presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Кул жейм дейт куйрукту...
Жаңы өкмөттөн кимдерди көргүбүз келет?

Баарыбыз эле күзгө бирдеме пландап жатабыз, той-тороподон тарта оппозициянын митингдери, өкмөттүн алмашуусуна чейин. Ушулардын ичинен өкмөттүн алмашуусу боюнча атуул катары өз ой-пикирибизди ортого салып көрсөк. Белгилей кетчү нерсе, күз келээри менен эле өкмөт башчы алмаша койбойт. Анткени алдыда ШОС саммити, Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпиндин келиши, Президенттин эл аралык сапарлары алдыда турат. Ушулардын баары өтүп, кыш келип, отун-суу убагында камдалбай, декабрда адатыбызча жарык өчүп жүдөткөндө анан жайды жайлата "кышында жарык өчпөйт!" деп кайра-кайра убада берген Жантөрө Сатыбалдиевди эстеп, "кетсин!" деп чыгат эмеспизби.
?Өкмөт башчысы. Азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев колунан келишинче иштеп жатат. Жаман дей албайбыз бирок жакшы дешке да болбойт. Кептин баары мындан 20 жыл мурда Акаев мамлекеттик системаны кандай иштөөгө көндүрүп кетсе ошол эле жол менен келатканыбыздан, өкмөт башындагылардын жакшы же жаман иштеп жатканын билбей жатканыбызда. Бийлик, чиновник канча алмашканы менен башкарууда системалык өзгөрүү, жаңылык же алга жылуу такыр байкалбайт. Ошон үчүн Сатыбалдиевди "сабай" бергенден эч нерсе өзгөрбөйт. Болбосо азыркы өкмөт кудайга шүгүр, бир кезде Бакиев өкмөт башчы кезинде айтып жүргөндөй шопурумдан башкага сөзүм өтпөйт дегендей эмес го. Колдогу функцияларды болушунча колдонуп, көндүмдөн тыш нерселерди да жасап, жок дегенде бир тармакта өзгөрүү болсо көрөт элек го. Тилекке каршы андай нерсе байкалбайт.
Эми күзүндө өкмөт башчысы алмашып калса, ордуна кимдер келүүгө татыктуу деген суроого жооп издеп көрөлү. Бийликте турган "Ата мекен" партиясынан Карганбек Самаков же оппозициядагы "Ата журттан" Акматбек Келдибеков келсе кандай болоор эле? Булардын жакшы-жаман жагын жакындары билээр, болгону эгер ушулар келсе өзгөрүү болор беле деген биздин ой гана. А чындап келсе жашы 45тен ашпаган, билими азыркы капиталисттик доорго туура келген, чоң компанияларда өзүн көрсөтө алган, Кыргызстанга окшогон чакан өлкөнү кантип саздан сууруп кетүүнүн жолдорун таба алган, бир дагы партияда жок бирок өлкө үчүн күйгөн адам келсе андан да жакшы болмок. Тилекке каршы азыркы "динозаврлар" бул кадамга бара алышпайт го.
?Вице-премьер министрлер. Жоомарт Оторбаев, Тайырбек Сарпашев, Токон Мамытов жана Камила Талиева бардык министрликтердин, агенттик, департаменттерди жалпысынан координация кылышканы менен булардын ишинин эффективдүүлүгү көрүнбөйт. Ушунча "кароолчунун" кереги бар беле? Андыктан бул төртөөнүн экөөнү эле калтырса жетмек.
Кийин алмаша турган өкмөттө жогорудагы төртөөнү ким алмаштырбасын, баарыбир андан эч нерсе өзгөрбөсүнө көз жетип турат. Ошондуктан башка бирөөлөр келсе деп атын атоонун да кажети жок.
?Башкы прокуратура. Акыркы кезде күздө кетчүлөрдүн көч башында Аида Салянова болору көп айтыла баштады. Чындап эле азыркы эки чоң иштин - Нариман Түлеев менен "ата журтчулардын" сот иштери аяктаса Аида айымдын башка мекемеге орун которуу ыктымалдыгы күчтүү. Анын ордуна келет дегендерден төмөнкү ысымдар атала баштады: Алмамбет Шыкмаматов, Мыктыбек Абдылдаев жана Галина Скрипкина. Булардын бирөөнө да кусаматыбыз жок, бирок мындай орун алмашуудан бир нерсе өзгөрөрүнө көз жетпейт. Ошондуктан биздин оюбузча Аида Салянованы ордунда эле калтырышса дурус болмок.
?Ички иштер министрлиги. Министрликтердин ичинен ызы-чуусу да көп, жетекчилери канчалык көп алмашса да ордуна оңдуу бирөө келбеген алсыз мекемеге айланып баратканын көрүп турабыз. Абдылда Суранчиевди деле бу министрликтин ишин алга жылдырсын дебей эле "кароолчу" катары койгондой таасир калтырат. ИИМдин жетекчилигине өз кишибизди алып келебиз же мен министр болом деген топтор да, адамдар да ушу тапта жетиштүү. Ошолордун арасынан биздин оюбузча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Мелис Турганбаев министр болуп келсе абал биртоп өзгөрмөк. М.Турганбаевдин Акаев, Бакиевдин убагында кандай иштегендиги, кандай чоң кылмыштардын бетин ачкандыгын саноонун зарылдыгы жок. Азыркы учурдагы Бишкектин ичинде жасап жаткан иштерин көрүп жатабыз. Милициянын элге жакын болгону, профилактика иштеринен өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук азайганы, качан, кандай гана укук бузуулар болбосун милициянын тез реакция жасаганы - булардын бардыгы жетекчинин ишти кандай жолго койгонун кабар берип турат. Милицияны реформа жасоо жөнүндө да көп айтылып келет. Реформа жасоо да анын колунан келмек.
?Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК). Өлкөнүн коопсуздугун, бүтүндүгүн сактоочу бул орган да жетекчиге жарыбай койду. Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин дооруна саякаттабай эле коелу, "үч тамганын" апрель окуясынан кийинки абалын баяндайлы. Кесиби милиционер Кеңешбек Дүйшөбаев УКМК төрагасы болгон күндөн тартып "тележылдызга" айланып, бирде экс-ханзаада Максим Бакиевди Англияда кармап, аны экстрадация кыларын айтып мактанса, бирде баланча террористти кармадык деп өпкөсүн каккандан бөлөккө жарабады. Кеңешбек мырза профессионал чекист болгондо 2010-жылдагы июнь коогалаңынын алдын алууга аракет жасамак. Тилекке каршы андай болбоду.
Атайын кызматтын башчылыгына Бейшенбай Жунусов дайындалганы бу тармакта кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн жышааны байкалды. "Жаз алды менен Кыргызстанда революция болот экен" деген кооптонууларды иликтеп, "революция" жасагысы келгендер менен жолугуп сүйлөшүп, аларды ордуна коюуга Жунусов опол тоодой эмгек өтөгөнүн дасыккан адистер билишет. Ал эми учурдагы төрага Бусурманкул Таабалдиевдин кандай иштегенине Бакиевдин заманында күбө болгонбуз. Андыктан анын УКМКны оңдоп жиберет дегенге ишениш кыйын. Ошондонбу, кээ бир ММК Таабалдиев жакынкы аралыкта кызматтан айдаларын жазышууда. Анын ордун ээлейт делген талапкерлердин арасында вице-премьер Токон Мамытовдун ысымы аталып жатат. Бирок орундар эле алмаша бергенден сумма өзгөрбөй турганын билип деле калдык го.
?Билим берүү жана илим министрлиги. Үч жылдан бери аталган министрликтин алмашкыс кожоюнуна айланган Канат Садыков "өгүз өлбө, араба сынба" ыргагында иштеп келет. Билим берүү тармагында көзгө көрүнөрлүк жылыш байкалбайт, баягы эле көйгөйлөрдүн сакталганы сакталган: окуу китептеринин жетишсиздиги, ЖОЖдордун көрсөткүчтөрүнүн начардыгы, мектеп окуучуларынын билим деңгээлинин төмөндөшү ж.б. Ушундан улам Канат Жалилович министрлик постто турганда бул тармак оңолбосуна көзүбүз жетти. Демек, Билим берүү министрлигине жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, тажрыйбасы мол, арабаны сүйрөп кете ала турган кадр керек. Биздин оюбузча мындай кадр КМЮАнын (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы) ректору Канатбек Керезбеков. 2005-жылы академиянын башына келген Керезбеков 2010-жылы экинчи ирет дайындалып, сегиз жылдын аралыгында КМЮАны өлкөдөгү алдыңкы окуу жайдын катарына кошту. Мамлекеттен сокур тыйын албай, тескерисинче мамлекетке салык төгүп, студенттерге татыктуу билим берүү үчүн академиянын техникалык базасын чындап, мыкты адистерди тартып, эл аралык донорлор менен кызматташууда ректордун салымы зордугун кесиптештери айтышат. Мындан улам, ушул жигитке ишеним артып, аталган министрликтин "эки тизгин, бир чылбырын" колуна карматсак кантет, ыя? Же чоттоп жүргөн талапкерлериң барбы, замандаш?
?Акыйкатчы институту. Өзү койгон "бомбага" өзү "жарылып" тынган Турсунбек Акундун ордуна көз кызарткандардын карааны арбын. Башкы Акыйкатчы болмокчумун деп талапкерлигин койгон адамдардын саны азырынча алты. Алар айтылуу Нурлан Мотуев, Р.Касымалиев, бейөкмөтчү Рита Карасартова, "ата мекенчи" вице-спикер Асия Сасыкбаева, Ч.Койчуманова жана Д.Нажмидинов. Ысымы аталгандардын арасынан Рита айым өзүнүн калыстыгы, адам укуктары жаатында түшүнүгү кеңдиги менен айырмаланып тургансыйт. Акыйкатчы институтун жалаң мырзалар: Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун жетектеп, адам укуктарын коргогондун ордуна экөө "абысындай" айтышып, көп убактыларын коротуп алышкансыды. Турсунбай Бакир уулу "Акыйкатчы институту бизнестин чордонуна айланды" деп Турсунбек Акунду күнөөлөсө, анысы да тим жатпай "Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институтун сакалчан, дамбалчандарга толтуруп коюптур" деп сындаганы бар. Эгер депутаттар жапырт колдосо, Р.Карасартованын бул тармактагы бизнестин тамырын кыркып, сакалчан, дамбалчандарды эмес чыныгы адистерди тартып, Акыйкатчы институтун жетектегенге күчү жетер беле?

Бетти даярдагандар Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Анара СААДАТОВА










??.??