12.07.13 Кыйындын көбү кыргызда
Акжолтой ТУКУНОВ:
"Мекенчил болуу менен "эле Мекенди оңдосок "болот"
Бир окурманыбыз "Акжолтой аттуу кыйын жигит бар, оюн угуп көрбөйсүңөрбү" деп калды. Көңүлсүнбөй жатып келсин десем, редакцияга "Тазалык" ишканасынын инспектору, Балыкчы шаарынын кулуну, кесиби салыкчы, экономист Акжолтой Тукунов башбакты. Аны угуп отуруп гезитибизге жарыялоону туура көрдүк. Анын айткандарында замандаштарыбызга үлгү болор көп кызыктар бар экен.

- Мен жумушсуздуктан улам 2004-2011-жылдары Астанадагы өтө чоң өндүрүштүк телекоммуникацияда топ-менеджер, "Астана Инвестстрой" ишканасында сатуу боюнча менеджер болуп иштедим. Акыркы үч жылда өзүмдүн "Азиясеть" кичи компаниямды ачып ошондо башкы директор болдум. Алыста жүрсөк да 2005-2010-жылдардагы революцияларда мекенибизди ойлоп боордошторубуз менен тыгыз байланышта болуп турдук. Акыры өз элиме аз да болсо салымымды кошоюн деп кайра кайтып келдим. Өзүмдүн теңтуштарым, курсташтарым райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги чоң кызматтарда иштеп калышкан экен. Мага иш таап бергиле десем алар бажы кызматы, салык инспекциясы сыяктуу кызматтардан иш сунушташты. Бирок ал жакка сөзсүз ири суммадагы пара бериш керек экен. Менин парасыз жумушка орношкум келерин угушкан досторум "Тазалык" муниципалдык ишканасында иш бар экенин, бирок ал мага анча ылайык келбей каларын айтышты. Баары кичинеден башталат деп "Тазалыкка" инспектор болуп кирдим. Ошо кезде Марат Кутанов ишканага жаңы директор болуп келип жатыптыр. Биринчи эле жыйналышта ал жамаатка кайрылып ишти алдыга жылдыруу үчүн жардам сурады. Эртеси жетекчиге кирип таштанды үчүн акча төлөбөгөндөрдү төлөтүү боюнча долбоорумду көрсөттүм. Директор макул болуп, жыйынтыгында төлөмдөрдү төлөбөгөн бир катар чиновник, бизнесмендер чекесинен төлөп башташты. Бирөө мурда төлөбөгөн 34 айына төлөп, кошумча алты айга алдын ала төгүп берди.
- Чиновниктерди кантип кус-турдуңуз?
- Канткен менен ММК чиновниктерге чоң таасир берет экен. Өткөндө бир гезитке Темир Сариев, Султан Раевдин таштандыга төлөбөгөндүгү тууралуу айтып, документтерди келтиргем. Экөө тең түшүнүү менен кабыл алып таштанды төлөмдөрүн төлөп беришти. Бул үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Ал кишилердин арты менен көп киши мурда төлөбөй жүргөн акчаларын төгүп берди.
- Муну менен парасыз деле майнаптуу иштесе болот деген турасызбы?
- Албетте, болот. Азыр адамдардын көбүнүн аң-сезиминде кантип көп акча тапса болот деген ой бекем сиңип калыптыр. "Тазалыкка" инспектор болуп ишке кириштим десем өзүмдүн сексендеги таенем "ал жакта "шабашка" бар бекен?" деп оозумду ачырды. "Шабашка" бизче пара алуу деген эле эмеспи.
- "Шабашка" демекчи, "Тазалыкта" эмгек маянаңыз канча? Үй-бүлө бакканга жетеби?
- Маянабыз 7 миң сом, жолубузга миң сом берилет жана чөнтөк телефонубузга 500 сомдук бирдик салынат. Ишке алгач киргенде эле тааныштарым парасыз жашай албасымды айтышты. Чынында, Казакстанда чоң акча таап көнүп алган жаным биртоп кыйналдым. Анан жубайым экөөбүз кеңешип өрүктүн, алманын кагынан шербет кайнатып, келинчегим сата баштады. Он литр сууга бир килограмм как, бир килограмм кумшекер кетет экен. Күнүнө 50-60 литр сатып 500-700 сом кошумча киреше табабыз. Эч кимден акча сурап, эч кимден бир тыйын пара албайбыз. Тапканыбыз жашообузга жетет.
- Астанада чоң кызматтарда иштеп, жакшы акча тапчу экенсиз. Азыркы аз маяналуу ишиңизге кантип ыраазы болуп жатасыз?
- Ооба, мунуңуз туура сөз. Адамга ылдыйдан өйдөгө чыгыш оор болсо, жогортон төмөнгө түшүү ого бетер оор. Көп адамдар чоң кызматынан айрылганда, чыдабай ичкиликке берилип кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Мага Чубак Сатаевдин "барга көппөй, жокко чөкпөйлү" деген ыры менен беш убак намаз жардам берди. Чынында өйдөдөн дароо паска түшүү өтө чоң сыноо экен. Астанада иштеп жүргөндө күнүнө 500 доллардан миң долларга чейин тапчумун. Бул жакта андай акча табыш кыйын. Бирок мен чөккөн жокмун. Баарын нөлдөн баштадым. Ошол мага кызык болду.
- Буга чейин көп жактарга ар түрдүү маселелер боюнча кайрылдым дедиңиз. Кайсы маселелер менен, кимдерге кайрылдыңыз?
- Мен спикерге, президентке, премьер-министрге көп маселелер менен кайрылгам. Алсак, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, кыргыздын малынын эти мыйзамсыз кантип сыртка чыгып кетип жатканы, Россиядан келген ГСМдин Тажикстанга чыгып кетиши, президенттик-парламенттик башкаруу тууралуу сунуш, кайрылууларымды жолдогом. Атургай Пирамида телеканалындагы түнкү сеанс, ыплас СМСтерди токтотуу боюнча кайрылып, жакшы жылыштар болду. Өкүнгөнүм, президенттик аппарат кызматкерлери, кат менен иштегендер келгендерди кабыл алып коюп эле алардын мүшкүлүн президент, премьерге жеткизишпейт экен. Менимче, мурунку эки президенттин катачылыгы да эл арасынан келген жакшы сунуш, арыз, кайрылууларды укпай койгондугунда болду.
- Колуңузда Ысык-Көл облусунун маселелери боюнча президентке жолдогон кайрылууңуз турат. Жакында болгон ызы-чууларды болтурбай коюнун жолдору бар беле?
- "Кумтөрдү" өтө саясатташтырып алышты. Ал жерде бир эле көйгөй алтын кен калдыктарын сактоочу жай болуп жатат. Биз канадалык компаниядан дүйнөлүк стандарттагы, экологияга зыян келтирбей турган калдык сактоочу жай курууну жана бийликтен "Ысык-Көл коомдук фондуна" бөлүнгөн каражатты туура пайдаланууну гана талап кылышыбыз керек. Көлдө, Бишкекте ИИМ, УКМК, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү табакташ болуп, арам акчага илешип алышкандыктан жанагыдай башаламандыктар болуп жатат. Ар кайсы структураларды реформалаш керек деп кыйкырабыз. Менимче, эч кандай реформа кылбай эле азыркы Башмыйзамды жакшы иштетип, кемчиликтери болсо оңдоп коюшубуз керек. Реформа кылабыз дегендер эптеп акча жештин айласын кылгандар.
- Сиз ар бир кыргыз мекенчил болуу менен мекенине салым кошот дейсиз. Куру мекенчилдик менен эч нерсе чечилбесе керек?
- Менимче, мекенчил болуунун өзү эле чоң салым. Балыкчыда бир кичинекей дүкөндө соода кылган байке бар. Бир кыргыз кардар келип андан "байке, сахар берип коюңузчу" десе, ал "менде сахар жок" дептир. "Ой байке, тигине турбайбы сахар текчеде" десе, ал "бул сахар эмес, кумшекер" дептир. Керек болсо ушинтип кенедей нерседен чоң салым жаратса болот. Кудайга шүгүр, азыр президентибиз да кыргызча жакшы сүйлөп калды. Бирок иш жүзүндө кыргыз тили дагы эле жакшы колдонулбай жатат. Мекенчилдик демекчи, мисалы мен жалаң кыргыз тикмечилери тиккен кийимдерди кием. Бут кийимимди Али деген кыргыз бала тиккен. Жаныма дайыма таза кой жүнүнөн жасалган кыргыз калпагын алып жүрөм. Керек болсо байпагым да ата-мекендик өндүрүштөн чыккан байпак. Чет өлкөнүн кымбат кийимдерин кийгенче өзүбүздүкүн кийүү да менимче мекенге кошкон салым.

Мелис СОВЕТ уулу




АКШнын назарына илинген Мырзакматов, бийлик үчүн баарына даяр саясатчылар

"Жел жүрбөсө чөп башы кыймылдабайт" дейт элибизде. Анын сыңарындай, убагында жомок катары айтылган ушактардын көпчүлүгү кийинчерээк чын болуп чыга келет. Биз дагы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан аңыздардын урунттууларын тизмектедик. Ысымы аталган фигуралар чычалап сотко сүйрөбөшү үчүн бул "имишбайлар" экенин дагы бир жолу эскертмекчибиз.
Ош мэри Мелисбек Мырзакматов Вашингтондун назарына илингени тууралуу кеп кетти. Ага кулак түрсөк, АКШнын биздеги элчилиги Мырзакматовду түштүктөгү потенциалдуу, келечектүү саясатчы катары көрүп, ага "ставка" койгону жатыптыр. Муну элчи айым Памела Спратлендин атайын экинчи борборго барып, Мырзакматов менен бетме-бет жолугушканынан деле байкайсың. Муну туйган түштүктүн тыңчыкмалары Мырзакматовго чабуулун күчөтөрү шексиз. Ак үйдүн да мэрге далысын салганын эске алсак, ушул жыл ага толгон-токой көйгөйлөрдү жаратчудай. Анүстүнө бийлик аке "түшпөс ханды" ээрден оодарып, ордуна социал-демократчы Ыргал Кадыралиеваны отургузуу планына киришкени тигинин "ичкени ирим, жегени желим" болуп жүргөнү.

Базанын арты менен…

Кыргыз бийлигинин "Манас" аэропортунда жайгашкан транзиттик борборду чыгаруу чечиминен кийин океандын ары жагынан агылган чабармандардын карааны көбөйдү. Алар оңчул, солчул саясатчылардын бардыгы менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бизге жеткен маалыматка таянсак, оппозиция лидерлеринин бири: "Мага финансылык колдоо көрсөтсөңөр, күзүндө митингдерди өткөрөм. Бул бийликти кетирип, Россиянын Кыргызстанга болгон таасирин азайтып, силердин жетегиңерден чыкпайм. Авиабазаны да калтырам" маанисинде убаданы дүңүнөн бериптир. Америка ушул фигурага токтолсо, анда сентябрдын алгачкы күнүнөн тартып "Президент кетсин!", "Парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылып, өкмөт отставкага айдалсын!" сыяктуу талаптар коюлган митингдер сериясы башталат.

Жаңы криматалык шайландыбы?

Жаз айларынан бери жаңы "мыйзамдагы ууру" Москвадан "таажы" киери айтылып келе жаткан эле. "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, криматалыкты шайлоо иш-чарасы аяктап калганын эшиттик. Ага ишенсек, кылмыш чөйрөсүнүн жаңы "ханы" сентябрдын башында Кыргызстандын босогосун аттайт имиш. Саясый айдыңда тынчыбай жаткан учурда "кара дүйнөдө" "революция" жүз берип, шайыбыз ообос бекен?

"Ата журт" чачырады

"Саясатта түбөлүк достук болбойт, кызыкчылыктар гана болот" аныктамасын шилекей алышкан достор Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков дагы бир ирет ырасташты. Ушу тапта ар кимиси өз арбайын согуп, кийинки парламенттик шайлоого кызуу камданышууда. Акматбек Келдибекович эркин депутат Равшанбек Жээнбеков, Алтынбек Сулайманов, Нурбек Мурашев, Исхак Пирматов баштаган "республикачылар", Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Саматов, Надира Нарматова сындуу "ата журтчулар", "ар-намысчы" Бөдөш Мамырова менен биргеликте жаңы партия түптөөрүн эшиттик. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевич "Ата журттун" жарымын сактап калып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен тандемдешип, аламан жарышка аттанарын тар чөйрөдөгүлөр айтышууда.

Майда-барат кептерден

Алматыда жашырынып жүргөн экс-премьер Данияр Үсөновго аттуу-баштуу саясатчылардын жоон тобу барып келген имиши желдей тарады. Бул сапардын максаты жана жолугушууда кандай маселелер талкууланганы, албетте, бизге белгисиз.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктаарына аз калды. Иликтөөнүн натыйжасында агездеги дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин бир катар финансылык мыйзам бузууларды жасаганы тастыкталды дешет. Жантөрө Жолдошевичтин өкмөт башчылыктан кетишине ушул жагдай түрткү болушу ыктымал.
Акаев, Бакиев заманында "Кумтөр" келишимине кол койгон азаматтардын бири учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Мындай "эрдиги" жерде калбай, жакынкы аралыкта ага карата кылмыш иши козголору, Башпрокуратура аны жоопкерчиликке тартуу үчүн парламентке кайрылары айтылууда.

"Жаңы Агым" - пресс