presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Күзүндө аксакалдарды он пайыз менен алдайбыз
Ушул жумада пенсияны көбөйтүү үчүн бюджеттен 1 миллиард сомго жакын акча каралды. Учурда анын көбөйтүүнүн тартиби иштелип жатат. Бул кабыл алынып, өкмөт башчы бекиткен соң пенсиянын көлөмү 10 пайызга көтөрүлмөкчү. Тактап айтканда, буга чейин эки миң сом пенсия алсаңыз, эми 200 сом кошулат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эң аз өлчөмдөгү пенсия 2 миң сомдун тегерегинде. Өлкөдө 23 миңге жакын адам төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат.


Кыргыз-тажик аскерлери машыгып бүттү
Кечээ Кыргызстандын Коргоо министрлигинин түштүк-батыш аймактык бөлүмүнүн командачылыгы менен Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерий машыгуусу аяктады. Ага кыргыз тараптан Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу, миномет бөлүгү, абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учмалары жана башка аскердик бөлүктүн жоокерлери, Тажикстан тараптан десанттык-чабуул коюучу аскер бөлүгү катышты. Машыгуу Баткендеги №01525 аскер бөлүгүнүн машыгуу жайында өттү.

Казактар малы менен кошо айдап кеткен малчылар кутула элек
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин суранычы менен Казакстандан коңшу өлкөнүн чек арасын бузду деп 11-июлдан бери кармалып турган 8 жарандын экөө бошотулду. Учурда 6 жаран Казакстанда кармалып турат. Мындан улам Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу кармалгандардын ишин мыйзам чегинде тергөөнү жана аларды бошотууну өтүнүп Казакстанга нота тапшырды.11-июлда Ысык-Көлдүн Түп районунун Корумду айылынын 8 тургунун Казакстан "чек араны бузду" деген айып менен айдаган малы менен кошо кармап кеткен. Кармалгандар мал кайтарган чабандар болгон.

Кыргызстанда жер семирткич чыгарса болот экен
Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кытайдын мамлекеттик ССТЕК ишканасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ага ылайык Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана ишке киришет. Келишим боюнча завод жылына 310 миң тонна жер семирткич чыгарат. Мындан сырткары заводдун синтетикалык газ, дизелдик отун жана бензин кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул маселе келерки аптада өкмөттө каралат. Завод кайсы жерге кандай курулары, мөөнөтү ошондо чечилет. Эгер ишкана иштей баштаса, Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жер семирткичтерге болгон талабы толугу менен камсыздалары айтылууда.

Мал короодогу камералар
Багып пайдасын көрөрдө малын ууруларга алдырып көңүлдөрү сууган Нарын облусунун тургундары мал короолоруна видеокамера орното башташты. Бул видеокамеранын баасы болгону 4500 сом. Аны аяп бодо малдан ажырагандан көрө жогорудагы ыкманы колдонуп ууруну колго түшүрүп, жазасын берүү кандай жагымдуу. Адамдан амал качып кутулбайт дейт. Мындай ыкмага да жеңил акча таап көнгөндөр бир амал таппаса эле болгону.

Түшүм жыйнаганга күйүүчү май жетет экен
Быйыл дан эгиндерин жыйноого 42,9 миң тонна күйүүчү май керектелет деп белгиленген. Учурда өлкөдө 25,2 миң тонна май бар. Бул көрсөткүч керек болгон көлөмдүн 58,7%ын түзөт. Бул тууралуу 25-июлда маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди. Айтымында, күйүүчү май Чүй, Талас облустарында арзан, анын бир литри бул облустарда 39,5-38,5 сомду түзөт. Ал эми ушул эле майдын баасы Баткенде литрине 43,1 сом. Министрдин айтымында, бизде бар болгон күйүүчү май түшүмдү үзгүлтүксүз жыйноого жетет.

Мунчу деп шектелгендер муунчудай эмес
Учурда Жогорку сотто мун сектасынын идеясын жайылтат делип тыюу салынган "Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн" уюмунун арызы каралууда. Буга чейин бул уюмду Свердлов райондук жана Бишкек шаардык соту өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет деп таап, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган. Мындай арыз менен сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайрылган. Бирок уюм өкүлдөрү кайрымдуулук менен алектенерин, мун сектасын жайылтууга тиешеси жоктугун билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко доо арыз жолдошкон.

Мамаке быйыл буудайды 13 сомдон сатып алат
Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл дыйкандардан буудайды 13 сомдон сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри айтты. Анын айтымында, быйыл Материалдык резерв фонду 20 миң тонна буудай, "Агропродкорпорация" 5000 тонна, "Кара-Балта" спирт заводу төмөнкү сапаттагы 25 миң тонна буудай сатып алат. Дыйкандардын ыңгайлуулугу үчүн Материалдык резерв фонду каражатты банктардын бирине которуп, дыйкандар акысыз эсеп ачуу менен акчаларын ошол жерден ала турган болууда.

Эрлер көп аймактарда мэрлерди шайлоо түйшүк жаратууда
Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо 12-августта өтөт. Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Эске салсак, Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 17-июлга дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо болгон эмес. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Эрлер көп аймактарда мэрлерди шайлоо түйшүк жаратууда
Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо 12-августта өтөт. Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Эске салсак, Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 17-июлга дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо болгон эмес. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Бишкекте Индиянын маданият борбору ачылат
Маданият маалымат жана туризм министри Султан Раев Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигинин консулу Бхаргав Митра менен жолугушуп, эки тараптуу туризмди жана маданиятты көтөрүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бхаргав Митра биздин министрге биргелешип иштешүүнү өнүктүрүүнү жана индия элинин маданий борборун Бишкек шаарына ачуу идеясын айтты. Султан Раев болсо Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик транспорт жана архитектура университетинин имаратына бул борборду ачууну сунуштады. Фильмдерде биз суктанып жүргөн индия элинин маданияты менен таанышкыбыз келсе, биз бул борборго барарыбыз анык болуп калды.

Физиктери менен математиктери азайган муун келди
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кайсы адистиктер боюнча гранттык орундарга тапшыргандардын саны толбой жатканын айтты. Анын айтымында, учурда физика-математика адистиктерине, курулуш, транспорт, тоо кен өнөр жайына орундар толбой жатат. "Биз бул адистиктерге көп орундарды бергенбиз, анткени алар биздин приоритеттер. Документ тапшырган абитуриенттер бар, бирок предметтик тесттен өтпөй калып жатышат. Предметтик тесттерге баллды төмөндөтүү тууралуу сунуштар бар" деп белгилеген министр. Ал үчүнчү турга миңден ашык гранттык орун калганын маалымдады, демек абитуриенттердин дагы документ тапшырууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргыздардын дүйнөлүк бизнес форуму өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 29-30-август күндөрү Стамбулда Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият коому" тарабынан уюштурулган, кыргызстандыктардын дүйнөлүк экинчи бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Kyrgyz Club бирикмесинен билдиришти. Эске салсак, 2012-жылдын август айында Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият коому" тарабынан уюштурулган "Келгиле, таанышабыз" урааны менен кыргызстандыктардын дүйнөлүк биринчи бизнес форуму өткөн. Аталган форумга Улуу Британиядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Орусиядан, АКШдан, Украинадан, Түркиядан 100дөн ашык ишкерлер катышкан. 3 континентти бириктирген катышуучулардын жигердүүлүгү, активдүү ой бөлүшүүлөр жана сунушталган идеялар ийгиликтин көрсөткүчү болуп калды. Форумдун негизги максаты - дүйнө жүзүндөгү кыргызстандык ишкерлерди бири-бири менен тааныштырып, тажрыйбаларды алмашуу жана алардын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүү.

Бензиндин жытына ууланып бир адам каза болду
Кадамжай районундагы Орозбеков айылынын тургуну, бензовоздун айдоочусу Ш.Азимбеков 24-июлда май куюучу жайдагы цистерналар көмүлгөн жертөлөсүнө кире калам деп бензиндин жытына ууланып каза болгон. Аны алып чыгабыз деп эки май куюучу да бензиндин жытына ууланып эстерин жоготушкан. Аларды жергиликтүү тургундар алып чыгышып, райондук ооруканага жеткиришкен. Каза болгон Шабдан Азимбеков КамАЗ май ташуучу унаасынын айдоочусу, Кара-Суу районунун Талдык айылынын тургуну болсо, жабырлануучулар Акматаалы Исаков, Акматаалы уулу Эгемкул Алай районунун тургундары болгон. Өлүм, ажал ар кимдин бешенесине ар кандайча жазылат экен. Бензиндин жытына ууланып каза болгон Шабдан Азимбеков мындай өлүмгө учурарын эч качан элестетпегендир.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??