05.07.13 Үйрөнүп алып биз да жасабайлыбы?
Балыктын баркын билип, байыса болот

СССР урагандан кийин эле өлкөбүздөгү балык уулоо жана балык чыгаруу өндүрүшү солгундап, атүгүл токтоп калган. Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюму деңиз азыктарын бир киши жылына 20 килограммдан кем эмес жеп, организмге керектүү витаминдерди топтой алат деп эсептейт. Ал эми Кыргызстанда жылына бир кишиге бир гана килограммдан балык туура келет экен. Өлкөбүздө көлдөрдүн жана майда көлмөлөрдүн, аккан суулардын саны арбын болсо да, сырттан алынып келинген балыктарды жейт экенбиз. Себеби биздин өлкөдөгү сууларда союз кулагандан тарта балыктардын саны кескин азайып кеткен. Жакында БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Ысык-Көл аймагындагы балык өндүрүү чарбасына кандай жардам көргөзгөндүгү тууралуу ММК өкүлдөрүнө тааныштыруу үчүн көл аймагына медиа-тур уюштурушту.

Ихтиологдор иштин көзүн билет
2009-жылдан бери БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Кыргызстандагы балык өндүрүүгө кызыккандарга активдүү жардам берип келет. Алар ар кандай гранттык жол менен долбоорлордун негизинде балыктардын икраларын, чабактарын фермерлерге сатып берип, аларды өндүрүү үчүн шарт түзүп берген. Өлкөдө балыктардын саны канчалык көп болсо, алардын баасы арзандайт жана адамдар ден соолугуна керектүү витаминдер менен камсыз болот дейт ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Дорджи Кинлай. ФАО долбоорунун эл аралык менеджери Сунил Сириворденанын айтымында, СССР кулагандан кийин балык өндүрүү боюнча өндүрүштүн баары талкаланып кеткен экен, эми алардын баарын кайра куруу керек. Бул өндүрүш абдан кирешелүү жана калктын ден соолугу үчүн пайдалуу экендигин белгиледи. Анүчүн ихтиологдордун жана илимий комплекстүү окутуунун жардамы керек дейт. Сууга бай Кыргызстандагы деңиз жандыктарын өндүрүү үчүн ФАО кыргызстандык окумуштууларга заманбап жабдыктарды алып келип берген. Бул заманбап технология менен Ысык-Көл облусундагы Кутургу айылында ихтиологдор балыктардын өсүүсүн, кантип чоңоюп жатышканын, алардын жеген тамагы, ушунча убакыттын ичинде канчалык чоңойгонун жана суунун тазалыгынан бери текшерип, мониторинг өткөрүштү. Бул жерде иштеген жергиликтүү эл да көлмөлөргө балыктарды өстүрүү пайдалуу экенин билип, кызыгуулар көбөйө баштаганын жашырышкан жок. Буга чейин ар кандай чарбачылык менен иштеп жүргөн айылдыктар көлдөгү балыкты багууну, аларды көбөйтүүнү, браконьерлерден сактоону көзөмөлгө алышкан.

Жасалма жол менен чыккан балыктар тың
Кутургу айылынын жашоочусу Олег Сергеев да балыкчылыкка кичинесинен бери аралашып чоңойгон. Өзү айылдыктардай эле жер айдап, мал багып, айыл чарбасында иштеп жүргөн. Бирок кереметтүү көлдүн жээгиндеги суулардан, көлмөлөрдөн балык өндүрсө болорун жакындан бери өздөштүргөн. Икра чыгарчу балыктардын маалы жеткенде жасалма жол менен сыгып алышат да, аны көбөйтүүчү заводго алпарышат экен. Атайын инкубацияга багылып икрадан чыгарылган балыктар кичине чоңое баштаганда көлмөлөргө кое беришип, чоң жырткыч балыктардан сактоо үчүн өзүнчө багышат. Жыл сайын майда көлмөлөрдө форель, сига балыктарынын түрлөрүн өндүрөбүз дейт. Балыктарды Каракол шаарындагы "Каракол балыгы" заводуна тапшырышат. Негизи Ысык-Көл облусу боюнча балыктарды кайра иштетип чыгуучу эки-үч завод бар. Бирок ошол заводдор көпчүлүгү сырттан келген балыктар менен иштешет экен. Атайын балык өстүрүүчү көлмөлөрдө, дегеле чоң көлдөрдө деле табигый жол менен көбөйгөн икралардын чоңоюшу өтө төмөн экен. Мисалы, көлгө балык урук таштагандан кийин 3-5%ы гана жашап кетсе, жасалма жол менен көбөйтүүдө 80-90% балык жашап кете алат экен. Ошондуктан балык өндүрүүгө киришкен ишкерлер икраларды жасалма жол менен көбөйтүүнү колго алышыптыр.

Көлчүктөн көлмөгө көтөрүлдү
Ысык-Көлдөгү форелдер Севан көлүнөн алынып келинген. Бирок ал жакта форелдердин көлөмү кичинекей болгон экен. Бул жактын климаттык шарты жакшы болгондуктан алардын көлөмү чоңоюп, Ысык-Көлдүн форели болуп калыптыр. Ал эми форелдин атайын жасалма жол менен сатык үчүн чыгарылган түрү бар. Мындай форель климаттын бардык шартына ыңгайланышкан. А Ысык-Көл форели болсо кичине муздагыраак жерде жашайт. Же күн ысып кетсе көлдүн түбүнө түшүп кетет да, башка майда балыктарды жеп коет дешет өндүрүшчүлөр. Биздин Ысык-Көлдө отуздан ашуун балыктын түрү бар, алардын баарын жегенге болот.
Тукуму курут болуп азайып бараткан балыктарды сакташ керек. Анүчүн инспекцияда иштегендер браконьерлерден сактап туруш керек, тилекке каршы бардыгы финансы маселесине такалат. Өкмөт муну толук кандуу каржылап бере албайт. Азыр эл аралык фонддордун колдоосу менен акырындап ишке ашып жатат дейт жергиликтүү эл. Мурда жөн эле көлчүк болуп, бака, чиркейлердин мекенине айланып каралбай жаткан көлмөлөргө балык өстүрүүнү колго алышкан фермерлердин өндүрүп жаткан балыктары көңүлдү көтөрдү.

Эсен АЛАМАНОВ, балык чарба департаментинин ихтиологу:
- Балык чарбасы таптакыр талкаланып жок болуп кетпей, акырындап иштеп турушу керек. Азырынча жаңыдан ишке кирген көлмөлөрдөгү кармап саткан балыктардан түшкөн каражат кайра кийинки чоңоюп келаткан балыктардын жемине жана башка чыгымдарга кетет. Кыйынчылыктар баягы эле каражатка такалат. Ушул каражаттарды жеткирүү үчүн долбоорлорду жазып, балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн семинарларга катышып, китептерди алып үйрөнүүгө ФАО чоң жардам берди. Ак-Суу районунда он алты балык чарбасы иштейт. Кызыккандар андан да көп. Бул жердеги фермелерде балык өндүрүү негизги чарбасы эмес, кошумча чарба деп эсептелет. Кимдин колунда көлмө болуп кызыкса, бизди издеп келип адис катары кеңеш алышат. Соң-Көлдөн атайын термостор аркылуу икра алып келип, бул жактан инкубацияга коебуз. Ал икралар 90-100 күндүн ичинде балык болуп чыгат. Аны эки ай баккандан кийин кайра көлгө кое беришет.

Жем кантип даярдалат?
Балыктардын жемин кээси сатып алышат, кээси өздөрү даярдашат. Чет өлкөдөн алынып келинген жем кымбат экен. Балыктын жемин жасоо да өзүнчө чыгармачылыкты талап кылат дейт даярдоочулар. Көбүнчөсү Кытайдан сатып алышат. Бирок өздөрү даярдаган жемдин курамын сурап көрдүк. Атайын жемди даярдоо үчүн малдын каны, балыктын тазалагандагы ичеги-карындары, сөөктөрү, жем, жумуртканын калдыктары, чөп, кара ун, арпа, буудай, улпак, туз кошуп баарын аралаштырып туурагычтан өткөрүп гранул кылып чыгарышат. Бул азык балыктар үчүн табылгыс тамак экенин Айбек Жапаев айтып берди. Кышында суунун температурасы 4-5 градуска жеткенде эле балыктар көлдүн түбүнө жатып укташат да, муз эрип, күн жылый баштаганда ойгонуп тамак издеп жеп жашай беришет.
Балык өстүрүүнү колго алган Замира Өмүрканова аттуу айым мурда медик болуп эмгектенген. Бир жылдан бери үй-бүлөсү менен балык чарбачылыгын иштетүүгө өткөн. Булар балыкты инкубациялык цехте чоңойтуп, көлмөлөргө кое беришет. "Союз тарагандан кийин балыктарды өндүрүү жана аларды иштеп чыгаруу заводдору тонолуп кеткен. Ошол заводдордун бирин биротоло тонолуп кете электе кармап калып, кайра оңдоп калыбына келтирип ишке киргизүүдөбүз. Баары эле каражатка келип такалат, бизге ФАОнун долбоору менен жакшы жардам болду. Мындай талкаланып калган чарбаны калыбына келтирүү оңой эмес. Кичүү уулубуз ушул ишти алып кетсин деп ихтиологиялык факультетке окуталы деген оюбуз бар" дейт Замира айым.

Балык багуу пайдалуу, бирок...
Балыкты көлмөгө кое берүүдө суунун температурасын, кислородун изилдеп туруп, кайсы балык ошонун талабы боюнча ылайыктуу болсо кое беришет. Көлмөдө өтө чоңоюп кеткен балыктарды кармоо көйгөй жаратарын айтышты өндүрүүчүлөр. Себеби алар торлорду талкалап, карматпай кыйнашат экен. Бир балык 10-15 кг чейин жетет.
Атайын жасалма жол менен куюлган көлмөлөр да бар. Жергиликтүү элдин арасында өкмөттүн 10% берген кредитин да алып иштеткендер бар. ФАОдон көбүнчө балыктын чабактарын алып багып жатышат. Быйыл көлмөгө салынган чабактардан түшкөн киреше бир жылдан кийин билинет. 20-30 граммдык чабактар бир жылдан кийин 1-1,5 кг балык болуп чоңоюшат. Мал бакканга караганда балыктан түшкөн пайда жакшыраак, албетте түйшүгү бар, бирок малга караганда жеңилирээк дешет. Көлмөлөрдүн үстүнө өрдөк-каздарды баккандар да бар. Алардын чыгарган заңдары балыктарга жем болуп эсептелет дейт. 2011-жылы Кыргызстандан өндүрүлгөн балык 364 тонна болгон. Ал эми мурда союз убагында мындай көлмөлөрдөн эле 5000 тоннага жакын балык өндүрүлчү экен.

Ишен Кожалиев, Тоң районунун акими:
- Балык өстүрөм деп бизге кайрылгандарга көлмө жасоого шарт түзүп, керектүү документтерди тоскоолдуксуз дайындап берип жатабыз. Бул биз үчүн өтө керектүү программа. Анткени элибизди өзүбүздүн тамак-аш менен камсыздоо биринчи орунда турат. Акыркы жылдары ар кандай оорулар менен төрөлгөн балдардын саны арбып барат. Анын көбү жеп жаткан сапатсыз тамак-ашыбыздан улам болуп жатат. Аларды алмаштыра турган балык. Биз жергиликтүү элди балык өстүргөндү үйрөнсөңөр, андан кийин балыктан кандай тамак даярдаларын үйрөнөсүңөр дейбиз.
Бир бизнес экинчи бизнести тартып келет дейт жергиликтүү фермерлер. Балык менен бирге тоок, жумуртка, бал, сүт, эт азыктарын да кошо иштетип жаны тынбаган фермерлердин эмгегине ыраазы болдук.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек, сүрөттөр автордуку