12.07.13 Жаманды коногу бийлейт
Кытайлардын экспансиясына кантип туруштук беребиз?

Улам бир кытай ишканасы ачылган сайын жергиликтүү эл "эшектин баасы чыкты" деп кудуңдап жатышты эле, кыргыздар эми минтип эшектей көбөйгөн мыйзамсыз кытай жумушчуларынан запкы көрө башташты. Кытай-кыргыз жарандарынын ортосундагы кагылышуулар биринчи жолу болуп жаткан жок. Бирок 3-июлдагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун куруп жаткан кытай жумушчулары менен күч органдарынын тиреши маселенин курч экендигин дагы бир жолу тастыктады. Эң кызыгы, Кыргызстанда канча кытай жараны бар экенин эч ким билбейт. Расмий маалыматтар боюнча болгону 8455 кытай жаранына иш квотасы бөлүнгөн делсе, бейрасмий маалыматтар боюнча кытайлардын саны 300 миңге жеткени айтылууда.

Беш жылдан кийин
эмне болот?
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына таянсак, 2012-жылы Кыргызстанда иштөөгө 11352 чет өлкөлүк жаранга квота берилген. Анын 8455ин кытайлык жарандар түзөт. Бул расмий гана маалымат. Ал эми "Эркин эл" партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков Кыргызстанда 300 миңге жакын кытай жараны бар экенин айтат. "Миграция маселеси 20 жылдан бери каралбай жатып, эми минтип жетер чегине жетти. Биринчиден, кытайлардын капташы улуттук коопсуздукка шек келтирет. Керек болсо мамлекеттин жоголуп кетишине алып келет. Экинчиден, өзүбүздүн жарандар иш таппай чет өлкөлөрдө темселеп жүрсө, башка улуттун өкүлдөрү Кыргызстанда чартаңбай тээп жүрүшөт. Иш квоталарын толугу менен жокко чыгарып, бизнесмендерге, инвесторлорго квота бериш керек. Чет өлкөдөн келген жарандарды толугу менен көзөмөлдөбөсөк абал өтө курч. Эгер ушул боюнча кете берсек 5 жылда кытайлар чоң социалдык маселеге айланат" деген оюн ортого салды.

"35 кытайды кармап келдик"
"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси көптөн бери өлкөдөгү мыйзамсыз жумушчуларга каршы күрөшүп келишет. 3-июлдагы Кочкордогу кытай жумушчулары менен күч органдарынын тирешине да күбө болушкан. Кыргыз чоролорунун айтымында, аталган тирешти тиешелүү органдар жаап-жашырганга аракет кылышкан. Бирок бирикме мүчөлөрү тарабынан тартылган видеотасма интернетке чыгары менен болгон окуя толугу менен ачыкка чыкты. Кочкордо жүргүзүлгөн рейдде кытайлык жарандар ИИМ, УКМК кызматкерлерине документтерин көрсөтүүнүн ордуна аларга кол көтөрүп муунтканга чейин барганы тасмага тартылып алынган. Окуяга катышкан 83 кытайдын ичинен туш-тушка качып отуруп 25и гана райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Аталган бирикменин маалымат катчысы Кубатбек Осмонов Кочкор РИИБине камалган 25 кытайлык жаран бийликтеги таасирдүү адамдардын коңгуроосунан кийин бошотулганын айтты. Мындан сырткары Кубатбек мырза 9-июлдагы Аламүдүн районундагы рейд боюнча: "Аламүдүн РИИБи менен рейдге чыгып, Грозный айылындагы кыш чыгаруучу заводдо мыйзамсыз иштеп жүргөн 35 кытай жаранын кармап келдик. Алардын бирөөндө да документ же эч кандай уруксат кагазы жок экен. Сот чечим чыгарса кытайларды чек арадан ары өткөрүп келебиз" деген маалымат берди. Эске салсак, "Кыргыз чоролору" буга чейин Ала-Бука, Байтик жана башка жерлерде мыйзамсыз иштеп жүргөн кытай жарандарын кармашкан. "Кыргыз чоролорунун" айтымында, мыйзамсыз иштеп жүргөн кытайларды бийлик башындагылар калкалап келет.

Кыргыз паспорту канча турат?
Саясат таануучу Марат Казакбаев мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга каршы жарандык активисттер эмес, тиешелүү органдар күрөшүшү керектигин айтат. Ал эми эркин депутат Равшан Жээнбеков мыйзамсыз иштеп жаткан жумушчуларга каршы коомдук уюмдардын күрөшүп жатышын демократиялык көрсөткүч катары баалайт. "Негизи биздин өлкөдө мыйзамсыз жолдор менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү органдар чара колдонуш керек. Бирок алар өз ишин так аткарбай жаткандыктан бейөкмөт уюмдар, коомдук бирикмелер киришип жатышат. Бул болсо коомдук пикир жаратып, атайын кызматтардын жакшы иштешин шарттайт. А мыйзамсыз жумушчулардын көбөйүшү коррупциянын айынан эле болуп жатат. Чет өлкөлүктөр акчанын күчүнө салып каалагандай документ жасап алып жатышпайбы" деген оюн ортого салды.

Табышмак:
Ала-Тоодо канча
кытай бар?
2008-жылы Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замирбек Молдошев Кыргызстанда 60 миңдей кытай жараны бар экенин биринчилерден болуп ачыкка чыгарган. Жакында эле Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө 100 миңдей чет өлкөлүк жаран болсо, анын 90 миңи кытайлар экенин шардана кылды. Кыскасы, "Дордой-Жунхай", "Мадина", "Таатан" сыяктуу ири базарларда жана башка көптөгөн кытай ишканаларында канча кытай жараны иштээри дагы деле белгисиз. "Республикачы" депутат Курманбек Дыйканбаев парламентте Кыргызстандын паспортун кытай жарандары 7-10 миң долларга сатып алып жатканын айткан. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев былтыр бир гана жаранга өлкө президенти паспорт алууга уруксат бергенин жар салды. Кыскасы, бири бирине эле түртө салган чиновниктер. Эшектен, бака-жыландан башталган кытай экспансиясы акыры жүрүп өзүбүздүн башыбызды жутуп тынбаса эле болгону…

Уланбек ЭГИЗБАЕВ





Качан "өрт" чыгаар экен?
Диний экстремисттер түштүктү беймарал жойлоп жүрүшөт

Адистердин баамында, соңку жылдарда өлкөдө халифат курууну эңсеген Хизб ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын мүчөлөрү улам калыңдап баратат. Алар айрыкча жаштарды байма-бай азгырып, катарын бара-бара калыңдатуунун заманбап жолун ойлоп табышты.
- Биздин кызматкерлерибиз атайын уюштурулган операциянын негизинде Хизб ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын аялдар канатынын үч эң активдүү мүчөсүн кармашты, - деп маалымдады "Жаңы Агым" гезитине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков. - Тилекке каршы, Ош шаардык соту күмөндөлүп жаткан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын 18 жаштагы тургуну Орозалы кызы Айчүрөктү сот залынан дароо эле бошотуп ийди. Ал эми Ош шаарынын тургундары, 20 жаштагы Бурулай Рахманжан кызын жана анын курбалдашы Айгерим Молдобаеваны үй абагына чыгарып жиберди. Ошентип кайран мээнетибиз көздү жумуп ачкыча текке кетти.
Замир Сыдыковдун айтымында, кармалгандардын экөөнүн үйүн тинтишкенде Хизб ут-Тахрир диний экстремистттик партиясынын арам идеяларын кубаттаган жана элди токтоосуз түрдө халифат курууга үндөгөн 24 даана DVD диск, 14 баракча, мындан тышкары 11 китепче табылган. Ал эми Бурулай Рахманжан кызынын үйүнөн хизб ут-тахрирчилерге таандык 25 DVD диск, 2 баракча, флеш-карта, ошондой эле ноутбук, 3 дептер жана халифатка үндөгөн 13 китеп алынды.
- Булар эч нерсе эмес. Дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрүндө, айрыкча Сирия, Египет, Пакистан жана Ооганстандагы кырдаал Кыргызстанга, анын ичинде түштүк аймагына түздөн-түз кесепетин тийгизип жатат. Ошон үчүн Кыргызстандагы айрым диний агымдар соңку тапта ашкере радикалдашып, ошого жараша ушул аралыкта арам аракеттерин дагы абдан активдештирип ийишти, - деди Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймагы боюнча жетекчиси Курбаналы Узаков.
Курбаналы Узаковдун ырасташынча, хизб ут-тахрирчилер арам идеяларын жүзөгө ашыруу максатында акыркы үлгүдөгү заманбап технологияны колдонууга кең-кесири ыктагандыгы өтө кооптондурат.
- Мунун кесепетинен динин башка динге дароо алмаштыруу фактору өтө күчөп баратат, - дейт Курбаналы Узаков. - Былтыркы алты айга салыштырганда арам максаттарга тартылган диний мүнөздөгү техникалык каражаттар быйылкы жарым жылдын ичинде эки эсе өстү. Маселен, шектүү кишилерден 1328 видео-аудио диск, 1113 китеп, 37 видеотехника (компьютер, ноутбук) алынды. Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда, ошондой эле Ош шаарында, Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарында диний экстремисттер акыркы мезгилде чындап эле өтө активдешти. Хизб ут-тахрирчилердин 90 пайызы жалаң жаштар. Анан дагы ага улай аялдар булардын сабына байма-бай кошулуп атышат. Булардын аларга азгырылган себеби: биринчиден, басымдуусу диний жактан таптакыр сабатсыз, экинчиден, аялдардын көпчүлүгү динге бат жана аңой ынанышат экен. Үчүнчүдөн, өлкөбүздөгү туташ диний сабатсыздык дагы кендирди кесип турган чагы.
Деген менен жергиликтүү серепчилер диний экстремисттер менен укук коргоо органдары жетиштүү күрөшпөй жатышкандыгын байма-бай айтышууда.
- Укук коргоо органдары Хизб ут-Тахрир уюмуна чын дилинен кошулгандар менен күрөшкөн жери жок! - деп эсептейт серепчи Эркин Абдыразаков. - Алар куру идеяга, жеңил турмушка көроокаттын айынан бирин-серин азгырылгандарды гана тутуп атышат. А негизи эмне үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан хизб-ут-тахрирчилерди өз Мекенине таптакыр жолотпойт? Анткени аталган мамлекеттерде улуттук же мамлекеттик идеология бар жана ал абдан кудуреттүү. А Кыргызстанда улуттук идеология түгүл анын жыты дагы жок!

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, сүрөт Санжар Эралиевдики




Миңдеген митингден соң
Милиция менен журналисттер бирге иштей турган болду
10-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара кызматташуунун жаңы баскычы жаралды.

"Медиа Полиси институту" коомдук фондун жана бир катар активдүү журналисттерди биртоптон бери митинг, пикеттер өткөн учурларда милиция менен журналисттер канткенде эки тарапка пайдалуу кызматташа алат деген маселе түйшөлтүп келген. Аталган коомдук фонд бул үчүн атайын документ иштеп чыккан. Ал "Жалпыга маалымдоо каражаттары менен укук коргоо органдарынын Бишкек шаарында тынч чогулуштарды өткөрүү учурунда биргелешип аракеттенүү принциптери жөнүндө меморандум" деп аталат. Меморандум митинг же тынч чогулуштар учурунда шаардык милициянын жооптуу кызматкерлери журналисттерге убагында туура маалымат берип, тиешелүү жетекчиден комментарий жана түшүндүрмө алууну уюштурууга милдеттүү болушса, журналисттер атайын жилет кийип, милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого милдеттүү болушат. Эки тарап мындан сырткары да чогуу иштешүүнүн бардык ыкмалары боюнча өз кызматкерлер арасында инструктаж өткөрүп турушмакчы.
Меморандумга ар бир ММК жетекчиси менен катар Бишкек ШИИБнин жетекчиси, генерал-майор Мелис Турганбаев кол койду. Турганбаев бул иш коомдук тартипти сактоодо чоң роль ойной тургандыгын белгилеп, журналисттер менен иштеше турган бул меморандум менен шаардык милициянын курамын тааныштыра тургандыгын билдирди.
Айтмакчы, бул документке болгону 11 ММК жетекчиси кол койду. Башка каалоочулар үчүн да эшик ачык.
Атайын кабарчы