05.07.13 Көңүл чордонунда
Профессор
Алмазбек Исманкулов:
"Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы оор илдетке кабылды"
Кыргызстанда июль айынын биринчи жекшемби күнү медицина кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет. Редакциябыздын бүгүнкү коногу атактуу офтальмолог, "Көздүн микрохирургиясы" медицина мекемесинин жетекчиси, Россиянын медицина жана техника академиясынын академиги, медицина илиминин доктору, профессор Алмазбек Исманкулов.

- Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы учурда кандай багытта иш алып барып жатат?
- Мао Цзедун бир жолу мындай деген экен: "Өз багытын билбей сүзүп бара жаткан кайык туура эмес багытта сүзүп бара жатат". Бул биздин медицинага карата таамай айтылган.
Практикалык медицинадан кабары жок, өз кабинеттерине бекинип алган билермандар толгон-токой абстракттуу мыйзам жана документтерди жазып коюшуп, алардын утопиялык кыялдары эмне себептен орундалбай жатканын түшүнбөй келишет. Бирок эң негизги түшүнбөстүк - бул эч кимиси медицинаны экономиканын бир тармагы катары кабыл албагандыгында. Суроо-талап болсо, демек сунуш да болот. Бизде мыйзамдуу жана мыйзамсыз медицина кызматы өтө көп. Медицинада чоң көлөмдөгү акча каражат айланат. Сапаттуу медицинанын жоктугу калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, демек ишке жарамдуу жарандардын саны кыскарат. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасына, коопсуздугуна, керек болсо коргонуу мүмкүнчүлүгүнө да кедергисин тийгизет. Бул тармактагы башаламандык, туруктуу системанын жоктугу жыйырма жылдан бери аны түп-тамырынан бери талкалап келатат.
- Эмне себептен жергиликтүү медицинага нааразы болгондордун саны жылдан жылга өсүүүдө?
- Акыркы кезде эл көбүрөөк маалымат алганга аракет кылып этият болуп калды. Жөн эле "витаминдүү капельница" эффективдүү дарылоонун бардык маселелерин чечип берээрине көздөрү жетпейт. Ооругандар интернет аркылуу жаңы медициналык технологиялар, дарылоо ыкмалары жана жабдыктар тууралуу окуп, анын бизде да колдонулушун каалашат.
- Бейтаптардан медицина кызматкерлеринин коррупцияланышып кеткендиги тууралуу доо-арыздар көп түшөт экен...
- Дарыгерлер деле кадимки кишилер. Алар да өз үй-бүлөсүн багып, балдарынын курсагы ток, кийими бүтүн болушун каалашат. Бирок мыйзам кабыл алганына карабастан бир дагы мамлекеттик ооруканада кассалык аппарат орнотулган эмес. Демек мамлекет өзү дарыгерлерди мыйзам бузууга мажбур кылып жатат. Менчик клиникалар болсо мыйзамды толугу менен сакташат. Түшкөн каражаттын кассалык аппаратты айланып өтүшүнө салык системасы жол бербейт. Ал эми бейтап пара бербейт. Анткени ал медицина кызматы үчүн расмий түрдө кассага толтура каражат төктү. Жеке менчик клиникалардагы бааларга бейтаптар нааразы болушат. А менчик ооруканалардын чыгымы абдан көп. Анын бардыгы бейтаптын башына түшкөн жүк.
- Медицина кызматкери бүгүнкү күндө ким? Коммерсант, шылуун, коррупционер же дарттан куткарган дарыгерби?
- Мамлекеттик кызматта иштеп, кошумча төлөмдөрдөн (б.а. бейтаптан пара алуудан) баш тарткан дарыгер жарды жашайт. Чынчыл болууга мүмкүнчүлүк бербеген система үчүн аны күнөөлөп болбойт.
Ал эми мамлекеттик кызматта иштеп пара алган дарыгердин турмушу түзүк эле. Андай дарыгердин кирешеси да бар, пайда да көрөт. Мамлекет ага имарат берет, медициналык жабдык, атайын кийим, электр жарыгы, суу, жылуулук, андан тышкары аз да болсо айлык төлөйт.
Жеке менчик оорукананы иштеткен дарыгердин көйгөйү чачтан көп. Имарат таап аны ижарага алуу керек. Бирок бардык эле имараттар медициналык адаптацияга жарай бербейт. Коммуналдык кызматтар да анын мойнунда. Жарнак берүү үчүн да көп чыгым керек, себеби, баасы асмандын башын чапчыйт. Медициналык жабдыктар өзүнчө маселе... Ошондуктан биздин өлкөдө жеке менчик медицина байыр ала алган жок.
Сиздин сурооңузга мындай деп жооп бермекмин: бизде коммерсанттар дагы, шылуундар дагы, коррупционерлер дагы жетиштүү. Чыныгы дарыгер болуу үчүн медицина кызматкеринде бардык шарттар болуусу керек. Эгер бир нече жылдар өткөн соң мен кайрылган дарыгер ошол учурдун талабына жараша, заманбап ыкма менен мени жана балдарым менен неберелеримди дарылай алса, демек чыныгы дарыгер деп мен ошону атамакмын.
- Учурдагы медицина кызматкеринин абалы кандай?
- Кайра куруу жылдары эле медицинада иштегендер өз мамлекетине такыр кереги жок экенин түшүнгөн. Ошондуктан көпчүлүгү кесибин алмаштырып, башка иш менен алектенип калышкан. Айрымдары Россия, Казакстанга барып иштеп жатышат. Саналуу эле киши Европа менен АКШда медицина тармагында иштейт. Реалдуу көз караш менен айтсак, биздин медицинанын деңгээли өтө төмөн. Дарыгер болуп иштегендер Батышка барып медайым болуп да орношо алышпайт. Кээде "чет элдик докторлор биздин дарыгерлердин профессионалдуулугуна таң калышыптыр" деген сөздөрдү айтып, окуп калабыз го. Бул чындыкка туура келбейт. Мен дүйнө жүзүн кезип, Жаңы Зеландиядан Канадага чейин, Бразилиядан Японияга чейин кыдыргам. Түркүн клиникалар жана саламаттык сактоо системалары менен таанышкам. Чиновниктерден айырмаланып ачуу чындыкты айтсак, биздин медицина Африканын деңгээлине тең келет.
- Медиктер бардык адамдарга бирдей мамиле кылбайт деп калышат. Мисалы, пенсионерлерге, майыптарга...
- А эмне себептен жакырчылыкта жашаган дарыгер бекер иштеши керек? Айталы дарыгердин алдында үч бейтап турат: депутат, бай жана кембагал, кандай дейсиңер, ал кимисине биринчи жардамын көрсөтөт?
Жеке менчик клиникаларда такыр башкача. Ал жактын дарыгери кассага акы төлөгөндүн бардыгына бирдей мамиле жасайт. Себеби бул келишимдин негизинде түзүлүп, юридикалык жактан бекитилген кынтыксыз мамиле. Менин кабылдамамда кедей-кембагал, депутат, пенсионерлердин бардыгы бирдей кезек менен киришет. Алардын кимисинин социалдык абалы кандай экени мага кызыксыз. Болгону улуу муундагы медик кесиптештеримдин артыкчылыгы бар. Өз устатыңды сыйлоо керек деген пикирдемин.
- Дарыгерлер бардык адамдарга бирдей жардам берүү антын беришет го...
- Андай антты эч ким эч убакта берген эмес. Сиз Гиппократтын антын айтып жатсаңыз керек. Бул юридикалык эмес, тарыхый документ. Кыргызстандагы бир да дарыгер андай антты берген эмес, көпчүлүгү окубаса да керек. Мисалы, ал ант контрацептив колдонууга тыюу салат. Демек, үй-бүлөнү пландоо мүмкүн эмес дегендик.
- Ошондо дарыланууга шарты жоктор эмне кылышы керек?
- Бекер медициналык кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосун өкмөт так аныкташы керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, бизде алгачкы кезекте бекер медициналык тейлөөнү бийлик башында тургандар жана алардын туугандары алышат. Ошондуктан чиновниктерге бекер кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу керек. Мисалы, Ак үйдү тейлеген атайын бейтапкана (*эл оозунда "спецбольница") кызмат акы алууга эбак эле 100% өтүшү керек болчу.
Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик бейтапканаларга өз алдынча тирилик жүргүзүү уруксаты берилген. Демек, биздин медицинанын бекер болбой калганына көп эле болду, аз да болсо акча төлөнөт. Медицина кызматын көрсөтүү рыногунун бардык катышуучуларына бирдей шарт түзүү зарыл. Бул тармак мыйзам алкагында иштеп, ачык иш алып баруусу керек.
- Медицина факультеттеринде окуган студенттердин акча менен билим алгандары да бар. Ушул бойдон улана берсе, келечекте алардан кандай дарыгерлер чыгат?
- Бул кесиптин социалдык популярдуулук деңгээли, кесипке ээ болууну каалагандардын коомдогу көптүгү менен аныкталат. Медициналык ЖОЖдор окуучулардын кызыгуусун арттырбай калганына көп болду. Жыл сайын мыкты делген бүтүрүүчүлөр, юриспруденция, экономика, бажы жана салык тармактарын тандап кетип жатышат. Медицина факультетин бүтүргөн студенттердин билим деңгээли өтө төмөн. Албетте арасында жакшылары жок эмес, бирок басымдуу көпчүлүгүнөн мыкты адис чыкпайт.
- Медицина кызматкери кандай болушу керек?
- Европа жана Америка врачтары акылдуу, маданияттуу, тартипти бекем сактаган, мыйзамды бузбаган, моралдык жактан туруктуу, жаңы технологияларды кабыл алууга ар дайым даяр, бардар адамдар. Калгандарын мыкты уюшулган медицина кызматын көрсөтүү рыногу батырбай сыртка сүрүп чыгарып салат.
- Биздин медицина системасын кантип оңдосок болот?
- Алгач салматтык сактоо системасына (дарыгер эмес) мыкты экономист келиши керек.
- Сиздин пикириңиз боюнча кайсынысы жакшыраак: мамлекеттикпи же жеке менчик системабы?
- Кеңири бюджет жана мыкты каржылоо болгондо гана мамлекеттик медицина иш алып бара алат. Анын бизге тиешеси жок. Ал эми жеке менчик системанын келечеги бар, себеби мамлекеттик медицинанын күндөрү саналуу.
- Анда эмне себептен сиз тажрыйбалуу профессор, өз акыл-билимиңизге ишенген адам катары мамлекеттен кетип калбайсыз?
- Мен өз жамаатым менен абдан көп бейтапты айыктырдым. Учурда 105 миң бейтап биздин көзөмөлүбүздө. Жаңы технологиялардын жардамы менен көпчүлүгүн көрбөй калуу илдетинен сактап калдык. Мен өз мекенимдин патриотумун жана ушунча кишини талаага таштап кете албайм. Мен адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүм бар болгонуна чексиз бактылуумун, себеби мен аларга көрүү бактысын тартуулайм.

Наргиза Апсаматова