presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ташиев, Түлеев менен эле жашап калдыкпы?
Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген берененин негизинде айыпталып жаткан "Ата журт" партиясынын тыңчыкмалары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыкенин жансакчыларына байланышкан сот отуруму экинчи ирет жылдырылды. Буга адвокаттардын келбей калышы, иш менен таанышуу үчүн кошумча убакыт сураганы түрткү болгону менен, көшөгө артында бийлик менен соодалашуу, процессти атайылап создуктуруу аракети көрүлүп жатканы айтылууда. Дагы бир чуулгандуу окуянын башкы каарманы, экс-мэр Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү мамлекеттик айыптоочу тарабынан айтылды.


23- июлдагы сот отурумунда адатынча Жогорку соттун имаратын милиция кызматкерлери курчап турушту. Ал эми процесске катышуу үчүн Талант Мамытов, Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов, жансакчы Бекзат Исаевдин адвокаты Мира Токтомушева, коомдук жактоочу Акин Токталиев келишти. Ш.Токтосунов кирип келе жатып эле "мына бул милиционерлер, чоочун кишилер эмнеге отурушат? Булар кантип кирип кетишти? Сен кимсиң, каяктан келдиң?" деп залда отурган эки-үч кишини суракка алганга үлгүрдү. Айрымдары журналистмин дешсе, көпчүлүгү унчукпай кутулушту.
Сот отурумуна төрагалык кылган Жакып Абдрахманов К.Ташиев, Т.Мамытовдун адвокаттарынын неге келбей калганын сураганда, Шарабидин мырза мунун себебин башка сот процессинин ушул күнгө белгиленип калганы менен түшүндүрдү. Аны коштогон Талант мырза адвокаттар иш менен кенен-кесир таанышуу үчүн убакыт керектигин, бул маселени шашылыш карабай, сотторду адилет чечим чыгарууга чакырды. "Соттор саясый буйруктарды аткарбай, мыйзамдуу иш алып баргыла. Соттун ишти карап, объективдүү баа беришинен шектенип жатам. Адвокаттарга дагы иш менен таанышып чыгыш үчүн убакыт бериш керек. Урматтуу соттор, мыйзам чегинде иштегиле. Адилет, акыйкаттуулугуңарды көрсөткүлө. Биздин адвокаттар келбей калса, силер мамлекеттик адвокаттарды беребиз деп жатасыңар. Алар Башпрокуратуранын даярдаган адвокаттары. Ушул процесске убагы келгенде саясый баа берилет. Менин адвокатым 35 күн сураса, силер бир жума коюп жатасыңар. Сот процессин алып барып жатканыңар менен өзүңөрдүн деңгээлиңерди көрсөтүп жатасыңар" деп ичкүптүсүн айтып алды.
Ж.Абдрахманов мындай дооматтарды дароо четке какты. "Адвокаттардын бүгүн башка сот процессине катышарын неге 16-июлда айткан жоксуңар?" деген судья эгер жактоочулар катышпаса, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдап берерин билдирди. Ага айыпталуучулар жана алардын жактоочулары каршы чыгышты. Т.Мамытовдун өтүнүчү, адвокаттардын келбей калганын эске алган Жогорку соттун коллегиясы эмки соттук отурумду 6-августка белгиледи.
Ташиев Жогорку соттон акталып, өкмөт башчысы болобу?
Адвокаттардын сот процессине келбей койгонунан улам түрдүү версиялар жаралды. Биринчи версияга ылайык, соттолуучу депутаттар ишти атайылап создуктуруп жатышат. Алар эптеп сентябрга чейин жетип, күзүндө жактоочуларынын сүрү менен акталып чыгуу планын түзүшүптүр. Бул божомолго негиз бардай. Анткени өкүм окула элек жатып "ата журтчулардын" таламдаштары сотторго кысым көрсөтө башташты. Маселен, Жалал-Абад облусунун Барпы айылындагы аксакалдар сотунун төрагасы Камбар Тургунбаев "Вечерний Бишкек" сайтына курган маегинде эгер Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, эл өкүлдөрүн эркинен ажыратып салса, жолдорду тосуу сыяктуу акцияларды уюштурушарын шардана кылды. Ошондой эле бул тууралуу тийиштүү органдарга кабарлашканын кошумчалады.
Экинчи версияда "ата журтчулар" бийлик менен тымызын соодалашуу жүргүзүп жатканы айтылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы билинмейинче, адвокаттар атайылап процесске келбей жүрө беришет экен. Эгер соодалашуу ийгиликтүү аяктаса, анда бардыгы тең акталып, Камчыбек Ташиев күзүндө өкмөт башчылыгына барышы ыктымалдыгын да уктук.
Үчүнчү версия боюнча Жогорку соттун коллегиясы 6-августта айыпталуучуларга мамлекет тарабынан адвокат жалдап берип ишти улантат. Бир-эки отурумдан кийин депутаттарды жана жансакчыларды темир торго отургузуу чечимине токтолот дешет.
Булардын бардыгы божомолдор болгондуктан, кандай өкүм угулары бир кудайга, анан сот акелерге гана белгилүү. Кандай болгон күндө да соттор мыйзам чегинен чыкпай, адилет чечим чыгарышы абзел. Анткени күздөгү саясый кырдаал, өлкөнүн тагдыры ушул өкүмдөн көбүрөөк көзкаранды болчудай.
200 автобустун "куну"
Бишкек шаарын жетектеп турган кезинде Кытайдан 200 автобус сатып алууда мамлекет казынасына 1,4 млн. долларлык зыян келтирген деп айыпталып жаткан Нариман Түлеевдин тагдыры бүгүн чечилиши мүмкүн. Себеби мамлекеттик айыптоочу аны 15 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялап, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин дагы үч жыл мамлекеттик жетекчилик кызматтарга жакын жолотпоо чечимин чыгарууну соттон өтүндү. Аны менен катар айыпталып жаткан мэриянын мурдагы беш кызматкерине 9-15 жылдан эркинен ажыратууну суранды. Бирок экс-мэр өзүнө тагылган айыптар далилсиз экенин айтып келет.

Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e-mail: kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45, сүрөттөр интернеттен алынды




"Ата журттун" үч депутаты (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) жана К.Ташиевдин жансакчыларына байланышкан Жогорку соттогу отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу 6-августка белгиленди. Сот процессинин улам жылдырылышы саясый соодалашуу жүрүп жатканынан кабар бербейби же ишти создуктуруу максаты катылып жатабы?

Курманбек ОСМОНОВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Саясый соодалашуу же бөлөк нерселер болуп жатканын ким билсин. Бул коомчулуктун көңүлүн бурган чуулгандуу окуя болгондуктан Жогорку соттун коллегиясы ишти тыкыр иликтеп, адилет чечим чыгарууга аракет кылып жаткандыр. Ошон үчүн адвокаттардын иш менен кенен таанышуу өтүнүчүн канааттандырса керек. Жогорку соттогу процесс биринчи, экинчи инстанциядагыдай эмес, ишти анализдеп, тараптардын оюн уккан соң өкүмүн окуп кое берет. Андыктан дагы бир-эки жолу адвокаттардын ою менен болуп, андан кийин отурумду үзгүлтүксүз улантса керек.

Назарали АРИПОВ, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
- Бир жагынан саясый соодалашуу жүрүп жатышы ыктымал. Себеби бийлик каматып жиберейин десе дагы чоң балээни башыма үйүп аламбы деп коркуп жаткандай туюлат.

Бегалы НАРГОЗУЕВ,
коомдук ишмер:
- Мен билгенден саясый соодалашуу жок. Анткени Ак үйдүн тосмосун талкалап өтүп бийликти басып алган Алмазбек Атамбаев, Ак үйдүн тосмосун ашып өтүп, бирок бийликти басып алалбаган Камчыбек Ташиевди каматып, өзүн жактаган бир ууч трайбалист-регионалисттердин кычуусун кандырсам дегенде эки көзү төрт. 17-июнь күнү Бишкек шаардык соту Ташиевди жана күнөөсүз эле отурушкан Садыр Жапаров, Талант Мамытов менен жансакчыларды актап жибергенде Атамбаев аябай катуу шок болгонун укканбыз. "Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт" деген сыяктуу, азыр атамбаевчилер Жогорку соттогу чөнтөк соттору аркылуу ташиевчилер боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууга жанталашып жатышат. Ал эми ташиевчилер Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын өкүмүн күчүндө калтыргысы келет. Мына ошондуктан азыр мышык-чычкан оюну ойнолуп, убакыт созулуп жатат...

Рахат СУЛАЙМАНОВ,
эркин журналист:
- Бизде баары болушу мүмкүн, андай-мындай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Саясый соодалашуу ар дайым болуп келген, болуп жатат жана боло бермекчи. Азыркы абал мамлекеттин алсыздыгын көрсөтүүдө. Ушу кантип болсун? Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Бирок күнөөлүү адамдарды камай салса эле митинг-пикет, жол тосуу, жадагалса милицияларды уруп-согууга барып жатабыз. Аларды карап отуруп, бизде бийлик, мыйзам деген нерселер барбы деп ойлойсуң. Айтор "уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылган" заманда жашап жатабыз.









??.??