06.09.13 Той башталды...
Бакай ШҮКҮРОВ, тамада:
"Болсо дагы той жакшы, болбосо да той жакшы"
Тойдун өйдө-төмөнүн тамададан артык эч ким билбесе керек. Биз төмөндө тамада деген ким, ал кантип мындай өнөргө ээ болот, учурда тойлор кандай өтүп жатат деген сыяктуу суроолор менен 2009-жылы уюшулган "Тамадалар борборунун" жооптуу катчысы Бакай ШҮКҮРОВду маеке тарттык.


- Чү деген эле жерден суроону жеке сиз тууралуу баштасак, кантип жана эмнеликтен тамада болуп калдыңыз?
- Биринчиден, күркүрөгөн күз келип кыргыздын тою башталды, бул жагында эмне кеп бар экен билели деп чакырганыңыз үчүн сизге рахмат, Заке. Экинчиден, чү деген эле сурооңузга жооп берсем, жыргаганыман жылкычы болупмунбу дегендей, кара жанды, үй-бүлөнү багыш үчүн тамада болуп калдым. Окуучулук, студенттик учурда он кишинин башы чогулган жерде ыр чыгарып ырдап, тамашалаганды жакшы көргөн жаным, бул ишке олжого учкан бүркүттөй эле кирип кеттим. Тагыраагы, 2001-жылы ноябрь айында Асел аттуу группалашымдын иниси үйлөнүп калды. Асел келип "тамадалар кымбат экен, Тынчтык экөөң турганда тамада издемек белем" деди. (Тынчтыкбек Кожобеков группалашым, азыркы таланттуу радиожурналист). Биринчи той ошону менен өттү. Тынчтык экөөбүз квартирада турчубуз, ошол күнү муздаткычтын тили болсо рахмат демек. Бышкан эт, чийкиси да бар, чучук, момпосуйдун түрү, боорсок, бир вино келиптир. Кыскасы, такси менен келип бапырап эле жатып калдык. Ачка студент болсок, минтип тоюнуп атсак сонун эле да. Ошентип тамадалыкка кызыгуу башталды. Ошондон кийин кафелер көзүмө жакшы көрүнүп, шаан-шөкөт болуп атса кыя өтпөй карап тура берчүмүн. Ошол биринчи өткөргөн тоюмду, үйлөнгөн Азат менен Гүлжанды дайыма талисман катары эстеп жүрөм. Азыр алар бактылуу үй-бүлө.
Андан кийин 2005-жылы август айында эл эркеси аталган эрке бала Эшенкул Барпиевге жолуктум. Ошондон тарта мага кудай берип салгандай эле болду. Аттуу-баштуулардын, министр, акимдердин тоюна жиберип жүрүп, акыры "болор бала" окшойм, эл катары эптеп оокатымды кылып кеттим.
- Сыр болбосо айтсаңыз, тамадалык өнөр менен ушул убакка чейин канча каражат таптыңыз?
- Эми кудайдын бергенине шүгүр, жаман эмес, эл катары оокатыбыз өтүп жатат. Бирөөнөн ашайын, муну баса калайын дебей, келинчегимдин, эки баламдын кем-карчын толук жаап, элден калбай жашап жатабыз. Ата-энеме, бир туугандарыма каралашып келем.
- Биз сизди студент кезден акын катары билчүбүз. Жеке чыгармачылык кантип атат, той-топур менен жүрө берип унутта калган жокпу?
- "Аким болбой, акын болсок дечү элек" деп залкар акын Акбар Рыскулов жазгандай, тамадалык чыгармачылыкка, ыр жазууга кедергисин тийгизет экен. Азыр ойлосом "катуудан микрофон, жумшактан боорсок" кармап, чучук жеп жүрсөң кайдагы ыр чыгат. Акын ачка жүрсө, санааркаса анан ыр жазат да. Эми бул бир жагынан тамаша болгону менен, бир жагынан чын. Антсе да чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Жаңы чыккан жүздөрдүн күйөрманымын, өзүм да жеке изденүүнүн үстүндө жүрөм. Нукура айтканда "ичтеги ийри жылан" уктатпай чыгат, ойлонтот, сөз менен эмес салмактуу сап менен оюмду айтканга куштарлантат, дегдетет. Айрым чиймелеген ойлорумду басма сөз беттерине даярдап жатам. "Кыргыз радиосунда" иштегениме бир жарым жылдан ашып баратат. Бала кезден кулакка сиңип, кут орногон тармакта иштеп жатканым да издендирүүдө. Тамадалыкка деле баш-отуң менен кирип кете албайсың, себеби бул учурдун жумушу, кызматы. Мындан 20 жыл мурдагы мезгил менен, атургай 10 жыл мурдагы менен ушул күндү салыштырууга эч мүмкүн эмес. Кыргыз баласы үчүн той жакшылыктын, ийгиликтин белгиси, ата-бабаларыбыз "тапкан-ташыганыңды тойго чач" деп жашап келген. Той совет доорунда да мыкты өтчү. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кыргыз тоюнун "багы" ачылып, "Манастан Чубак кем бекен" деп эле той бере баштабадыкпы. Той шааниси да, мааниси да акыры келип тамадаларды, эрке балдарды көбөйттү жана издентип иштетип жатат. "Тамадалар борборунун" түзүлүшү да бекеринен эмес. Аңдап байкаган кишиге суроо-талаптын көбөйгөнүнөн улам болгон иш. "Тамадалар борбору" кыргыз тоюнун улуттук баалуулугун сактоо, заманбап деңгээлин табуу жана ашыкча ыгым-чыгымын кыскартуу жагын элге жеткирүү менен да алектенүүдө.
- "Тамадалар борборунда" канча эрке бала бар?
- Кыргыздар мен деле тамадамын дегенди жакшы көрөбүз. Акыл үйрөткөн, сындаган, ушактаган жагынан алдыга киши салбайбыз. Акыркы беш жылдан бери эл оозуна алынып, тандоого татыктуу болуп, ишин ийгиликтүү өнөр катары өркүндөтүп келаткан аксакалы, жашы болуп 30 чакты тамада ушул борбордун мүчөлөрү жана түзүүчүлөрү. Башында төрага катары Эшенкул Барпиев турат, аксакалдары Айтбек Мукамбетов, Юрий Бобков, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Акылбек Алыбаев болсо, орто мууну, жаштары болуп Алтынбек Шадыбеков, Турдалы Аскарбеков, Мади Итикеев, Илич Касымбеков, Илич Шамбетов, Борончу Кудайбергенов, Акматбек Алдашов, Тынар Курбаналиев, Акылбек Турганбаев, Бакыт Байсариев, Нурдин Абдразаков өңдүү жаштар бар. Ошондой эле ушул өнөргө ынтаасы бар, кызыккан жаштарды да чакырып, улуу сөздү туура пайдалануунун жол-жобосун айтып келебиз.
- Тойлорду кантип бөлүштү-рүп аласыңар?
- Чакан мекемебизде жогортон мен айтып өткөн тамадалардын, ошондой эле ырчы-чоорчулардын, дегеле, тойдо кандай кызмат талап кылынса ошонун баарына жооп берген адистердин дайын-дареги бар. Тамадалардын сүрөттөрү илинип турат. Кардар тандаган тамаданын той алпарып жаткан учурун видеодон көрсө болот. Көңүлүнө жакканын алат, каалабаса таңууламай жок. Биринчи орунда той ээсинин пикири турат. Баасын, кызматын бычышкандан кийин өздөрү чечип алышат.
- Тойлордо болгон кызыктуу окуяларды жана иренжиткен кездерди эскере кетсеңиз?
- Той учурунда эмнелер гана болбойт. Үч жыл мурунку бир окуяны айтайын. Кыргыз элинин даңктуу уулдарынын биринин 60 жылдыгы "Дасмия" ресторанында өткөн. Эл келип топтолуп, жалаң аттуу-баштуу инсандар кире башташты. Казакстандан да үлкөн илимпоздор чакырылыптыр, алар төртүнчү столго отурмак экен. Ал столго меймандарды алып барып отургузалы десе, аксакал киши байбичеси, уул-келини, неберелери менен эчак отуруп тасмалды жарым-жартылай "тазалап" коюптур. Той ээси ыңгайсыз болуп силер кайдан келдиңер, стол номуруңар канча десе тигилер төртүнчү дейт. Барып биле коюп эле тиги аксакалды ээрчитип жөнөдүм, көрсө алар биринчи кабаттагы тойго келген көлдүк кудалар экен. Мындай окуялар тойдо көп эле болот.
Айта кетели, эми иренжиткен окуялар деле болот. Пенде болгон соң айрым адамдар бар, ошол кишини мактап, даңазалап турушуң керек, кээ бирөөлөр ушундай мактоону ачык эле суранышат.
- Той мындан дагы жакшы уюштурулуп, сарамжалдуу болуш үчүн жеке кандай сунуштарыңыз бар?
- Бизде кандай маселе болбосун бир беткей карап алып, урдуруп-соктуруп кетмей жагыбыз бар. Телевизордон тойго ашыкча чыгым жумшалат, кереги жок деп коюп, ошол эле кишилер тойдо "тойго жетеби" деп отурушат. Бир беткей тамадаларды жектеп жүргөн адамдар да бар. Жогоруда айтпадымбы, тамада той ээсинин каалоосун аткаруучу, ал тоюн кандай кааласа ошондой шартта башкарып берүүчү адам. Мен мисалы, "сиздин келиниңиз бир айдан кийин эркек төрөйт экен", "уулуңуз үйлөнөт турбайбы", "октябрдын аягында 50гө чыгат экенсиз" деп бир да кишиге барбайм. Тойдон көрөт экен, дайын-дарегибизди алат, кыргызда тууган көп да, тууган аркылуу, тааныш аркылуу чыгат. Азыр интернеттен таап алышууда. "Айланайын Баке, баланчанын тоюндай кылып эле өткөрүп бер" десе, эмнеге жок дешим керек.
Тамадалар жагынан кийинки кездери тойдун убактысы жолго коюлду. Мурда 6-7-8 саатка чейин созулса, азыр 5 сааттын айланасында жыйынтыкталат. Төрт саат болсо андан да жакшы болот эле. Дегеним, жакшы эс алып, ойноп-күлүп, ичип-жеп отурганга төрт саат кенен убакыт болот экен. Мисалы, тойдо экинчи тамак деп берилген тамакты кыскартып койсо жакшы эле болмок, ошол тамак жөн эле ысырап болот. Буюрса баарына жөндөмдүү, айрыкча тойго маани берген элибиз баарын оң жолго салып алат деп ишенем. "Болсо дагы той жакшы, болбосо да той жакшы" дегендей, элибиз тоюнан ажырабасын, ар бир үйдүн бардарчылыгы той менен баалансын.

Зайырбек АЖЫМАТОВ