presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
KYRGYZSPORT
Тебет эле экен десе, атат дагы турбайбы
Перунун борбору болгон Лима шаарында 9 миллиметрлик куралдардан ок атуу боюнча "Кубок Pantera Arms" аттуу эл аралык турнир болуп өттү. Ал жерде эркектер менен кошо теңтайлаша биздин мушкер кызыбыз Антонина Шевченко да жүргөн. Бир убакта карасак эле уюштуруучулар эң мыкты мерген деп биздин сулуубузду табышты. Жалаң эркектерди шалпыйта койгон бул сулуу CZ-75 (Shadow) тапанчасы менен кинодогудай атышаарын биз эле эмес перулуктар да билчү эмес экен. Көрсө Антонина менен Валентина Шевченколор бош убактысында бөтөлкөлөрдүн башын ыргыта атып эс алышат тура.

Ксения Казакстанда
22-июлда чоң теннис боюнча казак президентинин кубогу старт алды. Жекелик түрдө негизги сеткада биздин биринчи ракеткабыз Ксения Палкина Улуу Британиядан келген Лиза Вайборн менен кечке кармашып, 3 сетте араң жеңүүчүнү аныкташты. Жалпы жыйынтык 2:1 (7-5, 3-6, 6-1) болуп, Ксюша чарчап калганы байкалды. Анткени жуптук беттеште грузин кызы София Шапатова менен өнөктөш болуп тайланддык сулуулар Луксика Кумхум менен Тамарин Танасугарнга 2-6, 3-6 эсебинде утулуп калышты. Бир болсо Ксюша жекелик жагынан жеңишинин санын көбөйтүүнү туура көрдү окшойт.

Келечек жылдыздары
Монголиянын Улан-Баторунда 25-июлдан баштап күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алат. Биздин өлкөнүн кадеттер курама командасы июлдун башынан бери бул турнирге баруу үчүн Чолпон-Атада катуу даярдык көрүштү. Ошентип өлкө намысын континент биринчилигинде төмөнкү жаш спортчулар коргомой болушту:
Улукбек Жолдошбеков (1996-ж.т., 54 кг), Нарбек Изабеков (1996-ж.т., 69 кг), Бексултан Султаналиев (1997-ж.т., 85 кг). Бул жигиттерге машыктыруучу болуп Нурлат Тахиров аттанды. Кыздардын күрөшүнө да бизден жакшы команда жөнөп кетти: Динура Сулайманова (1997-ж.т., 40 кг), Келдибек кызы Тамара (1996-ж.т., 43 кг) жана Кундуз Кушубаковага (1996-ж.т., 56 кг). Бахтияр Юсупов баш-көз болуп барат.

Ошто болот чоң футбол
Кыргызстандын 16 жашка чейинки курама командасы АФКнын биринчилиги үчүн болгон турнирдин группалык бөлүгүн өз мекенинде өткөрмөй болду. Бизге конокко Катар, Бангладеш жана Оман өлкөлөрүнүн жаш футболчулары келишет. Сентябрь айында болчу бул турнир Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы стадионунда болот:

"F" тобу:
1-тур. 25-сентябрь, шаршемби.
12:00 - Катар - Бангладеш
16:30 - Оман - Кыргызстан
2-тур. 27-сентябрь, жума
12:00 - Бангладеш - Оман
16:30 - Кыргызстан - Катар
3- тур. 29-сентябрь, жекшемби
12:00 - Оман - Катар
16:30 - Бангладеш - Кыргызстан










??.??