presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эй, кыйындар, жерге түшкүлөчү!
Бексултан Жакиев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
Кыргыз эл жазуучусу:
"Ынтымакта жашоодон кечикпесек экен"

- Бексултан агай, быйыл апрель окуясынын үч жылдыгы өлкөбүздө кеңири белгиленди. Мындан ары эскерүүбүз кандай болор экен? Жүрө-жүрө унутуп койбойбузбу?
- 2010-жылдын Апрели эстен кеткис тарыхый окуя. Анын баркы, мааниси азырынча элдин баарына тегиз жете бербегенсип, өөдө-төмөн ой жорууларда чарпылып атсак, бара-бара революциянын тарыхый символу болуп калган Бастилия көтөрүлүшүнүн романтикасы менен легендасы канча бир жылдар бою калыптанган сыяктуу, Апрелдин романтикасы менен легендасы да жаралат. Бастилия окуясы деле биздеги Апрель окуясындай "өлдүк же калдык!" дегендей өжөрлүктүн чечүүчү күрөшүнө бел байлаган башаламаныраак нааразычылыктан башталган. Биздеги адилетсиз ачкөз бийликтин кулаганын жандилинен жактыргандардын да, ичинен кан өткөнчө жактырбай жаны кашайгандардын да эси-көөнүнөн 7-Апрель эч качан чыкпайт. Анткени... Адам Ата, Обо Эне жаралганы адамзаттын мүдөөсү кошо жаралган. Андай мүдөөнү Жараткан Эгем кыргызга да берген. Элдин энчисиндеги мүдөөнү тартып алып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илишке эч кимдин акысы жок. Элдин энчисиндеги мүдөө дегенибиз: үй-бүлө күтүү, бала тарбиялап жетилтүү, эмгектенип, эмгектин үзүрүн көрүү, билбегенин билип, билимин көтөрүү, айтайын деген ой-тилегин корунбай айтуу, Ата Мекен деп аталган тууган-жерди коргоо жана анын талабына татыктуу жашоо, жарашыктуу кийим кийип, жагымдуу тамак ичүү дегендей, кыскасы, адамдын адамча өмүр сүрүүсүнө ылайыктуу мүдөөлөр бардык элде бирдей.
Ал эми кыргыздын башкаларга окшобогон өзгөчө бир сапаты бар. Ал сапат кыргызды кайдыгер, кошкөңүл, эринчээк элдей көрсөтүшү мүмкүн. Айталык, Жараткан энчилеген мүдөөлөрдүн далайы жетпеген өп-чап жашоодо күн өткөрсөк деле эртеңкиден үмүт үзбөй чыдай берген адатыбыз бар. Жанына батып, ызасы чыдамын жарып чыкканга чейин гана кыргыз ошондой. Улуттук ар-намысы, адамдык ырыскысы аёосуз тебеленген кезде кыргызды токтотуш кыйын. Өлөр-тирилерине карабай сел болуп каптайт. Апрель окуясы кыргыздын ошол сапатынын айкын далили. Манастын урпактары деген атка татыктуулардын эрдиги!
Бийликтеги мансапкорлор мансабына эсирип, кудай теңирин тааныбай, ачкөздүк менен талоончулукту энчисиндеги артыкчылыктай сезип, эл-жердин канын кактабай соруп, көңүлүнө жакпагандарды тындым кылуудан да кайра тартпай мазактаган саясатына чыдабай тажаган калк көтөрүлүшкө чыкты да! Кара жанын аябай канын төктү да! Күлгүн курактагы азаматтарыбыз акыйкаттык үчүн жан кыйды да! Демек, Апрелди кыргыз калкы унута албайт. Ошондой эле Апрелди элдин эсинен өчүрүп, баркын бурмалап, жек көрүндү кылууну көздөгөндөр да унутпайт. Алар жаныбызда эле аш-тойлордо, жыйналыштарда чогуу отурат. Депутаттык мандатты ээлеп, министр болуп кыйын сүйлөгөндөр да ошолор. Алар кулаган бийликти элдин көзүнчө сөгүмүш болуп, чынында котур ташты койнуна катып жүргөнүн көрүп-билип турса да, айкөл элибиз акыры оңолоор деп алардан үмүтүн үзбөйт. Котур таштуулардын ар бирин азыркы бийлик жакшы билеринде күмөнүм жок. Алардын мурунку бийликтин тушундагы кыянат иштерин да билет деп ойлойм. Аларды жазага тартса эл туура эле көрмөк. Азыркы бийлик анткен жок. Жазалоо жолуна түшпөй туура иш кылды деген ойдо болгом. Бир эл болгон соң эрегишүүнү көздөбөй, улуттук элдешүүнүн, ынтымакташуунун кадамы болмок дээр элем аны.
Тилекке каршы, кулаган бийликтин "күйөрмандары" андай кадамга бара албады. Баргысы да келбеди. Кылдан кыйкым таппай чыр издеген учурларын такай байкап келатабыз. Ошондон улам аларды "реваншисттер" деген жаманатты бекеринен ээрчип жүргөн жери жок.
- "Улуттук ынтымакташуунун кадамы" деген пикириңизге толук кошулам. Атаганат, андай кадам саясый доктрина катары расмий жарыяланса кана! Андай болгон жок да...
- Ооба, андай болгон жок. Ал кийинки бийликтин арамзалыгы эмес, чийкилиги. Туура баштаган ишинин чалалыгы. Ошондой болгон күндө деле кулаган бийликтин "күйөрмандары" айкөл элдин өкүлү экенин унутпай, бейкут жашоону көздөп, ойлонушса болмок: "Жаңы бийлик жайыбызга тим койгону эмнеси? Гумандуулукпу бу, же митаамдыкпы? Митаамдык болсо, маселен, убактылуу өкмөткө каршы куралдуу кол чогултууга киришкен ашынган бакиевчил реваншистти камактан бошотуп ийгендери кандай? А деле ынтымакташууга шилтеген кадам болгондур?" деген сыякта. Мындай жагдайларды байкабай коюшка, байкамаксан болушка болбойт. "Боор оорусаң, боорго тебет" деген бар эмеспи. Ошондой болуп келатат. Ушундан улам ашынган реваншисттерге, алгачкы эки президенттин тушунда алкын агытып жеп-жуткандарга, мыйзамды көзүнө илбей өлкөгө кыянаттык кылгандарга, оңолуу оюнда жок элбузарларга карата учурунда люстрация талабынын жок дегенде жеңил түрүн колдонгондо, мынчалык эрегишүүлөрдү баштан өткөрбөс элек го деген ойго кетчү болдум. Кийинки бийликтин жалтактыгын байкап, өч алаар күндү күткөндөр бар экенин танууга болбойт.
- Бакиевдерди кайра бийликке алып келүүнү көздөгөндөрдү айтканыңызбы бу?
- Жо-ок. Бакиевдерди эч ким бийликке алып келбейт. Бакиевдердин доорун, бакиевдердин доорундагыдай доорду эңсегендер бар. Өздөрү бийликке жетиш үчүн аларга бакиевдердин акчасы керек. Бийликке жетсе алар бакиевдердин күнөөсүн кечет, бирок бийликке жолотпойт. Бакиевдер Кыргызстанды талкаланган тепшинин жанына соксойтуп таштап, акчаны жүктөп кетпедиби! Акча аларда саман. Саман болгон үчүн Лукашенкону 200 миллиондук газдын карызынан куткарды да. Лукашенко: "досуман карыз алдым" деди го. Кайсы мамлекет эле эки күндүн ичинде карыз бере салат экен?! Атам замандан бери андай болгон эмес. Былтыр эле качып барып, быйыл жарандыгын ала салыш Белорустун мыйзамында деле болбосо керек. Бекер албагандыгы бештен белгилүү эле көрүнүп турат. Ушундай-ушундайларды далилдебей биздеги УКМК баштаган укук коргоочулар эшек такалап жүрөбү?! Далилдесе, Лукашенкого чейин айыбы ачылып, качып кеткен кылмышкерлерди быякка экстрадициялоо үчүн шылтоого шынаа болмок дегеним да! Кыскартып айтканда, жеңилген тараптын, мансапка илинбей калгандардын кекчилдиги билинип калды. Алардын көзү ийгиликти көрбөйт. Оозун үстөккө-босток куу тикен менен сүрткүлөп, "артка кеттик" дегенди гана сайрап, тумшугун быкыйдан сууруп алганга жарабай жашоонун супурасын учуруп турушат. Кемчиликти көргөндү билген адилет адам жакшылыкты да көрөт. Эл кызыкчылыгын бучкагына теңебей керт башынын гана жыргалчылыгын көздөгөн эгоисттердин ачкөздүк, мансапкордук илдеттен арыла коюшу оңой эмес тура. Андай илдеттен арылбай туруп, ынтымакташууга кадам шилтөө да өтө оор экен…
- Оор экенин түшүнүп туруп, улуттук ынтымакташуу жөнүндө кеп козгоонун кажети канча? Жөн эле ооз көптүрүү болуп калбайбы?
- Кыргыздар дээринде бүгүнкүдөй майда эмес, керемет касиеттүү, кекчилдиги жок, айкөл эл болгонбуз. Мындай асыл сапат таптакыр жоголуп кетпейт. Майдаланып турсак да, алиги жакшы сапатыбыз каңырыгын түтөтүп, каныбызда айланып жүргөн чагы азыр. Жакшыга да, жаманга да тез көнгөн калкпыз. Ошондуктан ынтымакташуу болот деп ишенем. Бирок кечикпесек экен дейм. Ынтымакта жашоо ыйык милдетибиз. Атка минер саясатчыларыбыз, башчыларабыз ачкөз дүнүйөкорлугун таштап, адилет, калыс жашап, жаатташпай, бөлүнүп-жарылмайын токтотсо эле карапайым калк ач-тогуна, бар-жогуна карабай ак ниеттен эмгектенип, жанын үрөп, ынтымакты бекемдейт. Дээриндеги айкөлдүк үргүлөгөн уйкусунан ойгонот. Кыскасы, саясатчылар эртерээк эсине келсе эле өөдө-төмөн чайпалбай тынч эмгектенип, тынч жашайт элек. Ынтымактуу элден душман да жазганат. Саясатчыларыбыз кыргызды ынтымагы жок элдей көргөзүп жатат. Аны көргөндөр бизден жазганганды мындай кой, өзүбүз менен өзүбүздү эрегиштирип, орто жерде элибизди дале сызга отургузуп салбас бекен?!
- Саясатчыларсыз жашоо токтоп калчудан бетер аларды өтө эле көкөлөтүп жиберген жоксузбу?
- Саясатчысыз, саясаты жок жашоо болбойт, аларсыз коом өнүкпөйт. Бийликтин бардык тармагын саясатчылар жетектейт. Алар баштан-аяк бири бирине чырмалышып, чынжырдай кошоктошуп алган. Саясатты карапайым калк жасабайт. Өткөндөгү балээлер, азыркы учурдагы, келечектеги балээнин баары саясатчылардын ойкуп-кайкыганында. "Балык башынан сасыйт" деген ошондон калган. Бул лакап бийлик башындагыларга гана тиешелүүдөй түшүнүктө жүрөбүз. Аткаминерлердин чоң-кичинесине бирдей таандык бул лакап. Демек, талап, милдет, жоопкерчилик баарыбызга бирдей. Бүгүнкү саясатчыларыбыздын токсон-токсон беш пайызы адилеттик, тартип, ынтымак, мыйзамдуулук жөнүндө саймедиресе, тилдери буудай куурат. Эгемендүүлүк жылдарында ээнбаштыгыбызга ээ боло албай билими тайкы, чаласабат дилетант саясатчыларды көбөйтүп салдык. Иттин кара капталынан көп партиялардын жайнап жүргөнү буга далил. Чаласабат, дилетант саясатчыдан жакшылык аз. Андайларда өзүмчүлдүк, караөзгөйлүк амал күчтүү. Эл бузарлар ошондойлордон чыгат. Өлкөдө тынч жашоо, бейкутчулук боло калса, алардын шакыйы кармайт көрүнөт, карапайым калкты дүргүтмөйүн санаасы тынбайт. Анткени ыр-чырдан башка амал-айла алардын колунан келбейт. Чыр чыгарып, карапайым калкты удургутуш үчүн калпты чындай таркаткан башаламандык, жаатташуучулук күчөгөндөн күчөп баратат. Натыйжада өлкөнүн кызыкчылыгы, эл-журттун мүдөөсү унутулуп, ыркырашмай, ырк бузуулар өкүм сүрүп, улут катары өзүбүздү өзүбүз сыйлай албай келатабыз. Көмөчүнө күл тарткан өзүмчүлдөрдүн кесепетинен дээринде пейли кенен элибиз пейлин тарытып алды, ыйманы таза элибиз ыйманын булгап алды. Агасы инисине, иниси агасына кайрымсыз, ата-энесин карылар жетимканасына өткөрүп тынгандар көбөйдү. Деги койчу, көйгөйлөрдү санап отурсак, чач-кирпигибиз түтпөйт.
- Көйгөйлөрдү көбөйткөн кандайдыр бир уютку, ачыткы болсо керек. Буга кандай дейсиз?
- Ачыткы деп таамай айттың, жыты дароо бур дей түштү. Албетте, ансыз кантип былык жосундардын быкыйы көбүрүп-жабырсын?! Андай ачыткынын аты - коррупция!
- Ооба, коррупция тамырын катуу жайган экен, ага чалдыкпаган жашообузда соо тармак жок. Атка минерлерибизге ишенсек, аны менен күрөшкөн күндө деле түп ордунан жок кылуу мүмкүн эмес окшобойбу. Мейли, жайыла берсин деп тим коюш керек дешкени го?
- Ооба, баамың туура. Коррупция түндүктөн түшкөн кут эмес, эл-жерди куруткан жут! Ачкөз аткаминерлер, алардын кошоматчылары аны канаттууга кактырбай бапестеп багып, жер бетине каптатып жиберсек дегенде эки көзү төрт, атүгүл сегиз. Улам коррупциянын өмүрүн тилеп, "аны түп тамырынан жок кылуу мүмкүн эмес" деген шүмшүк шылтоону таркатып, көңүл иренжиткилери бар. Бечара карапайым калк ошого алданып, баласы мектепте жакшы баа алса экен, окууга өтсө экен, дурус кызматка орносо экен, ооруга кор болбой врачтын көңүлүн алайын дегендей кемсинүүлөргө кайыл, жалгыз уюн болсо да сатып, коррупциянын чырагына май тамызып жатканы макирөө эмей эмне! Чоң күнөө! Кайсы бир заманда паракорлук күчөп кеткен өлкөнүн падышасы пара алгандардан мурда пара бергендердин колун керте чаптырып отуруп, параны тыйыптыр. Пара алганды да, бергенди да аёосуз жазаламайын коррупциянын тамырын кыркыш мүмкүн эмес. "Керкиде да, кемикте да бар" дегенди унутпасак. Параны майда күнөөсүнтүп, коррупцияга кошпогондор бар экен. Паракорлордун актанганы да бул. Балээнин баары ошо "майдадан" башталат. Пара жүргөн жерде коррупциянын күнү тууйт. Алгачкы эки президенттин тушунан бери миллиондоп жеп-жутканга көнгөндөр жазаланбай-этпей, эрдик кылып койгонсуп, кыйын сүйлөп, саясатты чаңызгыта беришсе, алиги "коррупцияны түп тамырынан жок кылуу мүмкүн эмес" дегендердин доораны жүрө берет.

(Уландысы бар)
Зайырбек АЖЫМАТОВ









??.??