26.07.13 Эр жигит эл четинде...
Аксыда чек араны бузуп кирген куралчандарды тоскондорго сыйлык берилеби же...
Расмий маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өлкөбүздүн үч чек арачысы кыргыз аймагына мыйзамсыз басып киришкен Өзбекстандын эки чек арачысын байкап калышкан. Алардын Кыргызстандын аймагынан токтоосуз түрдө чыгып кетүүсүн катуу талап этишип, бирок ортодо жаңжал чыгып кетип, өзбек чек арачылары биринчи болуп курал колдонгон.


Натыйжада өзбек тараптын бир чек арачысы атыш болгон жерде каза болуп, экинчиси алган жараатынан улам Наманган облусунун ооруканасында бул дүйнө менен коштошту. Учурда бул аймакта аскер прокурору, шаар башчысы жана атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Чек ара башчысы да ошол жерде.
Бирок бул маалыматты Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги башында "23-июль күнү таңында Р.Толипов жана Т.Жураев курамында болгон өзбек чек ара кезмети Өзбекстандын Наманган облусунун Янгикурган районунун территориясына 300 метрдей кирип кеткен куралдуу чек ара бузуучуларга кабылышкан. Алар кыргыз чек арачылары болгон жана атышуу учурунда Р.Толипов каза болуп, Т.Жураев оор жаракат алды" деп кабарлаган. Ошол эле учурда өзбек тарап кыргыз чек арачылары мас абалында өзбек чек арачысын атып салды деп да маалымат таратып ийди.
24-июлда вице-премьер-министр Токон Мамытов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында болгон атышууда кыргызстандык чек арачылар алкоголдук ичимдик, баңгизат колдонбогонун билдирди. Жаңжалдан соң чек арачылар Шамалды-Сайдагы ооруканадан медициналык кароодон өткөрүлүп, дарыгерлер алардын эч кандай баңгизат, алкоголдук ичимдик пайдаланбаганын тастыктаган.
Бул маселе боюнча КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдикарим Алимбаев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин аймактык "Восток" башкармалыгынын жетекчиси подполковник Ойбек Косимов менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар чек арада болгон жаңжал боюнча өз версияларын айтып, бул маселени эки тараптын аскер прокуратурасы иликтеши жөнүндө чечим кабыл алышты. Муну менен бирге полковник А.Алимбаев өзбекстандык чек арачылар кыргыз чек арачыларына карата биринчилерден болуп курал колдонушканын баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз тарап өзбекстандык тарапты жаңжалды иликтөө аяктаганга чейин далилсиз айыптоолорду айтуудан карманууга чакырды.
Албетте, бул маселе эки өлкөнүн достугуна шек келтирбеш керек. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун. Бирок чек ара боюнча мыйзамдар так сакталууга тийиш. Учурда коомчулукту "Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу кандай чечилер экен? Уурусу күчтүү болуп ээсин доого жыгып койбойбу?" деген суроолор түйшөлтүп турат.
Негизи бизди мектепте "кийин чек арада туруп калсаңар атаңар же апаңар чек араны бузуп кирип каршылык көрсөтсө атып салганга милдеттүүсүңөр" деп окутту эле. Бул жерде өзбек чек арачысы Кыргызстандын чек арасын бузуп кирген. Менимче, аны аткан кыргыз чек арачысына Ата журттун чегин абийир менен коргогону үчүн мамлекеттик сыйлык берилиш керек. Же биздин өтүмсүз бийлик мекенди коргогон уулубузду коңшулардын колуна салып берер бекен?





Тынч күндөгү "кандуу согуш" күнүнө
үч адамды алып кетүүдө
23-июлда күндүзгү саат төрттөн өткөндө Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичиавтобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам каза таап, 4 адам ооруканада көз жумду. Калганы Караколдогу облустук ооруканада жатат. Алардын ичинен бирөөнүн абалы да оор экени айтылууда. Учурда кырсыктын келип чыгыш себептери такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жараат алгандардын ичинде 5 жаштагы кыз бар. Каза болгондордун жарымы аял, жарымы эркек, унаанын айдоочусу Асанов Жаныбек кырсык болгон жерде жан берген. Жол кырсыгында каза тапкандардын улуусу 61, кичүүсү 16 жашта болгон. Кырсыкка учурагандардын бирөөнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүз районундагы автокырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык Президенттин резервдик фондунан каражат бөлүндү.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Жети-Өгүз районундагы Кытай айылынын жанында болуп өткөн жол кырсыгына байланыштуу тиешелүү органдардан комиссия түзүүнү буюрду. Ал комиссия 10 күндүн ичинде облустагы бардык жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын ишине текшерүү жүргүзүп, айдоочулардын автоунааларынын техникалык абалын карап чыгат. Ошондой эле айдоочулардын бардык тиешелүү документтерин иликтеп чыгууга укук коргоо органдарына тапшырма берди. Каптагаевдин айтымында, жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы жок айдоочуларды аныктап, аларды жүргүнчүлөрдү ташуу милдетинен ажыратуу керек. Эмилбек мырза да каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилээрин убада кылды. Анын айтымында, берилчү жардамдын өлчөмү учурда такталууда.
Алдын ала божомолдор боюнча кырсыкка кичиавтобустун айдоочусу жогорку ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы себеп болушу мүмкүн. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кечигип болсо да "жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы жок айдоочуларды аныктап, аларды жүргүнчүлөрдү ташуу милдетинен ажыратуу керек" деп шымаланганы туура. Бирок эмнеге мындай иш-аракеттер буга чейин болгон эмес? Туристтик сезон башталганга чейин эле жок дегенде ошол Көл аймагында эл ташыган автоунаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, лицензиясы текшерилиш керек эле да. 14 кишинин башын жуткан эл ташуучу унаанын сүрөтүнөн эле техникалык жактан эскирип, шалдырап калганы көрүнүп турат. Аны ошол жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын ээси же жергиликтүү МАИ кызматкерлери эмнеге көрмөксөн болгон? Албетте бул жергиликтүү бийликтин балта-чотун ырастап, дааратканадан баштап жол коопсуздугуна чейин көңүл бурбаганынын, туристтик сезонго олуттуу даярданбаганынын кесепети. Бул окуя ансыз да начарлап турган Көлдүн сезонун андан да начарлатары турган иш.
Маалыматка таянсак, акыркы 6 ай аралыгында республика боюнча 3017 жол кырсыгы катталып, 453 адам каза тапкан. Бишкек - Ысык-Көл каттамында 1-июндан 22-июлга чейин 93 жол кырсыгынан 25 киши көз жумган. Ал эми былтыр күнүнө үч адам автокырсыктан каза болуп турган. Албетте, бул абалыбызды тынч күндөгү "кандуу согуш" деп атасак болот.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, сүрөттөр интернеттен алынды