presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Элдин баары молдо болду, топурактан үй болду,
баарынын боору Чүй болду...
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы айтылуу олуя-акын Калыгулдун күмбөзү 1999-жылы курулган. Учурда бул жай республикабыздын ар тармагынан көптөгөн адамдар келип зыярат кылган ыйык мазарга айланып калды. Бул күмбөз Маданият жана маалымат министрлигинен уникалдуу имарат катары каттоодон өтүп, тарыхый жактан баалуу имарат катары сакталат.

Бул күмбөз-мавзелей республикабыздагы нечендеген социалдык, өнөр жай, маданий, рухий эстеликтерди, мемориалдык комплекстерди курууда башында турган куруучу-архитектoр, куткаруучу, жаратман Марат Исаковдун идеясы жана жетекчилиги менен курулган. Коргондун төрт тарабынан кесилген конус өңдүү төрт мунара Темирлан доорундагы классикалык, архитектуралык ыкманы эске салат. Андагы геометриялык пропорцияларынын сакталышы Казакстандын Түркстан шаарындагы Кожо Ахмет Ясавинин коргонундагы өзгөчөлүктөр пайдаланылганын далилдейт. Ошол эле учурда курулушта улуттук өзгөчөлүктөр да сакталган. Күмбөздүн батыш тарабына атайын келген кишилер отуруп куран окуй турган жабык жай кошо курулуп, кабырга кире беришине геометриялык бетондон жасалган мамы коюлуп, ага олуянын ысымы жазылган. Бул үч имарат өзүнчө бир комплекс болуп бирин-бири толуктап турат.
Бул темага кайрылганыбыздын себеби, аталган комплексти курган Марат Исаковдун кечээ жакында ушул маселеге байланышкан "Калыгулдун күмбөз мазары" аттуу китеби жарык көрдү. Ал китепте күмбөздүн курулушу, анын тарыхый мааниси менен бирге Калыгул олуя тууралуу ой толгоолор камтылган. Ошол эле учурда аталган эмгекте Калыгул атабыздын эл арасында калган кээ бир ырлары да бар. Анда эмесе олуянын мындан 100-150 жыл мурун кыргыздын кээ бир аймактарынын келечеги тууралуу айткандарына кезек берели.
Кезинде Калыгул олуя Чүйдө келатып, азыркы Токмок шаары турган жерге келгенде жанындагыларга:
- Эл өсүп, жер толот,
Бул жер өзүнчө шаар болот.
Баш-аягы ат чабым,
Өзбек, дунган отурган базар болот.
Капталдагы какыраган сайда
Элдин оозуна толгон жемиш болот.
Ар уруктан чогулган
Ынтымактуу эл болот, - деп айткан экен.
Азыркы Боом капчыгайында келе жатып, күңгүрөнүп:
- Адамдар кенен катышкан,
Алды-үстүнө жол болот.
Капчыгай ичи оңдолот,
Күңгүрөнүп кулагыма угулат,
Мунун ичи шаркыраган суу болот, - деп айтып, эки ийинин караптыр. Андан бери жүрүп, Балыкчы турган жерге келгенде:
- Бечара менен карыпка,
Береке берчү жер экен.
Кара ташы алтынга,
Айланып кетчү жер экен.
Андан-мындан чогулган,
Көбөйүп кетчү эл экен.
Ар уруктан чогулуп,
Ынтымакта жашаар бекен? - деп олуялык кылган тура.
Дагы бир ирет Чүй боорун, казак жергесин аралап, көп адамдар менен жолугушуп келгенден кийин:
- Карагай башында чыны болот,
Анын сүйлөшкөн зымы болот.
Жез чакадан тыйын болот,
Атасынан баласы кыйын болот.
Эл башына аял келип,
Күндө дүрбөгөн жыйын болот.
Минген аты жорго болот,
Баланын баары молдо болот.
Акындын баары тордо болот,
Кул бий болот,
Уй пул болот.
Чөйчөгүң ашка толот,
Нан деген капка толот.
Элдин баары молдо болот,
Топурактан үй болот,
Баарынын боору Чүй болот, - деген экен.




Жөжөнү санай турган убак келатат

Бүгүнкү күндүн дыйканын заманбап техникасыз элестетүүгө болбойт. Учурда түшүмдүн сапаты да аны багып өстүргөндөрдүн техника менен камсыз болгонуна жараша болуп калды десек ашыкча кетпейбиз. Андыктан биздин өлкөнүн дыйканчылыгында көнүмүш болуп калган техника көйгөйүн дагы бир жолу сөз кылып турабыз.

Тейтейген дыйкан темтейген техника менен кайда барат?
Бүгүнкү күндө республика боюнча 20369 трактордун жана 2359 эгин жыйноочу комбайндын 30%дан ашыгы бузук болгондуктан талаага чыкпайт. Ал эми 177 жүгөрү жыйноочу комбайндардын ичинен 61и гана иштөөгө жарактуу. Өзгөчө эгин жыйнаган комбайндар, жерди ар түрдүү айдоого ылайыкташкан тракторлор, тоют өсүмдүктөрүн жыйноочу айыл чарба машинелери жетишпейт. Тоют жыйноочу комбайндардын 454үнүн 162си бузук.
Сандарга көз жүгүртсөк, жалпысынан 1995-жылдан 2013-жылга чейинки 18 жылдык аралыкта республикага 3446 трактор, 404 эгин жыйноочу комбайн, 1756 трактордун сокосу, 177 эгин сепкич жана 102 прицеп сатылып келип, дыйкандарга лизинг жолу менен таратылып берилген. (Салыштырмалуу айта кетчү нерсе, союз убагында айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн Кыргызстанга жылына миңдеген айыл чарба техникалары бөлүнүп турган. Мисалы, 1986-жылы эле республикага 2881 трактор, 600 дан комбайн, 200 пахта жыйноочу машине , 515 силос комбайны бөлүнгөн).
Бүгүнкү күндүн талабы айыл чарбасын заманбап техникалар менен камсыздандыруу. Бирок дыйкандарга лизинг менен таратылган техникалардын көбү мурун колдонулуп жүргөн же Кытай өлкөсүнөн чыгарылган техникалар болуп атканы айтылып келет. Кытайдын коммерция министрлигинин гранты боюнча республикага келген 1205 трактор, 1205 трактор сокосу, 35 эгин жыйноочу комбайндын сапаты боюнча чыр-чатактар баарыбызга белгилүү.
Өкмөт 2011-жылдан бери мамлекеттик лизинг багыттары боюнча 315 трактор,11 эгин чапчу комбайн жана 46 сокону дыйкандарга "Айылбанк" аркылуу бердирип, 2013-жылы 225 тракторду дагы дыйкандарга лизинг жолу менен бере баштоого токтом чыгарган. Учурда алар өз ээсин тапкан, бирок сапаты тууралуу сөз боло элек.
Өкмөт акенин пландары кандай ишке ашканы күздө белгилүү болот
Айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаев эрте жазда 2013-жылы 1 миллиард 462 миллион сомдун тегерегинде 1,5 миңге чейинки тракторду элге лизинг жолу менен берүү маселеси каралып жатканын айткан. Аз өтпөй анын сөзүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ырастап "Белоруссиядан тракторлор, Россиядан комбайндар жана Польшадан кызылча чогултчу комбайндарды лизинг аркылуу алып келүү пландалып жатат" деген. Бирок бул сөздөр канчалык деңгээлде аткарылганы азырынча айтыла элек.
Кечээ эле "Айылбанк" башкармалыгынын төрага милдетин аткаруучу Эркин Асрандиев "Айылбанк" өкмөттүн айыл чарбага колдоо көрсөтүү долбоорунун негизинде жеңилдетилген кредиттерден тышкары лизинг системасын да эки жылдан бери ийгиликтүү иштетип келет. Бардыгы болуп 900 даана айыл чарба техникасы жалпысынан 800 миллион сомдон ашык каражатка берилди" деп жар салды.
Бирок фермерлердин баары эле лизинг боюнча "Айылбанк" менен иштешип жатканына канааттанбайт. Анан калса аталган банктын бюрократиялык системасына нааразы, "айылдыктарга борбор калаада үйүң болуш керек деген талап коюшат; таанышсыз арзан пайыздагы лизингге илинүү мүмкүн эмес; кардарларга орой мамиле жасагандар бар" дешет. Ошол эле учурда жаңы кытай тракторун он жыл мөөнөт менен лизинг ыкмасында алып, бирок анысы бир жылга жетпей бузулуп жаткан фермерлер бар. Себеби "Айылбанк" Белоруссия менен Кытайдын техникаларын гана алууну сунуштап, дыйкандардын тандоосун чектеп койгон. Адистердин айтымында, сапаты жагынан бир кыйла жогору батыш өндүрүшчүлөрдүн техникаларын тартуу заман талабы. Айылдык өндүрүшчүлөр бирикмесинин жетекчиси Манас Саматов "Айылбанк" Кытайдын тракторлорун таңуулап жатат. Бул элдин акчасы болгондон кийин ар бир фермер каалаган заводдун техникаларын сатып алууга укугу бар. Банк болсо дыйкандар менен иштешпей заводдор менен иштешип жатат" деп күйүп-бышып келет.
Албетте бул жерде эң башкы маселе каражатта. Мисалы, фермерлердин көбү баасы асман чапчыган кымбат техникаларды лизинг менен да ала алышпайт. Көбүнчө баасы арзан эски тракторлорго качырышат. Анан аны оңдоого ошончо сумма сарпташат. Анан калса фермерлер дайым эле "Айылбанк" койгон талап биртоп оор экенин айтып келишет. Алардагы бериле турган кээ бир жаңы техниканы алуу үчүн төгө турган 30 пайыз бери болгондо 20 миң долларды түзүп калат. Албетте мындай акча карапайым дыйканда кайдан болмок эле. Андыктан дыйкандар бир нече жылдан бери техникаларды көп жылдык мөөнөт менен беришсе деп суранып келатышат.
Ушул жылдагы жаздын акыркы айында "Айыл Агро - 2013" көргөзмөсүнүн жүрүшүндө ар бир фермер жана дыйкан анкета толтуруп, ал боюнча региондорго кандай техника керектиги аныкталды. Көргөзмө биринчи жолу болсо да, кызыгуу абдан чоң болду. Көптөгөн келишимдер түзүлдү. Жыйында "Росагромаш" коомунун өкүлү Леонид Корчевой "биздин фирма ар кандай техникаларды алып келген, эмки жылкы көргөзмөгө техниканын дагы башка түрлөрүн жана лизинг аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө сүйлөшүүлүрдү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстанда биздин заводдун өкүлчүлүгүн ачууну да ойлонуп жатабыз. Кыргызстандын айыл чарба техникасын өркүндөтүүгө чоң потенциалы бар. Көп компаниялар техника алууга табыштама беришти, банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген оюн билдирди. Албетте, бул азырынча сөз. Бирок ушундай көргөзмөлөр дыйкандардын өздөрү каалаган заводдор менен иштешүүсүнө шарт түзүп берет десек болот.












??.??