presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ажо жер саткычтарга жол ачып бердиби?
Президент Алмазбек Атамбаев "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамга кол койгону айрым ишкер-саясатчылар колдору кызарганча ушалап, самандай сапырылган акчанын астында калабыз деп ичтеринен кымылдап турушат. Себеби бир кезде буудай, жүгөрү, картошка сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз шылтоосу менен жүздөгөн гектар айдоо аянтын текейден арзан баада сатып алып, бирок аны төрт сотыхтан бөлүп пулдай албай эси ооп жүргөндөргө аталган мыйзам долбоору расмий жол ачат. Мындан улам, "Республика" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Бабанов "РИОМ-авто" базарынын тушундагы гектарлаган жерин, Үсөн Сыдыков, экс-министр Акылбек Жапаров жана "ата журтчу" Марат Султанов Көк-Жардын үстүндөгү айдоо аянттарын трансформациялап, анан пулдары шексиз. Бул ансыз деле 49 жаңы конуштагы чампалап салынган үйлөрдөн улам "чоң айыл" атка конгон Бишкегибизде дагы бир нече айылчалар жараларынан кабар берет.
Карапайым кишилер чарчы метр жерге зар болуп жүргөндө аткаминерлер, саясатчылар жүздөгөн гектар жерди соодалап, байыгандын кыныгын алышты. Башкаларына унчукпайт элек, арийне, бүгүнкү бийликтегилердин ичинен тазасы, беш убак намазын окуп такыба жүргөн үлкөндүн да "жер басмай" өнөрүн мыкты өздөштүрүп, "Манас" аэропорту тараптан айдоо аянтын менчиктештирип алганын угуп келмебиз оозубуздан түштү. Өзү эле эмес, өзү депутат кылган айымдардын бирине алты гектар жер "белек" кылганы айтылууда. Мунун баары президент "Жер участокторун которуу жөнүндөгү" мыйзамга кол коердун алдында болгонуна караганда, Ак үйү деле, Көк үйү деле жер тилкелерин сатып акчага марып, кийинки парламенттик шайлоонун камын көрүп жатышкандай.



"Ар-намысчылардын" кылыгын лидери билбейби?
Коюн-колтук алышып жүрүп далыдан бычак урмай кыргыз саясатчыларына мүнөздүү сапаттардын бири. Акаевдин убагында камалып, Бакиевдин тушунда "саясый банкротко" учураганына карабастан, апрель окуясынан кийин кадимкидей "тирилип" кеткен "ар-намысчы" Феликс Кулов оппозицияны поктоп, Атамбаевдин бийлигин коргогондой түр жаратып жүрү. Ошол эле учурда анын партиялаштары мамлекеттин бүтүндүгүнө, кошуна өлкөлөр менен мамилени солгундатуу аракетине өткөнү каңкууланууда. Маселен, өгүнү Таласта болгон чек ара чырында, тагыраагы, жергиликтүү тургундар тарабынан Казакстанга кеткен каналды бууган окуяга "Ар-намыстын" атынан жооптуу кызматта отурган чиновниктердин тиешеси бар дешет. Муну тийиштүү органдар иликтеп, мыйзам чегинде чара колдонбосо, арты жаман болот го…


Алтынбек "Бир бол" менен бирге болот
"Республика" партиясы акыры чачырап, төрагасы Өмүрбек Бабановдун коколой башы эле калчудай өңдөнөт. Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев сыяктуу "Республиканын" күрөө тамырлары өз алдынча бөлүнүп кетсе, эми көчтү Алтынбек Сулайманов уламакчы. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Алтыке Ош облусунан 70 миңден ашуун добуш жыйнабаганда, "Республика" ай-талаада калмак. Өмүрбек Токтогуловичтин "эшеги суудан өткөн соң" өзүмбилемдигин жасаганы "алтындай жигитке" жакпай калганбы же өзүнүн күчүн сынап көрөйүн дегениби, айтор, "Бир бол" аталыштагы партия түптөп, келерки ЖоКе жарышка камдана баштады. Узун кулактардын айтымында, учурдагы бийликтин "серый кардиналдарынын" бири саналган, Ак үйдөгү билерман "Бир болду" сүрөөнгө алганы жатыптыр. Ажонун оң колунун колдоосуна татыганына караганда Сулаймановдун чындап "ити чөп жегени" калды окшойт.


Жаныш Бакиевден 3000 доллар
Экс-депутат, эркин журналист Кабай Карабеков мурдагы ханзаада Максим Бакиев айрым журналисттерди каржылап жатканын шардана кылган болчу. Айтып оозду жыйгычакты качкын президенттин карачечекей иниси Жаныш Бакиев арабызда эле жүргөн кесиптештерибиздин бирине айына 3000 доллар төлөп, кээ бир оппоненттерин "бомбалатып" турарын эшиттик. Эмне эле кээде азыркы режимди кескин сындап, Бакиев заманын көкөлөтө мактаган макалалар жайнап чыгат десе, сырдын түйүнү ушунда жаткан го?


Кызмат "оорусу"
"Күзүндө эмне болор экен? Бийлик алмашат бекен?" деп саргайган күздү күткөндөр көп. Күздү утурлай аркы жээк, берки жээктеги фигуралар активдешип, тандемдешүүгө киришишти. Гезитибиздин өткөн санында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен "ата журтчу" Акматбек Келдибеков "баш кошууга" ниеттенгенин жазганбыз, аны Адахан Кимсанбаевич өзү ырастады. Ал эми "акыйкатчы" Аликбек Жекшенкулов "Ата журт", "Улуттар Биримдиги", "Чындык", "Акыйкат" сыяктуу партиялар ымалага келип, күзүндө бийликке бир катар талаптарды коерун жарыялады. Бирок "Улуттар Биримдиги" бул маалыматты төгүндөп, азырынча расмий сүйлөшүүлөр жүрө электигин кошумчалады.
Кээде бийликти мактай коюп, кээде сунуш-пикирлерин айта коюп жүргөн Аликбек Жекшенкуловичти кайсы "кара теке" сүздү десек, көрсө оппозиция тыңчыкмаларынын бири эгер бийлик алмашып кетсе, ага Тышкы иштер министрлигин ыйгарарын убада кылыптыр. Алты жылдан бери кызматсыз жүрүп буулугуп калган бейм, Алике дароо оппозиция терисин жамынып, Ак үй менен Көк үйдү "туздамайга" киришти.
Депутаттар Анталия, Балиде, Төрөбаев эгин чаап жүрөт
Жай чилдесинин мээ кайнаткан ысыгында Жогорку Кеңештеги депутаттардын алды Түркиянын Анталиясы, Бали сыяктуу аралдарда, арты Ысык-Көлдө, жайлоодо эс алып жүрүшсө, айрымдары күзгү күрөшкө камданышууда. Ал эми ЖоКедеги "Өнүгүү" кыймылынын лидери Бакыт Төрөбаев Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө карапайым дыйкандар менен жарыша эгин чаап жүрөт. Биз ал киши менен телефон аркылуу байланышып, башкаларчылап көл же деңиз боюна, болбой эле баратса жайлоого чыгып, чалкалап жатып эс албай, жашоонун ырахатын сезбей, талаада күнгө күйүп иштеп жатканынын себебин сурасак, баба дыйкандар менен жайды чогуу өткөрүү чечимине токтолгонун билдирди. "Бул жерде эч кандай саясат жок. Болгону мен бул эс алуу убактысын айыл жериндеги дыйкандар арасында өткөрөйүн деп чечкем. Күн аябай ысык болуп жатат, бирок эгинди өз убагында чаап алыш керек. Биздин техникалар карапайым дыйкандарга арзан баада кызмат көрсөтүүдө, жеке менчик комбайндар гектарын төрт миң сомдон чаап берет экен, биз үч миң сомго чаап берип жатабыз. Кудай буюрса, быйыл 350-400 гектар эгин чапканга үлгүрөбүз" дейт депутат Төрөбаев.


"Мейкин Азияны"
ким өткөрдү?
Өткөн жумада болуп өткөн "Мейкин Азия" эл аралык фестивалы жөнүндө түрдүү кеп-сөз айтылып жатат. Мурда-кийин фестиваль, конкурстарды өткөрүп, катышып жүргөндөрдүн айтымында, мындай чоң маданий иш-чараларга адатта Маданият министрлиги эле катышып, башка чоң чиновниктер акча бермек турсун басып да барышчу эмес. Президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан 500 миң сом бөлүп, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана башка өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин фестивалга катышканында атайын саясат бардай. Анүстүнө Россия Мамдумасынын депутаты А.Митрофанов атайын салам жолдоп, мындан сырткары океан ары жагындагы өлкөлөрдүн фестивалга катышуусуна Россия салым кошту деген маалыматтар айтылды. Анан калса мындай чоң иш-чара үч айдын ичинде эмес, бир жыл мурда пландалып, катыша турган өлкөлөргө чакыруулар эртелеп жөнөтүлөт эмеспи. Албетте, мындай эл аралык фестивалдын өткөнү жакшы дечи, бирок мурда чакырсаң да барбаган чиновниктердин бара калганы шек жаратат...
Иши кылып биздин чиновниктер эки учурда "явка обязательно" тартибин катуу сакташты. Биринчиси Батукаевди бошотууда болсо, экинчиси ушу фестивалда болду. Кокус мунун артында да Батукаев турган жокпу?..

Камила айымдын
"сигарет" шымы
Биздин чиновниктер акыркы кезде кай жерде кандай кийинүү керек экендигин билбей тургандыгын Ысык-Көлдөгү фестивалда көрдүк. Жантөрө Сатыбалдиев, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев фестиваль ачылган күнү спорттук күрмө шым менен чыгышса, вице-премьер делген Камила Талиева сыйлык тапшырууга "сигарет" шымчан чыкканы таңгалдырды. Дагы жакшы, бирөө шыбырадыбы же өздөрү билдиби, сыйлык тапшырууга Жантөрө, Эмилбек мырзалар костюм кийип чыкты. Ал эми Камила айымга шыбыраган киши чыкпаган окшойт.

"Жаңы Агы" - пресс









??.??