12.07.13 Жан бага турган кесип тандабайлыбы?
Бардыгын балл чечеби же "шапкеби?"

Бишкекте окуу жайларга тапшыруу өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учур. 8-июлда жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча талон таштоонун 1-туру болуп өттү. Келаткан дүйшөмбүдөн баштап 2-тур башталат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көбү жогорку окуу жайларга тапшырууга ашыгып турат. Кесиптик билим алайын дегендери саналуу гана. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл мектепти 66 миңге жакын окуучу аяктаса, анын 55 миңдейи ЖРТ тапшырган. Абитуриенттерге жардам болсун үчүн кайсы окуу жайга жана кайсы адистикке тапшыруу керектигин адистерден сурадык.

Кара кыздын агынан эмес, баллынан...
Акылмандар бул жашоодо эки нерсени тандоодо жаңылбагыла деп эскертишет. Бири өмүрлүк жарды тандоо болсо, экинчиси кесип тандоо. Мектеп бүтүрүүчүсү үчүн биринчи тандоого али эрте болушу мүмкүн, бирок экинчи тандоонун убагы келип жетти. Андыктан акыл калчап, кереги тийе турган кесип тандоо зарыл. Айылдан Бишкекке жаңы эле келген мектеп бүтүрүүчүлөрү шаар ичинде кайсы маршрутка каякка барарын билбеген сыяктуу эле кайсы окуу жайга, кандай адистикке тапшырарын чече албай баштары маң.
Аман Сейдакматов борбордогу №69 гимназиянын бүтүрүүчүсү. Ал жалпы республикалык тесттен 200 балл алып, каалаган окуу жайыма өтөм деп кубанычы койнуна батпай турган чагы. Аман азыр абитуриенттин келечегин ЖРТ аныктап калганын айтат. "Жалпы республикалык тест кимдин ким экенин ачыктайт жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүп берүүчү курал болуп саналат. Мээң иштесе тесттен жогорку балл ал да, каалаган окуу жайдын каалаган бөлүмүнө бюджетке өтүп кет. Бул жерде тааныш же акча издөөнүн кажети жок. Тесттен аз балл алып калса, ортого акча салып, тааныш издегендер да жок эмес. Бир таанышым Дене тарбия академиясына тааныш менен өтөм деп даярданып жүрөт" деп ой бөлүштү.

Кайрадан №61 мектеп рекорд койду
ЖРТдан эң жогорку балл алган 50 бүтүрүүчүгө 28-июнда Президент Атамбаев алтын сертификат тапшырды. Быйылкы жылдын эң жогорку баллы 237. Аны Бишкектеги №61 физика-математика мектебинин бүтүрүүчүсү Анжела Абразакова алды. Былтыр деле ушул мектептен Мария Лукина 238 балл менен рекорд койгон эле. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылдын баллдык көрсөткүчтөрү былтыркыдан анча деле айырмаланган эмес. Былтыр 0 балл алган бирөө катталган болсо, быйыл эң төмөнкү балл 25ди түзгөн.

Кыргызстандагы эң мыкты ЖОЖдор кайсылар?
Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл өлкө боюнча 66 миң окуучу мектепти аяктаган. Мурдагы жылы артыкчылык аттестатына 3500 окуучу ат салышса, быйыл 1900 окуучунун 209у гана кызыл күбөлүккө татыктуу экенин тастыктаган. Мектепти артыкчылык аттестат менен аяктагандардын санынын азайышын министрлик кызыл аттестаттын макамын көтөрүүгө болгон аракет менен байланыштырды. Деген менен өңү эле кызыл болбосо, катардагы аттестаттардан айырмасы жок. Кызыл менен бүткөндөргө жогорку окуу жайга өтүүдө эч кандай жеңилдик каралбайт.
Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева былтыркы жылдын жыйынтыгына таянуу менен өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларды санап берди. Тагыраагы, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдыңкы бешилтигине төмөнкүлөр кирет. "Былтыр гранттык орундар боюнча 1-орунду Кыргыз-Орус Славян университети (КОСУ), 2-орунду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА), 3-орунду Кыргыз-Түрк "Манас" университети (КТМУ), 4-орунду И.Раззаков атындагы техникалык университет жана 5-орунду Бишкек гуманитардык университети (БГУ) алган. Контракттык орундар боюнча 1-орунду Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ), 2-орунду КОСУ, 3-орунду КММА, 4-орунду Ататүрк - Ала-Тоо университети жана 5-орунду Президенттин алдындагы башкаруу академиясы алган" деген маалымат берди.

"Манаста" бир орунга жети киши
Кыргызстанда академиялык жактан эң таза окуу жай катары Кыргыз-Түрк "Манас" университети аталып жүрөт. Анткени бул окуу жайга бай, кедей дебей өз билимине ишенгендер гана өтө алат. Өлкөдөгү коррупция, контракт жана сырттан окуу деген түшүнүктөр жок жападан жалгыз окуу жай десек да жарашчудай. Аталган окуу жайдын абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын катчысы Мирзат Ракымбек уулу студенттикке талапкерлерди каттоонун жүрүшү боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди. "Бизге былтыркыга салыштырмалуу миңден ашык бала көп тапшырып жатат. Быйыл биз 1152 баланы кабыл алабыз, квота ушундай. Мындан сырткары ЖРТ боюнча да жүздөй бала алабыз. Азырынча бир орунга 6-7 абитуриент ат салышып жатат".

Улуттук университет кантип атат?
Диктофонубузду көтөрүп алып, улуттук деген статусту алып жүргөн Жусуп Баласагын атындагы университетке бет алдык. Ал жерде да абитуриенттерди кабыл алуу кызуу жүрүп жаткан экен. Баары эле ата-энесин же жакындарын этектеген бүтүрүүчүлөр. Жогорку билим албасам болбойт деп Жалал-Абаддан борборго келген абитуриент Эрзаттын апасы Махабат Мукамбетова уулун каякка, кайсы бөлүмгө тапшыртарын билбей эки анжы болуп жатканын жашырган жок. "Өзү деле кайсы жакка тапшырарын жакшы билбей жатат. Келечегине, Кыргызстанга, бизге, эң башкысы өзүнө керектүү кесип тандап алса дейбиз. Азыр контракт 30 миң сом экен. Бул айылдан келгендер үчүн аябай эле кымбат. Ошон үчүн бюджетке өтүп калса экен деп тилек кылып жатабыз" дейт абитуриенттин апасы.
Рапия Исаева Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясында иштеп жаткан учуру. Ал жүрүп жаткан өнөктүк боюнча төмөнкүдөй оюн ортого салды: "Абитуриенттер жылдагыдан аз көрүнөт. Диаграмманы карасак 50 миңдей баланын 30 миңдейи гана 100 баллдан жогору алыптыр. Ал эми бюджеттик орундарга 110, контрактка 105, дистанттык окууга 95 баллдан жогору алгандар гана тапшыра алышат".

Кайсы адистикке талап жогору?
Билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Шаматов "кандай болсо да жогорку билим алышым керек" деген умтулууну эсил кайран СССРден калган стереотип деп баалайт. Эксперт абитуриенттерге кеңеш катары төмөнкү адистиктерге тапшырууну сунуштайт. "Айыл жана мал чарбасы боюнча кесиптердин аброю анча болбой калды. Азыркы учурда баары эле сот, баары эле журналист, экономист болуп акча тапкысы келет. Бизге айыл жана мал чарбасын көтөрө турган мыкты адистер керек. Жогорку даражадагы инженерлер, электриктер жана ширетүүчүлөр өзүбүздөн чыкса сонун эле болмок. Мисалы, Кумтөрдө, жаңы курула турган ГЭСтерде иштей турган мыкты адистер бизде жок. Ошондуктан ушундай жерлерде иштей турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдашыбыз керек" деген оюн билдирди.

Стипендия көбөйөт дейби, ыя?
Жаңы окуу жылынан баштап мамлекеттик окуу жайларда билим алган студенттердин стипендиясы көбөйөт. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы өткөн апта соңунда кол койгон. Акыркы 10 жылдан бери жогорку окуу жайда билим алгандар 300 сомго жетпеген, ал эми кесиптик-техникалык окуу жайларда окугандар 150 сомдун тегерегинде стипендия алып келишет. Токтомго киргизилген өзгөртүүгө ылайык, студенттер мындан кийин 800 сомго чейин стипендия алып калат. Ал эми орто жана кесиптик билим берүү окуу жайларынын мыктыларына 720 сом каралган. Бирок мурдагыдан айырмаланып "3" жана "4" деген баалар менен окугандар стипендиясыз калат. Эске салсак, Кыргызстандагы эл аралык деген статусу бар университеттер ар ай сайын окуунун мыктыларына 25 долларга чейин стипендия төлөп келет.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ