23.08.13 "Терилген жоогазының жолдо калды"
Мезгил дагы күзгө жакындап келет. Жылдагыдай ушул күздө дагы күтөм... Ойлонуп отура берем. Тагдырым ушул экен го деп тагдырыма таарынып отура берем...
Арадан айлар өтөт. Алмашып жылдар өтөт. Мунун баары мен үчүн бир кылым сыяктанат. А бирок мен сүйүүдөн алсыраган жаным менен, күтүүдөн алсыраган деним менен, сагынычтан саргарып куурап бүткөн жүзүм менен ардагым азыр келет деп алданып отура берем. Ойлонуп отура берем, окшошуп ойчулдарга толгонуп отура берем. Окуганым том-том болгон ойчулдардын китептери. Алардын сүйүүлөрү, тагдырлары, кайгылары.
Алты ай, алты жыл мурун алтыным деп сүйчү эмес белең. "Алтыным, жалгызым" деп жанымда жүрчү эмес белең.
Азыр менин кандай экенимди элестетсең:
Алтының алсырады. Жаздай эле күзгө окшошту.
Жанчылып жалгыз калды. Жанчылып сезим дарты, ыйына ызаланып, муңуна муунуп калды. Мурдагы күндөрдү эстеп, бактылуу күндөрдү эстеп, баарына көргөндөрдүн муңканып муңдуу карайт. Мусапыр кейпин кийип, баягы кундуздай чачтарды эмес, упузун капкара чачтарды эмес, ак баскан чачтарды тарайт. Ааламат күндү эстейт. Ардагын жоготкон түндү эстейт.
Биз жолуккан, биз таанышкан ошол кечте, аттиң ай, жолукпай койсок эмне. Кездешпей койсок эмне, мынчалык азаптарды мен анда тартпайт элем. Мынчалык кайгы даамын мен анда татпайт элем...
Бул жашоого бир жаралып асылдар
Асылдарга жуп болалбай калган бар... - деп бир акын айткандай, сен адамдын асылы болбосоң мынчалык азап тартпас белем. Жолуккан ошол кечти айла жоктон жектеп келем.
"Жанымды жалгыздатпай жел болуп жетем дедиң.
Жаныма келем дедиң.
Жоодурап жолугабыз, сен үчүн жоогазын терем дедиң...
Терилген жоогазының жолдо калды. Бир өзүң айткан сымал жел болуп учуп кеттиң. Ааламга сиңип кеттиң. Жалгызың жалгыз калды. Алаамат ошол күнү авария болуп тындың.
Армандуу ошол күнү мен сени күткөн элем. Эмнеге кечикти деп бир нерсени жүрөгүм сезген эле. Сарсанаа болгон элем. Саргайып күткөн элем. Ошол күнү саргарган жалбыракка кошуп кеттиң. Ошол күнү шолоктоп ыйлап жаттым. Мени коштоп асман дагы ыйлап жатты, аалам дагы ыйлап жатты. Бардыгы сени жоктоп буркурап ыйлап жатты.
Мезгил дагы улуу күзгө жакындады. Сагынып күтө берем. Сен келчү жолду карап. Ардагым азыр келет деп алданып отура берем. Ойчулдарга окшоп ойлонуп отура берем...
Айсулуу
АЛИМ кызы