presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Фестиваль өтөөрүн өттү, бирок мактанууга эрте
Учурда ар кайсы социалдык тармактарда, коомдук жайларда, дегеле эки кишинин башы бириккен жерде "Мейкин Азия" иш-чарасы тууралуу кеп козголот. Аталган фестивалдын болуп бүткөнүнө көп убакыт болсо да, бул тууралуу кептер тыйылбай, актуалдуулугун жоготпой келе жатат.

Султан РАЕВ, Маданият, маалымат жана туризм министри:
"Фестиваль Кыргызстандын музыкалык бренди катары таанылса дейбиз"
- "Мейкин Азия" эл аралык фестиваль-конкурсу Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Башка фестивалдардан форматы, стандарты, мазмуну жагынан айырмаланат жана аталган иш-чара Кыргызстандын музыкалык бренди катары таанылса деген ниетибиз бар. Көбүнчө жаш аткаруучулар арасындагы конкурс болуп жатат десем жаңылышпайм. Иш-чара максатына жетсин үчүн 360 киши иштеп, бардык уюштуруу иштерине 5 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 1,5 млн. байге фонду үчүн каралган. Идеянын автору жана фестивалдын "Мейкин Азия" деп аталуусу мага таандык.

Муратбек БЕГАЛИЕВ, калыстар тобунун жетекчиси:
"Бегалиев отурган жерде эч кандай мүчүлүштүк кетпейт"
- Кыргызстанда алгачкы жолу бийик деңгээлде эл аралык фестиваль-конкурс өткөрүлүп жатат. Калыстар тобунда дүйнөгө белгилүү композитор, продюсер, ырчылар отурат. Алардын ичинде Кыргызстандан калыстар тобунда Керим Турапов, Ырыскелди Осмонкулов жана мен шайлангам. Орусиядан экөө, Кытай, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Армениядан мыкты инсандардан куралган калыстар тобу катышып жатат. Бул эч бир жакка ооп кетпей, калыс өткөрүлүп жатат дегенди билдирет. Аткаруучулардын таланты, ырдаган ыры, аранжировкасы, кийген кийими, артисттик чеберчилигине чейин комплекстүү түрдө каралат. Андан тышкары океандын ары жагынан да аткаруучулар катышуусу үчүн Россия да шарт түзүп жаткандыгы ич жылытарлык көрүнүш. Өлкөдөгү аттуу-баштуу саясатчылар, өкмөт башчылары, чиновниктердин баары келип колдоп жатканы бизди кубандырып жатат. Кайсы жерде искусство болсо ошол жерде шаң бар, ошол жерде өнүгүү бар, келечеги бар. Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстан дасторконду өзү жыйнап кетти деген сөз болбойт, баары калыс өткөрүлүп жатат.

Айбек АКМАТОВ, фестивалдын телевизиондук версиясынын редактору:
"Иш-чараны спутник аркылуу 36 мамлекетке көрсөттүк"
- Бул жылдагы фестивалдын телевизиондук версиясында чоң өзгөчөлүк болду. Себеби коомдук телеберүү корпорациясы КТРК жана кыргыз радиосу аркылуу фестивалды түз алып көрсөтүп жатты. Андан тышкары КТРК Түркиянын ТРТ Аваз каналы менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүп, иш-чараны спутник аркылуу 36 мамлекетке көрсөтүп турду. Бул Кыргызстандын тарыхында, кыргыз телекөрсөтүүсүндө эң чоң жаңылык.

Эл аралык атын актады
Негизи фестиваль "Мейкин Азия" деген аталыш менен эл аралык деңгээлде биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ал эми фестивалдын тарыхына кайрыла турган болсок, буга чейин "Ысык-Көлдө кадыр түн" деген аталыш менен жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүлүп турчу. Биринчи эл аралык фестиваль-конкурска 17 мамлекеттен 25 аткаруучу катышты. Эң жакынкы катышуучу коңшулаш Казакстандан келген болсо, эң алыскы катышуучу катары Кубадан келген аткаруучуну айтууга болот. Кыргызстандан аттуу-баштуу делген сегиз ырчы катышты. Фестивалда эксклюзивдүү номурлар чындыгында көп болду. Келген коноктордун бири тарабынан ооз комуз чертилип, жылкынын туяктарынын дабышы, кишенегени элдин оозун ачырса, он тогуз жаштагы эң жаш ырчы Димаштын ыры кечеге өзгөчө шаң кошту.
Ар бир катышуучу фестивалдын алгачкы күнүндө өз тилинде ырдашса, экинчи күнү дүйнөлүк популярдуу ырларды аткарышты. Конкурстун үчүнчү күнү гала-концерт катары өтүп, атактуу ырчы-чоорчулар конок катары келишти.

Мурат ЭРГАЛИЕВ, калыстар тобунун мүчөсү, "Азия даусы" фестивалынын негиздөөчүсү:
"Мейкин Азиянын" келечеги бар"
- Бул фестиваль-конкурстун "Азия даусы" сыяктуу эле жыл сайын өтүп туруучу иш-чара катары уюштурулганы - анын бийик амбициясы. "Мейкин Азия" фестивалына көп мамлекет арасынан мыкты аткаруучулардын катышып жатканы, эң мыкты эл аралык калыстар тобунун шайланышы албетте жакшы жышаан. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде көптөгөн адамдардын катышуусунда өткөрүлүп жатканы да уюштуруу иштеринин толук максатка жеткендигинен кабар берет. Андан тышкары мени баалап калыстар тобунун мүчөсү катары чакырганы албетте кубандырат.

Жеңүүчүлөр
Фестивалдын башкы демөөрчүсү тарабынан аткаруучулар арасынан мыктысын тандап, смс добуш берүү өткөрүлүп, жыйынтыгында Адилет Аман уулу Galaxy S4, алтын номурга, 5000 мүнөт акысыз сүйлөшүү жана 5000 мегабайт акысыз интернет топтомуна ээ болду.
Орусиянын калыстар тобу ар бир катышуучуга 500-1000 доллар акчалай сыйлык менен бирге диплом тапшырды. Андан тышкары 11 аткаруучуга Америкада өткөрүлчү фестивалга жолдомо берилди.
Баш байгелер: гран-при 7000 доллар; биринчи орунга 4000 доллар; экинчи орунга 2000 доллар; үчүнчү орунга 1000 доллар сыйлыктар берилди.

Димаш КУДАЙБЕРГЕНОВ, гран-при ээси (Казакстан):
"Менин уруум кыргыз, ошондуктан мен кыргыздарды абдан жакшы көрөм"
- Аталган фестиваль профессионалдык конкурстардын бири болду. Ошондуктан мындай жеңишти күткөн эмесмин. Бул жеңишим жалгыз менин эле эмес, жалпы Казакстандын жеңиши. Ата-энем, жакындарымдын, продюсерим Александр Сергеевич Понамарёвдун, устатым Марат Олжобай уулунун арты менен ушул даражага жетип отурам. Мен болгону ошол инсандардын эмгегин гана көрсөтө алдым. Бардык катышуучулардан, арасынан Кытайдын опера ырчысынан озуп кетүү абдан кыйындыкка турду. Ошентсе да утуп чыктым. Мындан ары да Кыргызстандын сахнасында өнөр көрсөтүүгө даярмын.

Курал ЧОКОЕВ, экинчи орун ээси (Кыргызстан):
"Фестивалга сегизибиз катыштык"
- Менимче, бардыгы эле калыс өттү. Жеңүүчүлөр татыктуу деп ойлойм. Калыстар тобу да ар кайсы өлкөдөн келген мыкты инсандар болгондуктан баарына абдан кылдат мамиле жасашты. Бизде жүзгө жакыныбыз катышууга аракет кылып, сегизибиз катышууга жолдомо алдык.
Көшөгөнүн ары жагынан же Ассолдун үй-бүлөлүк "шоусу"
Коомдук биринчи канал түз алып көрсөткөнү менен, ал жерде режиссердун жыты да чыкпай жатты. Алсак, Армениянын эмгек сиңирген артисти Гаянэ Оганесян сахнага чыкканда пультта отургандар үч мүнөттөй музыкасын табалбай эстери ооду. Конок катары келген аткаруучу кызарганынан кол чаап жатты. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен алты алып баруучу шайланган. Аларга өчөштүбү же биз да уюштуруучуларбыз дедиби, айтор КТРК да өзүнүн 4-5 алып баруучусун алып келиптир. Экран талашмай башталды го чиркин. 25 ырчыга 11 алып баруучу... Мынча алып баруучунун кимге кереги бар эле?
11 алып баруучу параддан өтүп сахна талашканы аз келгенсип, Ассол Молдокматова эл аралык фестивалды өзү, күйөөсү үчүн пиар катары колдонду. Адегенде өзүн орус ырчысына мактатса, өзү кайра концерт көрүп жаткан күйөөсүн ашыра мактады. Эл аралык фестивалга ушу керек беле?
Андан да кызыгы, фестиваль үчүн атайын сценарий жазылса, өзү кечигип келип алып андай эмес мындай болот деп сахнада тайраңдаганга Ассолго ким уруксат берген? Министр Султан Раев ошону жөнгө салганга да алы жетпедиби?

Руфат ЭРГЕШОВ,
сүрөттөр автордуку









??.??