presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Мен көргөн
САЯН

Толук аты-жөнү: Исембаев Саят Тимирбулатович
Кичи мекени: Алматы шаары
Туулган күнү: 14-октябрь, 1975-жыл
Бою, салмагы: 178 см, 84 кг
Билими: А.Селезнев атындагы көркөм окуу жайынын бий бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы: бир уулу бар, келинчеги актриса

Кыргыз жаштары КМШ аймагында тартылган эки тасманы өзгөчө сүйүп көрүштү. Бири Сергей Безруков көркүнө чыгарган "Бригада" сериалы, экинчиси Саят Исембаевдин катышуусундагы "Рэкетир" тасмасы. Экөөнүн окшоштугу СССР тарап эми кримчөйрө жандана баштагандагы окуялардан баштап азыркы кезге чейинки жашоону чагылдырган. Ошол казактар тарткан атактуу "Рэкетир" тасмасы аркылуу таанылган Саят Исембаевди көпчүлүк Саян деп билишет. Анткени анын бир гана ушул тасмадагы ролу элге сиңип, ага чейин кыргыз тасмасында маңкурт Жоломанды ойногонун көбү билбейт дагы. Жакында биздин чыгармачыл топ жаңы тартылып жаткан тасмабызда роль жаратып бериңиз деп Саят Исембаевди Бишкекке чакырган элек. Саят мырза сценарийди окуп чыгып, биздин тасмага тартылууга макул болуп келген. Бир нече маалымат каражаттарына интервью берсе да, анын ачылып көп нерсени айтып бербегенин байкадым. Ошол себептен бир нече күн жанында жүргөн адам катары мен көргөн Саян жөнүндө айтып берүүнү туура көрдүм.

Бийчи экенин билишпейт
Көбү Саят Исембаевди кримавторитеттин образында көрүп жүрүп анын кесиби бийчи экенин укканда ишенишпейт. Анткени мындай чоң муштум адам эч болбоду дегенде бокс боюнча спорт чебери болуш керек эле. Көрсө, Саят агабыз жаш кезинде шоктонуп жүрүп окууга көп деле көңүл бурбаптыр. Анан союз кезинде окууга өтүү аябай оор нерсе эмес беле. Эптеп бир окуу жайына өтүп кетсем экен деп талапкерлер азыраак болгон хореография бөлүмүнө тапшырыптыр. Өзү жашаган аймакта жалгыз гана биздин каарманыбыз ошол жылы студент болгон экен. Андыктан бийчи болуу деле "айла жок, бирок ай лав ю" деген принцип менен ишке ашкан нерсе тура. Кээде үйдө жалгыз калганда күзгүгө карап бийлеп коймоюн да жашырган жок. Эл көп жерде өзүн олуттуу алып жүргөнү менен жалаң жакындары отурган кампанияда бийди эзип кое берет экен.

Таажысыз "черный"
КМШ аймагы үчүн Саят Исембаевдин аты Саят эмес - Саян. Анткени "Рэкетир" тасмасында спортто ийгилик жаратып, кийин крим дүйнөгө кирип кеткен белгилүү боксчу Саян Беккаримовдун образын жараткан бойдон Саян болуп калган. Биз деле ал Бишкекте жүргөндө Саян байке деп жаттык. Дал ушул Саян мырза союздун курамына кирген өлкөлөрдүн аймагында эң чоң авторитет адам. Бардык крим чөйрөнүн кыйындары менен дос. Атайылап эмес, арга жок дос болот. Себеби кайсы жакка барбасын каралар "оо, Саян братан келип калган турбайбы" деп аябай сыйлашып, эстеликке сүрөткө түшүп, "кандай проблема болбосун бизге кайрыл" деп узатышат. Каралар үчүн Исембаев актер эмес, өздөрүнүн катарындагы кримавторитеттей эле. Ушундай "чайга чакыруулардан" тажаган актер жигит көбүнчө капкара көз айнек тагынып, бетине медициналык маска тагынып көчөдө эч кимге көрүнбөй жүргөнгө аракет кылат. Каралар көрбөсө деле көчөдө көргөн карапайым көрүүчүлөр "сүрөткө түшүп алсак болобу?" деп чарчатышат.

Атасынын баласы
Саят мырзанын 11 жаштагы баласы бар. Азыртадан эле чоң спорттон ийгилик жаратып калган. Ошентсе да атасынын атактуулугуна аябай суктанат. Мектепте, көчөдө "бул Саяндын баласы" деп эч ким тийишпей, бөпөлөп сый мамиле кылып турушат экен. Баласы экөө кайда барбасын баары эле жылмаюу менен эки колдоп учурашып, кол тамга сурап, эстеликке сүрөткө түшүп жатышса, баласы "ата, мен да сиздей атактуу болгум келип жатат" дейт тура. Анда Саят мырза "атактуу болсоң спорт жагынан атыңды чыгарып, белгилүү спортчу бол" дейт. Анткени келинчеги да актриса болгондуктан, жалгыз эркесин бул кесипте көргүсү келбейт.

Кыргызстан жөнүндө
Саят Исембаев Бишкекте, Ысык-Көлдө көп болот. Ал касиеттүү көлүбүздө эс алганды жактырат. Бишкекте мурда өзүнүн бизнеси бар болчу. Кайра-кайра болгон революциялар, чоңдордун алмашуусу тыштан келген бизнесмендерге жага бербегендиктен, Саят мырза да бул жакта иш жасоону токтоткон. "Силерде саясый туруктуулук жок. Болбосо аябай жакшы иштерди жүргүзсө болот" дейт. Кыргызстанга качан келбесин достору, тааныштары кучак жайып тосуп алышат. Ошентсе да бир ирет келгенине нааразы болуп кеткен учуру болуптур. Буга чейин биз Саят Исембаев маңкурт Жоломандын ролун аткарган деп сыймыктанып жүрбөдүк беле, а актер ал ролун эстегиси келбейт. Анткени ал жылдары актер катары аны эч ким тааныбайт болчу. Кыргыз киносуна бир эпизодго тартыласың деп алып келишсе Бакыт Карагулов аны башкы ролго коюп салат. "Менден жакшы ойногон кыргыз бала турса да мага беришкенин жакшы түшүнө албадым" дейт. Анан кино тартуу башталганда аябай жүдөптүр. Курсак тойбойт, шамал, бир бөлмөдө 15 адам жатат. Керебетке жатсаң чуңкурайып бүкүр болуп жатасың. Жуунганга шарт жок, үшүп, ач калып келгенибизге арман кылып кеткенбиз дейт. Жадагалса кайсы кинолорго тартылгансыз деген журналисттердин суроосуна ошол тасманы айтпай жооп бергенге аракет кылат экен. "Буюрса азыркы тартылып жаткан тасманы сыймыктануу менен айтам. Анткени жаңы көз караш менен караган жаштар кыргыз-казак бир тууган калктарды жакындатуу максатында таасирлүү, заманбап тасма тартып жатканын мен чын дилим менен колдодум. Алла Таала колдосо, эки өлкөдө кино тармагы да бир туугандай жакындашат" деп ишенет.

Кыргыз кыздары
Саят байкебиздин байкашынча кыргыз кыздары сулуу экен. Бул баамдоо кошоматтануу үчүн эмес, мага факты менен келтирип далилдеп бергени менен тастыкталат. Мисалы, жолдон он кыз өтчү болсо, ошонун жетөө сөзсүз түрдө жылдыздуу болот деп ынандыра алды. Индияда индус кыздар сулуу дегенибиз менен ал кыздар жүз кыздын ичинен тандалып алынган жалгыз сулуу кыз болуп чыгат. Ошол себептен Индияны башкача элестетип баргандар көңүлү калып кайтышат дейт.

"Живой" анекдот
Бишкекти аралап жүрсөк бир сулуу кыз алыстан Саянды тиктеп, кайдан көрдүм эле деген сыяктуу көз караш менен теше карап, акыры чыгынып келип:
- Извините, вы случайно не Саян? - деди.
Саян байкебиз да жылмайып туруп:
- Саян, но не случайно, - деп тиги кызды күлдүрүп койду.
Негизи бул киши аябай жөнөкөй, тамашакөй, жылдыз оорусу менен оорубаган карапайым адам экен. Бир да ирет сүрөткө түшөм дегендерге баш тартпады. Өзгөчө кыздар сүрөткө түшсө, карап көрүңүз, сиз жаман түшүп калсаңыз, же көзүңүз жумулуп калса кайра түшүп коеюн деп тамашалап калат.
Көп учурда стол үстү үйүлгөн дасторкондордо тамактанып жаттык. Бир ирет түштөнүүдө помидор, бадыраңдан салат, анан бирден лагман, лепешка менен тамактанып калдык. Саян байкебиз "мына, ушундайда адамдын курсагы чындап тоет. Стол жайнап турса эмне жешиңди билбей отуруп эле көз тоюп калат. Өз үйүмдөгүдөй курсак кампайбадыбы" деп күлүп калды.
Гонорар
Көбү ушул суроону бергенден тажашпады. Бул маалымат бизден да Саят Исембаев үчүн сыр болушу шарт эле. Анткени ал сценарий жакшы болгону үчүн гана бардык шартка макул болду. Ансыз деле кыргыздарда да, казактарда да, жакшы кино аз тартылгандыктан бул тармак жай өнүгүп келатканын жактырбайт. Ошону эске алып эки өлкөдө көрсөтүүнү болжоп жаткан долбоорго менин салымым болсун деп тиешелүү баадан төмөн түшүп бергенин айта кетели. Балким бул сумма биздин эң мыкты актердукунан 10-20-30 эсе көптүр, бирок Казакстандын деңгээли үчүн кымбат эмес. Саят Исембаевдин биздин чакырууну кабыл алып, чын дили менен долбоорго катышып кеткенин коммерциялык пайда катары эмес, эки элди жакындатуу аракетин көрүү катары баалаганыбыз туура болот.
Кино жөнүндө
Саят Исембаев тартылган "Миллиондук мелдеш" тасмасы кыйыр түрдө азыркы Кыргызстандын жашоосун чагылдырат. 40-45 жаштан өтүп калышкан төрт таасирлүү достор сөздөн сөз чыгып отуруп мелдеше кетишет. Алардын бирөө депутат, бирөө кримавторитет, бирөө бизнесмен, бирөө профессор. Ар бири өз мүмкүнчүлүгүн баарынан күчтүү деп ойлошот. Депутат бийлик, атак-даңк күчтүү десе, "черный" биз күч менен баарын башкарабыз дейт. Бизнесмен акча менен баарын сатып алган заман десе, профессор адамдык сапаттар дагы деле өлө элек деп аларга макул болбойт. Ошентип эмне же ким кыйын экенин аныктоо үчүн мелдешишет. Мелдешкенде да адамдын тагдырына мелдешет. Бир сулуу кызды тандап, ошол сулуу кызды кимдин баласы багындырып эки айдын ичинде үйлөнсө, ошол тарап ортодогу миллион долларды эңип кетет. Тандалган балдар да бул мелдеш экенин билбей эле сулуу кыздын артынан чуркай беришет. Бирок ортодо кандай татаал окуялар, бут тосуулар болгонун кинону көргөн адам гана түшүнө алат. Бул тасмада Саян байкебиз "Рэкетир" тасмасындагы баарын жыга чапкан образын улантаарын анонс катары айта кетели. Саяндан сырткары "Салам, Нью-Йорк" тасмасы аркылуу таанылган Бектемир Мамаюсупов да башкы ролдордун бирин аткарат. Ал эми Темирлан Сманбеков, Эгемберди Бекболиев, Дамир Абдраимов жана Шейшенбек Шаршенов сыяктуу мыкты актерлор кинонун көркүнө көрк кошушмакчы.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ











??.??