presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Гөркөө
Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

Айылдан күн сайын таң эртең районго аттанган автобустун ичи жыкжыйма жүргүнчү. Бири базарга, бири ишке, бири майрамга, дагы бири жөн эле шаарга түшүп келгенге жөнөп алышкан. Тоо таянган айылга каттаган автобустун шопурлары ар дайым наалыганы наалыган. Анткени автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн жол кире акысына пул бергени аз. Көбү бир ууч кургак өрүк, же биртике буудай, алма, сүт, айран ушуга окшогон тамак-ашын көтөрө чыгып, жол акынын ордуна шопурларга сунушат. Айрыкча жүргүнчүлөрдүн улгайгандары. Мындайда шопурлар эмне кыларын билбей сөгүнүп, кагынып, баклажкаларга куюлган айран, сүттөрдү, полиэтилен пакеттердеги өрүк, алмаларды алып өзү отурган жерге, бутунун алдына катар тизип коет. Бензиндин жыты урган бул тамак-аштар үйгө келгенче жегенге жарабай да калат. Ушундан улам бу райондон тоону көздөй жол алган айылга, пулу жок тоолуктарга каттагандан кайсы шопур болсо да качып турат.
Бүгүн азаттык майрам күнү да автобус толо эл районду көздөй жол алды. Булардын арасында өзгөчө жасанган, жаңы кийимдери өзүнө куп жарашкан, жашы өтүп калган эркек кишинин көңүлү өтө куунак эле. Ал жанында отурган келин менен бакылдашып сүйлөшүп келатты.
- Бир жакшылап майрамдап келейин деп баратам, кызым, пул болсо жетет. Ал костюмунун төш чөнтөгүн колу менен таптап койду. - Бирөө-жарым достордон жолугуп калса Кожентке чейин барам, өлүп да кетсин бу дүйнө, бир күн болсо да көргөндү айт.
Жанындагы келин атасындай болгон кишинин сөздөрүнө муюгандай, үнсүз башын ийкегилеп коюп келатты.
- Сен, кызым, чамамда, айылга анда-санда келесиң, көбүн билбейсиң, элде азыр өлүм көбөйдү, оору-сыркоо көбөйдү, кээси оорубай-этпей эле өлүп калышууда. Өткөндө Камчы чалды көмгөнү баргандардын арасынан бирөө ошол жай башында, топурак салып жаткан жерден жан берди. Пенде кудайдын колунда экен… - Бу кишинин сөзү бүтпөй кокус үзүлүп кетти. "Тарс" деген үн чыкты да, автобус катуу тормоз берип, сүрдүгүп токтоду. Ичиндеги адамдар чайпалып, көбү терезеге, кармагычтарга урунуп, бала-чака ыйлап, катын-калач ызылдап жиберди. Көрсө, асфальт жолдо катуу келаткан мотоцикл жүргүнчүлөр бараткан автобуска урунуп алыптыр. Жолду кан жая берди. Автобустан биринчилерден болуп жанагы жасанган эркек киши атып түштү. Башынан жараат алган мотоциклчен жигит дем албай калыптыр. "Шоруң каткыр, Сейит тура, кечээ эле Орусиядан келди эле. Акча таап келди деп эне-атасы сүйүнүп жатты эле…" Жүргүнчүлөрдүн бирөө-жарымы аны тааный коюп ыйлап жиберди. Автобус андан ары жылбай, эл чуркурап, бала-чака бозоруп, азыр эле бир жанды мойсоп кеткен автобусту жаман көрүп, жөө-жалаңдап кайра айылды көздөй жол алышты. Заматта баарынын майрамы бүтүп калды. Улуулар болсо эптеп сөөктү айылга жеткирүү максатында жолдо өткөн машинелерге кол көтөрө башташты.
Баарынан да баягы жасанган кишиге түйшүк түштү. Ал айылдын көр казчусу - гөркөөсү эле. Эми тезинен балдарды чогултушу керек. Аларга баш-көз болуп карап туруп, жайды каздырышы керек. Бул ишти ал айылда бирөө-жарым каза болгонун угар замат айттырбай-дедирбей баштай берет. Ушунусу жакшы. Жашы өткөндө ушул ишти таап, уюштуруп алганына өзү да курсант. Анан эмне кылат, тогуз баласынан карыган чакта тогуз тыйын ала албаса, кемпири экөөнө да дан, суу керек. Гөркөө кызматын уюштургандан бери турмушу оңолуп калды. Көрсө, элге керек нерсе экен. Мурда өлүк көмүлөрдө айылдын карылуу жигиттерин чогултуп, анан аларга баш-көзчү таап, же алар көр казганды жакшы билбей, айтор, кыжалатчылык болор эле.
Гөркөө үйүнө келди да, жасанган кийимдерин заматта чечип салып, кетмен, күрөктөрүнүн жайында экенин текшерип көрдү да, колунда иштеген жигиттерди издеп жөнөдү. Жолдо баратып автобуста сүйлөгөн сөздөрүн эстеди, эмнеге антип сүйлөдүм экен деди, майрам күнү да өлүмдү неге эстеди экен. Өзү да өлүм дегенди унутуп, бир жазылып эс алып келейин дебеди беле…
Түшкө калбай айылдын батыш тарабындагы чоң мазарда дагы бир мүрзө казылып жатты.
- Эркек кишинин айын көп терең казбагыла, анын күнөөсү аз болот, ургаачы болсо терең казылат… Гөркөөнүн үнү кетмен-күрөктүн тарсылдагынын арасынан угулуп жатты.
Күндөштөр
Биздин кыштакта жакында Сулайманкул деген киши жүзгө таяп көз жумду. Анын сөөгүн эки аялынын мүрзөсүнүн ортосуна коюшту. Бул үчөөнү кыштак эли тиги дүйнөдө да бирге болушсун дедиби, ким билет.
Эки аял ала тургандай Сулайманкул суучу бай да, катынпоз да эмес эле. Ал көп жыл Азбүбү бакшы менен чогуу жашап, бала көрбөдү. Күзгү көрүп не бир сырларды жоруган көзү ачык катынынын этегинен жалгабай, кудай перзенттен куру калтырыптыр. "Бакшылык өнөр бергенче, жараткан бала берсе болбойбу" ичинен Сулайманкул ушинтип бушайманга батканы менен анысын эч кимге билдирбей жүрө берди.
Күндөрдүн биринде Азбүбү элүүгө таяп калган күйөөсүн акыры токол алууга көндүрдү. "Болбосо кетип калам, жашым өткөн чакта үкөмдүн үйүнө барып шорум кайнайт экен" деп ачуу ыйлап да жиберди. Эртеси өзү Коргон-Төбөгө барып, үч ата өткөн тууганбыз деп бала көтөргөн келинди үйгө ээрчитип келди. Көзү ачык Азбүбү кыштактагы кыз-келиндерден түзүгүрөөк кийинчү. Келиндин баш кийимин жасап, келиштире кийинтти да өзү үкөсүнүкүнө кетип калды. Эки күн өтпөй Азбүбүнүн артынан Сулайманкул эшегин минип жетип барды. Башына жаңы топу кийип алган. Аны да Азбүбү кийгизген. Ал аялын көрөр замат топусун колуна ала койду. Азбүбүнүн үкөсү жездесин капарына илбей, саламын алик албады.
- Эжем тура турсун эгин-тегин жыйылганча, балдар менен кыйналып жатабыз, - деди да тескери басып кетти.
Азбүбү башындагы оромолун оңдомуш этип, күйөөсүнө көз кыйыгын салды. Ансыз да кабагына муз тоңгон Сулайманкул эшегине такай байлап жүрчү кетменин бошото баштады. Азбүбү азыр кетмендин же өзүнө, же инисине тиерин сезип, ага чуркап жетти да колунан кармай калды.
- Сабыр этиңиз, суучум, мен азыр, - Азбүбү кетменди колунан жула качып ары басты. Анан үкөсүнүн жүзүнө карабай, күйөөсүн ээрчип кетип калды. "Мейли, балалуу болгончо тура турайын, кийин балдарына алаксып, мага да ичи суур". Эшегин баш-көзгө койгулап, кабак бүрккөн эрине Азбүбү бир чети ыраазы болду учкашып келе жатып.
Сулайманкул суучунун жаш токол алганы кыштакка тарап, журт "дуу" дей түштү. Бригат суу башына аты менен чаап жетти, кеч боло электе Сулайманкулга закүндү түшүндүрмөккө.
Бригаттын сөзүн эшитип туруп, Сулайманкул чоң кара кетменин арык четине ныгыра басты да, бешенесиндеги мончоктогон терин жеңи менен шыпырды. Анан бригатка тике карап:
- Эжең менен сүйлөш, үкөм, мен ошо шордуунун айтканын жасадым, макул десе эртеңден калбай алып келген немесин кайра жеткирип коем.
Бу сөзгө бригаттын күлкүсү келди. Суучуга ишене бербеди.
- Ава, өөдө жактан бирөө билип калса ишиңиз жаман болот. Азыр илгерки чалдардын заманы эмес, жаш аял алган.
Бригат аттан түшүп жакын келди. А Сулайманкул кетменин шак желкеге артып, дуңкулдап жөнөп калды.
- Үйгө барып билген намазыңды оку, эмне кылсаң ошо кыл.
Ачууга алдырган бригат Азбүбүгө келди.
- Адегенде аттан түш, балам, - Азбүбү эмнеси болсо да бригатты сөзгө тартты. Анын үнү жумшак, бирок өктөм чыкты.
Бригат эки күндөш жашаган үйгө ачуу менен шар кирип барды. Бала көтөргөн жаш келин муну көрүп, үйдү айлана басты.
Азбүбү сөрүгө жакандос төшөп, "өтө бер" дегендей бригатка ишарат жасады да, өзү сөрүнүн этек жагына көчүк басты.
- Балам, балдарыңды багам деп, ошолордун күнүн көрсөм деп аялың экөөң ушинтип тер төгүп иштеп жүрөсүңөр. Биз аваң экөөбүз эмне максат менен жашап жүрөбүз, аны өзүбүз да билбейбиз, ойлоно берип баш катты. Өзүмдү өзүм алаксытып, ата-бабам кылбаган бакшылыкты кылып жүрөм, - мандаш урунуп отурган Азбүбү бригатка тик карап сүйлөдү. - Аваңды бала көрсө дегемин. Бу шордуу да ыраматылык күйөөсүнөн калган баласы менен башпаанек жер издеп, туугандарынын түрткүсүндө калыптыр, - келин басып кеткен тарапты карап сүйлөдү. - Же эмчектеги бала менен иштей албаса, ата-эне, жакын туугандан кур болсо. Колундагы баланын айынан келип отурат. Согуш бүткөнүнө эми мына жети жылдын жүзү болду. Али элдин карды тое элек. Мындай жетим-жесирге кыйын маал, сен мага кайдагы закүндү айтып башты оорутуп отурасың, үкөм. Баласы эсен-аман чоңойсун, Сулайманкул суучуң да ушунун көлөкөсүндө бала көрсүн. Мен эмне жыргап кеткенимден ушул ишке бардымбы, айланайын. - Азбүбү жашып кетти. - Мен эми катын болмок белем аваңарга, доорум, шааним бүттү. Эми шорум да арылсын, эримдин башын байлабай, эртеби-кечпи кете турган адаммын… - Үнү каргылдана түшкөн Азбүбү маасысын кычырата басып, ордунан козголуп очок тарапка ыктады. Азбүбүнү аяп да, таң калып да карап калган жаш бригат ага ылайык көңүл жубатар сөз табалбай, баягы киргендеги ачуусун мыжыга кармап колундагы камчысынан чыгарды.
Арадан биртоп жыл өттү. Сулайманкул суучу эки эркек бала көрдү. Бирок Азбүбү өзү ойлогондой үйдөн кете албады. Балдардын төрөлүшү менен бу үч адам ого бетер ымалаша түшкөндөй болду. Азбүбүнүн жаш күндөшү балдарынын көп түйшүгүн ага көтөртүп койду. Ушунусу менен ал Азбүбүгө да, Сулайманкул суучуга да жакты. Алар узак жылдар кошуна-колоңду суктантып ынтымак өмүр сүрүштү. Бирок Азбүбү кемпир көз жумган соң, эми гана элүүгө таяган анын күнүлөшү аны ээрчигендей болуп, ал да каза тапты. Сулайманкулга да, балдарына да ааламга сыйгыс арман түштү.

(Чыгармалар
"Жаңы Ала-Тоо" журналынан алынды)











??.??