presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Артык кылабыз деп…
Мэрлик мыйзам кимге каршы жазылган?

Акыркы эки жылдан бери "Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндөгү" мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратып келет. "Аталган мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев Ош мэри Мелисбек Мырзакматовду ээрден оодарып түшүү максатында атайын жасап жатат" деп айыптап чыгышкан эле. Өзгөчө "ата журтчу" Курмантай Абдиев баштаган биртоп депутаттар Мырзакматовго жан тартымыш этип жатып, эки сунуш киргизишкен. Булардын сунушунан кийин мыйзам долбоору парламент элегинен өтүп, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Эгер президент эки "ата журтчунун" сунушунун негизинде кабыл алынган мыйзам долбооруна кол койсо эмне болот? Анда Мелис Мырзакматов мэрликке талапкерлигин кое албай калышы ыктымал.
Сөздү көп созо бербей Курмантай мырза жана башка депутаттар киргизген эки сунуштун төркүнүнө токтололу. Биринчи сунуш боюнча Ош жана Бишкек шаарына мэр болом деген адамдын мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик компанияда 10 жылдык жетекчилик стажы болушу абзел. Биз Мелисбек Жоошбаевичтин өзүнүн өмүр баяны тууралуу Жогорку Кеңешке жолдогон катына көз жүгүртөлү. 44 жаштагы М.Мырзакматовдун кесиби экономист. Эмгек жолун 1996-жылы Ош шаарындагы мамлекеттик салык инспекциясында катардагы инспекторлуктан баштаган. Салык тармагында бир жылдай эмгектенип, кийинчерээк жыгач бизнесине өтүптүр. 1997-1999-жылдар аралыгында "Коопснаб" компаниясынын директор орунбасары, 2004-2007-жылдары "Элдик демилге" аталыштагы кайрымдуулук фондун жетектеген. 2007-жылы "Ак жол" партиясынын туусунун астында депутаттык мандат тагынганын билебиз. Ал эми 2009-жылдан бери Ош мэринин милдетин аткарып келатат. Мыйзамга ылайык депутаттык мамлекеттик кызматка киргени менен, жетекчилик кызмат болуп эсептелбейт. "Коопснабдагы" директор орунбасарлыгы да жогорудагы талапка жооп бербейт. Натыйжада "Элдик демилгедеги" үч жылдык ишмердүүлүгү жана экинчи борбордогу төрт жылдык "хандыгын" кошо эсептегенде жети жылдык эмгек стажы келип чыгат. Бул М.Мырзакматовдун "мамлекеттик, муниципалдык же жеке ишканаларда он жылдык жетекчилик стажы болуш керек" деген талапты канааттандырбасын айгинелейт эмеспи.
Экинчи сунушта "Ош жана Бишкек шаарына мэр болчу адам эл алдында кыргыз тилинде эркин сүйлөп, кыргыз тилинде сабаттуу жаза билиши керек" деген талап коюлган. Бул норманы Мелисбек мырза кандай аткарарын айта албайбыз. Эл алдында булбулдай сайраганы менен сабаттуу жаза билүүдөн камчы салдырбашы мүмкүн. Макул, Мелисбек Жоошбаевич бул талапты аткарсын дейли, ал эми он жылдык жетекчилик стажы болбогон соң мэрликке талапкерлигин кое албай калбайбы? Андай болсо К.Абдиев коомчулук астында Мырзакматовдун таламын талашкандай түр жаратып, көшөгө артында ага "ор" казганбы деген суроо жаралары шексиз. Суроонун жандырмагын чечкенге аракет кылалы.
Курмантай Абдиевич менен бул өзгөртүүлөрдү киргизген башка "ата журтчу" депутаттар акыркы кезде партиялашы Акматбек Келдибековдун командасында жүрүшөт. А бүгүнкү күндө өлкөнүн түштүгүндөгү лидерликти талашуу Акматбек мырза менен Мелисбек мырзанын ортосунда жүргөнү элита чөйрөсүнө дайын. "Мындан улам, Абдиев Келдибековдун келечегин ойлоп, Мырзакматовду мыйзамдуу түрдө "тээп" түшүүнү көздөшкөнбү" дегендей жоромол тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Албетте мунун чындыгы канчалык экенин билбейбиз. Бирок жогорудагы эки сунуш мыйзам долбооруна жөнжай кошула калбаганы аштан бышык...
Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев "Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндөгү" мыйзам долбооруна президент кол коюу астында турганын жарыялады. Мунусуна караганда, президенттин мыйзам долбооруна кол коюу ниети бардай. Анда эле ордолуу Оштогу мэрди шайлоо кызуу жүрүп, ири жаңжал менен коштолбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анүстүнө Ош шаардык кеңешинде көпчүлүктү Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы түзөт. Бул партиянын өкүлдөрү жолбашчысын колунан келишинче колдоору шексиз. Биз сөз кылып жаткан мыйзамга таяп туруп, Мырзакматовду "чаап" салган күндө дагы башка талапкерди өткөрбөй, бийликтин шаштысын кетириши толук мүмкүн. Бул кимге пайдалуу: Мырзакматовгобу же аны ээрден оодарып түшүп, көздөй кишисин отургузууну пландаган бийликкеби же андан бөлөк күчтөргөбү?
Кыстырма: Надира айымдын уулу Мээримбек Нурдиновдун автокырсыктан кайтыш болгондугуна байланыштуу көңүл айтабыз. Эненин жүрөгүндөй баарына түткөн, чыдаган жүрөк болбойт. Кайрат кылыңыз, Надира айым.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Убада кана, урматтуу ажо?
Барактыктар өзбектерге да, кыргыздарга да кор болуп жатышат
Өзбекстандын чек ара тилкесинде жайланышкан Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак эксклавында 268 кожолук, дээрлик 1628 киши жашайт. Мурда маалымдаганыбыздай, жергиликтүү калк адатынча мал чарбачылыгы менен жансактайт жана ага улай "ак алтын" дагы өндүрөт.


- Бизге, барактыктарга, береги Ак-Таш чек ара бекети аркылуу каттоо абдан жеңилге турар эле. Анткени райондун борбору Кара-Суу шаарына жетүү үчүн үч чакырым гана жол басчубуз. Тилекке каршы, Өзбекстан аталган бекетти быйылкы жылдын башынан бери жапкандан тарта 600 чакырым айланып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу жумасына бир ирет эптеп каттап жатабыз. Мындай кордукка чыдабаган жердештеримдин көпчүлүгү катаал тартипке дегеле көнбөй, алар Ош шаарына жана башка жактарга үй-жайын, мал-жанын бирөөлөргө таштап баса беришти, - дейт Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак эксклавынын башчысы Бурканбек Ашыров.
- Ошол себептүү бул көйгөйлөр-дүн тегерегинде быйыл биртоп барактыктар Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге атайын жолукканбыз. Президент бизге жолукканда үстөккө-босток убадаларды берген эле. Тилекке каршы алардын бирин дагы аткарган жок, - дейт телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө Барак эксклавынын тургуну Диларам Мурзаева. - Ушул тапта Баракта 25-30 чакты эле үй-бүлө калып, эксклавда калган мал-жанга баш-көз болуп отурабыз. Өзбекстан чек арачылары Ак-Таш чек ара бекети аркылуу үч-төрт кило гана азык-түлүк алып өткөнгө араң көнүштү. Мен учурда капысынан белимди кокустатып алып акыркы үч күндөн бери үйдө төшөктө жатам. Доктурга көрүнөйүн десем Баракта медпункт бар, бирок адистер жок. Ал жерде иштеп жатышкан орто медициналык кызматкерлердин бардыгы биздин шартыбызга чыдабай кетип калышты.
Айылдашынын кебин Барак эксклавынын дагы бир тургуну Иминжан Эргешов да ырастады.
- Бишкекте барактыктар менен атайын учурашуу убагында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бизге тиешелүү маселелерди чекесинен чечкенге катуу убада берген. Бирок убаданын ишке ашканын көрө элекпиз. Дагы деле Кызыл-Кыя аркылуу кыйналып-кысталып каттап келатабыз. Минтип жыйым-терим да башталды. Быйыл айылдаштарым коркуп пахтаны таптакыр экпей коюшту. А буудайларыбыз ушул тапта абдан жакшы өндү. Ошентсе дагы түшүмүбүздү сыртка (Кыргызстанга) чыгарып сатуу жагы бизди эмитен эле абдан ойлондуруп жаткан чагы. Баса, өкмөт узак мөөнөттүү ссуда жагынан байма-бай каралашса, анда Кара-Суу тараптан бөлүнгөн аймактарга биротоло көчүп, катарынан жаңы үйлөрдү куруп, там-ташыбызды кыш түшкүчө дээрлик бүтүрүп алат элек. Тилекке каршы бизге жер тилкелерин эч ким көчүп барбаган Сары-Колот аймагынан бөлүп берип атышат. Биз ал жакка көчпөйбүз. Анткени кымындай шарты жок. А Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнөн барактыктардын турак жай куруусуна он гектар суулуу жер ажыратуу боюнча өкмөттүн атайын токтому жарыяланганына карабастан бул маселе эмдигиче чечиле элек. Сөздүн кыскасы, барактыктарды жогорку бийликтегилер дагыле мышык-чычкан ойнотуп жатышат, - деп чырылдады Иминжан Эргешов.
- Акыбал ушул тейде уланып, бийлик барактыктарга далысын салып унчукпаса, анда биз эски журтубузду таптакыр кароосуз таштап баш оогон жактарга биротоло көчүп кетебиз, - дейт Барак эксклавынын дагы бир тургуну Аттокур Төрөкулов. - Анткени сабырыбыз биротоло түгөнүп бүттү. Деги чыдаган пенде бизчелик болоттур. Буга кошумчалай кетерим, бизге бөлүнгөн Кара-Суу районундагы Беш-Үй участогунун генпланы эбак түзүлгөн. Тилекке каршы, жаңы конуштун инфраструктурасына эле 75 миллион 500 миң сом абадай зарыл. Мындан тышкары барактыктардын ар бирине жеке турак жай куруу үчүн кеминде 500 миң сомдон узак мөөнөттүү ссуда өкмөт тарабынан токтоосуз берилиши шарт. Ансыз тамыбызды кыска аралыкта тикелей албайбыз.
Өкмөт башчысынын орунбасары Токон Мамытов Барак эксклавынын тегерегинде биртоп олуттуу проблемалар бар экендигин моюндады.
- Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр 21-27-мартта эле токтогон. Бирок ушул тапта биз кайрадан эки тараптуу диалогду мындан ары улантуунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандандырабыз. Албетте чек ара маселеси дүйнөлүк практикада жеңил эмес. Сөзсүз эки тараптуу сүйлөшүүлөр абдан оор мүнөздө жүрөт. Анда Барак эксклавынын тургундарынын Ак-Таш чек ара бекетинен тоскоолдуксуз өтүү маселесин дагы кабыргасынан коебуз. Биз жергиликтүү элге кайрылсак, барактыктар өздөрү көчпөйбүз деп жатышат. Андыктан Баракты Өзбекстан менен алмашуу жөнүндө дегеле азырынча сөз жок. Ал эми негизги кичи ата журтунан жаңы жайга көчкөндөргө компенсация төлөө маселеси райондук жана облустук деңгээлде жергиликтүү бийликтер тарабынан кечеңдетилбестен чечилүүгө тийиш, - дейт премьер-министрдин коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча орунбасары Токон Мамытов "Жаңы Агым" гезитине.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Кара-Суу району,
сүрөттөр автордуку










??.??