12.07.13 Жашоо уланат
(аңгеме)

Шаардык оорукананын нерв оорулар бөлүмүнүн бир палатасында төрт адам дарыланып жатабыз. Дарыларды ичип, ийнелерди алып бүткөндөн кийин, эрмегибиз эле ар кандай аңгемелерди айтышып, түркүн сөздөргө киребиз. Төр жактагы кроватта жаткан Шаршенаалы аба ошол күнү мындай аңгемени айтып берди.
- Эми бул аңгеме, же уламыш дейсиңерби, өзүңөр баамдагыла. Илгери бир балакайга жетип калган бала талаада ар кандай гүлдөрдү, чөптөрдү терип жүрүптүр. Бир маалда анын жанына кайдан-жайдан экени белгисиз, кара кийинген адам пайда болуптур.
- Эй бала, эмне кылып жүрөсүң?
- Ар кандай гүлдөрдү, чөптөрдүн тамырларын терип жүрөмүн.
- Аларды эмне кыласың?
- Мен алардан көп адамдарды ар кандай оорулардан айыктыруучу дарыларды жасаймын, - деп жооп бериптир бала.
- Аа, жакшы бала экенсиң. Жүрү анда мени менен. Мен сага көп адамдар билбеген дары жасоонун сырларын үйрөтөйүн.
Ошентип экөө ээрчишип жөнөп кетишет. Көз ачып-жумганча эле башка дүйнөдө болуп калышат. Бала ал жакта аз жүрдүбү, көп жүрдүбү билбейт, бирок дары жасоонун, аларды кандай ооруларга пайдалануунун, адамдарды дарылоонун көп сырларын, ыкмаларын, тажрыйбасын үйрөнөт. Акырында тиги кара кийимчен адам минтет:
- Ажал деген мен боломун. Мына, сен адамдарды дарылоонун ар кандай жолдорун үйрөндүң. Мен адамдардын көзүнө көрүнбөймүн, сенин көзүңө көрүнүп турамын. Эми сен сан жетпеген ооруларга себепкер болуп дарттарынан айыктырасың. Бирок менде үч өтүнүч бар. Сен дарылап жаткан адамдын башында мен туруп калсам, анда аны дарылабайсың. Кокус дарылап калсаң, өзүңө жаман болот. Зыян болот, уктуңбу?
Бала үйүнө келсе, эч ким деле аны издеп, кабатыр болушпаптыр. Ал дагы унчукпастан, терип келген чөптөрүн жайып, өз ишин жасай баштайт…
…Арадан көп убакыт өтүптүр. Баягы бала атагы алыска жеткен дарыгер болуптур. Төгөрөктүн төрт бурчунан оорулуулар келип, дарттарынан арылып кетишчү экен. Бир күнү алыстан келишкен абышка-кемпир үйүнүн босогосунан жорголоп киришиптир.
- Айланайын, биздин жалгыз гана уулубуз бар, багаар-көрөөрүбүз ошол. Азыр катуу ооруп жатат. Барбаган жерибиз, көрүнбөгөн дарыгерибиз калган жок. Эми сенде гана бир айла калды, - деп жалынып-жалбарып буркурашты.
- Ыйлабагыла, мен дарылап көрөм уулуңарды.
Абышка-кемпирдин уулун көрүп жатканда, баягы кара кийимчен киши оорулуу баланын башына туруп калыптыр.
"Ажал" деп чочуп кетти дарыгер. Абышка-кемпирди караса абалдары өтө аянычтуу, баласынан көз алышпай, дарыгерди жалооруй карашат. "Кой" деди ичинен дарыгер, оорулуу баланын башын өзүнө буруп дарылай баштайт.
- Эми балаңар жакшы болот, мен айткан дары чөптөрдү ичирип тургула, акырындык менен күч-кубат кирип сакайып кетет, - деди дарыгер баланын ата-энесине ишенимдүү.
Абышка-кемпир ыраазычылыктарын билдиришип, алкап-жалкап, эмне берерин билишпей, кайсалактап калышты.
- Сен биздин улукманыбызсың, кудай сени элге атайын жиберген окшойт. Рахматыбыздын чеги жок, айланайын. Көп жаша, бар бол! - деп алкап жатышты карылар.
Дарыгер кетейин деп камынып калганда, баягы ооруп жаткан бала башын көтөрүп:
- Байке, рахмат. Мен дагы сиздей дарыгер болгум келет, үйрөтүңүзчү?
Дарыгер эмне деп айтаарын билбей калды, мурун эч ким деле минтип кайрылчу эмес. Чындыгында ага жардамчы керек эле. Зээндүү бала окшойт деп ойлоп койду ичинен.
- Адегенде жакшы бол, күч-кубат ал. Андан кийин ата-энең уруксат берсе менин үйүмө кел, макулбу? - деп балага, ата-энесине карап күлүп койду.
Дарыгер кетейин деп эшикке чыкса, алдында баягы кара кийимчен киши туруптур.
- Айтпадым беле сага?! Эми сага жаман болот, - деди ал.
- Кары ата-энесин кыя албадым, - деп гана кыскача жооп берди дарыгер.
Арадан дагы убакыт өтүп жатты. Баягы бала дарыгерге келип, жардамчы болуу менен бирге дарылоонун ар кандай сырларын үйрөнүп жатты. Ал эми дарыгер болсо, мурункусундай эле элдерди дарылап жүрдү. Бир күнү анын үйүнө жоокерлер келишип:
- Айланайын дарыгер, кол башчыбыз, баатырыбыз душмандардын колунан оор жаракат алды. Аны дарылашың керек. Кокус душман бизди басып алса, элибиздин шору кайнайт, ичкенибиз ириң, жегенибиз желим болот. Эр-азаматтарыбыздын баарын кырышат, кыз-келиндердин абийирин кетиришип, зордукташып, күң кылышат. Балдарыбыз аларга кул болушат. Биз баатырыбызды гана туу тутчубуз, ага гана теңелип, сыймыктанчубуз. Эми минтип биздин башыбызга жаман мүшкүл иш түшүп жатат. Баатырыбызды дарылап, катарыбызга кошо көр, айланайын дарыгер, - деп жалынып-жалбарып киришти.
Дарыгер унчукпастан, шапа-шупа жолго даярданып кирди. Жардамчы бала устатынын мындай шашканын көргөн эмес. Жаракат алган баатыр эс-учун жоготуп, онтоп жатыптыр. Баягы кара кийимчен киши анын баш жагында туруптур. Дарыгер баатырды көрөрү менен, башын өзүнө буруп дарылай баштады. Оорулуунун баш жагында турган ажал "кой, токтот" деп ишаарат кылса да, аны байкамаксанга салып, ал өз ишин уланта берди. Оорулууга тиешелүү көрсөтмөлөрдү бергенден кийин, сыртка чыкса, алдынан ажал чыгып, бул эмне кылганың, кой дебедимби, сага жаман болот, - деди.
- Мен өз жериме, өз элиме кыянаттык кыла албаймын, - деп гана жооп кайтарды дарыгер.
Арадан убакыт билинбей өтүп жатты. Бир күнү "апаң катуу ооруп жатат" деген кабар келди. Ал шашылыш түрдө камынып апасына жетип барса, чындыгында эле апасы ооруп төшөктө жатыптыр. Адегенде эле апасынын тамырын кармап, дарттын таржымалын сураштырып кирет. Бир маалда караса, апасынын баш жагында баягы ажал туруптур. Ал колу менен ишаарат кылып "болду, кет, кет" деп жатыптыр. Дарыгер ага көнбөй, апасынын башын өз жагына буруп дарыларды айтып, аларды кандай пайдалануу керек жөнүндөгү кеңештерин берет.
Сыртка чыкканда, баягы ажал утурлап алдын тосуп, сага эскерткем, өзүңө жаман болот дебедим беле! - деди.
- Мени ушул жарык дүйнөгө алып келген апамды кантип кыямын. Өмүр бою мен апама кызмат кылсам да аздык кылат, ак сүтүн актай албаймын, - деди дарыгер.
- Жүрү, мен сага бир нерсени көрсөтөйүн, - деди ажал дарыгердин алдына түшүп.
Баягы дарыгердин жардамчы баласы эч нерседен бейкапар болуп, анын апасынын жанында кала берди.
- Мен азыр келемин, күтө тур, - деп гана айткан дарыгер ажалдын артынан кадам таштады. Ошентип алар көз ачып жумганча башка дүйнөгө келип, жайнаган шамдар күйүп турган талаада болуп калышты.
- Мына, бул шам сеники, ал сенин өмүрүң. Шамдын майы аз калгандыктан, ал бүлбүлдөп гана араң күйүп жатат, сен муну көрүп жатасың. Анткени сен аны башка адамдарга куюп берип, өмүрлөрүн узарттың. Айрым учурларда гана, күтүлбөгөн жерден, кары адамдын, же жаштыкы экендигине карабай, шам жалп этип өчүп калат. Бул кудайдын буйругу.
Эми мен сага акыркы бир мүм-күнчүлүк берейин. Мына бул шам сенин уулуңдуку, көрдүңбү, анын майы толук. Эгерде андан сенин шамыңа май куйсак, сенин өмүрүң узарат, балаңдыкы кыскарат.
- Жок-жок, балам жаш, - деп шашып кетти дарыгер. Ошентип дарыгер кайрадан өз дүйнөсүнө кайтып келди. Ошол окуядан көп өтпөй эле, бир күнү дарыгер жардамчысын суу алып келе калчы деп жумшайт. Бала тез эле чуркап барып чөйчөккө суу куюп келе калса, устаты кыймылсыз олтуруптур…

Эпилог
Күндөр билинбей өтүп жатты. Баягы дарыгердин жардамчысы болгон бала, убагы келгенде устатынан өткөн мыкты дарыгер болуп, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап, оору-сыркоолордон айыктырып турду. Ажал анын көзүнө көрүнбөдү. Ошентип жашоо уланып жатты…

Нарынбек КҮРӨҢБАЕВ