05.07.13 Кой аксагы менен миң
Саясаттын "базарын" кызыткандар кандай иштешти?
Жогорку Кеңеш кезектеги жайкы каникулга тараганы саясый айдың тынчыды. Ал эми биз парламенттин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн анализдеп, жетишкен ийгиликтери менен кемчиликтерин ортого салдык.

Расмий статистикага ылайык, өткөн жылдан бери (2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 27-июнуна чейин - Н.К.) жалпы жонунан 76 жыйын өткөрүлүптүр. Жыйындардын жүрүшүндө 355 мыйзам долбоору каралган (таблицаны караңыз).
Ошондой эле 91 протоколдук тапшырма берилип, үч өкмөттүк күн, 24 көчмө жыйын, 23 парламенттик угуу, 35 тегерек үстөл уюштурулган.

Мыйзамга каршы митингдер
Эл өкүлдөрү демилгелеген мыйзам долбоорлорунун көпчүлүк бөлүгү элге белгисиз бойдон калса, айрымдары коомчулуктун кызуу талкуусун жаратат. Маселен, "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишмердүүлүктү чектөө жөнүндөгү" мыйзам ири кредиттик компаниялардын, банкирлердин нааразычылыгын туудурду. Олчойгон кредит алып, үстөк пайызын төлөй албай үйүн тарттырып жиберген жарандар борбор калаада митинг уюштурушту. Митингчилерди депутаттар, спикер өзү кабыл алып, муң-зарын угушту.
Мурда эселек кыздарды улак тарткандай алакачышса, буга мыйзамдуу түрдө тыюу салынды. "Ар-намысчы" Айнуру Алтыбаеванын сунушу менен жашы жете элек кыздарды алакачкандарга карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Ага ылайык эми кыздарды кой өңөргөндөй алакачкандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.
"Жаныбарларды идентификациялоо тууралуу" жаңы мыйзамдын кабыл алынышы коомчулуктун назарына илинди. Аталган мыйзам иш жүзүнө ашса, ар бир мал жандыктарынын кулагына бирка басылып, мамлекеттин толук көзөмөлүнө өтөт. Мыйзамдын авторлорунун айтымында, бул жарандарыбыздын ден соолугун сактоого жана эт, сүт азыктарын экспорттоого чоң огожо болот.

Комиссия менен "жайламай"…
ЖоКенин бир жылдык ишмердүүлү-гүндө тогуз депутаттык комиссия куралса, алардын бешөөнүн иши жыйынтыкталды. Ал эми төрт комиссия ишин улантууда. Апрель окуясындагы талап-тоноочулук, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин маселеси парламент тарабынан иликтениши чоң сенсация жаратты. Депутаттык комиссия криматалыктын мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна шарт түзгөн деп күч органдарынын бир катар жетекчилерин айыптап, аларды жана Акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан четтетүү сунушун киргизген эле. Натыйжада Шамил Атаханов вице-премьерликтен өз каалоосу менен кетсе, Турсунбек Акун атайын токтомдун негизинде ээрден шыпырылды. Калган аткаминерлер креслодон түшпөй тырмышып жүргөн кези.
Абакта жаткан Абдулла Юсуповдун көгүлтүр экран аркылуу "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновду 2010-жылдын 7-9-апрелинде массалык талап-тоноочулукту уюштуруп, экс-президент Курманбек Бакиевдин тууган-туушкандарынын үй-мүлкүн, 1,5 тонна алтынынан бери карактоого буйрук берген деп кине коюшу парламент трибунасына чейин жетти. Бул окуяны иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов Ө.Текебаев менен Б.Шердин талап-тоноочулукка түздөн-түз катыштыгы жоктугун, Т.Мадылбеков менен Р.Төлөгөнов бу окуяга кыйыр түрдө катышканын жарыялады. Бирок Башпрокурор Аида Салянова "ата мекенчилерге" кылмыш ишин козгоого фактылар жетиштүү эместигин айтып, эл өкүлдөрүн актады. Натыйжада мародерчулук боюнча комиссиянын корутундусу толугу менен укук коргоо органдарына өткөрүлсүн деген чечим кабыл алынды.

"Кумтөрдүн" сыноосу алдыда
Эл аралык келишимдердин бардыгы парламент элегинен өтөрү маалым. Бул жаатта Жогорку Кеңеш активдүүлүгүн көрсөттү. Түркиядан келүүчү 100 млн. доллар өлчөмүндө насыя, Россиянын 488,9 млн. долларлык карызыбызды кечиши, Жогорку Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу макулдашуулар депутаттар тарабынан бир добуштан жактырылды.
Депутаттар үчүн эки маанилүү окуя чоң сыноо болду. "Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги чуу парламент трибунасында ачык-айкын талкууланып, өкмөткө карата кескин сын-пикирлер мөндүрдөй жаады. Канадалык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө 10-сентябрга чейин убакыт берип, эгер сүйлөшүүдөн оңгулуктуу жыйынтык чыкпаса келишимди бир тараптуу бузуу чечимин кабыл алганы эле бүгүнкү парламенттин саясый эркинин күчтүүлүгүн далилдейт. Атүгүл ЖоКедеги үч комитет (эл аралык комитет, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети, энергетика комитети) "Кумтөргө" байланыштуу бир катар сунуштарды жолдоп, Кыргызстанга кыянатчылык келтирген келишимге кол койгондугу үчүн А.Акаев, К.Бакиев, Т.Чыңгышев, Д.Сарыгулов, А.Жумагулов, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, Д.Үсөнов, А.Елисеев, М.Бакиев, К.Курманалиев, Н.Танаев, И.Чудинов сындуу экс-чиновниктердин мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароону Башпрокуратурага тапшырды.
Эл аралык "Манас" аэропортунда жайгашкан АКШнын жүк ташуучу борборун мөөнөтү аяктаган соң (2014-жылдын 11-июлунда - Н.К.) өлкө аймагынан чыгаруу чечимине токтолгону депутаттардын позициясын көрсөтүп турат.

"Өз балабызды бербейбиз!"
Парламенттин мына ушундай позицияны тутунганы анын аброюна көлөкө түшүрдү. Атап айтканда, Башпрокуратура айрым депутаттарга кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу максатында кол тийбестигинен ажыратуу сунушу дайыма четке кагылып келет. Былтыр "республикачы" Исхак Пирматовду көзөмөлдөөчү органдын чеңгелинен сууруп чыгышса, быйыл дагы бир "республикачы" Элмурат Обдуновду сактап калышты. Мындай көрүнүштөр депутаттардын коррупцияга каршы күрөшүү ниети жоктугун ашкерелегенсийт. Эгер Жогорку Кеңеш коррупцияга каршы күрөшпөсө, анда башкалардын коррупцияны ооздуктоо аракетинен майнап чыкпасы калетсиз.
Бир чети адамдын күлкүсүн келтирген, бир чети адамды таң калтырчу окуя катары "ата журтчу" Камчыбек Ташиевдин Чыңгызханчасынан Ак үйгө жасаган "жортуулун" айтсак жарашат. ЖоКедеги бакыйган оппозиция лидеринин жолдо калгыр жоругу Кыргызстанда мыйзамдуулук толук кандуу орной электигин тастыктады.

Спикердин добушу БУУда жаңырды
Парламенттин бир жылдык ишмердүүлүгүндө эл аралык деңгээлдеги жолугушуулар жемиштүү болгонун айта кетпесек болбос. Маселен, былтыр сентябрда спикер Асылбек Жээнбеков жетектеген делегация БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) Башкы ассамблеясынын 67-сессиясына катышты. Асылбек мырза жыйында кыргыз тилинде сөз сүйлөп, Кыргызстанда парламентаризмдин пайдубалы түптөлө баштаганын, кандай гана тоскоолдуктар жаралбасын алган багытынан жазбай тургандыгын билдирди. Андан кийин Америка президенти Барак Обама, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жана башка биртоп мамлекеттик, саясый, эл аралык ишмерлер менен менен жолугушууларды өткөрдү.
Сапардын алкагында АКШ конгрессинин китепканасында заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюст-мемориалы ачылды. Бул улуу жазуучунун мекендештери катары биз үчүн гана эмес, Айтматов дүйнөсүн сыйлагандар үчүн чоң окуя болду десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле Жогорку Кеңештин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун айкели былтыр Санкт-Петербург шаарындагы Таврика сарайында орнотулду.
Кыргыздын рухун-духун көтөрүп, улуттук баалуулуктарыбызды дүйнө жүзүнө жайылткан эл өкүлдөрүбүз бар экен. Алардын көч башында турган "ата мекенчи" Карганбек Самаков демилгени өз колуна алып, "Манас" эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө бардык күчүн жумшоодо. Анын талыкпаган эмгегинин аркасында ЮНЕСКО ушул жылдын декабрында бул маселени карамай болду. Эгер ЮНЕСКО "Манасты" материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кошсо, муну Карганбек мырзанын элибизге жасаган белеги катары кабылдашыбыз керек. Мындан сырткары кыргыз алакийизи менен шырдагы боюнча ЮНЕСКОнун сертификаты Кыргызстанга тапшырылышына К.Самаковдун салымы зор. Эми алакийиз, шырдакты бизден эч ким талаша албайт.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail: kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45