16.08.13 Майда, бирок пайдалуу маалыматтар
Тең теңи менен...
Ал эми экөөнүн кызыкчылыгы бир болсо, анда экөө бири-бири менен жакшы жашап кете алат деп психолог адистер айтып калышат. А башка учурда кандай болоорун дал ошол адистердин аныктамаларынан байкап көрдүк.
Эгерде күйөөсү аялынан 1-2 жаш улуу же кичүү болсо, бири-бирин сыйлап турганда гана экөө бактылуу боло алат.
Жубайлардын жаш өзгөчөлүгүндө айырма 3 жаш болсо, нике туруктуу болбой калышы мүмкүн. Бирок мындай үй-бүлө бири-бири менен атаандашып жүрүп үй-бүлө куруп жана жашоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишет.
4 жаш болсо, экөө жакшы мамиледе болуп, бири-бирин толуктап турат.
5 жаш болгондо сөзсүз бирөө башкарып, экинчиси баш ийет. Алардын бири такыр эле ээ бербей үстөмдүк кылса деле мындай үй-бүлө урабайт.
6 жаш болгондо үй-бүлөдө кыйынчылык болбой койбойт, пикир келишпестиктер көп болот. Эгерде жубайлар келишип жашаса, анда үй-бүлөнү бекем сактап калса болот.
7 жаш болсо, бул союз сырдуу болот. Алар бири-биринен сыр жашырып турушат. Табышмактуу сыяктанып жүргөнү менен булар бактылуу жашашат.
9 жаш болсо, анда алардын үй-бүлөлүк жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктар, нааразылыктар күтүлөт.
10 жаш болсо жубайлар үй-бүлө бузулбаш үчүн көп аракет кылышат.
11-12 жаш болсо үй-бүлөлүк турмушта анчалык кубанарлык ийгилик болбойт.
13-15 жаш болсо, анда бири-бирин катуу сүйгөндө гана бактылуу боло алышат.
16-20 жаш болсо үй-бүлө бактылуу болушат. Кыйынчылыкта бири-бирин колдоп турушат.

Македонскийдин сабактары
Александр Македонский алтын-күмүш жана башка кымбат баалуу зер буюмдарын көрсөткөн жүрүшүн туура бир жумага созгон. Бир жума бою тамаша куруп, ичимдик ичип сайрандап, жыргашкан. Мындан 2000 жыл мурун Александр Македонский аябай чоң жоготууну чоң жеңиштей көрсөтүүнүн жолун тапкан. Өзүнүн тажрыйбасынан улам улуу колбашчы мындай осуяттарды калтырган:
1. Кол алдыңдагылардын эмнени туу тутаарын жакшылап аңдап бил.
2. Кол алдыңдагыларга эң сонун жүрүш-турушуңду көрсөт.
3. Кол алдыңдагылардын маанайына көз сала жүр.
4. Кол алдыңдагылардын биринин ийгилиги бардыгыныкы болуп турсун.
5. Кол алдыңдагылар бир нерсеге сыймыктанып турсун.
6. Алар кыялданып турууга мүмкүнчүлүк түзүлсүн.
7. Кол алдыңдагылар болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап иштегидей шарт түзгүлө.

Ата-бабадан келаткан ырым-жырымдар:
* Байкоосуздан тузду төгүп алсаң, анда бирөө менен урушасың. Эгерде тузду көбүрөөк төгүп алсаң, чоң уруш чыгат. Жаман нерселерден оолак болуш үчүн артыңды карабай тузду колуңа уучтап туруп, сол жак ийинден нары карай ыргытып жибериш керек.
* Кийимиңди тескери кийип алсаң, ишиң оңолот.
* Аялы менен күйөөсү бир кашык менен тамак жесе, экөө бири-бирине нааразы болот.
* Эки курбу кыз жарышып бир күзгүгө каранса, ал экөө бир баланы сүйүп калышы мүмкүн.
* Эгерде адамдын денесинин өзү көрө албаган жерлеринде кал болсо, ал адам бактылуу жашайт.
* Кашың кычышса, бирөөгө жолугасың.
* Шыпыргыга байпак кийгизгенге болбойт. Сен жөнүндө ушак сөздөр көп болот.
* Ачкыч менен баш кийимди столдун үстүнө коюуга болбойт. Уруш-талашка алып келет.
* Кечкурун үйдү тазалап-жууганга болбойт. Ийгилигиңди кошо жууп салган менен барабар болот.
* Нандын жанына бычакты калтырууга болбойт. Андай белги ачкачылыкка алып келет.
* Желбей калган нанды жана анын күкүмүн ыргытууга болбойт. Ал жокчулукка алып келет. Желбей калган нанды итке берсе сооп болот.
* Бирөөдөн идиш алганда ичин бош калтырбай ичине тамак-аш салып бер. Ошондо ырыскың андан бетер төгүлүп-чачылып турат.
* Базарда биринчи буюмду саткандан кийин ошол буюмдун акчасын сатыла элек буюмдарга тийгизип чыксаң, буюмдарыңды жакшы сатасың.
* Аял кишинин көкүрөгү кычышса жакын адамдары ойлоп жатканын билдирет.
* Үйдөн бир жакка чыгып баратып кийим тигүүгө болбойт. Жолуңда ийгилик болбойт.
* Көз жара турган аял төрөт үйүнө кеткенден кийин, аман-эсен көз жарып алышы үчүн үч күн бирөөгө эч нерсе берүүгө болбойт.
* Эки жаштын үйлөнүү тою болуп жаткан учурда күн жаркырап тийип турса, эки жаш бак-дөөлөттүү болуп жашай тургандыгынын белгиси.
* Кичинекей баланы күзгүгө көрсөтпө, тили кеч чыгат.
* Окуп жаткан китебиңдин бетин жаппай ачык калтырба. Калганын шайтан окуп кетет да, эмне окуганыңды унутуп каласың.
* Байкоосуздан тилиңди тиштеп алганың жакын адамдарың ачка болуп жатканын билдирет.
* Күн баткандан кийин эркек киши сакал-мурутун алууга болбойт. Жагымсыз окуяга кабылат.
* Эшикке кир жайып жатканда жаан жаап кирсе, ыйга алып келет.
* Бирөө менен бир эле убакта бир сүлгү менен аарчынсаң, ошол адам менен уруша кетесиң.
* Жаткан кишини аттабайт.
* Кыбыланы тээп жатпаш керек.
* Каалганы бут менен түртүп ачпаш керек. Ырыскыңды тепкен менен барабар болот.
* Караңгыда наристенин кийимин сыртка жайбаш керек. Наристенин кийимин ай-жылдызга көрсөтүүгө болбойт.
* Аялдарга тизесин кучактап отурууга болбойт. Тизени кучактаган жесирликтин белгиси. Илгери күйөөсүнөн айрылган аялдар тизесин кучактап алып ыйлачу экен.
Адамдын ысымы тагдырына таасир этет
Окемдер айтмакчы, "Как корабля назовешь, так и она поплывет" дегендей, ат коюу да чоң жоопкерчилик. Балага ат коюуда абдан кылдат болуу керектигин ар кимибиз биле бербешибиз мүмкүн. Жаңы төрөлгөн ымыркай бактылуу болобу же бактысыз болобу, бардыгы ага берилген ысымга жараша болот экен. Балага ат коердо сизге жаккан атты алып жүргөн адамдын кандай экендигин, башка улуттун аты болсо ал эмнени туюндураарын билип туруп ат коюу абзел.

Балага кандай ат коюуга болбойт?
* Өзүңдүн атаңдын, апаңдын атын коюуга болбойт.
* Балага бактысыз, ооруп жүрүп каза тапкан ата-тегиңдин атын коюуга болбойт.
* Туугандар арасында бир аттын үч жолу кайталанышы туура эмес.
* Өзүнүн атасынын атын ыйгаруу балага тескери таасирин тийгизет.
* Балага баатырлардын атын коердо ошол атты көтөрө алабы же ошол атка татыктуу болуп чоңоебу, бардыгын таразалап, анан ыйгаруу керек.
* Аттын башка тилдерге которулган маанисин да карап койгонуңуз оң. (Мисалы, Элегия деген ат көз жашы токтобой турган таасир берет. Адинай деген кызы бар үй-бүлөлөрдө кыз бала жалгыз болуп калат).

Даярдаган Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ