п»ї
Агым
Өнөрлүү өлбөйт
Америка президентине ээр жасаган Жылкычы аке
Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп өлкөбүздү өзгөгө тааныткан Жылкычы ШАРШЕМБИЕВ деген уста бар. Жылкычы мырзанын байбичеси Жеңиш ЕШЕЕВА экөө жети кыз, бир уул тарбиялап, алар да устачылык менен алектенип, чет өлкөгө кыргыздын буюмдарын көргөзүп келет. Жылкычы мырзага жолуккан кезде күмүштөн шөкөттөп кооз ээр жасап жаткан экен. Жылкычы аке өзүнүн өмүр таржымалы менен катар ээрди кантип жасоо ыкмаларын айтып берди.


- Канча жылдан бери улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенип келесиз?
- 1973-жылы сүрөт окуу жайын аяктагандан бери устачылык менен алектенип, 1983-жылдан бери ээр боюнча тынымсыз иштеп келе жатам. Ошол жылы "Кыялдын" алдында улуттук ээрлерди жасоо боюнча цех ачылып, биринчи үлгүлөрү жасалган. Гезит-журналдарга биз тууралуу маалымат таркап, бизге заказдар келе баштады. Мен көбүнчө Орто Азиядагы киностудиялар менен иштедим. Ленфильм, Мосфильм, Түркмөнфильм, Казакфильмдер менен иштешип, алар кино тартууга ээрге заказ беришчү. Көбүнчө тасмадагы башкы кейипкерлер минген аттарга ээр жасадык. Булардан башка ар кандай карапайым, бай адамдар келип ээр жасатып жүрүштү. Жакшы ат минем дегендер жакшы ээр сурашат. Кээ бирөө кызмат абалын жакшыртайын деп өзүнүн жетекчилигине ээр тартууламай адаты бар, ошолор келип жасатып кетишет. Эң көп ээр жасаган учурум Т.Океевдин "Чыңгызхан" деген фильминде болгон. Ошол учурда 100 ээрди чыпчыргасы менен толук жети айда жасадым. Азыр күйөө балдарым, шакирттерим да ээр жасап жүрүшөт.
- Союздун убагында М.С.Гор-бачев сизге ээр жасаткан экен дешет, ушул жөнүндө айтып берсеңиз?
- 1986-жылы эле. Бир күнү иште отурсам "Кыялдын" кызматкерлери келип "Кыргызстанга атайын Москвадан ЦКнын заказы келди, аттын ээрин сенден өтөөр эч ким жасабайт, бул өтө жогорку даражалуу адамдарга жасала турган буюм" деп айтышты. Ошол учурда Рейган Москвага келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт экен, ага жакшы белек даярдоо үчүн анын эмнеге кызыгаарын сураштырышыптыр. Рейган мурун ковбой болуп жүргөн адам, ал ээрди жакшы көрөт экен, өзүнүн жылкы кармаган ранчосу, ээрлердин коллекциясын жыйнаган адам деп айтышыптыр. Рейгандын кызыгуусун билип, СССРдеги республикалардын ичинен кайсыл жакта ээрди мыкты жасашат деп сурамжылап, акыры Кыргызстанга беришиптир. Кыргызстандан "Кыялга" буйрутма түшүп, анан мени издеп келишкен экен. Мен агезде "Кыялда" иштебей калгам. Рейган үчүн жасала турган ээр кандай болуш керектигин айтып, аны менен катар эки журнал беришти. Бул журналдар АКШнын ат үстүндө жүргөн белгилүү адамдарына арналган журналдар экен. Алардын ичинде ээрлердин үлгүлөрү бар болчу. Ошол ээрлерди карап Америка ковбойлорунукуна окшоштуруп жаса дешти. Ээрди үч айда жасап бүтүрдүм. 3-декабрда "Кыялдын" директору Султан Макашев алып кеткен. Айтор, сый-урматтын баарын көргөн ошолор болушту. Мага 2200 рубль төлөп беришти. Директор Москвага барып ээрди берип келгенден кийин чогулуш жасап, менин залда отурганымды байкабай калса керек, ошол жерден уялбай эле балп эткизе "мынакей биздин "Кыялдын" өркүндөп-өскөнүн байкап койгула, ээрди алып бардык эле ушунчалык жакшы кабыл алып, абдан жактырышты, ушул ээрдин автору Султан Макашов" деп оозу-мурду кыйшайбай эле айтып койду. Мен дароо эле чыгып "бул кандайча болуп кетти, уялсаңар боло?" десем, эч кимдин бети чымыраган жок. Султанга барып "бул эмне кылганыңар?" десем унчукпай басып кетти. Чындыгында Султандын ал ээрге колу да тийген эмес. Ошол кезде "Советская Киргизия" гезитине Султан Макашевди ичип-жеди деп абдан сындалып жазылган макала чыккан. Ошол сындын айынан директорду кызматтан кетиришкен. А Султандын БКдагы тааныштары аркылуу ээрди жасаган менмин деп ордунда калуу амалдары экен. Аны ээрдин автору деп ордунда калтырышты. Ошол кезде биздин ириген-чириген системанын кесепетин өз жонум менен тарттым.
- Рейганга ээр кандай жасалды эле?
- Ээр күмүш менен кооздолуп, териге оймо-чиймелүү наар басылган. Америкалык ковбойлордун ээри менен кыргыздын ээрлеринин ортосунда окшоштуктар бар. Чындыгында тарыхта Америкадагы ковбой ээрлери биздин Акбуура деген баатырдын ээринен тараган деген түшүнүк бар. Ал түндүк-түштүк согушуна барып, Американын атчандар армиясын кураган экен. Ушул ээр баарына жагып, кийин чарбалык ээрге айланып кеткен. Ошол кыргыздын кушмач ээринин үлгүсүндө Американын ковбой ээрлери өркүндөгөн. Мексикалыктар биздин кушмач ээрин өркүндөтүп отуруп, эң туу чокусуна жеткиришкен. "Зорро" деген тасмадагы баш каарман минген аттын ээри кыргыз ээринин жеткен туу чокусу деп айтса болот.
- Келинчегиңиз да кол өнөр-чүлүк менен алектенеби?
- Азыр эс алууга чыкты. Антпесе ал да сайма боюнча уз болчу. Азыр жети кызыбыз бар, баары тең биздин жолубузга түшкөн. Жетөө тең кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Учурда төрт кызым АКШга көргөзмөгө кетишкен. Кыздарым жүн менен жибекти аралаштырып нанотехнология менен шарф, жоолук, кийим жасашат.
- Азыркы кооздоп жасап жаткан ээриңизге кимдер буйрутма кылышты?
- Былтыр кыздарым Динара Чочунбаева менен АКШдагы индеецтерге барып бир ай жүрүп келишкен. Индеецтерге кыргыздын улуттук алакийизин, шырдагын жасаганды үйрөтүп, тамак-аш, каада-салтын көргөзүшкөн. Ошол кезде бир кыз силер жакка барсам болобу деген экен. Аны чакырышса кышында бул жакка келип үч ай жашады. Кыздардын атасы ээр жасайт экен, Рейганга ээр жасап бериптир дегенди угуп тигил жакка телефон чалып айтыптыр. Ал жактагылар биздин жол башчыга жакшы ээр жасатып тартуулайлы деп ошол жактан акча чогултуп берип, заказ кылышты. Азыр бул ээрди бүтүп калдым. Эми алардын дарегине салып жиберебиз. Буга эки жарым килограмм күмүш кетти. Ээрди башынан аягына чейин жаңыча оймо менен кооздоп шөкөттөп, териге салынган орнаменттери да жаңы стилде, айтор бардыгы гармония болгондой жасап жатабыз. Күмүштөрдү оймо салып куйдурдук.
- Кооз ээрлерди жасоого канча убакыт талап кылынат жана баасы канча?
- Ушундай кооз ээрлерди жасоого эки айга жакын убакыт талап кылынат. А эгер жөнөкөй ээр болсо 20 күн же бир ай убакыт кетет. Кыргыздын орнаменттери коюлуп, шөкөттөлүп жасалган ээрлер Бишкектин дүкөндөрүндө 1500 доллардан жогору турат. Күмүш менен шөкөттөлсө анда кымбатыраак болот. Мисалы, азыр жасап жаткан ээр 5000 долларга жасалды. Себеби, күмүш көбүрөөк кетип, мыкты жыгачтар колдонулду. Бир чети бул ээр чет өлкөгө барса, ал жактагыларга жагып, башка заказдар да болуп калышы мүмкүн деген ой бар.
- Ээр аттардын көлөмүнө карата жасалабы же стандарт боюнча эле кете береби?
- Чындыгында ээрди атка чакандап жасоо боюнча маалымат жок. Илгери ээр жасаган мыкты усталар өтүп кетти. Атүгүл бир кездерде ээр жасоо да жок болуп бараткан. Кийинчерээк кайра жанданды. Андан кийин жакшы үлгү иштелип, жакшы ээрлерди жасап жатышат. Ээрди АКШда 14-15-16 дюймдук деп размер коюшат. Кандай гана ээр болбосун аттын үстүнө чак келип, аны жонун жоорутуп, баспаш керек. Аттын тукумдары, түрү да ар кандай. Орустун жылкылары олбурлуу чоң келет, аларга ошого жараша ээр жасалат, ал эми кыргыздыкы орточо болгондуктан ага да көлөмүнө жараша ээр жасалат. Тайга, бээге, чоң аттарга жараша ээрлер чабылат. Мурда кыз-келиндер, аялдар, улгайган байбичелер үчүн атайын көркөмдөлүп этек-жеңине ылайыктуу ээрлер жасалчу. Азыр андайлар жасалбай калды. Мурда биздин аялдар эркектерге кошулуп жоого чыгышчу экен. Мисалы, Македонскийдин учурунда жоодон көз жумган жоокерди чечиндирип караганда аял болуп чыккан. Булардын аялдары да кыйын экен деп душмандар ушунчалык таң калышкан. Ошондогу аялдар эркектен кем эмес, ат ойнотуп жоо сайып жүргөн. Булар илгери Алтайда жашаган кыргыздар болгон.
Ээрди 40 жылдан бери изилдеп жүрүп, кыргыздын боз үйүн да өркүндөтүш керек экенин айткым келет. Анын келечеги алдыда. Кол өнөрчүлүк боюнча жаштарыбыз билимдүү болсо дейм. Мындан 4-5 жыл мурун бир долбоордун алкагында алты-жети балага мастер класс окуттум. Буларга эки ээрдин үлгүсүн берип, ошол жерден жасаттым. Боз үйдү да үйрөттүм. Ушуларды окутуп, үйрөтө турган борбор болсо жакшы болмок. Кыргыз этно-ордо жасасак деген максат бар, ошого ылайыктуу, жооп бере турган долбоорлор бар. Атургай керегенин башына ууктун учун жипсиз эле орнотуп, боз үй тикпеген адамдар да тиге ала турган долбоорлор бар.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку





а ­е¦Є.НҐй«