12.07.13 Өлүм менен өмүрдүн жарк дей түшкөн учкундары...
Жолдошбек СУЛТАНОВ:
"Адамдар төрөлүп, түйшүк менен алышып жүрүп эле өтүп кетсе, анда жашоонун маңызы каякта?"

Дарыгер, кылтамырчы (врач-аюрвед) Жолдошбек Султанов үй-бүлө, көр дүйнө деген маселелерден өйдө туруп өзүн-өзү издеген инсан. Ал он алты жылдан ашык убакыт чет өлкөлөрдө болуп, айрыкча Индиянын, Тибеттин сырдуу илимдерин изилдеп келген. Ошол эле учурда дүйнөгө чачылган кыргыз тарыхын, цивилизациясын, кайып дүйнө менен болгон байланышын да өз алдынча иликтеп жүрөт. Индияда өзүнүн 18 окуучусунан турган кылтамырчылык боюнча поликлиникасын түптөгөн. Ага учурда дүйнө жүзүнөн келип дарыланышат. Аталган өлкөнүн кылтамырчылык институтунун философия илиминин доктору.

- Жолдош мырза, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, кай жердин кулунусуз, жер кыдырып кеткенге эмне себеп болду эле?
- Мен Ат-Башынын Ак-Жар деген айылында өсүп чоңойдум. Мектепти бүтүп армиядан келип комсомолдо иштеп жүргөн учурумда кайра куруу заманы келди. Коомдо өзгөрүүлөр башталды. Менин оюмча ар бир адам ушундан кийин өз жолуна түштү окшойт. Албетте өз жолун таба албай адашып калгандар болду. Тилекке каршы менин айрым классташтарым, досторум криминалга аралашып кетти. Мен да турмуштан өз жолумду издей баштадым. Армиядан келгенимде атам өтүп кетти. Ал ооруп үйдө жатканда аны менен көп жолу сүйлөшүп отурдум. Атам каза болорун өзү деле билип калган учурда "ата, он балалуу болуп, аларды чоңойтуп, анан алардын ырахатын көрбөй кетип атасыз, анда жашоонун эмне рахаты, маңызы бар? Биз дагы сизчилеп ушунтип жашап жүрүп өтүп кетебизби" деген суроо бердим. Атам мага ошондо "балам, ар бир адамдын өзүнүн турмушу, өз жашоосу бар, сен мени туурабай эле кой, сен өз жолуңду өзүң танда, кандай жашасаң ошондой жаша" деди. Атам Казыбектин ырларын жатка билген, комузда кол ойноткон, өз алдынча акындык, чыгармачылык жайы бар адам эле. Болгону 49 жашка чыкты. Ошондо мен өкүнүп "эгер адамдар төрөлүп, түйшүк менен алышып жүрүп эле өтүп кетсе анда жашоонун маңызы каякта" деген суроого түйшөлүп, адамдар эмнеге бул дүйнөгө келип эс тарткандан баштап эле өзүнө же денесине кул болуп келатат, мындан башка жашоо формасы жокпу деген ойлор кыйнай баштады. Мындай ой мага үчүнчү класста окуп жүргөнүмдө эле келип аябай кыйналгам. Демек өлөбүзбү, өлгөндөн кийин биз такыр жок болуп кетсек анда жашоонун маңызы кандай деп бир нече мугалимдерден, улуулардан сурагам. Алар мага бир жолу төрөлөбүз, бир жолу өлөбүз деп жооп берген. Ошолордун баары жүрөгүмдө кала бериптир. Атамды кабырга коюп аткан мезгилде да жандүйнөмдө чоң өзгөрүүлөр пайда болуп, бала кездеги ойлор кайра эске түштү. Өлүмдү түшүнүү, ага моюн сунуу кыйын экен.
- Анан өзүңүздү өзүңүз издеп чыктыңыз...
- Атам каза болгондон кийин баарыбыздын башыбызга түйшүк түштү. Кайра куруу башталган жылдары апам үчүн он баланы багуу оңой эмес эле. Чоңу менмин. Апам экөөбүз кайраттанып белди бек бууп, менден кийинки балдарды багып чоңойттук. Ал кезде инилерибиз студенттер эле. Ошентип акырындык менен турмуш өз ордуна келгенде өзүмдөн кийинки иниме улуулук милдетимди тапшырып, апамдын ак батасын алып 90-жылы үйдөн чыгып кеттим. Бирок Бишкек шаарына келип мында үч жылдай кармалып калууга туура келди. Себеби агаларымдын, досторумдун арты менен 10-кичирайондун маңдайындагы паркты куруп, анын директору болуп иштеп калдым. Азыр ал жер жакшы бак болуп калыптыр. Бирок баягы жүрөктү өйүгөн ойлор тынчтык бербей койду. Ал ортодо жумушубуз да жакшы болбой банкрот болуп калдык. Ал кезде паспорт алуу, Кыргызстандан чыгып кетүү кыйын эле. Ошол кезде Швейцариядан келген өкүлдөр Кыргызстанда санскрит тилин үйрөтүп, анан аны кыргызчага которо турган, буга кызыккан адамдарды издеп жүргөн экен. Мени аларга акын Асан Жакшылыков жолуктуруп, алар менен келишим түзүп 1994-жылы ноябрда ал жакка бармай болдум. Алар келишимдин негизинде тиешелүү акчамды, чакыруу катын жөнөттү. Мен ошол каттын негизинде паспорт алдым. Бирок Швейцарияга кеткенче бир жылдай убакыт бар эле. Ортодогу убакытты текке кетирбейин деп келинчегиме келип андан "мага уруксат бер, мени унут, мен кеттим" деп үй-жайдын баарын ага калтырып Индияга эки айга саякатка жөнөп кеттим.
Өзүң билесиң, бала кезде баарыбыз эле Индиянын тасмаларын көрүп чоңойбодукпу. Мага ошол элди көрүү кызык болду. Чындыгында жашоо кинодогудай болбойт экен. Барсам мени кедей, байыркы замандын элеси жаткан тунжураган өлкө тосуп алды. Ал жерден мен Индиянын төрт бурчун түрө кыдырдым, тоосуна чыктым, деңизин көрдүм. Бир күнү Бомбейден германиялык кыздарга жолугуп калып алардын Тибетке Лхасага аттанып атканын билдим. Албетте, мени бул сапар кызыктырды. Алардын арты менен мен да кытай визасын алып документтеримди даярдап, Делиге барып андан Лхасага учуп кеттик. Лхасадан мен кокус эле ошол аймакта тоолордун арасында жашаган байыркы кыргыздарга жолугуп калдым. Мени алардын кайда жашаары, маданияты кызыктырды. Анан аларды ээрчип алдым. Көрсө бул кыргыздар Лхасага жылына бир гана жолу келишет экен. Өздөрү табигый шарты катаал тоолордо жашашат. Лхаса аркылуу сырткы дүйнө менен болгон байланыш - ашуу ачылган кезде эки гана айча болот экен. Чынында мен алар жашаган аймакка баратканда мындай болорун билген эмесмин. Барып эле кайра тартам деп ойлогом. Кашайып ортодон үч күн өткөндөн кийин ашуу жабылып калганын билдим. Анан айла жок ошол жерде жашап калдым. Ал жердеги кыргыздардын биздин кыргыздарга караганда биртоп өзгөчөлүгү бар экенин байкап, кызыгуум артты. Мен ал жерден аруу, рухий жактан өсүп жетилген чыныгы кыргыз элинин элесин көрдүм. Бул жактагы кыргыздар чынында өзүнүн кыргыздык улуу сапаттарын жоготуп койгон экен. Алар бүгүнкү техникалык цивилизациядан артта, бирок духовный, рухий цивилизациясы өркүндөп кеткен Жаратканга жакын турган эл экен. Бул аймак азыр да жакшы изилдене элек. Мен ал жердеги бир нече аксакалдардан кыргыздар бул аймакка качан келгенин сурасам, алар "биз алмустактан бери эле ушул жердебиз" деп жооп беришти. Биз азыр кээ бир гана каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, Манасыбыз, черткен комузубуз, кийген калпагыбыз менен гана өзүбүздүн кыргыздык өзгөчөлүгүбүздү сактап турабыз. Ал эми байыркы кыргыздарда бул өзгөчөлүктөр толугу менен сакталып, атургай өнүгүп жаткан экен. Мен ошол жерден көп нерсени түшүндүм. Мисалы, биз кыргыз деп кечээ күнү эле 2000-3000 миң жыл мурун пайда болгон жапайы адамдарды элестетип келебиз. Манастын миң жылдыгын өткөрдүк. Көрсө андай эмес экен. Манастын жашы өтө көп, ал жерге жети жолу келген дешти. Бул жердеги кыргыздардын нукуралыгын сактап калуу боюнча Кайластын тегерегиндеги, Кытайдын Кызыл-Суусундагы, Гималайдагы кыргыздардан айырмасы өтө чоң. Ал эми биз кыргыздык улуу касиеттердин же үрп-адаттардын сырткы кабыгын гана карманып келаткандайбыз.
- Калкынын саны канча экен?
- Бир өрөөндүн ичинде уруу-уруу менен ар кайсы кокту-колоттордо 28 миңге чукул адам жашайт. Алардын өздөрүнүн тарыхы боюнча чакан эпосу бар экен. Ал "Махабат баяны" деп аталат. Анда Теңир менен Аруунун ортосундагы сүйүү тууралуу баяндалган. Ошол эле учурда бул ырда жер планетасын бир нече кылымдар бою суу каптап турганы, өздөрүнүн ата-бабалары ошол суу каптаган мезгилден тарта эле ошол тоо кыркаларына отурукташып калганы айтылат. Алар ырдаганда көмөкөй менен ырдашат. Бизге караганда лексиконунда да айырма бар. Сөздөрү өтө эле кыска, бир же эки муундан турат. Андан улам мен биздеги кыргыз тили бирде арап, бирде орус, перс ж.б тилдер менен аралашып калганын билдим. Албетте тилдин өнүгүү мыйзамы ошондой. Биздин тилибиз алардан 50 пайызга айырмаланып калышы мүмкүн. Сүйлөмдөрү лакап сыяктуу. Бирок алар биз сыяктуу эле бажылдап сүйлөй беришпейт экен. Баары эле көп сүйлөбөгөн, дайыма тынып, тунуп, болбосо медитация абалында табият менен камыр-жумур болуп жүргөн, биздегидей көп тамак ичпеген эл экен.
- Эмне менен тирилик кылышат экен?
- Негизинен топоз багышат. Андан сырткары аштык да айдашат. Аңчылык кылышат. Ашуу ачылган кезде асыл таштарды, жан-жаныбарлардын терилерин, дары чөптөрдү Лхасага келип керектүү буюмдарга алмаштырып кетишет.
- Бул кыргыздар Тибеттин аймагында жашайт да, ээ?
- Ооба. Тибет деген лабиринт сыяктуу тоолордон турган чексиз, жолдору жок, кирсе чыккыс, барса келбес дегендей жер да. Али сыры ачыла элек, башка дүйнөгө кирип кетчү да чектер бар. Кезинде бул элге кытайлар келип кол салган экен. 10 миңден ашык жоокери, төрт тик учагы менен келген дешет. Ал жердеги кыргыздар душман келатканын алдын ала билишип, кары-картаңдарын тоо-таштарга бекитип, жүздөй топозун курмандыкка чалып, аларга дарак, таштарды сүйрөтүп чаңдатып, өздөрү алдына түшүп алып качып, жакын калганда бекинип калып, келген аскерлерди алдоо жолу менен барса келбес капчыгайга киргизип ийишиптир. Ошол бойдон барган аскерлер дайынсыз болуп кетишкен. Ошондон бери бул аймакка эч ким дит багып бара албай калган экен. Ал аймак чындыгында азыр жабык зона болуп эсептелет. Бул Лхаса аймагына казактар да кызыгып 12 кишиден турган экспедиция түзүп кытай мамлекетинен уруксат сураганда, алар уруксат бербей коюшуптур. Алар Лхаса аймагынын башка жактарын гана кыдырышкан.
- Кыскасы, бул кыргыздар такыр изилдене элек экен да...
- Алар эмес Гималай тоолорунун арасындагы кыргыздар деле али толук изилдене элек. Мен ал жакка да баргам. Биздин титулдук атты алып жүргөн мамлекеттин аларды изилдегенге каражаты жок. Бул темага чындап кызыккандар гана эчендеген азап-тозокторго чыдап бара алышат. Мисалы Лхасадан чыгып кыргыздар жашаган өрөөнгө барыш үчүн 12 күн жөө жүрүш керек. Машина деген болбойт. Ага баары эле чыдай бербейт.
- Лхасадагы кыргыздардын динге болгон мамилеси кандай?
- Аларда Кудай деген түшүнүк жок. Кудай деген сөздүн өзү араптардын сөзү эмеспи. Алар Теңирге тил менен жеткирип бере алгыс, ушунчалык сүйүү менен мамиле кылышат. Улуу күчтөн коркуу сезими жок. Теңирчилик боюнча дүйнө таанымы азыр бул жактагы теңирчилердей эмес, өтө эле кеңири. Алар Жаратканды кандайдыр бир жок образ катары эмес ааламга улуу мээримин чачып турган тирүү инсан катары кабылдашат. Мисалы, башка диндерде адамды топурактан жууруп жасады деп атышпайбы, алар кыргыздар Күн нурунан жаралган, жер бетине эң биринчи пайда болгон аруу эл деп эсептешет. Жылдыздарга карап иш кылышат. Жумуштарын жылдыздардын тогошуна жараша жасашат. Ай толгон күнү жана андан ай толгондун он биринчи күнү тамак ичпей сүкүт чалышып, алтынчы туюм менен бул дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү билип турушат. Булардын жашоодогу негизги максаты жер бетиндеги көрпендечилик, тиричилик эмес, алардын тили менен айтканда тынуу же медитация аркылуу Теңир менен байланышуу. Жоокерлик тартип күчтүү. Ал аймакта жашаган элге кандайдыр бир коркунуч туулса тез аранын ичинде чогулуп калышат. Ар бир эркектин илгеркидей эле найза, жаалары бар. Кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Баса, ал жакта ар бир адамдын керкиси болот экен. Тоо-таштын арасында керки алар үчүн эң негизги курал катары пайдаланылат. Керки менен жоо да чабат, үй да салат, отун да алат дегендей.
(Уландысы кийинки санда)
Зайырбек АЖЫМАТОВ