16.08.13 Виртуал жашоонун кызыгынан
Интернетте бири-бирине үйлөнгөндөр да бар
Технологиянын жогорку ылдамдык менен өнүгүп баратышы дүйнө элине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунууда. Атүгүл артта калган өлкөлөрдө фантастика деген түшүнүктүн бүгүнкү күндө аз колдонулуп калганын байкасаңыз керек. Ошол технологиянын өнүгүүсүнө башкы демөөрчү болгон интернеттин оң-терси жана ага көз каранды болуп калуу тууралуу сөз кылабыз.


Акыркы учурда интернет жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып калды. Атүгүл кээлери ансыз жашоосун элестете алышпайт. Беш жашар баладан тартып улгайган кишилерге чейин интернетке болгон көз карандылык артып келет. Океандын ары жагы менен бери жагындагы адамдардын аралыгын кыскарткан интернет маалымат алууда колдоонуучунун эң жакын досуна айланган желе. Учурда аны жаман адатка же ооруга айланткандар четтен чыгат.
Гүлзат Боронбаева, мугалим:
- Интернеттин өсүүсү мектеп окуучуларына абдан терс таасирин тийгизип жатат. Балдардын сабакка болгон кызыгуусу, билимге болгон умтулуусу таптакыр жоголуп барат. Сабактардан текшерүү иш, жат жазуу, тест, дилбаян жазууда агент деген балээге кирип алышып, бири-бирине ошол жерден жардам беришет. Сабактарда мугалимдин сөзүн укпай, социалдык тармактарда бири-бири менен сүйлөшүп, музыка угуп отура беришет. Ата-энелер балдарын эркелетип, бир өгүздүн баасындай болгон телефонду сатып бербей эле койсо, баласынын келечегине бираз да болсо салымын кошкон болоор эле. Эч бир бала мектептен алган билимди, тарбияны интернеттен ала албайт.
Социалдык тармактардагы таанышуу баракчалары, акысыз аудио, видео жүктөлгөн сайттар колдонуучуларды реалдуу жашоодон алыстатып, жагымсыз жагдайларга алып барат.
Кыргызстандагы "Интернет саясаты боюнча жарандык демилге" коомдук фондунун сурамжылоосу боюнча 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча эң көп колдонулган социалдык тармактардын: Мой мир - 320.000 колдонуучусу, В контакте - 207.344, Одноклассники - 142.770, Фейсбук - 97.400 колдонуучусу бар. Жалпысынан Кыргызстан боюнча жалпы 767.514 адам социалдык тармактарды жигердүү колдонот. Орусиянын Мой мир, Одноклассники жана В контакте соцтармактары өлкөбүздө тездик менен жогорку популярдуулукка жетишсе, күн сайын Американын Facebook соцтармагын колдонгондор жогорку темп менен өсүп жатат. Эксперттер болсо Кыргызстанда калктын көбүн жаштар түзгөндүктөн, көңүл ачуу, таанышуу сыяктуу сайттардын көбөйүп кеткенин айтат. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгүн мектеп курагындагылар түзөт. 2-класстан тартып 11-класска чейин, ал эми студенттердин дээрлик баары интернеттин жигердүү "тургундары".
Ушул багытта атайын сурамжылоо жүргүзгөнүбүз-дө, интернет колдонуучулардын көпчүлүгү интернетти маалымат алуу, бөлүшүү максатында колдонсо, айрымдары көңүл ачуу, убакыт өткөрүү үчүн колдонгону ачыкка чыкты. Бекгазы мектеп окуучусу. Ал жогорудагы мугалимдин айткандарына кошула бербестигин айтуу менен бирге төмөнкүлөргө токтолду:
- Мен соцтармактардын бир тобуна катталгам. Баарын өз убагы менен пайдаланганга аракет жасайм. Сабакка барганда телефон колдонбойм, анткени окуума тоскоолдук жаратат. Достор менен кечинде бир сааттай агентте баарлашам.
Соцтармактардын пайда-зыяны боюнча врач-психологдор төмөнкүлөрдү айтышат. Жаштар арасында интернет убактысын ченебей, аша чаап "фанат" болуп колдонгондор аябай эле көп. Күнү-түнү интернетте "отура берип" реалдуу жашоодон алыс болуп калгандар четтен чыгат. Адам өлүмү, кан, согуштар кадимки эле көрүнүш болуп калат. Жадагалса интернетте аял-күйөө болуп үйлөнүп алгандар да бар. Күнү-түнү кыймылсыз отура берип ар кандай ооруларга дуушар болгондор да жок эмес. Мисалы, шал оорусу, ашыкча семирүү, көздүн начарлашы, кан айлануу жакшы ишке ашпай, баш оору пайда болот, мээнин да жаш курагына ылайык өөрчүбөй калышына алып келүү фактылары катталган. Атүгүл реалдуу жашоодо өзүн жалгыз сезгендер же мүмкүнчүлүгү чектелгендер интернетте өзүн идеалдуу адам катары көрсөткүсү келет.
Руфат ЭРГЕШОВ, фотоколлаж автордуку




Азезили арбын заман
Телефон алдамчылар көбөйдү, сак болгула!
Акыркы кезде телефондон алдап, кандай жол менен болсо да жеңил акча табуунун аракетин жасаган шылуундардын саны көбөйүүдө. Балдарын араң багып, өйдө тартса ылдый жагы, ылдый тартса өйдө жагы жыртык калган үй-бүлөлөрдү да сызга отургузган убал-сооптон коркпогон шылуундарга каргыш тийсин дегенден бөлөк не дейбиз. Алардын көбү ишенчээк адамдарды ишендирип, бирдик салып кой деп көндүрүшөт экен. Мындай шылуундар 100-200 бирдикке ыраазы болушпайт, 1000-2000ден жогоруну сурашат. Үйүндө нанга акча табалбай отургандар ошондойлорго ишенип, карыздап болсо да акча таап сызга отуруп, жер муштап кала беришет. Андыктан ушунча бирдик салып кой, мен баланча жумушуңду аткардым, же ушундай көйгөй болуп жатат десе эле ишене коюп акча которууга ашыкпай, баарын иликтеп көрүңүз.
Бирөөнүн көз жашынан пайда издегендер
Эсиңиздерде болсо керек, мындан эки-үч жыл мурун кичинекей жаш балдар дайынсыз жоголуп үй-бүлөсүн азапка салган учурлар көп болгон. Атүгүл бир үй-бүлөдөн кичинекей эки бөбөк ойноп отурган жеринен уурдалган эле. Карайлаган ата-энелер балдарынын сүрөтүн гезит-журнал беттерине, телеканалдарга чыгарып, эгер көрүп калсаңар чоң сүйүнчүсү болот деп телефон номурларынан бери жазып коюшкан. Бирок ошондой күйүт тартып отурган ата-энелерге силердин балаңарга окшош баланы көрдүк, ушул телефонго бирдик салсаңар биз силер менен байма-бай кабарлашып, маалымат берип турабыз деп бир далайынын капчыгын каңтарганга үлгүрүшкөн. Албетте, баласын тирүүлөй жоготуп күйүткө батып турган адам акча аямак беле, кандай маалымат болсо да билип туралы деп шылуундардын сураган акчасын салып, сызга отуруп калгандар болгон.
Уулуң өлдү, бирдик сал...
Кыргызстандан Орусия, Казакстанга иш издеп кеткен мигранттардын саны арбын. Максаттын Казакстанга иштегени кеткенине жарым жылдан ашып калган. Апасы Фатимага бир күнү түн ортосунда бейтааныш бирөөлөр телефон чалып, "Максатты Казакстандан сабап өлтүрүп коюшту, эртең түшкө чукул сөөгүн алып барабыз, Кордай чек арасынан тосуп алгыла, дагы кабарлашып турабыз" деген суук кабарды айтышат. Айласы кеткен эне чурулдап, тууган-уруктарына кабар берип даярдана баштайт. Бирок арадан көп өтпөй, Максаттын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн акча керектигин, анүчүн 2000 бирдик салса аны сомго айлантып чыгымды төлөөрүн кабарлайт. Эне байкуш жөн турчу беле, дароо алар сураган сумманы чалган телефонго бирдик кылып салат. Эртеси таң атаары менен ошол эле телефондон "бул акча жетпей калды, дагы 1500 сомдой керек болуп жатат. Чек арага чейин сөөктү алып келген унаанын чыгымы ушунчалык экен" дейт. Сыздаган эне дароо алар айткан бирдикти салып, түшкө чукул тууган-уруктары менен Кордайдагы чек арага баратса капысынан Казакстанда иштеп жүргөн Максат өзү телефон чалып калат. Көрсө ал эч кандай кырсыктабай, өлбөй эле иштеп жатыптыр. Кимдир бирөө анын энесинен акча алуу үчүн атайын ушундай суук кабарды угузган экен. Ал эми Фатима апага телефон чалып, акча сураган абонент өчүк болуп чыкты. Анын кайсы жактан, ким чалганы да белгисиз болуп калган. Андыктан ушундай жол менен акча тапкандар да бар экен.
Мен милицияданмын, айыпты төлөө үчүн бирдик сал
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа айылында мечит салынып жаткан эле. Ошол мечиттин курулушуна ар кандай курулуш материалдары Бишкектен, Балыкчыдан алынып келип жаткан экен. Өткөн жумада улуу Рамазан айы аяктап, айт болуп, эл айттап жүргөн кезде мечит салып жаткандарга бейтааныш бирөө телефон чалып: "Мен Кочкор районуна кире бериш жердеги МАИ кызматкери болом, силердин курулуш материалдар жүктөлүп келаткан унаанын документтери туура эмес экен. Айдоочуга айып төлө десем акчам жок дейт, силер 1500 бирдик салсаңар аны сомго айлантып, унааңарды жөнөтөм" дейт. Кудайдын улуу күнүндө андай нерсеге ишенбей коймок беле, молдокелер чогулуп 1500 бирдик салышат. Бирок МАИмин деп тааныштырган Асылбек "бул акча жетпейт, дагы акча сал" деп 800 бирдикти талап кылат. Улам эле акча талап кылып жаткан МАИден шектенген молдокелер курулуш материалдарын жөнөтө турган тарап менен кабарлашса ал күнү эч ким эч жакка чыкпаганын, баары айттап жүргөнүн айтышат. Көрсө, аларды да милицияданбыз деген шылуундар алдап акчасын шыпырып алган экен.
Компанияларды бетке кармашат...
Кээ бирөөнө телефон чалып, сиздин номуруңуз уюлдук телефон компаниясынан бактылуу номурду утуп, телевизор же муздаткыч, компьютер, ноутбук утуп алдыңыз деп сүйүнчүлөшөт. Эгер сиз ушул номерге 200 бирдик салсаңыз экинчи оюнга катыша аласыз дешет. Буюм утуп алдым деп сүйүнгөн ишенчээктер алар сураган бирдикти улам сала беришет, акыры чыккан сумма 2000-3000 сом болуп кеткенде эстерине келип, алданганын билип отуруп калышат. Эгерде ушундай компания лотерея ойнотуп жатат деп бирөө жарым телефон чалса, сөзсүз оператор менен кабарлашып, анын чын-бышыгын текшерип коюу керек. Негизи айрым адамдын аялуу жерин билип алган шылуундар ага телефон чалып, шантаж кылып же алдап акча талап кылгандар миңдеп саналат. Атайын иликтөөлөргө таянсак, булардын көпчүлүгү кармалбайт. Кээси темир тордо жасаган кылмышы үчүн мөөнөтүн өтөп отургандар болуп чыгат. Анүстүнө бизде уюлдук телефондун номурлары көчөдө эле эч кандай каттоосу жок сатылгандыктан, бир-эки жолу сүйлөшүп, акча өндүрүп алгандан кийин сим-картасын ыргытып жиберишет. Эгер башка өлкөлөрдөй болуп сим-картаны да паспорттун негизинде каттап алсак, мындай шылуундар азаят беле.
Назира КУЛМАТОВА