presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Көз тийбесин!
120 жашка толсо да күүлүү-күчтүү Ирсалат апа
1893-жылы туулган Ирсалат Калматова Кара-Суу районуна караштуу Озгур айылында жашайт. Бактылуу чоң эне 120 жылдык мааракесин жердештеринин, ага-туугандарынын арасында белгиледи.


- Лениндин заманында аял-эркегине карабастан тегиз эле иштечү элек. Ата-энемдин жүзүн жер каратпайын деп керээлден кечке баш көтөрбөй эмгектенип жүрүп жашымдан саламатчылыгымдан айрылдым. Курт багуу жагынан Кара-Суу районунда биринчиликти колдон таптакыр чыгарчу эмесмин. Анан жер чекенелөө боюнча дагы жалаң алдыңкы сапта жүрчүмүн. Жалгыз балам өтө кежир эле, эч кимге барчу эмес. Айласыздан өзүм жонума кечке көтөрүп жүрүп пахта терчү элем, - деп өткөн күндөрүн эзиле эскерди Ирсалат чоң эне.
Байбиченин айтымында, жети атасы тең молдо болуптур. Алардын аттарын да жаңылбай айтканга үлгүрдү. Атасы Өмарбек молдо. Андан ары Алымбек, Казыбек, Маамыт, Максыт, Пазыл. Чоң аталары бүт молдо болгондугу үчүн Ирсалат апа да ушул тапта жүрөк куят, чочугандарга дем салат, көз ооруларды сакайтат.
- Жашымдан мээнеткечтикке үйрөнгөм. Азыр деле үйдө бекер отура албаймын. Минтип гүл сугарам, анан ашкабак эгем. Беш убак намазды үзбөй окуймун. Өзбекстанда дагы кыйла жылдар жашагам. Өзү кыргызча накта атым Нысахан. Өзбекстанда улутумду өзбек деп өзгөртүп, ага жараша атымды дагы паспортума Ирсалат деп мени менен бирооз кеңешип-таңашпастан жазып ташташкан, - дейт Ирсалат Калматова.
Баса, бир кылымдан ашык жашаган чоң эне он төрт неберелүү. Ар небересинин бештен баласы бар. Небере, кыбыралары толтура. Бирок өзү азыр деле жалгыз уулунун колунда. Айылдаштары көп иштегендиктен дагы төрөгөн эмес деп калышат.
- Соңку тапта саламатчылыгым кескин түрдө начарлап кетти. Бирок ошого карабастан неберелеримди мыктылап тарбиялаганга жакындан көмөктөшүп жатамын. Илгери кандай азап тартып эмгек кылсам, эми моминтип анын үзүрүн көрүп жатам. Ушунусуна кудайга шүгүр. Азырынча менде эч кандай муктаждык жок. Жалгыз балам күн сайын үзүлүп түшүп каралашат. А жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы майрам күндөрү мени таптакыр унутушпайт. Атайын белек-бечкектерин тартуулап турушат, - дейт Ирсалат чоң эне.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Кара-Суу району, сүрөттөр автордуку




Ишенген инвестор
Кадамжай сурьма комбинаты
эмне үчүн карыз?

Союз маалында дүйнөгө атагы чыккан Кадамжай сурьма комбинаты, эгемендүүлүк алгандан кийин көрүнгөндүн колунда калып иши аксай баштаган. Орустар башкарып иштеткен убакта сурьма өндүрүү жогорку тепкичке көтөрүлүп, комбинаттын шылтоосу менен Кадамжайга (союз убагында Фрунзе деп аталган) көп кабаттуу үйлөр катарынан түшүп, көчөлөр гүлгө айланып, чоң шаарлардан кем калган эмес. Кадамжай районунун калкын жумуш менен камсыздап турган комбинат 1967-жылы Лондондогу эл аралык биржа тарабынан дүйнөлүк эталон катары таанылган. Ал эми союз ыдырап орустун баары Россияга качып, Акаевдин бийлигинин колунда калган сурьма комбинаты банкрот абалга келген. Аскар ажонун доорунда сурьма иштетүү эмес, күнүмдүк нанды таап жеш чоң көйгөйгө айлана баштаган. Ошентип атагы алыска кеткен комбинат өзүн-өзү каржылай албай, бүгүнкү күндө аны казакстандык инвесторлор иштетип келе жатат.
Кыргызстандын эң кирешелүү тармактары сыяктуу сурьма комбинаты да башка өлкөнүн колунда. Жакында алынган маалыматтарга караганда, Кадамжай сурьма комбинаты 2013-жылдын 5 ай ичинде 501,7 тонна же 265 млн.305 миң сомдук сурьма жана сурьма кошулмаларын өндүрүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө 1 тонна сурьманын баасы дүйнөлүк рынокто 8 миң 700 АКШ долларын түзүүдө.
Сурьма комбинаты 2012-жылдын жыйынтыгы менен 924,8 тонна (540 млн. 700 миң сомдук) сурьма өндүрүп, планда каралган көлөмгө 275 тоннага гана жетпей калган. Сурьма комбинаттын жетекчилигинин билдирүүсүндө, мындай абалдын негизги себеби сырьенун сырт жактардан ташылып келүүсү .
Бирок кирешени көңүлдөгүдөй алып жаткан казак ишкерлери иштеткен ишкананын электр энергияга болгон карызы 37 миллион сомдон ашып кетти. Райондук коллегияда сурьма комбинаттын директору Манатбек Бахтыбаевди олуттуу суроолор менен жарга такашып, "Ош электр" ишканасы комбинаттын карызы 37 миллион 96 миң 512 сом 39 тыйын болгонун билдирген. Миллиондогон кирешени таап аткан комбинаттын жетекчилерине эмне себептен электр энергияга төлөбөй жаткандыгы түшүнүксүз.
Белгилей кетсек, Кадамжай сурьма комбинаты 2009-жылы 905 тонна, 2010-жылы 843 тонна, 2011-жылы 891 тонна сурьма өндүргөн.
Азамат Абсаттаров, Кадамжай району





Өлө электе пенсия алсам болот эле

Сиздерге кайрылуумдун себеби, мага азыркы убакта төлөнүп жаткан 4499 сомго макул эмесмин. Мен 1954-жылы аскерге кеткем. 1958-жылга чейин Батыш Украинада Владимир Волынский деген шаарда чалгындоо батальонунда кызмат кылдым. 1958-жылы комсомолдук жолдомо менен Караганды шаарына шахтага иштеп кеттим. Мен ошол бойдон шахтада иштеп калгам. 1958-жылдан 1969-жылга чейин 10 жыл шахтанын алдында иштедим.
1976-жылы Кыргызстанга келдим. 1982-жылы шахтадан барып справка алып келип, 80 сомго пенсияга чыккам. Шахтанын справкасы менен пенсия кошулган эмес. 1984-жылы Чүй облусунун Чүй районундагы Он бир Жылга айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма айылына келип, колхоздо иштеп калгам. Мен ошол мурунку шахтадан алып келген справка менен Чүй районунун Соцфондунун төрагасы Бакыт Ишеналиевге арыз менен кайрылгам. Бул справкаң жарабайт, жаңырт, адвокатка кайрыл деди. Мен Чүй районунун адвокаты Күмүшбек Ыбыкеевге арыз менен кайрылсам, "Карагандыга жазсам көпкө чейин созулуп калат, ошон үчүн өзүң барып келгениң туура болот" деди. Анан кунаажынымды 25 миң сомго сатып Караганды шаарынын архивинен справка алып келип адвокат Ыбыкеевге келсем, "кайненем өлүп ошол жакка баратам, таштап кет карап чыгайын" деди. Ага ишенип таштап койдум. Үч күндөн кийин бардым баягы справкага. Компьютерден өткөрдүм деди, көрсө адвокат справканын оригиналын алып коюптур. Оригиналы сыя менен жазылат тура. Андан кийин Соцфонддун төрагасы Бакыт Ишеналиевге барсам, ал "справканын оригиналы жок кабыл алалбайм, сен Казакстандын Карагандысынан пенсияга чыгышың керек" деди. Ошентип эч натыйжа чыкпагандан кийин прокуратурага арыз менен кайрылдым. Прокуратура сотко берсең болот деген тыянакка келди. Андан соң президент Алмазбек Атамбаевге арыз менен кайрылдым. Президенттин жарандардын каттары бөлүмүнүн башчысы М.Абдылдаев дегенге жиберген. М.Абдылдаев менин арызымды Соцфонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиевге жиберет. Ал өз кишилерин комиссияга киргизип, Чүй районунун Соцфондун бир ай текшертип тактап туруп, Соцфонддун төрагасы Бакыт Ишеналиевди облуска алып кеткен деген кеп жүрүп жатат. Элди алдаган аны жоопко тартыш керек болчу. Ошон үчүн мен арызымда финансы полициясына деп ачык жазгам.
Чүй районунда Он бир Жылга айыл өкмөтүндөгү Прогресс айылында почта бар, ал почтадан пенсионерлер өз убагында пенсия алчу эмес, дайым акча жок деп жабык турчу. Азыр пенсионерлер жыргап калышты. Дайым ачык. Пенсионерлерден документсиз акча алып пенсияга чыгарган күндөр болгон. Мен алып келген шахтанын справкасынын оригиналын жоготушкан. Шахтага экинчи жолу жазып аны дагы жолдон алып коюшкан. Үчүнчү жолу жазып, аны архивде иштеген кыздар Бишкек шаарынын архивине жиберишти. Архивдин директору келген күндүн эртеси эле мени чакырып справканын оригиналын колума берди. Азыр оригиналы колумда. Мен болгону эмгегиме жараша пенсия алууну гана каалайм.
Эми экинчи маселе кредит жөнүндө. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов иштеп турганда 7% кредитти Кыргызстан боюнча берген. Ар бир айыл өкмөтүнө 2 миллион сомдон бөлүнгөн. Чүй районунун Он бир-Жылга айыл өкмөтүнө да 2 млн. сом бөлүнгөн. 1995-жылы мени эл Аксакалдар сотунун төрагасы кылып шайлаган. Ошондон бери иштеп келе жатам. Биздин айылда ошол кредитти берчү өкүлдөр Ж.Эгембердиева, Б.Кадыров, М.Карабаев жашыруун иштеп жатканда мен аларды ачыкка чыгаргам. Кийин кулайын деп калган короомду тосуш үчүн 20 миң сом кредит сурасам беришпейт. Картаңсың дегенинен аялыма документ жасаткам, дале беришпейт. Менин арызым азыр өкмөттүн ичинде тегеренип жүрөт. Ушуну карап чечип берүүңүздөрдү суранам.

Барике ИСРАИЛОВ, Чүй облусу, Кайырма айылы










??.??