13.09.13 Ажонун элитасы Москвадан түптөлөбү?
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы элита түптөп жатканын сүйүнчүлөбөдү беле. Ошондон кийин Исанов-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка улан-кыздар агыла баштады. Анткени бул жерде Атамбаев айткан жаңы командага жаштарды тандоо жүрүп жатыптыр. Сынактын биринчи этабында психологиялык багыттагы 140 суроо берилет экен. Ошондой эле жаштардын өмүр жолу, билими, мурда коомдук-саясый иштерде катышкан-катышпаганы тыкыр иликтөөгө алынмакчы. Тандоонун кийинки турлары кандай өңүттө жүрөрү тууралуу так маалыматыбыз жок.
Бизди бир көрүнүш таңгалдырды. "Ата мекенчи" депутат Жоомарт Сапарбаев да сынакка катышканын көргөндөр бизге шыбырап келишти. Ал эми ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, жаңы элитанын лидерлигине Сапарбаев тапталып жатыптыр. Жоомарт сындуу жалындуу, билимдүү жигиттери чана баштаган соң "Ата мекен" партиясынын күнү батып бараткан го, ыя?


"Даткадан" түшчү миллиондор
Каргашалуу июнь коогалаңына чейин Кара-Суу районундагы ири базарлардын бири Алишер Сабировго таандык болчу. Эми ошол базарды ЖоКедеги "Өнүгүү" кыймылынын өкүлү Тынчтыкбек Шайназаров туугандарына каттатып алып, кенже карындашынын урматына "Датка" деп атаганы каңкууланууда. Бүгүнкү күндө депутаттын иниси Данияр Шайназаров "Даткага" директорлук кылып, базардагы 500 контейнердин ар биринен 2000-2500 доллардан жыйнап жатканы чынбы? "Базардын жаңы кожоюну бизбиз. Кааласаңар 2000-2500 доллардан бересиңер, каалабасаңар контейнериңерди алып чыгып кеткиле" таризинде соодагерлерди мыйзамдуу жеринен кубалап жатканы кандай? Муну тактоо максатында Тынчтыкбек Ураимовичке байланышуудан майнап чыккан жок, балким гезитти окуп калса пикирин билдирер.

"Ала-Тоонун" ээси Нарбаевби?
Өгүнү өлкө башчысы Чүй боорун кыдырып, кайсы бир райондогу мектептин курулушу бүтпөй калганына Мамлекеттик архитектура агенттигинин директору Каныбек Нарбаевди күнөөлөп, кышка чейин бүтүрбөсө кызматтан кетерин эскерткен эле. Ошондой эле мектептин курулушу өтө жогорку баада эсептелип калганын айтып, аны иликтөө тапшырмасын койгон. Иликтөөнүн жыйынтыгы кандай болорун божомолдой албайбыз. Ошентсе да кызык жагдайды айта кетели. Түштүк магистралындагы "Ала-Тоо" рестораны экс-башбакан Өмүрбек Бабановго таандык делсе, учурда анын чыныгы кожоюну Нарбаевдин аялы деген кеп желдей тарады. "Ала-Тоодон" сырткары дагы бир катар ресторандар, соода жайларын башкы архитектордун колуктусу көзөмөлдөөрүн угуп оозубуз ачылды. Эгер муну жалган десе, Нарбаевдин пикирине орун беребиз.

Үч "мушкетердун" ордун ээлегендер
Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу мандатынан ажыраган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ордуна үч жаңы депутат ант берди. Үч "мушкетердун" бош калган креслосун жылыткандар: Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков, Бакыт Шаршеев. Ысымы аталгандар Акматбек Келдибековдун жакындары экенин эске алсак, Камчыбек Кыдыршаевичтин парламенттеги "Ата журт" фракциясындагы позициясы бошоңдоп бараткандай.

Тендерден акча жасамай
Бизде "тендер" деген аталышы акча чакырган сөз бар. Тендердин арты менен миллиондорду жасагандарды угуп жүрөбүз. Болгондо да бийликчил партиянын депутаттары тендерге катышкан компанияларды "крышевать" этип, ири каражаттарга туйтунуп жатканы айтылууда. Маселен, социал-демократчы Акылбек Султановдун жакындарына таандык фирмалар ордолуу Оштогу курулуучу объектилерге өтчү тендерлерден дайыма жеңип чыгат дешет. Коррупцияга каршы күрөш оппоненттерге эмес, биринчи кезекте бийликчил депутат, аткаминерлерге багытталса жыйынтыгы билинбейт беле?

"Каралардын" чабуулу
Кыргыз бийлигинин кылмыш дүйнөсүнө ачкан "согушу" жемишин бербей эле, тескерисинче "каралардын" күнү туугандай таасир калтырат. Кримдүйнөнүн өкүлдөрү катардагы ишкерлерден тартып бакыйган чиновниктерге чейин "салык" чогултканын ийгиликтүү улантып жатканы жашыруун эмес. Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров да "каралардын" тузагына илинип, 200 миң доллар төлөп бошонгон имиш. Албетте, бул аңыздын чындыгына кепилдик бере албайбыз, бирок "жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" макалын эстегенде ишенип да кетет экенсиң…

Доллар чачкан ким?
Кыргызстанда чоң кызматта турган бирөө жөнүндө маалымат топтоло баштады. Буюрса жакында ал адамдын бетин ачып беребиз го. Ким экенин айтпасак да, аны жакшы тааныгандар дароо билишет болуш керек. Ал ушунчалык кирешеси көп жерде отургандыктан, текшерүүчүлөр келип эптеп 20 миң доллар сындырып кетсек деп кыялданып отурганда кабинетине чакырып 50 миң доллар сунуп, чай ичип койгула деген жетекчи. Саунада сулуу кыздарды жарым жылаңач бийлетип коюп бир пачке долларды бирден сууруп тиги кыздардын ич кийимине кыстарып, чарчаганда жанындагы досторуна ме силер да кыстаргылачы мен карап отурайын дейт экен. Ырчыларга акчаны аябай кыстаргандыктан, бул киши тойго чакырса тим эле мен барам, мен барам деп жулунушат экен. Күнүнө 200-300 миң доллар тапкан ким деп кызыгып калдыңызбы? Гезитти калтырбай окуңуз...

Кыңыр иш кырк күндө
Кашайып Эрланбек Өмүралиевдин "Юпи-гейт" окуясынан кийин "Кыргыз эл жаштар кеңешинин" кадыры бөксөрүп турат. Кечээ жакында алар уюштурган маалымат жыйынына ММК өкүлдөрү келбей коюшту. Жалгыз-жарым барып калган бир журналист "КЖК" лидери Алмазбек Жазыбаевди маекке тартса, ал бул кыймылды түзүү идеясы өзүнө тиешелүү экенин, бирок анын идеясын Ж.Молдакулов өзүнө ыйгарып алганын билдирди. Ошондой эле бул кыймылды экс-депутат Садыр Жапаров каржылап келгенин, ошондуктан жаштар "Кумтөр" маселеси боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну талап кылышканын айтты. Чындап эле бул кыймыл дөө-шаа саясатчыларга саясый курал болуп жүрдү бекен?

Кара пиарга кабылып…
Биз гезиттин өткөн санына "Токтоо болсоңчу, Токтакунов?!" деген чакан кабар жарыялаганбыз. Анда укук коргоочу Нурбек Токтакунов ШКУ саммити өтчү күнү жол тоскону жатканы айтылып, "Токтакунов учурда уйгурлардын укугун коргоп жаткан имиш. Анысын жол тосуу менен далилдейт экен. Уйгурлардын укугун Кытайга барып коргобойбу? Кыргызстандагы уйгурлар каалагандай жашап, өз жашоолорун кыргыздарга караганда тыңыраак өткөрүп жатканын Нурбек мырза көрбөй калганы кызык" дегенбиз. Кечээ Нурбек Токтакунов редакциябызга келип, бул маалымыт жаңылыш кеткенин айтып берди. Көрсө, Нурлан мырза акыйкатчылыкка талапкерлигин коюп жаткан экен. Анан оппоненттери тынч жатпай аны бирде саммит күнү Үзөңгү-Кууш боюнча, бирде Кытайдагы уйгурлардын абалы боюнча маселе көтөрүп жол тоскону жатат деген жалган маалымат таратып ийишиптир. Эмне демекбиз, "ак чөп" башта.

"Жаңы Агым" - пресс