26.07.13 "Жакшы көрөм күндө эртеден
Күндүн жайнап күлгөнүн"

Балдарга тапшырма
Жаныбарлар кайсы мөмө-жемишти жешти эле? Сүрөттөн аларды таап, аттарын айтып бергиле.

Балдар, азыр силер баарыңар каникулда эс алып жүргөн кезиңер. Бир айдан соң кайрадан мектебиңер, сыр жыттанган классыңар, мугалим агай-эжейлериңер күтүп алат. Силердин каникулуңар көңүлдүү өтүшүнө тилектеш болуп, силер үчүн даярдалган бетти сунуштайбыз.

Эң чоңу жана таттуусу
Мамалак досторун конокко чакырды. Ал мөмө-жемиштерди таза жууп дасторконго койду. Коноктор өзүнө жаккан мөмө-жемиштерди тандап алып жатышты. Кирпичечен алманы, бөжөк алмурутту, суурдун баласы чөндөлөй өрүктү, илбирс кара өрүктү, түлкүнүн баласы бачики алчаны, бөрүнүн баласы бөлтүрүк шабдаалыны, кашкулактын баласы борсолдой анарды, өзү болсо малина менен бүлдүркөн, кулпунайды тандады. Бир эле бөжөк "мен жашылчаны жакшы көрөм" деп алмурутту жебей койду. Анда мамалак жашылчаларды жууп дасторконго жайнатты. Бөжөк өзүнүн жакшы көргөн жашылчасын ары секирип, бери секирип издей баштады. Достору да бөжөккө ар кандай жашылчаларды алып келишти. Борсолдой сарымсак менен пияз алып келсе, бөжөк жактырбай мурдун чүйрүп койду.
Бачики чамгырды берип:
- Жейсиңби? - десе,
- Жок, - деди бөжөк.
- Анда сен бадыраң жейт турбайсыңбы? - деп илбирс сурады.
Ага да "жок" деп жооп берди.
- Картөшкөчү? - деди борсолдой. Бөжөк башын чайкады.
- А-а, билем, бөжөк калемпир жейт, - деп шаңдана кыйкырды чөндөлөй.
- Аны да жебейм! - деди.
Бөлтүрүк бөжөккө баклажанды берип, "жеп көрчү, абдан даамдуу го, - деди.
Бөжөк кызыгып баклажанды тиштеп көрүп жебей койду.
- Деги, кайсы жашылчаны жакшы көрөсүң? - деп сурашты достору.
- Эң чоңун жана таттуусун! - деди бөжөк мамалак алып чыккан капустаны көрүп.
- Тамагың таттуу болсун! - деди мамалак капустаны бөжөктүн алдына коюп. Бөжөк сүйүнүп, капустанын жалбырагын бирден сыйрып жеп жатканда, баары кызыгып кубанып карап турушту.

Келгиле, чогуу окуйлу
Бир капкара үйдүн ичинде, капкара бөлмө ичинде капкара бир ит отурат. Эмнеге мен баарын капкара боекко боеп салдым экен?..
***
Мугалим окуучулар жаза турган сочинениенин темасын айтат: "Эгер мен бир фирманын директору болсом..."
Бардык окуучулар сочинениени берилүү менен жазып отурушат. Бир гана Арсен айнекке телмирип карап отурат.
- Арсен, сен эмне жазбай отурасың?
- Катчы кызды күтүп отурам.
***
- Арсен, сен чоңойгондо ким болгуң келет?
- Арстан же жолборс болгум келет.
- Эмне үчүн?
- Анткени менден баары коркушсун! Агай-эжейлер дагы…
***
1-сентябрь. 1-класс.
Мугалим айтат:
- Балдар, силер мектепке келдиңер. Бул жерде сүйлөбөй тынч отуруш керек. Бир нерсе сурагыңар келсе колуңарды көтөргүлө.
Арсен колун көтөрөт.
- Арсен, сен бир нерсе айткың келип жатабы?
- Жок, кол көтөрсө кандай болорун жөн эле текшерип жатам.
***
Мугалим Арсенге айтат:
- Эртең сенин чоң атаң мектепке келсин.
- А атам келсечи?
- Жок, чоң атаң келсин. Үйгө берген тапшырмалардан атаң кандай ката кетиргенин чоң атаңа көрсөтөм.
***
Атасы:
- Арсен, күндөлүгүң кана?
- Мен Айбекке бир күнгө бердим.
- Эмнеге?
- Менин күндөлүктөгү бааларымды көрсөтүп ата-энесин коркутам дейт.
***
- Ата, мен балыктар эмне үчүн дудук болушарын билдим, - деди Арсен.
- Эмне үчүн?
- Сиз башыңызды сууга салып туруп, эки-үч сөз айтып көрүңүзчү…

Балмуздак кантип пайда болгон?
Балдар, силер жеп жүргөн балмуздак мындан 5 миң жыл мурда пайда болуптур. Илгери балмуздакты жасаш үчүн муз менен карды колдонушкан. Байыркы кытайлыктар кар менен музга апельсинди, лимонду жана анарды кошуп, аны дасторконго коюшчу экен. Ал эми Египеттин Каир шаарынын султаны муздак суусундук менен балмуздак жасатып турганын XI кылымда жашаган персиялык саякатчы Нассири-Хозрау айткан. Ал үчүн тоолордон күнүгө мөңгүлөрдү ташытып келчү экен.
Учурда балмуздакты сүт, май, шекер жана таттуу болсун деп ар кандай жемиштердин ширелерин кошуп даярдашат. Балмуздакты күн ысыкта жеп койсо көңүлдү көтөрөт. Ал эми дүйнөдө жай мезгилинде ар бир 3 секунд сайын бир балмуздак сатылат экен.

Мээрим
Сөзү, обону Гүлмира Эсенгулованыкы

Жакшы көрөм күндө эртеден
Күндүн жайнап күлгөнүн.
Мээрим төгүп бакчамдагы,
Гүлдөрүмдү өпкөнүн.

(Кайырма)
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмине?
Мээрим - мээримдүү күн
Мээрим төккөн жериме.

Жакшы көрөм күндө эртеден,
Энем жайнап күлгөнүн.
"Тура гой" деп эркелетип,
Көздөрүмдөн өпкөнүн...


Байчечекей
(уламыш)
Илгери өткөн заманда короо-короо малы, өрүш бербеген жылкысы, сандыгына батпаган алтын зери бар бир бай болуптур. Бай сексенге таяп калса да бала көрбөй, "баланын ыңаалаган үнүн укпай бул жашоодон куу баш өтөмбү" деп кайгырып жүргөн мезгилде кебезден ак, айдан сулуу, гүлдөн назик кыздуу болот. Мезгил өтөт, кызы чулдурап сүйлөп, тамтуң басып, атанын кайгыдан карып болгон жүрөгүн жашартып, жашына жаш кошуп, көңүлүн кушубак кылат. Күндөр айга, айлар жылга алмашып, кыз кол арага да жарап калат. "Кыз да болсо туяк" деп ата өзүн сооротот. Күндөрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип эле "башым" деп ооруп калат. Табити эч нерсе тартпай, жеген тамагы аш болбой, төшөккө жатып калат.
Атасы тегеректеги табыптарды алдырат. Бирок бири да кыздын оорусунун себебин билбей баштары катат. Айласы кеткен ата короо-короо малын, өрүш бербеген жылкысын, сандыкка батпаган алтын зерин чачып, туш-тушка жарчы жайып, чабарман чаптырып, оорунун жайын билген табып издетет. Келген шыпаагерлердин бирөө да сыркоонун сырын ача алышпай, келген жактарына тарай берет. Амалы түгөнгөн бай карыганда тапкан жалгыз чечекей баламан айрылат турбаймынбы деп ботодой боздойт.
Күндөр өтө берет, кыздын адам болбосу билинип, эл-журт камылгасын көрө баштайт. Ошол мезгилде кайдан-жайдан белгисиз бир жер кезген думана пайда болот. Ал акырын басып келип, кыздын тамырын кармап, бактыңыз бар экен байым, кызыңыздын үч күндүк гана өмүрү калган экен, улуу тоонун башында, калың карга карабай желегин жайган, сыздаган суукка туруштук берип өскөн, жаздын, жашоонун жышаанын берген бир кичинекей гана сары гүл бар. Колуңуздан келсе ошону алдырыңыз, кызыңыздын дартына бир болсо ошол өмүр гүлү гана даба болот дейт. Сүйүнгөн ата жигиттерди аттап-тондоп ошол улуу тоого жиберет, ат арышын токтотпой, бел чечип эс албай барып келүүлөрүн катуу эскертет. Үчүнчү күн дегенде жигиттер баягы кереметтүү сары гүлдү алып келишет. Табып аны кызга искетип, кайнатып берип, кыздын дартын тапка салып, кырк күн жанынан жылбай карайт. Кырк биринчи күн дегенде кыз төшөктөн туруп, сыртка өз алдынча чыгып калат. Күндөр өтүп байдын кызынын демине дем, күчүнө күч кошулуп тыңып калат. Өз ишин аткарган касиеттүү думана табыпты бай ыраазы кылып узатат. Оюнкараак кызынын баштагыдай так секирип ойноп, күлкүсү шандуу чыгып калганын көргөн байдын көңүлү тынат. Ошондон кийин эл ошол кереметтүү, байдын жалгыз чечекейин өлүмдөн алып калган кичинекей сары гүлдү "байчечекей" деп атап калышат.


Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА