12.07.13 Жүрөккө жардамчы жөтөл, тагдыр жазылган бырыштар ж.б. тууралуу
Саноптика
Адам баласы, өзгөчө кыргыздар ырым-жырым, божомолго жакын болушат. Ал эми илимге таянчу болсок, окумуштуулар көбүнчө санга байлап бир нерсени болжошот. Ал эми төрөлгөн жылыбыздагы сандардын кошулмасы (мисалы, 1924-ж.) адамдын ички жандүйнөсүн, жөндөмдүүлүгүн, талантын билдирет.

1 деген сан - лидерлик, активдүүлүк, чындыкты сүйүү.

2 назиктүүлүк, ийкемдүүлүк, бирөөнүн тилин таба билүүчүлүк.

3 жашоонун маңызын, жыргалын сезе билүү. Өмүрдү баалай билүү.

4 ишенимдүүлүк,
этияттуулук.

5 өзгөчөлүк, адаттан тыш нерселерге кызыккандык, ийкемдүүлүк.

6 курчап турган адамдардын көңүлүн бурдурганга жана алардын сый-урматына татыганга умтулуучулук.

7 даанышмандыктын, акылмандуулуктун сыйкырдуу саны билимге умтулуучулук.

8 элдердин көңүлүн өзүнө бурдура билүү жана жамаатты башкара билүүчүлүк

9 жөндөмдүүлүк, кайраттуулук, чыдамкайлык.

Дүлөй болуш аста-аста
Айрыкча акыркы жылдары жаштар музыка укмайынча тура албай калышты. Кээде болушунча үнүн чыгарып алып угушат, жанында турган адам кулакка таккычта эмне ыр болуп жатканын дароо түшүнөт. Угуңуз. Бирок үнүн жайыраак кылып алып. Британ окумуштуулары кулакка таккычтын (наушниктин) үнүн дайыма катуу чыгарып угуп жүргөндөр 30 жылга эрте кулагы укпай калуу коркунучуна кабылаарын тастыкташкан. Адистер МРЗ плейердин үнүн 60 пайыздан жогору кылып алып 60 мүнөт бою угуудан алыс болуу керектигин айтышат. Ызы-чуу болгон жайларга жана клубдарга бат-бат баруу деле терс таасирин тийгизбей койбойт.


Жүрөлүчү жүрөк оорутпай...
Көп учурда жүрөгү кармап өлгөн адамдар жалгыз болуп калгандыктан тиги дүйнөгө узап кетишет. Ушул кичинекей маалымат менен биз жок дегенде бир адамдын өмүрүн сактап калганга салым кошобуз деп ойлойбуз. Кимде ким жүрөгү оорукчан тааныштары болсо ушул маалымат жөнүндө кабарлап коюңуздар. Адам өмүрүн сактап калчу бул пайдалуу кеңештин карапайым калктын арасына кеңири тароосуна ак халатчан адистер да кызыкдар.
Адамдын жүрөгү сайгылаша баштагандан кийин эс-учун жоготконго чейин 10 секунд убактысы болот. Ошол учурда адам өзүн кыйнап жасалма болсо да катуу жөтөлө башташы керек. Ар бир жөтөлүүнүн астында болушунча абаны кенен жутуп туруп, тээ тереңдеги какырыкты чыгара албай жаткандагыдай күчтүү күү менен жөтөлүш керек. Ар бир дем алып кайра жөтөлүү 2 секунддан жай болбошу керек. Медициналык жардам келгиче бат-бат жөтөлүп турса адам өзүн өлүмдөн сактап калат. Анткени терең дем алганда аба адамдын өпкөсүнө кирип, жөтөл жүрөктү мыжыктырып кандын айлануусун тездеткенге жардам берет. Мындай басым жүрөктүн мурунку калыбында согуусуна шарт түзүүгө жардам берет. Ушул маалыматты жок дегенде 10 адамга айтсаңыз, жүрөгү оорулуу адамдардын 10 пайызын бул дүйнөдө сактап калмакпыз.


Буттарың айтат сырыңды...
Адамдын турган турпатына карай кандай мүнөздөмө берсе болот?
Бутун кайчылаштырып турган адамдар тең салмактуу, чыдамкай болушат. Мындай адамдар достукка да бекем болушат. Ошол эле учурда алар бир аз мерез болгондуктан айланадагылары менен жакшы тил табыша албайт.
Согончогун бириктирип, эки бутунун учун эки жакка кайкалатып турган адамдар реалист болушат. Мындай адамдарга ишенсе болот. Алар чечкиндүү келишет. Бирок чыдамсыз сапаты жашоосуна тескери таасирин тийгизет.
Бир бутун алдыга, экинчи бутун артка коюп турган адамдар элдин көңүл борборунда болууну жактырышат. Мындай адамдар активдүү келишип, көксөгөн максатына жетүү үчүн жан оту менен берилет.
Салмагын бир бутуна таштап турган адамдар эл менен пикир алмашууну, чогулган компанияны жактырышат. Бирок мындай адамдар өзүнүн дараметин башкаларга жумшайт.
Эки бутун эки жакка кенен таштап турган адамдарга сөз бергенден кийин аны сөзсүз аткаруу зарыл. Тактыкты жактырышат. Мындай адамдардын карөзгөйлүк мүнөзү өзүнө зыянын тийгизиши ыктымал.


Сызыктар сүйлөйт
Физиогномика илими адамдын турпатына жараша мүнөздөмө бере турган илим экенин жакшы билебиз. Адамдын бетиндеги бырыштар аркылуу ага төмөндөгүдөй мүнөздөмө берсе болот:
?Адамдын чекесинин ортосундагы бырыштар адамдын чынчылдыгынын жана дайыма бир нерсеге кыжаалат боло берүүсүнүн белгиси. Алар эртеден кечке чымырканып жүрөт, ошого жараша көптөгөн жетишкендиктерге жетет. Мындай адамдар өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирди көп деле жактыра бербейт. Бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Эгерде бир же эки эле сызык болсо, анда мындай адамдардын интеллектиси жогору. Үч сызык - дайыма кыжаалат боло берүүнүн белгиси.
?Эки каштын ортосундагы вертикалдуу бырыштар көп жылы азап тартуунун белгиси. Мындай адамдардын нерв системасы чегине жетти дегенди билдирет. Бырыштар канчалык көп болсо, адамдын ошончо азап тартканын билдирет. Мындан сырткары ачуулуу экенин да билдирет. Мындай адамдар ачуусун кармана албай кетет.
?Көздүн тегерегиндеги чоңураак бырыштарды жаш адамдардан деле байкаса болот. Мындай белги бул адамдын мурунку жашоосунда абдан ичи тар болгондугун билдирет. Бирок мындай адамдар башкалардан кең пейилдиги менен айырмаланып турат.
?Жаактагы бырыштары бар адамдар ачык-айрым мүнөзү, башкалар менен бат тил табыша алгандыгы, жашоону баалай билгендиги менен айырмаланат. Мындай адамдардын жаман жери жеңил ойлуу болушат. Алар тагдыры менен күрөшө алышпайт.
?Үстүнкү эриндеги майда бырыштар адамдын мерездигин билдирет. Мындай адамдар иштеген ишин, жашаган жерин, досторун, сүйгөн адамын бат алмаштырып турушат. Ушуга жараша көп азап чегишет.
?Ооздун тегерегинде бырышы бар адамдар жашоосун туура эмес жашап өткөнүнө өкүнүшөт. Эгерде мага мүмкүнчүлүк берилсе башкача жашайт элем деп ичтеринен көп сызышат. Кандай жашаш керектигин мындай адамдар кеч түшүнүшөт.
?Мурундун учунан ууртуна чейин жеткен бырыштары бар адамдар акылдуу, тажрыйбалуу келишет. Мындай адамдар жашоосунда көптү көргөн адамдардын катарына кирет. Алардын айткан кеңештерин көбүрөөк угуу эч зыянын тийгизбейт.

Кызыктуу дал келүүлөр
?Линкольн жана Кеннеди
1. Линкольн 1860-жылы, Кеннеди 1960-жылы АКШнын президенттери болушкан. Экөөнүн айырмасы туптуура 100 жыл.
2. Экөө тең аялдарынын жанында башына ок жеп каза болушкан.
3. Линкольндон кийин Эндрю Джонсон (1808-жылы төрөлгөн) президент болсо, Кеннедиден кийин Линдон Джонсон (1908-жылы төрөлгөн) мамлекет башчысы болгон. Эки Джонсондун туулган күндөрүндө 100 жыл айырма бар.
4. Экөө тең Американын түштүгүнөн чыккан дипломаттар. Президент болгонго чейин экөө тең сенатор болушкан.
5. Линкольнду өлтүргөн адам 1829-жылы, Кеннединин өлтүргөн адам 1929-жылы төрөлүшкөн. Дагы 100 жыл айырма. Эки кылмышкер тең сотко жеткичекти өлтүрүлгөн.
6. Линкольндун секретарынын фамилиясы Кеннеди болгон. Ал президентти өлө турган күнү театрга барба деп суранса, президент Кеннединин Линкольн деген фамилиялуу секретары да Далласка барбай эле койсоңуз болмок деп суранган.
7. Linkoln жана Kennedi деген жазууларда 7ден тамга болсо, аларды өлтүргөн адамдардын толук аты-жөнүндө 15 тамга болгон.

?Наполеон - Гитлер
1. Наполеон 1760-жылы төрөлгөн. Гитлер - 1889-жылы төрөлгөн. Ортодогу аралык - 129 жыл.
2. Наполеон 1804-жылы бийликке келген. Гитлер - 1933-жылы өлкөнү башкара баштаган. Айырма - 129 жыл.
3. Наполеон Венага 1809-жылы кол салып кирген. Гитлер - 1938-жылы согушун Венадан баштаган. Айырма - 129 жыл.
4. Наполеон Россияга 1812-жылы кол салган. Гитлер - 1941-жылы эмне кылганын жакшы билебиз. Айырма - 129 жыл.

?Жанна д'Арк, Армстронг,
"Титаник"
- 1992-жылы Руан шаарынын мэриясынын буйрутмасы менен Рене Шарбонно аттуу француз сүрөтчүсү "Отто күйүп жаткан Жанна д'Арк" деген сүрөт тартат. Натурщица катары Жанна Ленуа аттуу студент кыз тартылат. Эртеси күнү окуу жайдын химия кабинетинин өрт чыгып кетип жанагы Жанна аттуу кыз күйүп өлгөн.
- Америкалык астронавт Нейл Армстронг Айга биринчи бутун койгондо "Мистер Горски, сизге ийгилик" деген сөздү айткан. Анын сөздөрүн угуп отурган учууларды көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери ал эмнеге антип жатканын түшүнүшкөн эмес. Көрсө, Армстронг кичинекей кезинде кошунасы аялы менен урушуп жатканын кокустан көрүп калат. Горски деген фамилияны алып жүргөн үй-бүлөнүн кожоюну аялын төшөктө канааттандыра албагандыктан аялы нааразы болуп урушуп ажырашып жаткан экен. "Сенин чыныгы эркек болгонуңа караганда тетиги кошунанын баласы Айга учуп барганы кичине чындыкка жакын нерсе" деп айтканы мээсине сиңип калыптыр. Ошол сөз ишке ашып кошунасы Нейл Армстронг Айга учуп барыптыр.
- 1896-жылы фантастикалык жанрда чыгарма жазган жазуучу Морган Робертсон "Гибель титана" деген чыгарма жазган. Анда жазуучу дүйнөдөгү эң чоң кеменин айсберг менен сүзүшүп кетип чөккөнүн сүрөттөйт. 1912-жылы легендарлуу "Титаник" Атлантика океанында айсберг менен сүзүшүп чөккөнүн баарыңыздар "Титаник" тасмасынан билесиздер. Эң кызыгы, китепте канча жүргүнчү жазылса, "Титаникте" да ошончо жүргүнчү болгон. Андан да кызыгы, ошончо адамдын ичинен өлгөндөрдүн саны китептегиге барабар болгон.