presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Гүлайым КОШОЕВА, үй-бүлөлүк ресурстук борбордун жетекчиси:
"Бизде балдар көп ыйлабайт, көп күлбөйт, муңайым гана жата беришет"
Шаарыбыздагы Октябрь районуна караштуу Беларусь көчөсүндө жайгашкан балдар үйү. Жалооруган жетим көздөр. Жетим күлкүлөр. Бойтоңдогон бейкүнөө бөбөктөр жалооруй тиктегенде жүрөгүң зырп этип ыйлагың келет. Бул жердин башкы дарыгери Дамир Кожогулов менен үй-бүлөлүк ресурстук бөлүмдүн жетекчиси Гүлайым Кошоевага баары таптаза, айлана-тегереги гүлгө, бак-даракка оронуп, бөлмөлөр түркүн оюнчуктарга толгон ушу жерден жолуктук. Бирок баарыбир муздактык ээлеп турду. Ушул балдар үйүндө 25 жылдык эмгеги бар Гүлайым эже менен маек курдум.

- Гүлайым эже, алгач балдар үйү тууралуу жалпы маалыматыңызды уксак?
- Мен бул балдар үйүндө 1983-жылдан бери эмгектенип келем. Көп жыл башкы дарыгерлик кызматты аркалап жүрүп, 2007-жылы бул кызматты жаштарга өткөрүп бердим. Биздин республика боюнча жалпы үч балдар үйү бар. Бизде 120 койкалык, Ош шаарында 50 койкалык, Токмок шаарында 100 койкалык балдар үйлөрү бар. Бул балдар үйү 1919-жылы ачылган экен. Карамагыбызда жаш курагына карата бөлүнгөн жети топ бар. Жалпы токсондой адам эмгектенебиз. Алардын арасында педиатр, невропатолог, логопеддер жана тарбиячы айымдар эмгектенет.
- Балдар үйүнө кандай балдар кабыл алынат?
- Бизге ата-энеси бага албайм, жумушум, үйүм жок, баланы бакканга жашоо- шартым жок деп кайрылган үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алабыз. Кээ бири өзү тууралуу бизге эч маалымат бербей төрөтканага, көчөлөргө же биздин балдар үйүнүн тегерек-четине таштап кетишет. 2012-жылы мындай ташталган балдарды багып алуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Төрөт үйлөрүнөн эле дароо багып алуучу ата-энеге документтер мыйзамдаштырылат. Ошол багып алуу мыйзамы кабыл алынгандан тарта бизге түшкөн бөбөктөрдүн саны азайды. Жыл сайын бизге 60-70тей ымыркай которулса, азыр кырктай бала түшөт. Бул жакшы саамалык. Бөбөктөр балдар үйүндө тарбиялангандан көрө өз ата-энесин тапкан жакшы. Өз ата-энесин таппаса тууган-туушкандары издештирилет. Таптакыр болбой калганда гана бизге алынып келинет. Ден соолуктары аябай начар болсо, эч ким алууну каалабаса да бизге алып келишет. Бизде жаңы төрөлгөндөн тарта 4 жашка чейинки балдар багылат. Төрт жаштан кийин аларды Беловодск айылындагы балдар үйүнө которобуз. Беловодскиде эки балдар үйү бар. Бирөө психоневрологиялык оорулуу балдарды кабыл алса, биринде ден соолугу өз калыбындагы балдар кабыл алынат.
- Азыр сиздерде багылып жаткан балдардын ден соолуктары кандай?
- Балдардын жалпы ден соолугу жөнүндө айтсам, тубаса жүрөк оорусу менен келген балдар көп. Колу-буттары өспөй калган балдар келип түшөт. Ошон үчүн бизге таштап кетишет. Бизге өкмөттөн абдан жакшы камкордук көрүлөт. Ичкен тамак-аштары баары жакшы. Бирок мээрим төккөн ата-энелери жок болгондуктан балдар муңайым тартып кечке жата беришет. Биз колубуздан келишинче мээримибизди төгүп колго алганга аракеттенебиз. Быякта волонтерлор да иштешет. Ата-эне мээриминин жетишсиздиги баарыбир байкалып турат. Балдар үйүндө атайын ийримдер бар. Окуу сабактары, музыкалык, дене тарбия сабактары өткөрүлүп турат. Балдардын ден соолугун чыңдоого аракетти көп жасайбыз. Биз ошолорду жасаганга мамлекет акча бөлүп берет. Калган ремонт иштерине, кийимдерине, оюнчуктарына демөөрчүлөр көмөк көрсөтүшөт.
- Ата-энелери келип турган балдар барбы?
- Убактылуу багылган жалгыз бой энелердин, түрмөдөгү энелердин балдары бар. Мына ушундай убактылуу багылган балдардын ата-энелери келип каалаган убагында көрүп турушат.
- Балдардын көздөрүндө энени күтүү, кусалык азабы тургансыды...
- Ооба ошондой. Үйдөгү балдардын баары күлүп-жайнап жүрүшөт. Биздин балдардын күлүп-жайнап турганын көрбөйсүңөр. Алар көп да ыйлашпайт. Көп да күлүшпөйт. Суз, муңайым тартып жата беришкенге көнүп калышкан. Эгер бир баланы багып алуу үчүн ата-энелер келип таанышып кетсе, ошол багып ала турган баланын аң-сезими өзгөрө баштайт. Баланын жанындагы балдар апаң келди деп башташат. Бир айдын ичинде бала ушунчалык өзгөрөт.
Гүлжан АШЫМОВА, адистештирилген балдар үйүнүн педиатры:
"Киндиги жаңы кесилген ымыркайларды босогобузга таштап кетишет"
- Бизге түшкөн балдардын 60-70%ы ата-энеси баш тарткан оорукчан балдар. Ар бир баланын өз тагдыры бар. Мисалы, бир баланы мындан 4 жыл мурун биздин балдар үйүнүн босогосуна таштап кетишкен. Карасак киндиги да түшө элек ымыркай экен. Болгону кайсы күнү кандай салмак менен төрөлгөнү жазылыптыр. Ден соолугун текшерсек, нышан төрөлгөн, анан да тубаса жүрөк оорулуу экен. Ал балага улам операцияларды жасап жатып, азыр Беловодскидеги балдар үйүнө которулду. Бизге келген балдардын көпчүлүгү ар кандай оору менен оорушат. Көбүнчө венерикалык оорулар менен ооруган сойкулар, наркомандар, аракка берилип кеткендер да балдарын ташташат. Алгач балдар төрөтканада 1-2 ай тыңыганча багылып, андан соң бул жерге жөнөтүлөт. Бага албай убактылуу бизге таштаган жалгыз бой энелердин да балдары бар. Боюна бүткөндө эле баланы жерий баштагандыктан, ден соолуктарына карабай төрөгөндүктөн, эне сүтүн эмбегендиктен балдардын психикалык өнүгүүсү артта калган. Кеч басышат. Кеч сүйлөшөт. Айрымдары жүрөгү оорукчан, нышан, итий, тубаса сифилис ж.б оорулар менен оорушат. Мурун бизде орус улутундагы балдар көп болсо, азыр кыргыз балдар көбөйдү.
Эмнеге мындай жетим көздөрдү жаратышат?
Балдар үйүнөн сыртка чыгып баратып буту баса элек бөбөктөрдүн бөлмөсүнө башбактым. Чоң секичеде чачтары кырылган он чакты бөбөк эмгектеп жатыптыр. Бир-эки жашка чыгышса да, беш-алты айлык балдардай баары арык, баары оорукчан, жандарына барсам үн салып, эркелегилери келди. Наристелердин көздөрүнөн качтым. Ушул көздөрдүн алдында ким күнөөлүү? Мамлекетпи? Коомбу же сойкуларбы, наркомандарбы, аракечтерби? Эмнеге мындай жетим көздөрдү жаратышат? Түбүң түшкүр сойку дүйнө. Жоопсуз суроолор...
Мен таштанды наристемин
"Мен балдар үйүнө ташталган наристемин. Азыр мага эч ким ишенбесе да, апам мени таштаган кышкы таңды мен билем. Мен билем, апам келе жаткандагы кыйчылдаган кар обонун. Мен билем, калтыраган менин денемдин акыркы аянычтуу коштошуусун. Апам мени таштап жатканда анын кайгылуу көздөрү менен кар төккөн бозомтук асманды көрдүм. Ал мени жерге коюп, "катуу-катуу ыйла" деди. Мени жерге таштаганда ушунчалык муздак сезим денемди дирилдетти. Апам мени колуна алабы дедим. А апам алган жок. Кышкы таңда издери гана калды. Мен катуу ыңаалап жаттым. Эшик ачылып, апам эмес башка кимдир бирөө мени колуна алды. Апам мени таштаган ошол коркунучтуу таң менин турмуштагы коркунучтуу жолдорго барышыма түрткү болду" дейт Чыңгыз Айтматовдун "Кассандранын эн тамгасындагы" монах Филофей.
Ымыркайлар көрүнгөн босогодо, таштандыда, жолдордо…
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, ымыркай ташталган фактылар ар жума сайын бир-экиден катталып турат экен. Бул катталгандары гана. Төрөтканаларда калганы, катталбаганы канча дейсиз. "Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө" деген ушул окшобойбу. Канча аталар, канча энелер ыңаалаган ымыркай үнүнө зар болуп чет өлкөлөп дарыланып жүрүшөт. Ымыркайлуу болбогондун айынан уяларын бузуп жалгыздап жолго түшүшөт. Кайсы бир аталар болсо боор этинен жаралган ымыркайынан баш тартып, күкүк энелер денесинин бир бөлүгүн, тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн наристесин көрүнгөн босогого, өзөндөргө, жолдорго, төрөт үйлөрүнө, таштандыга ыргытып коюп айбанча жок болушса да, адамча башкаларга акыл үйрөтүп басып жүрүшөт.












??.??