20.09.13 "200 килограммды көтөрүп жүрүү абдан оор"
Он беш жыл мурунку Барчынай менен азыркы Барчынай

Бишкекте жашаган 36 жаштагы Барчынай ЭТАЛИЕВА айымдардын ашыкча салмак оорусу менен ооруйт. Ал учурда 209 килограмм салмак менен жүрөт. Салмагы оор болсо да жашоого үмүт менен карап, төрт жашар кызына мээримин төгүп келет. Кыргызстандагы эң узун бойлуу Жеңишбек Жумакадыровго өкмөт тараптан шарт түзүлүп, жөлөк пул алып турат. Ал эми ушунча салмакты араң көтөрүп баскан жалгыз бой эне Барчынайга социалдык жөлөк пул да, дарыгерлердин жардамы да жок Барчынай эмне себептен ашыкча салмак кошуп жатканын төмөнкүдөй божомолдойт.

- 1999-жылы
күзүндө автокырсыкка кабылып, жыйырма күндөй комада жатып эсиме келгем. Ошол кезде профессорлор башымды компьютердик томографиядан өткөрүшүп, эгер башы кырсыктан жабыркаса анда бул майып болуп калат деп айтышкан экен. Бирок томографиядан башым жакшы деп чыгыптыр. Комадан чыккандан кийин жамбаштан, бутумдан операция болдум. Бутума темир коюп, бир жылдан кийин алып салышты. Эмнегедир ошондон кийин эле салмак кошуп толо баштадым. Кырсыкка чейин боюм 175 см, салмагым 75-80 килограмм болчу. Ашыкча салмак кошо баштаганымды көргөндөр балким ашказаныңды чоюп салган болуш керек деп да айтышат. Чындыгында тамакка табитим деле мыкты, бирок тамак ичпей деле кое алам. Негизи бардык оорулардын башаты адамдын нервине байланыштуу болот экен. Эгер жашооңдо баары тынч ойдогудай болуп, нервиң бузулбаса анда ден соолугуң да тынчыңды албайт. Жашооң сен ойлогондой болбосо депрессия башталат да, кээси ошондон арыктап, а кээси мен сыяктуу нервден толуп кетет экен. 2008-жылы боюмда болуп, 2009-жылы кыз төрөдүм. Боюмда барда 135-140 кг болчумун, төрөгөндөн кийин кичине арыктадым. Көп өтпөй эле кызымды карап үйдө отуруп, ого бетер толо баштадым. Азыр жалгыз бой аял катары өкмөттөн айына 450 сом жөлөк пул алып, ошону менен жашайбыз, эң арзан тамактарды сатып жейбиз.
- Ушундай салмагыңдын себебин билүү үчүн дарыгерлерге көрүндүң беле?
- Мен жөн эле жатып алып түрлүү, кымбат тамактарды жеп семирип жаткан жокмун. Ашыкча салмактын ашкере кошулганы оорунун белгиси экени айтпаса да көрүнүп турат. Мындан он беш жыл илгери операция жасаган хирург Марат Акимович сен майыптыкты алган жок белең дейт. Майыптыкты алыш үчүн атайын медициналык кароодон өтүп, ооруканага жатып, ал жерден жолдомо аласың, анан тигил же бул жерге барасың деп айтышты. Бирок менин ушундай салмагымды көрүп туруп, тигил же бул жакка барышың керек деп бири-бирине түртүшкөндө айла жок үйгө келдим. 200 килограммдан ашык салмакты көтөрүп басып жүрүш кандай оор. Атүгүл мен өзүбүздүн эле бейтапканадагы дарыгерге да бара албайм. "Вечерний Бишкекке" ушул көйгөйүм аркылуу чыкканымда бейтапканадан, тиешелүү органдардан эмне үчүн бизге жардам сурап келбейсиң деп кекетип келишиптир. Мен эмне деп барышым керек эле, семирдим деп мактанып барышым керекпи, сыртыман оорулуу экеним көрүнүп турат го. Аларга барсам улам бир жерге барышың керек деп бири-бирине түртүшөт. Мен алар айткан жерлерге деле барып көрдүм... Чын дилинен эч кимдин жардам бергиси келбейт.
- Кызыңды бакчага берип, жумушка кирсемби деп ойлойсуңбу?
- Адамдын кыялында чек жок, үмүт менен жашайсың, үмүтсүз шайтан дейт. Өзүм соода техникумун, кийинчерээк туризм институтун аяктагам. Эки дипломум, жогорку билимим бар. Бирок менин азыркы салмагым менен ким кызматка алат? Буга чейин бирөөлөрдүн ломбардында иштеп калдым. Бирок кызымды караган киши жок ал жерден кетүүгө туура келди, башка да көйгөйлөр чыгып кетти.
- Операция же диета жолу менен арыктаса болот болду бекен, кызыгып көрдүңбү?
- Америкадан келген волонтер сенин башыңда шишик болушу ыктымал, ошондон улам салмак кошулушу мүмкүн деди. Томографияга башымды тарттырайын деп барсам аппаратка батпайт экенмин. Рентгенге да тартышкан жок. Алар тигил же бул жакка барыңыз демиш болду.
- Негизи эле бул салмактан арылуунун жолдору бар бекен?
- Салмакты кантип токтотуп, кантип арыкташ керекти билбейм. Эгер операция же дарылоо жолу менен арыктаса болот десе баарына макул болмокмун. Балким ашказанымды кестирип, кичирейтсем арыктаймбы деген ойдо белгилүү профессор, дарыгерлерге да баргам. Бирок бирөө да бекер жасалбайт экен. Эң арзан дегени эле миң доллар болот деди. Дагы бир дарыгер курсагыңды кестирсең болот десе, дагы бир врач ошол учурда ашказаныңды да кестир дейт.
Бир дарыгер менин салмагым 209 килограмм экенин уккандан кийин дагы салмак кошо бересиң деди. Көчөдөн коомдук транспортко айла жок отурам. Отурсам эле элдин баары мени карашат. Эки орундукту мен эле жалгыз ээлеп калам. Өз алдымча жууна албайм. Бирок үйдү тазалап, акырындап кыймылдап оокат кыла алам.
- Сиздей адамды өзгөчө айым десе да болот, балким тасмаларга тартылсаң жарашат беле?
- 2010-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында тасмага тартылууга кастинг болуп, аялдар керек дегенин угуп барсам кабыл алышты. "Калпак" деген тасмада айылдык беш кыз, бир уулдун балпайган энесинин ролун ойнодум. Жакында таш доорундагы салык чогулткан каардуу аялдын образын жаратып, рекламалык роликке тартылдым. Өзүмдү алаксытканым менен ай сайын салмак кошуп жатканым өкүндүрөт. Мисалы, март айынын аягында таразага түшкөндө 201 килограмм болсом, азыр 209 килограмм болуптурмун. Алты-жети айдын ичинде сегиз килограмм кошком. Бул өтө өкүнүчтүү…

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА