12.07.13 ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИН АЧКАНДАГЫ ЫР
Келди Чыңгыз.
Басып бара жатат мына,
кадам шилтеп кылымдарга...
Биз Чыкемдин басканына
чуркасак да,
учсак дагы,
жете албадык.
Кууп жете алгыс,
учуп өтө алгыс
Кыргыз намыс.
Атын билген бардык Тамга,
Акыл айткан чыгармада,
Кайран Чыкем!
Куйруктуу жылдызга окшоп күйүп жанып,
ааламды алты айланып
Кыргыздын кызыл туусун желбиретти.
Өмүрүн ак кагазга чачып ийип
Өлбөстүккө сапар чекти...
Материктен материкти аттаган жан,
Ата парзын актаган жан.
Кылымдарга батса дагы,
Кыргызына батпаган жан.
Кечиксем да мен Кечирим Сурайм Сенден!
Биз билсек да бакканды кара жанды,
Билбептирбиз генийди баалаганды.
Көп көрсөк да көңдөй челек көпшөк байды,
көрбөптүрбүз бирге жүргөн Пайгамбарды.
Көкүрөк май, көз дагы май,
Ай, кудай ай, көзүнүн тирүүсүндө
Көңүлдөгү сөздөрдү айтпай калганыма
Кечирим Сурайм Сенден...
Ак булут көчкөндө төбөмдөгү,
кумсарды элдин өңү.
Үн чыгарбай акты дайра,
үн чыгарбай шолоктоду тоонун чөбү.
Мертинди сөздүн күчү,
Жүрөктөгү желектерин

түшүрдү


дүйнө жүзү...
Көктөн келгенге чөптөн чыккан
акылынан чөнтөгү көп өкмөт сөрөй,
президенти андан көңдөй
алдындагы тоону көрбөй,
көрүстөнгө топурак салбай
чакага топурак салды.
"Эй, кудай урган дунган чалыш,
Каякта улуттук намыс?.."
деп Манастын урпактары,
үйдө баатыр жоодо жок улпактары
үн катпады...
Бул үчүн да Кечирим Сурайм Сенден!
Биз ушундай болуп калдык,
Намысты унтуп, Курсак деген
кулга айландык.
Жылындык ичтарлыктын отун жагып,
Жомокто биз айкөлбүз, адилетпиз,
а турмушта бирибизге бирибиз
өчпүз, кекпиз...
Кыргыз менен Чыңгыз деген,
Кудай менен Буудай деген
Сөздөрдүн уйкашында
акыл жеткис,
Керемет сыр бар экенин сезбептирбиз.
Биз болалбай анык кыргыз,
"Манастан" кемчилик тааптырбыз,
Айтматовго көөнү жааптырбыз,
Көөдөндү кудай уруп
Асманды кармап турган
Тоону көрбөй
жана билбей калыптырбыз...
Бул үчүн да Кечирим Сурайм Сенден...
10.06.2012
Анатай ӨМҮРКАНОВ,
Кыргыз эл акыны


Билем, ал келет…
Билем, ал келет…
Мээрим нуру көздөрүнөн төгүлүп,
Көп кыздардан жалгыз өзү бөлүнүп.
Күткөн адам, капысынан бир келсе,
Турбас белем, зор бактыга чөмүлүп.
Билем, ал келет…
Ошол күнү ак көйнөкчөн болот ал,
Толкунданып, кубанычка толот ал.
Жаш кезекти узап кеткен эстетип,
Назик келип, көпөлөктөй конот ал.
Билем, ал келет…
Кучагымдан арылабайт, ал түртпөйт,
Кусалыгым тарабайт да, эч бүтпөйт.
Келдим эми, кетпеймин деп кайталап,
Өзү сүйлөйт, менден жоопту же күтпөйт,
Билем, ал келет…
Жылмаюсу жылуу сезим тартуулап,
Жайдар мүнөз, айткан сөзүн кайта улап.
Көз ирмемде жаштык кезим кайрылып,
Сезем жүрөк соккондугун катуулап.
Билем, ал келет…
Күтүп жүрөм жолугушчу күнүмдү,
Карабаймын күнүмбү же түнүмбү.
Мезгил өтсө, күтүүдөн эч түңүлбөйм,
Жүрөк сезет, ал чыгарат бүтүмдү.
Билем, ал келет…
Калбайынчы келген күнү тааныбай,
Сүйлөйүнчү сөздөрүмдөн жаңылбай.
Жаштыгымды кайра кайрып мүнөткө,
Турайынчы улгайдым деп наалыбай.
Билем, ал келет…
Ошол күнү ушул ырды окуурмун,
Жайдактабай ыр күлүгүн токуурмун.
Эриндерин назик келген сезермин,
Сезген өңдүү таң алдында шоокумду.
Бир тамга бар
Бир тамга бар,
Алтын тамга ал кагазга түшпөгөн,
Асыл ойлор эч бир адам күтпөгөн.
Ал тамганы ак кагазга түшүрсөм,
Арман болоор адам айтып бүтпөгөн.
Алтындан мен атыңды атап сөз курсам,
Кызык көрүп окубас беле чүрпөлөр.
Бир сөз бар,
Ал алтындай тамгалардан куралган,
Ашык болгон адам гана туя алган.
Ал сөз менен ашыктыгым айта алсам,
Кезиңди эстеп саамай чачың буралган.
Махабаттын дастаны деп сага арнап,
Гүлдестедей белек кылып суна алсам!
Бир дастан бар,
Жазыла элек, эч бир адам уга элек,
Көмөкөйдөн ал үн болуп чыга элек.
Дастан айтсам назик сөздөр чубалтып,
Ал сөздөрдөн эч ким китеп кура элек.
Китеп болоор кылымдарды карыткан,
Ал китепке эч ким көңүл бура элек !
Бир китеп бар,
Ал китепте алтын тамга басылган,
Асыл ойлор ашыктыктан жазылган.
Кыштай кынап ар бир сөздү тиркесем,
Кыял менен сени көздөй шашылган.
Жыпар жыттуу саамайыңды эстесем,
Элес калган сенин калтар чачыңдан.
Бир тамга бар алтын менен жазылган ...
Кутмандуу таң
Бүгүнкү таң өзгөчөдөй сезилет,
Издегеним ушул күнү кезигет.
Таң эртелеп сен тарапка аттанам,
Көздөрүңдү көрөйүн деп тезирээк.
Бүркөк асман каптаса да булуттар,
Мен үчүн ал чайыттай да, тунуктай.
Сени көздөй таңкы жолдо сызамын,
Жүргөндүр деп ал да мени унутпай.
Таңкы шаарым кенен ачат кучагын,
Канат күүлөп сен тарапка учамын.
Кезигишчү көз ирмемди мен дегдеп,
Кучагына малынамын кусанын.
Шайыр неге бул таңында кадамым,
Энтигемин өзүң жакка шашамын.
Күлмүңдөгөн көздөрүңдү көргөндө,
Бул дүйнөдө чексиз келет жашагым.
Жаз мезгили болсо дагы сууктай,
Сага умтулам эч нерсеге кызыкпай.
Таңкы салам бир өзүңө жолдойун,
Алик алчы көңүлүмдү суутпай.