30.08.13 Максим ИВАНОВ:
"Россияда айыл чарбасын эбак өлтүрүшкөн"
Союз тараганы миңдеген кыргызстандыктар чачылган шурудай ар кайсы өлкөлөргө кетишип, көбү ал жакта биротоло жашап калышканы баарыбызга маалым. Кыргызстанда туулуп-өсүп жогорку билим алган соң Россиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашап иштеп жаткан мекендешибиз Максим Иванов (өз өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү) быйыл эс алганы Кыргызстанга келиптир. Максимди кепке тартып, көп кызыктарды уктук.


- Максим, Кыргызстанда туулуп-өсүп, Россияда биротоло жашап калыпсың. Ал жактагы жашоо-турмуш кандай?
- Ачыгын айтсам, бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман. Туулган жер адамга жакын болот экен. Кыргызстанда 25 жыл жашадым, кандай болгон күнү да Россия мага бөтөн. Алар орус, мен орус, бирок менталитет такыр башка. Ошондон улам кыйналган кездер болот. Мага жакканы шаарларда жолдор оңдолуп, өндүрүштүк мекемелер иштеп жатат. Мыйзам Кыргызстандагыга салыштырмалуу жакшы иштейт. Бирөөгө пара бергенден көрө мыйзамдуу жол менен иш кылуу алда канча арзан, жеңил.
- Убактылуу иштеп келгендердин айрымдары Россия өнүгүп жатат десе, бирөөлөрү тескерисинче артка кетип баратканын айтышат. Кимисине ишенсек болот?
- Бул эми кандай шаар, кайсы аймак экенине жараша. Чоң шаарлар өнүгүп жатат. Мисалы, мен кеткенден бери Бишкек да биртоп өнүгүп, бийик имараттар салыныптыр. Ошол сыңары эле Россияда ири шаарлар өнүгүп, майда шаарчалар каралбай калган. Курулуштар токтоп, жаштар чоң-чоң шаарларга кетип калышкан.
- Союз тараганы Кыргызстан айыл чарбасы артка кеткен. Россияда бул жагы кандай?
- Чынында айыл чарбасын өлтүрүп коюшуптур. Мисалы, Сибирде бир кезде уй, чочко фермалары, совхоздор күпүлдөп иштеп турса, азыр анын бири жок. Эт өтө кымбат. Эттин көбү сырттан келет. Анын кандай эт экенин теледен да көрсөтүп жатышат. Сибирдин айыл чарбасынын кыйрашы климаттык шарттан да болгонбу деп калам. Себеби ал жерде бир жыл түшүм болсо, беш-алты жыл түшүм болбойт. Бирок Кыргызстанда негизги азык-түлүккө баа кандай болсо, Россияда да ошондой. Болгону бул жерде сом, ал жакта рубль.
- Россияда орточо маяна канча азыр?
- Путин айткандай, орточо айлык 25 миң рубль (күлүп). Бирок мен жашаган Юрга шаарында орточо айлык 14-15 миң рубль. Азырынча 25 миң рубль алгандарды көрө элекмин.
- Путин демекчи, анын жүргүзүп жаткан саясатын Россия калкынын канча пайызы колдойт?
- Башка жагын айта албайм, мен жашаган аймактагылардын айтымында, ал башында жакшы иштеген. Азыр ал жедеп тоюп бүтүп, булуттар арасында учуп жүрөт. Башкача айтканда, ал эбак эле карапайым калк менен жашабай калган. Балким ал тышкы саясатта Россия үчүн бир нерсе жасап жаткандыр. Бирок россиялыктардын жарымынан көбү аны колдобосу чындык. Шайлоо убагында бизге жетекчилер келди да, Путинге добуш берсеңер кошумча айлык болот, добуш бербесеңер ал жок дешти. Жумуш, айлык жакшы болуп жатканда жетекчилик менен чатакташкың деле келбейт. Айла жок добуш бердик. Бир жагынан шайлоо убагында кимге добуш береримди деле билбей калдым. Кайсы бир миллиардерге добуш берсең анын деле Россия менен иши болбойт. Путин болсо Медведев менен орун алмашып, өтө куу саясат жасап кетти. Ошондон тарта менин ага болгон ишенимим өчтү.
- Ставрополь крайын чечендер акырындык менен ээлей башташканын айттың эле. Буга Москва эч нерсе дей албайбы?
- Ал жактан улутчулдук, чыр-чатактар менен акырындап орустарды сүрүп чыгышты. Ал жер Чеченстандан 200 километр алыс турат, эч кандай өндүрүш жок. Чечендер террриториясын кеңейтиш максатында орустарга кысым көрсөтүп жатышат. Ошентсе да ал крайды Россия каржылайт. Эгер каржылоо токтосо чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн. Президент акыры ал крайды берет окшойт. Башка аргасы жок.
- Кызматка орношуу, адистикке жараша иш табуу кыйын эмеспи?
- Эгер ичпесең, өз кызматыңды жакшы билсең иш табыш кыйын эмес. Кайсы бир заводго орношуп алсаң анда жолум болду дей берсең болот. Анткени заводдо маяна жакшы. Мисалы, Юргада көмүр шахталарына жабдыктарды чыгарган союздук завод бар. Ал жерде "завод жашаса, шаар да жашайт" деген жарнак турат. Заводдо тамеки тартып, ичимдик ичүүгө болбойт. Көчөлөрдөгү дүкөндөргө тамекини бирден (дааналап) сатканга тыюу салынган. Бул тартипти Кыргызстанга киргизсе дээр элем. Анткени окуучулар бирден тамеки сатып ала албай калат. А бир кутуну толук алайын десе акчасы жетпейт, алса да аны катуу кыйын.
- Ичимдик, тамекиге кайрылып калдык. Баалары кандай?
- Таза, жакшы арак 300 рублдан жогору. Андан арзандары бар, алардын сапаты начар. Бишкекте жакшы коньякты 350 сомго алсам, ал жакта мындай коньяктар 1000-1500 рубль турат. 800 рублга чейинки коньяктар бар, аны иче албайсың. Тилекке каршы, кыргыз коньяктары ал жакта жок. Мүмкүнчүлүгүм болсо кыргыз коньяктарынан толтура ала кетмекмин.
- Сен сыяктуу сырттан келип биротоло жашап калгысы келгендер турак жай маселесин кантип чечишет?
- Эгер орус жарандыгын алсаң россиялыктардыкындай эле укуктарга ээ болосуң. Бирок үй, квартира маселеси өтө курч. Жаш үй-бүлөлөр үчүн эң арзан ипотека 11-13 пайыз. Ошондо бир үй-бүлө бир бөлмөлүү квартира үчүн отуз жыл төлөйт. Башкача айтканда, ипотека турак жай маселесин чечүүнүн жакшы жолу эмес. А батирге айына 7-8 миң рубль төлөйсүң.
- Үйгө керектүү муздаткыч, кир жуугуч машине сыяктуу буюмдар бизге салыштырмалуу арзанбы же кымбатпы?
- Мен Бишкекти кыдырып үй тиричилигине керектүү техникалардын бааларын көрдүм. Россиядагыга салыштырмалуу биртоп кымбат экен. Россияда ар кандай майрамдарды утурлай үй техникаларына арзандатуулар да болот.
- Курулуш материалдарына болгон баалар кандай?
- Ал жакта жыгач арзан. Башка материалдар өтө кымбат. Мисалы, шагыл бул жактагыдай оңой табылбайт. Ошол себептен жолдор да кууш. Анткени Чүйдөгүдөй шагылды каалаган жерден казып ала алышпайт. Өтө алыс жактан ташылып келет. Ошентсе да жолдорду эки жылда бир жасап турушат. Себеби кышкысын катуу суукта асфальт сынып, жазында жолдор бузулуп калат.
- Жол демекчи, ал жакта биздин маичилердей МАИ кызматкерлери жашынып туруп кармашабы?
- Ооба, андайлар бар. Бирок токтогондо машинеден түшпөйсүң. МАИ кызматкери өзү келет. Эгер мыйзам бузсаң анын машинесине барып отурасың. Ал протокол толтурат. Аларга пара берүү дээрлик жоюлуп баратат. Анткени мамлекет биринчиден МАИ, милиция кызматкерлеринин маянасын көтөрдү. Экинчиден, ар бир машинеде видеокамера турат. Кээ бир жерлерге маичинин машинеси менен турган сөлөкөтүн коюп коюшат. Алыстан карасаң тирүү маичидей эле көрүнөт.
- Баса, Россияда азыр кандай жеңил автоуналар чыгарылып жатат? Алар ыңгайлуулугу жагынан кандай?
- Россияда акыркы чыккан машинелерден "Лада Гранта" жакшы. "Лада Приору" машинесин тааныштарым алыптыр, анча жакшы эмес экен дешти. А мурда "Лада Калина" деген чыгарылган. Аны акылынан айныган бирөө эле сатып албаса, унаа деле эмес. Анткени ал жүз чакырымга үч миң рублдин майын ичип коет. Ошондой эле тыштан келген чет өлкөлүк маркадагы машинелер да көп. Бирок Кыргызстандагыга салыштырмалуу өтө кымбат. Мисалы, мен 1998-жылы чыгарылган "Гольф-4" маркасындагы машинени 200 миң рублга сатып алдым. Аны мен Бишкекте биртоп эле арзан алмак экемин. Россияда чет өлкөлүк машинелердин кымбаттыгы бажы салыгынан улам дешет. Мен кайсы бир немец сайтына кирсем меникиндей машине 80 миң рубль деп турат. Бирок аны Россияга алып өтүү үчүн 348 миң рубль бажы салыгын төлөшүм керек экен.
- Билишибизче, Россияга Кыргызстандан тигилген кийимдер көп барат. Алармандар, кийимге болгон баалар кандай азыр?
- Ооба, Бишкектен тигилген кийимдер ал жакта көп. Азыр алардын баасы да ал жактагы башка кийимдердикиндей эле болуп калды. Мисалы, менин жубайым Бишкектен 300 сомго юбка алды. Андайды биз Юргадан 800 рублга сатып алганбыз. Бул жол киреден уламбы же көп кошуп коюшабы, билбедим. Новсибирскиде атайын кыргыз базары бар, ал жакта баалар биртоп төмөн деп калышат. Кийинүү үчүн Томсктан, Юргадан ал базарга атайын үй-бүлөсү менен барып келгендер бар.
- Кыргызстандыктар азыр ар кандай партияларга бөлүнүп калды. Россияда мындай бөлүнүүлөр барбы?
- Ал жакта элдин партиялардан башка эле көйгөйлөрү жетиштүү. Менимче, майда партияларды түзгөнгө жол берген мыйзам өлкөнү бириндетүүгө болгон багыт. А майда-майда бөлүктөрдү талкалоо эң оңой эмеспи.
- Россияда шайлоого катышуу активдүүлүгү кандай? Биздегидей акчага добуш сатып алуулар болсо керек?
- Быйылкы шайлоодо эл абдан активдүү катышты. А ачык акча берүүлөр болгон жок. Бардык жерде видеокамералар тургандыктан жасалма добуш берүүлөр катталган деле жок.
- Мурун, азыр деле Кыргызстандан улгайган адамдар Россияга биротоло көчүп кетип жатышат. Алар кыйналышпайбы?
- Эгер жашаганга үйү болсо көп деле кыйналбайт. Болгону климатка, башка элге көнүү кыйын болушу мүмкүн. Мисалы, менин атам бул жакта ден соолукка зыяны көп ишканада иштеп, эрте пенсияга чыккан. Бул жактан 3500-4000 миң сом пенсия алчу. Азыр ата-энем Россияда, атам 9000 рублга чейин пенсия алат.
- Россиянын нымдуу климаты да жашоого биртоп эле таасир этсе керек?
- Албетте таасир этет. Жергиликтүү эл нымдуу жайды сүйбөйт. Анткени ал жакта ашып кетсе эки ай жакшы жай болот. Кыш кургак келип, аба ырайы суук. Кээде бир-эки жумалап 40-45 градуска чейин суук болот. Быйыл түнкүсүн 48-50 градуска чейин суук болду. 25 градус суукту биз нормалдуу деп эсептеп тоого чыгып, ар кандай эс алабыз. Жайкысын анда-санда эле күн ачык болот. Аба салкын болсо да үп болуп, адамдын денеси дайыма нымдашып турат. Кыргызстанда 35 градус ысык болсо эч нерсе болбойсуң, а Сибирде 25 градус ысыкта дем ала албай кетесиң.
Мелис СОВЕТ уулу