06.09.13 "Түйүлгөн ичеги, лом менен өлтүргөн илбирс дале эсимде "

Таластын Көпүрө-Базар айылында Эсенаман, анын уулу Үмөтаалы деген залкарлар өткөн. Бул көчтү улоочулардын бири комузчу Жунуш Аликеев. Айтылуу комузчу менен бирге өмүр кечирип, Малик Аликеевдей уулду төрөп, 83 жашка келип калган, ар бир сөзүн макалдаштырып сүйлөгөн Калемкаш апага жолуккан сайын өмүр барактарын жомоктой кылып жобурап айтып берет.

Калемкаш апа балалыгын эстегенде эле орок оруп, машак терип, кыйырсыз сары талаада ирбелеңдеп жүргөн күндөрүн эскерет. Анан эле согуш башталат. Кан жутуп, кара кийген энелер, күнүмдүк кара курсагын тойгуза албай күн кечирген жетимдер. Булардын арасында үч жарым жаштагы иниси, алты айлык бешиктеги сиңдиси менен калып, Калемкаш апа дагы атасын согушка узаткан. Атасы согуштан кайтып келбей, бир туугандары менен жетим калат. Анан он жетиге толуп бой жетип калган Калемкаш апа турмушка чыгат. Бирок тагдыр бул никени узакка буюрбайт. Турмуштун бороон-чапкыны коломтону өчүрөт. Экинчи нике бул накта сүйүү, накта тагдыр эле. Калемкаш апа өзү менен айылдаш Жунуш комузчуга турмушка чыгат. Комузда кол ойнотуп "Келиндердин кербези", "Жигиттер" ж.б күүлөрдү жаратып, залкарлардын күүлөрүн черткен Жунуш Аликеевдин аткаруусундагы күүлөр учурда кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталуу.
Айылдагы келиндер Жунуш атаны "чертмекчи аке" деп тергешчи. Калемкаш апа экөө турмуш кургандан көпкө дейре балалуу боло алышпайт. Бир күнү Эстебес баштаган ырчылар Жунуш атанын үйүнө келип түшүшөт. Конокторго кой союлуп, шаан-шөкөттөр башталат. Айтылуу төкмө Эстебес Турсуналиев союлган койдун ичегисин түйүп, "уул төрөп, уулуңуздун комузуна тагып бериңиз" деп Калемкаш апага ырымдап берет. Бул окуядан үч жылдан соң Жунуш ата менен Калемкаш апа баш кошкондоруна жети жыл болгондо уулдуу болушат. Атын Малик коюшат. Маликке удаа Шерик төрөлөт. Шерик төрт жашында чарчап калат. Малик Аликеевдин "Шеригиме" деген ыры наристе кезинде учуп кеткен бөбөгүнө арналган.
Калемкаш апа өткөн күндөрүнө көз чаптырып олтуруп, "Малик алты жашка толуп-толбой атасынан ажырады. Ата жолун улап 3-4-класста окуп жүргөндө эч ким үйрөтпөй эле комузун кылдыратып черте берчү. Атасынан эрте ажырап, бою кичинекей болгону менен тирикарак бала болду. 22 жыл бою катып жүргөн баягы Эстебес түйүп берген ичегинин сыры ачылаар күн келип, бир чанач кымызымды, бир карын майымды көтөрүп Маликти Эстебеске ээрчитип келдим. Эстебес баягы ичегинин түйүнүн чечип, Маликтин атасынын чертмегине тагып, батасын берди. Эстебестин көзү өткүчө экөө ата-баладай өмүр кечиришти" дейт Калемкаш апа.
"Карыганда илбирс менен алышкам"
"Адамдар ишенген, сүйөнгөн союз кулады. Зор дубал урагандай "күр-р" этип кулады. Көпчүлүк жашоодон жол издеп, жарык издеп жүргөндө бирин-экин мал менен тоодо жашап калдым. Кыргыздын берекеси тоодо эмеспи. Мал төлдөп, жылкылар бир жагына жайылып, короого кой толду. 2000-жылдын күз мезгили. Октябрь айы. Алкар деген итибиз бар эле. Бүгүн негедир үнү басылбай үргөнү башкача. Мал-жан менен алектенип кирип-чыгып жүрүп, суунун боюнан куйругу узун жаныбарды көрдүм. Сүлөөсүн экен дедим. Алкар үрүп, баканды кармап мен кыйкырып-өкүрүп карааны үзүлгөнчө жүрдүк. Жаан төгүп, жылкылар имерилип чуркап, ошол көз ирмемде жан-жаныбардын баарында бир кызыктай өзгөрүү болду. Кечинде суу болгон кийим-кечебизди керегеге жайып кургатып, болгон окуяны жардамчыларыма, үйдөгүлөргө айтсам эч ким ишенбейт. Ошентип жатып калдык. Түнү менен Алкар үрүп чыкты.
Таң атты. Дагы деле баягы ызы-чуу. Сүлөөсүн дагы келиптир. Алтымыш метр алысыраакта жүргөн айгырга асылды. Кичинекей жээним дагы ошо тарапта ойноп жүргөн. Менин эси-дартымдын баары эле кичинекей кызымда болуп, "кыз өлдү, кыз өлдү" деп кыйкыра бериптирмин. Алкар барып асылып, кадимкидей алышып жатты. Ломду алып барып ургулай бердим. Жоолугум түшүп, чачым жазылып кетти. Сөз менен айтып жеткире алгыс бир шумдуктай көз ирмем болду. Киного тарткандар тартып калса даяр кино болмок. Жылкылардын чыңырганын айтпа. Алкар асылып, мен лом менен башка-көзгө чапкылап отуруп зорго өлтүрдүк. Кичинекей жээн кызыма тиши батып кетиптир. Баарыбызды кудай өзү бир сактады. Ал өлгөндөн кийин абышкам айтат, "мунуңар сүлөөсүн эмей эле илбирс турбайбы. Булар кекчил келет. Кемпирдин кечээкисин кектеп келиптир" дейт. Итибиз Алкарга жүрөгүн берсек жебей койду. Сөөгү көпкө жатты. Көрсө Илбирстин сөөгү рак оорусуна табылгыс дары экен, аны кийин билдик. Кийин издеп таппай калдык. Терисин бир алдамчыга алдаттык. Ушул күнгө чейин бул окуяны кызыгып сурагандар көп" деп сөзүн аяктады каарманыбыз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА




Кызыктын баары кыргызда
Ишеналы Арабаевдин Алиппеси жөн китеп эмес
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагогика илиминин кандидаты, доцент Миргүл ЭСЕНГУЛОВА менен биргеликте атайын топ түзүлүп, кыргыздын алгачкы агартуучу илимпозу И.Арабаевдин 1932-жылы чыккан "Табыйат таануу алип бееси" китеби жарык көрдү. Бул китепти барактап отуруп, ошол кездеги кыргыз тилинин стилистикасын, жазуу эрежелеринин башкача экенин байкаса болот. Китептин ичинен "э" жана йоттошкон тамгаларды да көрүүгө болбойт.


"Кыргыз элинин чыгаан уулу И.Арабаевдин илимий-агартуучулук талантын феноменалдуу көрүнүш катары даңазалаган биртоп тарыхый факторлор бар. Аларды бул инсан өз колу, өз эмгеги менен жаратып, элине мурас катары калтырып кеткен. Албетте, бул мурастарынын сап башында жаңыча жашоого өткөн жалпы кыргызстандыктардын көзүн ачып, билим менен илим дүйнөсүнө жетелеген анын алиппелери турат. ХХ кылымдын башындагы кыйын доорду башынан кечирген кыргызстандыктар үчүн анын бул эмгектеринин кызматы чоң. Ал эле эмес ар башка муундарга жана ар башка максаттарга арналып жазылган И.Арабаевдин жана анын калемдештеринин алиппелери бүгүнкү күндө да ар тараптуу илимий изилдөөлөрдүн өзөгү. Демек, алар өздөрүнүн илимий актуалдуулугун дале жогото элек.
Тилекке каршы, бул эмгек кыргыз коомчулугуна канчалык керек жана баалуу болсо да, айрым себептер менен азыркы учурга чейин көмүскөдө калып келген. Анткени китептин айрым көчүрмөлөрү кай бир адамдардын колунда жана жеке архивдеринде болуп, кеңири коомчулукка жеткен эмес.
Ушуларды эске алуу менен Ишенаалы Арабаевдин бул эмгегин элге кайтарып, коомчулуктун назарына сунуштоо маселеси көптөн бери каралып келген эле. Ошондуктан мага Россиянын Химки шаарындагы Россия мамлекеттик китепканасынын филиалында сакталып турган Ишеналы Арабаевдин Дмитрий Шамгунов менен жазган ушул китебинин жалгыз түп нускасынан көчүрмө алып келүү милдети жүктөлгөн болчу. Бул китепти латын алфавитинен кириллицага оодарып, түстүү сүрөттөрүн заманбап кылып даярдап редакциялап, тарыхый эмгекти кайрадан кыргыз элине тартуулай алдык.
И.Арабай уулу менен Д.Шамгун уулунун "Табыйат таануу алип бееси" деген китеби учурунда Кыргыз эл агартуу комиссариатынын жана Кыргыз мамлекеттик басмасынын тапшыруусу боюнча 1930-жылы жазылган жана ал 1932-жылы Москвадан латын алфавити менен басылып чыккан. Бул окуу китеби башталгыч мектептердин 3-4-класстары үчүн түзүлгөн союздук программанын, ошондой эле 1930-жылы Татар мамлекеттик басмасы тарабынан басылган "Табыйаттын иш китеби" аттуу китебинин негизинде түзүлгөн.
Аталган китеп мындан 80 жыл мурда жазылып чыгарылса дагы, анда азыркы учурда эске ала турган биртоп керектүү материалдар жана методикалык ыкмалар бар экен. Анда Жер, Күн системасындагы планеталардан баштап түндүк уюл жакта жашаган жаныбарлар, ысык алкактагы өсүмдүктөр, айыл-кыштак чарбалары, токой чарбачылыгы, өнөр жайлары жана электрдин колдонулуштары балдарга жеткиликтүү чагылдырылган.
Дагы бир баса белгилей турган нерсе, адамдын өз дене түзүлүшү, анын ар бир мүчөсүнүн аткарган милдети, организмдин жетилүүсү жана чарчоосу, дем алуу, тамактануунун мааниси, кан айлануунун жүрүшү жана башкалар жөнүндөгү маалыматтар да камтылган.
Китепти окуганда кыргыз элинин азыркы учурда пайдаланылбай калган терминдеринин жыш колдонулганын байкаса болот. Улуу педагог, агартуучу Ишеналы Арабаевдин бул китеби 3-4-класстын окуучуларына арналган. Ошол жылдары башталгыч мектептин балдарынын окууга даярдыгынын сапаты анча жогору болбогонун эске алсак, окуу китебиндеги айрым материалдар алар үчүн татаалдай сезилет. Бирок азыркы окуучулар 80 жыл мурункулардай эмес. И.Арабай уулу менен Д.Шамгун уулунун "Табыйат таануу алип бееси" башталгыч мектептин мугалимдерин даярдоочу университеттерде жана колледждерде да окутулса ашыктык болбос эле. Ал "Табият таануунун методикасынын, окуу китептеринин тарыхы" менен тыгыз байланышта, Кыргызстандын педагогдорунун топтогон бай тажрыйбасын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Компетенттүү мугалимди даярдабай туруп, жаштардын билим сапатын көтөрүү мүмкүн эмес" дейт китеп авторлорунун бири Миргүл Эсенгулова.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА