. Жыйында мародерчулук боюнча кылмыш иши козголсо, ага каршы туруунун жол-жобосу талкууланыптыр. Анүчүн "Ар-намыстын" депутаттары менен позициясын бекемдеп, өкмөткө чабуул жасоо планын түзгөнү чынбы? Муну менен катар бейөкмөтчүл уюмдар аркылуу "Кумтөр" маселесин чече албаган өкмөт кетсин!" талабын койгон митингдер уюштурулары күтүлүүдө. Мындан сырткары "Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын" лидери Өмүрбек Суваналиевге кезигип, саясый айдыңда чогуу болуу сунушун киргизгени айтылууда.

"Түшпөс хан" аткез кылды
Саясый айдыңда "карт бөрү" лакап аттагы Үсөн Сыдыков 20-сентябрда Ош мэри Мелисбек Мырзакматов менен дачасында чайлашып отурду. Карылык башына түшсө да тынчыбаган Үсөн аке чай үстүндө саясаттан кеп козгоп, түштүктөн чыккан азаматтарды бириктирүү демилгесин көтөрдү. Ал эми Мелисбек Жоошбаевич мындай олуттуу маселелер "Улуттар биримдиги" партиясынын саясый кеңешинде чечилет, аны мен жалгыз чечпейм таризинде акесинин сунушунан сылык баш тартканы. Өз үкаларына тили өтпөй калган Сыдыков эми карылыктын доорун сүрүп, калган өмүрүн уул-кыздарынын, неберелеринин кашында өткөрсө дейсиң.

Нарын шаары 3,5 ай мэрсиз жашады
17-сентябрда белгиленген Нарын шаарынын 145 жылдыгын негизинен эл өкүлү Карганбек Самаков каржылаганы маалым. Ал 145 жылдыкты өткөрүү үчүн шаар мэри Баатырбек Жээналиев 49 жолу Бишкекке келип жолугуп кеткенин, ошондон кийин демөөрчүлүк кылууга макул болгонун билдирди. Ар бир жолу борбор калаага каттаганына эки күн сарпталганда деле Жээналиев 98 күн Бишкекте жашаган турбайбы? Ошондо 3,5 ай жумушунда отурбаптыр да? Анда мынча убакытта Нарын шаарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү кантти? Баатырбек мырза ушул суроого жооп узатса эрдик кылмак.

Лидер болду, эми ажы болот
Гезитибиздин өткөн санында ажыга барчу депутаттарды тизмектегенбиз. Алардын катарына "Республика" фракциясына жаңыдан лидерликке шайланган Назарали Арипов кошулганы жатат. Бу жигит октябрдын ондоруна жакын Арабияга аттанып, ажылык парзын аткарып келмекчи. "Көптөн бери ажылыкка барууга ниеттенип жүргөм. Эмки айда зыяратка барып беш парздын бирин аткарып келем" дейт кубанычы койнуна батпаган Арипов.

Аманбаева аман калабы?
Саясатчылар ар кандай аракети, көтөргөн маселесинин аркасында коомчулукка таанылат. Ал эми "республикачы" Урмат Аманбаева кыргыз тили тууралуу мыйзам жазып, кыргыз тилине күйгөн патриот айым катары атын чыгарды. Анын эне тилибизге кам көргөнүнө чыны ыраазыбыз, аял болсо дагы улуттун намысын коргоп жүрөт. Бирок ал тууралуу бир аңызды эшитип, ишенер-ишенбешибизди билбей турубуз. Кыскарта чапканда мындай, Урмат Абдилашимовна 2000-2004-жылдары Ош облустук кургак учукка каршы балдар ооруканасынын башкы бухгалтерлигин аркалаган эле. Аталган ооруканага чет өлкөдөн ири өлчөмдөгү каражаттар бөлүнүп турчу экен. Бүгүнкү күндө чегерилген каражаттарды тийиштүү органдар иликтеп, дайын-дарегин таппай жатыптыр. Каражаттар негизи башкы бухгалтердин колунан өтөрү белгилүү. Эгер укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, ишти аягына чыгарса, бул окуянын башкы фигуранттарынын бири катары Урмат айым жоопкерчиликке тартылып калбайбы?

Вице-премьер жер сатып…
Борбор калаанын жака-белиндеги айдоо аянттарын жер тилкесине айлантып пулдап капчыгын кампайткандардын анабашчылары Ак үй, Көк үйдө отурары эч кимге жашыруун эмес. Маселен, вице-премьер Тайырбек Сарпашев жер сатуунун кыныгын мыкты өздөштүргөнүн кулагыбыз чалды. Ал Алтын-Ордо конушунун жанындагы 2 гектардай жерди жакында эле пулдаганын көргөндөр бизге айтып келишти. Ошондон түшкөн акчагабы же вице-премьердин айлыгы көппү, айтор, борбордогу Токтогул-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 8 кабаттуу элиталык үйүнүн курулушун аяктап калды. Тайырбек Дүйшекеевич бир жылдын ичинде 8 кабаттуу үй салыптыр, дагы бир жыл иштей турса Бишкегибиз заңкайган көп кабаттуу үйлөргө чулганып калмак беле?..

Байболовдун кылмыш иши "тирилди"
Апрель окуясынан кийин УКМКда төрага орунбасары, ИИМ жетекчиси, Башпрокурор болуп иштеп жүрүп, "Мегаком-гейт" чатагынан улам кылмыш иши ачылып, кызматтан айдалган Кубатбек Байболов саясатка катуу киришти. Ал эми генерал Өмүрбек Суваналиевдин "Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын" бетачар аземине мейман катары катышканы үчүнбү, айтор эскирген кылмыш иши кайрадан жанданыптыр. Кубатбек мырзанын көчүгү чындап буралат окшоду. Андыктан артында калбыры бар саясатчылар, саясат-паясатты жыйыштырып үйүңөрдө шүк отургулачы!

Мырзакматов унутуп калдыбы?
Ушу жумада Алайдын Бүлөлү айылында эл өкүлү Бөдөш Мамырованын күчү менен салынган мечиттин ачылышы болуп өттү. Ага министрлер, депутаттар жоон тобу менен барышкан. Оштун мэри болсом да облустан упай топтой берейин дедиби, айтор, Алайга Мелис Мырзакматов да жетип барды. Чоңдордун баары бул биздин кошумчабыз деп чөнтөгүнөн акчаларын сууруп кошуп жаткан. Улам мурункусунан кийинкиси көбүрөөк көрүндүк берип потолокту Алайдын кулуну Акматбек Келдибеков тээп коет. Келдибеков менен атаандашканды жакшы көргөн Мырзакматов микрофонду кармаганда эрип кетип мен 100 миң коштум деп айтып ийген экен, кийин чөнтөгүндө ошончо акча болбой калдыбы же чын эле унутуп кетип калганбы, айтор мечит имамынан Мелис кошкон 100 миң кана деп эл кыйнап сурап жатыптыр. Мелис мырза, пулдуу эле жигитсиз го, молдокени "неудобный" кылбай унутуп калыпмын деп берип койбойсузбу эстегенде...

"Жаңы Агым" - пресс