№34, 23.08.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Курултай "өрдөк" болсо, мергенчи ким?

Гезитибиздин өткөн жумадагы санына (№33 (164), 16.08.13) Соң-Көлдөгү 24-августта боло турган курултайды Аликбек Жекшенкулов менен Садыр Жапаров уюштуруп жатканын жазган элек. Ал күн жакындаган сайын саясатчылар үрпөңдөп үркө башташты.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков "булар республика боюнча эл чогултушмак, бирок эки күн калды, эч нерсе жок. Булардын иши орундалбайт" деп алаңдайт. Буга удаа эле кечээ Аликбек Жекшенкулов менен Садыр Жапаров "биз конок катары гана чакырылганбыз, курултайды Нарын жаштары уюштуруп жатат. Мурда айтылгандар жалган" деп актанып алышты. Ал ортодо Нарын облусунун райондорунун акимдери да "бизден курултай өткөрүүгө эч ким уруксат сураган эмес" деп эдиреңдешет. Булардын "шектүү шекинет" болуп жатканы эмнени билдирет?