26.07.13 Суу кечкен сунуш
Кыргыз чыныгы кыргыз болгондо гана коом оңолобу?
Же Бажы союзунун оң жана терс жактары кандай?
"Прогрессивдүү демилгелер" фонду 19-июлда мамлекеттик тарых музейинде биринчи коомдук форумун өткөрүп, алдыңкы көз караштагы жаш, тажрыйбалуу адистердин тобунан турган топтор иштеп чыккан мамлекеттин кантип өнүгүшү тууралуу үч багыттагы сунуш-документтин бетачарын өткөрдү. Мында коомдогу терс көрүнүштөр багыты боюнча, мамлекет менен жеке ишкерлер ортосундагы кызматташтык жана учурда коомчулукту кызыктырып жаткан Бажы союзуна кирүүнүн оң жана терс жактары саналып берилген.

Өйдө тартса өкмөт, ылдый тартса эл кыйналат
Алмазбек МУКАРАПОВ,
эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университетинин аспиранты:
"Бажы биримдигине кирсек да, кирбесек да экономикалык кыйынчылыктар болот"
- Кыргызстандын Бажы союзуна киришинин оң жана терс жагына кыскача токтоло кетсеңиз? Бажы союзуна киргенде жөнөкөй тил менен айтканда биздин айыл чарба товарларына талап болобу?
- Биздин айыл чарба продукциябыз экологиялык таза дегенибиз менен ал стандартизация жана сертификациядан такталган эмес. Себеби эл аралык деңгээлде биздин лабораторияларыбыз жок. Андыктан биздин айыл чарба кызматкерлери өндүргөн продукция документтер менен тастыкталбаган соң Кыргызстандын аймагынан ары чыкканда атаандаштыкка жарамсыз болуп калып жатпайбы. Ал продукция анүстүнө бажы төлөмдөрү аркылуу дагы кымбат болуп калса, мисалы, Казакстанга барганда кардарлар албай калышат.
Импорттун 49 пайызы Бажы биримдигинен келет. Ал эми ошол импорттун ичинен 47 пайызы минералдык продукция. Тактап айтканда, күйүүчү, майлоочу май жана отун. 21 пайыз айыл чарба продукциясы жана 5 пайыз токой, курулушка керектөөлөр да сырттан келет. Эгер биз Бажы союзуна кирбесек, анда жогоруда айтылган Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген 49 пайыз импорттун баасы азыркыдан көтөрүлөт.
- Бирок ошол эле учурда жарым миллионго жакын эл кытай товарлары менен жан багып жатпайбы. Кыскасы, биз Бажы союзуна кирсек да, кирбесек да утулат экенбиз да?
- Бизде эки гана жол бар. Экөөндө тең экономикалык кыйынчылыктар болот. Бирок кирбей койгондун кыйынчылыктарына караганда киргендин кыйынчылыктары жеңилирээк болуп жатпайбы. Бул оюндун эрежесин биз жазган жокпуз, ошол себептен биз жеңилдиктерди сурашыбыз керек. Бериши мүмкүн, анткени Казакстанга берилген. Азыр эл эмнеге түшүнбөй жатат? Анткени бизге экономикалык жана стратегиялык маанилүү продукциялар Бажы биримдиги түзүлгөндөн баштап эле жеңилдетилген түрдө келип жатат. Мисалы, нефть. Эгер башынан эле бардык төлөмдөр кошулганда эл Бажы союзуна эрте эле кирели деп митингге чыгышмак.
Реэкспортто эле отура бербей (голландия оорусу деп коет) өндүрүштү кайра иштетүүнү которушубуз керек да. Бирдеме болсо эле жеңил өнөр жайы деп калабыз, бирок анын базасы жана сырьесу жок. Бизде текстиль жок. Кытайда импорттун 86 пайызы текстиль. Реэкспорт токтобойт, ал азайышы мүмкүн.
- Жогоруда айткандарыңызды Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары дейли, дагы кандай оң тарабы бар?
- Эмгек мигранттарына болгон чектөөлөр алынат. Эгер азыр мигранттардан биздин өлкөгө 2,5 млрд.АКШ доллары келип жатса, ал көрсөткүч дагы көбөйөт. Жумушка орношуу процедуралары жөнөкөйлөшөт. Эмгек мигранттар орто квалификациялуу болушса, чектөөлөр алынгандан кийин жогору квалификациялуу адистер кетиши мүмкүн.
Биздин баалардын көтөрүлүшү ортомчулар үчүн болуп жатат. Мисалы, жөнөкөй эле картошканы алып саткан адамдар ошол картошканы өстүргөн фермерден да көп акча кошуп жатат. Мындай көрүнүштөр Бажы биримдигине киргенде да болот. Кыскасы, ортомчу алып сатарлар дагы деле күнүн көрө берет. Бажы биримдиги бул тарифтерди гана келишим боюнча жөнгө салуу болуп саналат. Ошол себептен биз фискалдык саясатыбызды өзүбүзгө ылайык кылып жөнгө салышыбыз керек.
Өкмөт биздин бажыга жылдан жылга тапшырмасын көбөйтөт. Алар эмнегедир дың дебей эле аткарып келе жатышат. Бул ал жакта чоң коррупция жана көп операция көмүскөдө калып жатканын айтат. Бажы биримдигине киргенде казынага түшүп жаткан бажы төлөмдөрү азайышы мүмкүн жана ал электрондук каттоо аркылуу компенсацияланат, б.а. көмүскө операциялар ачыкка чыгат.





Айнура ТУРДАЛИЕВА, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кызматкери, илимдин кандидаты:
"Ички инвестицияларды пайдаланыш керек"
- Мамлекет менен жеке ишкерлер ортосундагы кызматташтык багыты боюнча концепциянын негизги өзөгүнө кыскача токтоло кетсеңиз?
- "Прогрессивдүү демилгелер" фонду тарабынан уюштурулган краудсорсинг-платформанын негизинде иштелип чыккан "Мамлекет жана жеке сектордун өнөктөштүгүнүн концепциясынын" негизги өзөгүн, мамлекет жана жеке ишкерлердин коомдук кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында мамлекет жана жеке ишкерлердин каражаттарын колдонуу менен узак мөөнөттүү иш алып баруусу б.а. өнөктөштүгү түзөт. Мисалы, транспорт тармагынын иштешин калыпка келтирүү жана жакшыртуу үчүн автомобилдик жолдордун реконструкциясы жаңыланышы же жаңы жолдордун салынышы зарыл. Мындай инвестицияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттен көп каражат талап кылынат жана жалгыз мамлекет тарабынан гана ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай чоң долбоорлорго жеке ишкерлер түшкөн пайданын бир бөлүгүн өзүнө алууга мүмкүнчүлүк түзүп, инвестицияларды ишке ашырууга жардамчы болсо неге болбойт?
Дагы бир мисал, саламаттык сактоо тармагында ооруканаларда тамактануу, ооруга тиешелүү керектүү анализдерди кабыл алуу, оорукананын тазалыгы сыяктуу иштерди жүргүзүү үчүн жеке ишкерлерди тартсак ооруканаларда бул кызматтардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Кыргызстан шартында аталган өнөктөштүк энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, агрардык сектордун инфраструктурасында ж.б. тармактарда колдонулса анын мамлекет, жеке ишкер жана калк үчүн көп пайдалуу жактары бар. Мисалы, мамлекет өзүнүн жана атамекендик жеке ишкерлердин ресурстарын мындай тармактарга тартуу жана колдонуу менен чектелген мамлекеттик бюджет шартында коомго керектүү кызматтардын сапатын жогорулатат, жеке ишкердин ишмердүүлүгү үчүн жаңы рынок жана жаңы киреше булагы пайда болот, калк үчүн жаңы иш орундары табылат. Ошондуктан аталган өнөктөштүк азыркы экономикалык шарттарда коом үчүн керектүү механизм болуп саналат.
- Мамлекет менен жеке ишкер кайсы мыйзамдардын негизинде кызматташа алат?
- Мындай өнөктөштүк үчүн биринчиден, укуктук-нормативдик базанын жана анын ичинде иштөө механизми болушу зарыл. Азыркы учурда анын негизи калыптанып жатат, тиешелүү кодекс ж.б. өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Себеби мындай өнөктөштүк мамлекет жана жеке ишкер тарабынан түзүлгөн мыйзамдуу келишим негизинде ишке ашат. Куруу, убактылуу колдонуу, оңдоо же тейлөө максатында түзүлгөн келишим кызматташтыктын бардык тарабын камтышы керек. Экинчиден, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай долбоордун ишке ашуусун жөнгө салуу максатында өз алдынча же тиешелүү министрликтин алдында атайын борбор уюштурулушу зарыл. Мындай борбор мамлекеттин да, мамлекет менен кызматташууну каалаган жеке ишкерлердин аракеттерин жөнгө салат. Экономиканын белгиленген тармактарда долбоорлорун түзөт. Долбоорго катышууну каалаган жана натыйжалуу иштей алган жеке ишкерлер арасында тандоо жүргүзөт жана долбоордун аткарылышын көзөмөлдөйт. Үчүнчүдөн, мамлекет жана жеке ишкерлер тарабынан мындай өнөктөштүктү ишке ашыруучу каалоонун болушу зарыл шарт болуп эсептелинет.
- Мисалы, кайсы бир ишкер мамлекет каржылай албай калган маданий үйлөрдү (кинотеатр, китепкана ж.б. у. с.) алып пайда табуучу ресторан, кафелерге айлантып ийсе эмне болот?
- Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес, себеби мамлекет жана жеке ишкерлердин өнөктөштүгү бул багытта 2012-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык инфраструктуралык долбоорлорду (жолдорду оңдоо, чакан ГЭСтерди куруу, шаардык транспорт, канализация объектилерин оңдоо же куруу ж.б.у.с.) ишке ашырууда гана колдонулат. Мындай долбоорлорду ишке ашырууда көп тарап катышкандыктан (мамлекет жана жеке ишкер) алардын ишмердүүлүгү түзүлгөн келишим аркылуу жөнгө салынат. Мындай келишимде мамлекеттин жана жеке ишкердин милдеттери, жоопкерчилиги так аныкталат. Эки тараптын бири милдетин аткарбаса, ал иш сот тарабынан каралат. Демек, көрүнүп тургандай, мамлекеттин жана жеке ишкерлердин өнөктөштүгү татаал процесс болуп саналат. Бул механизмди колдонуу үчүн өлкөбүздө жакшы негиз түзүлсө, ал өз жемишин берет.
Чыныгы кыргыздар гана коомдогу терс көрүнүштөрдү жое алат
Ал эми коомдогу терс көрүнүштөр жана аларды жоюу боюнча сунуштарда азыр коомдо болуп жаткан негативдүү көрүнүштөрдүн ар бири саналып, алардан арылуу үчүн эч кандай башка окуулар эмес улуттук баалуулуктарга, маданиятка, тилге, дилге таянуу керек экени баса белгиленген. Анын ичинен эне тилге, "Манас" эпосу баштаган улуттук улуу өнөрүбүзгө өзгөчө маани бериш керек экени айтылган. Жаш муундарга эзелтен келаткан улуттук тарбияны, тактап айтканда кыргыз деген ыпылас иштерге барбаган, бирин-бири тарбиялап, улууларга урмат, кичүүгө ызат кылышып, башка улуттарга сый мамиле жасап, одоно иш жасагандарды уялткан калк болгонун сиңирүү керек экени белгиленген. Ырасында эле кыргыз эли байыркы замандарда эч кандай түрмө, мыйзамдары жок туруп эле бийик нрава, керемет маданият менен абийирдүү жашап келгени белгилүү.

Зайырбек АЖЫМАТОВ