24.06.13 Элге кебин айтпаса,
философтон не пайда?
Үмүт АСАНОВА, философия илиминин доктору:
"Азыркынын идеологиясы - кандай жол менен болбосун акча табуу"
Кыргыз элинин философтордон, чыгаан окумуштуулардан уучу кур эмес. Бирок Үмүт Асанова сыяктуу 5-6 чет тилди суудай билгендери саналуу гана. Үмүт Асановнаны кепке тартып, өлкөдөгү акыркы окуяларды, өзгөчө андагы энелердин ролун талкуулап, "Кыргыз эли каякка баратабыз?" деген философиялык суроого жооп алганга аракет кылдык. Ошондой эле Үмүт айым бүгүнкү бийликтегилерге жана ага каршы чыккандарга карата да өз оюн ачык айтып берди.

Баатыр энелердин жол тосушу аргасыз чара

Азыр заман башка. Ааламдашкан, маалыматташкан доордо аял менен эркектин ролу алмашып калды. Эркектер аялдарга, аялдар эркектерге окшоп барат. Анан дагы аялдарды саясый маселелерди чечүүдө курал катары колдонуу трагикалык көрүнүш. Бирок Кыргызстанда бир гана аялдарды эмес, жаштарды да ар кандай саясый оюндарда курал катары колдонуп жатышат. Менимче Жалал-Абаддагы баатыр энелердин жол тосушу аргасыздан көрүлгөн чара. Митингге чыккандар "эгер бийлик көңүл бурбаса жолду жабабыз" деп мурда эле айтып келишкен да. Жети-Өгүздөгү элдин да чындыгы бар. Баары эле бош жатканынан митингге чыгып жаткан жок. Алардын арасында Кумтөрдүн айынан баш ооруга чалдыккандар, балдары майып төрөлүп запкы тарткандар четтен чыгат. Жети-Өгүздө менин тууган-туушкандарым жашайт, ошондуктан алардын абалын жакшы түшүнөм. Алардын кандай аба менен дем алып, кандай суу ичип жатканын кайдан билебиз? Жадагалса бул жөнүндө изилдөөлөр да жок болуп жатпайбы. Эл өзүнүн зыян тартканын айтып, оорусун көрсөтүп жатса кантип ишенбей коебуз? Айрымдар митингге чыккандарды акчага алданды деп жатышат. Менимче бир жума митингге чыккандар миң сом же эки миң сомго алданбайт. Алардын чынында эле көйгөйлөрү жетишип кеткен. Аларды бийликтегилер укпай жатат. Бийлик болсо Кумтөрдөн келген акчага пенсия, жөлөк пул берип жатабыз дейт. Эгер Кумтөрдөн келген акча чынында элге жумшалып жатса мындай окуялар болбойт эле. Ал акчалар каякка кетип жатканы элге ачык, так жетип турушу керек. Ооба, митингдерде беттен алган ОБОНчу аялдар бар. Бирок Жалал-Абаддагы аялдардын жол тосушу аргасыздыктан болгон нерсе. Эгер Ташиевдердин мамлекеттик төңкөрүш жасаганы чын болсо, анда эмнеге мыйзамга таяп 10 же 20 жыл камашпайт?. Эмне үчүн бир жарым жыл? Азыркы бийлик кандай жол менен келгенин бат эле унутуп калдыбы? Анда 2005-2010-жылдардагы төңкөрүшкө катышкандарды да камаш керек да. Ташиев эмне кылсын, парламентке кирип сүйлөйүн десе киргизбей коюп, анан тосмодон аттап жатпайбы. Эмне үчүн чындыкты айтпайбыз?

Ташиевдин Ош окуясындагы эрдигин эмне үчүн айтпайбыз?
Жалал-Абаддагы митингдерде эл Кумтөр маселесин жана "ата журтчу" үч депутатты камактан чыгарууну талап кылышты да. Ал депутаттар жергиликтүү эл үчүн өзгөчө. Менин билишимче Камчыбек Ташиев энелерге, жетим-жесирлерге көптөгөн жардам берген. Өз элине жол салып, таза суу чыгарып берсе анан эл жардам берген уулун коргоп чыгат да. Биз негизи маселенин түбүнө үңүлүшүбүз керек. Ташиевдер Кумтөр маселесин көтөрүп, ошонун айынан камакта отурушат. Ошол жерде отурган байкуш энелер эртеден кечке жолдо отурушту. Анан кантип эле акча үчүн ушундай жолго барышсын? Энелер өз уулу үчүн чындап күйгөндөн, башка арга калбай калгандан ошондой жолго барышты. 2010-жылдагы Ош окуясында "кыргыз-өзбек ынтымагы үчүн атсаңар мени аткыла, элди атпагыла" деп барып араздашкан элге арачы болгону чын да. Аны эмне үчүн айтпайбыз? Бул дүйнөдө чындык керек да. Ошол учурда Ташиевден башка керек болсо бирөө да басып барган эмес. Көпчүлүк Ташиевди эмоцияга алдырып, Ак үйдүн тосмосунан ашты деп жатышат. Эмоциясыз чындык издөө бул дүйнөдө мүмкүн эмес. Чындык жүрөктөн гана чыгат. Ташиев менин эч кимим эмес, бирок бул баланын жакшы жагы көп деп ойлойм. Садыр Жапаров да Кумтөр боюнча парламентте бардык нерсени ачык айткан. Жаратылыш талкаланып жатса Экономика министри Темир Сариев Кумтөрдүн ууланган суусунун көлдүктөргө зыяны тийбейт, Нарынга куят деп абдан методологиялык, нравалык ката кетирип алды. Элди жоошутам деп эле ар кайсынын башын айта бербеш керек. Биз болгону 3 жарым миллионбуз. Элдин саламаттыгын ким ойлойт, улуттун эртеңки камын ким көрөт? Ушул маселелерди көтөргөндөрдү эле түрмөгө тыга берсек эртеңибиз кандай болот? Кантип чындыкка көз жумабыз? А биз, интеллигенция унчукпай уктап отурабыз. Биз коркок, чоркокпуз. Иш ордубуздан айрылып калбайлы деп чындыкты айткандан чочулап, бөгүп отурабыз.

Бийликтегилерге кызматтык орун гана керек...
Мыйзамдагы ууру, канчалаган кыргыз жигиттердин кулагын кескиледи делген Азиз Батукаевди боштондукка кое берген бийликти керек болсо атыш керек. Батукаевдикиндей эле дарт менен канчалаган кыргыздар түрмөдө өлүп атат. Бул ойго келбеген нерселер. А бүгүн Кумтөрдүн элге иштеши үчүн күрөшкөн адамдар абакта отурат. Акыйкатчы Турсунбек Акун "бийликтегилердин баарына компроматым бар, мен бомбамын" деп жатат. Эгер ал чындыкты билген болсо ачык айтпайбы. Демек ага кызматтык орун гана керек. Булар акылга сыйбай турган нерселер. Ушинтип атсак кантип өнүгөбүз? Биз билим деңгээлибизди, ыйманыбызды көтөрмөйүнчө бул туңгуюктан чыга албайбыз.

Атууну киргизсек...
Өлкөнү мите курттай соруп жаткан бул коррупция. Бул илдет биздин түбүбүзгө жетпесе эле болду. Мыйзамдуулукту, тартипти орнотуш үчүн жазалоонун эң оор түрүн - атууну киргизиш керек. Элди алдаган кишилерди, жемкорлорду атыш керек. Чоң коррупционерлердин башы кетсе калганы коркот. Бул үчүн өлкөнүн башында эч нерседен коркпогон эр жүрөк адам туруш керек. Бизде аткаминерлер туура эмес иш кылса дароо эле иштен алышат. Бул эч кандай жазалоо эмес. Тескерисинче иштен алынган адамдын ордуна мурдагыдан бешбетер жаман ыплас адамдын келишине шарт түзүү. Акча жеген чиновник бир жумуштан чыкса, кайра эле экинчисине кирип жатпайбы. Бизде акча менен ишке орношуу адат болуп калды. Жакшы жумушка акча менен гана кире аласың. Азыр жаштардын көбү чет өлкөлөргө чыгып жатышат. Билимдүү жаштар бул жакта ишке орношушу үчүн чоңдорго акча бериш керек же таанышы күчтүү болуш керек. Болбосо талаада калып жатпайбы.

Кооз сүйлөгөн өзүнчө бир тип пайда болду
Интеллигенция бир башка, интеллигенттер бир башка маселе. Интеллигенция мурдатан эле калыптанган тип. Алар көптөгөн чет тилдерди билет жана кооз сүйлөгөндү мыкты өздөштүрүшкөн. Накта интеллигенттер Толстой, Пушкин, Лермонтов жана башкалар болушкан. Бизде да накта интеллигенттер болгон, азыр да бар, бирок такыр үн чыгарышпайт. Чыныгы интеллигенттер өздөрүнүн колунан эч нерсе келбей тургандыгын билишет. Тагыраак айтканда, акчасы жок. Үйлөрүндө илим менен гана алек. Азыр өзүнчө бир тип пайда болду. Элди ойлоп да койбойт, бирок эл үчүн деп укмуш кооз сүйлөгөн, ыймандан түшүнүгү жок, бирок ошол эле учурда эл көзүнө ыймандуу көрүнгүсү келген типтер пайда болду. Азыр тилекке каршы бийликте ушундай адамдар көп.

Сойкуларды мыйзамдаштырыш керек
Карагылачы, азыркы энелер эмне болуп баратат? Жаш келиндер өзүнүн денесинен чыккан балдарды күкүк сымал таштап кетип жатышат. Бул Кудайдан да коркпогондук. Интернаттарда, балдар үйлөрүндө эне мээримин көрбөгөн балдар биздин чоң кайгыбыз. Эртең алардын келечеги кандай болот? Ошол балдардын баарын эне боюнда тогуз ай көтөрүп төрөгөн да. Бул эмне деген ташбоордук? Мунун баары кайдан келди? Ажырашуулар, үй-бүлөдөгү зөөкүрлүк жана башка толгон-токой маселелер. Эң негизги көйгөй жаш энелерде. Балдарына кол көтөрүп, керек болсо өлтүргөн ата-энелер четтен чыгып жатат. Кыргыздар "кызга кырк үйдөн тыюу" деп келишкен. А азыр болсо жаштар ар кандай видеотасмалар аркылуу сексти, порнографияны каалашынча көрүп жатышат. Бирин-бири өлтүрмөй, кан адамдардагы коркуу сезимин жоготуп койду. Секске, порнографияга тыюу салган мыйзамды токтоосуз түрдө кабыл алыш керек. Бизде эми спутник болобу, иши кылып ар кайсы жерден көрсөтүп жатышат. Жаман-жуман видеолор бузулган адамдарды өстүрүп жатат. Бул маселеге азыр көңүл бурбасак келечегибиз кооптуу болуп турат. Ар кандай бузукулар пайда болуп жатат. 3 жаштагы кызын өз атасы зордуктайт деген эмне шумдук! Аны кинодон көргөн да, анан ичине 100 грамм киргенде иш жүзүнө ашыргысы келген чыгар. Балдар да ошондой тасмаларды көрүп алып, бул норма экен деп кабыл алат. Алар үчүн адам өлтүрүү, кан төгүү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алынып калат. Азыркы идеология - кандай жолдор менен болбосун акча табуу. Биз мурда адабият менен чоңойгонбуз. Бардык видеолорду электен өткөрүш керек. Азыркы жаштарды телевизор тарбиялап жатат. Баланчанын махабаты сыяктуу тасмалар адамдын табитин бузуп, жерге тепсеп жатат. Болбосо кинолор адамдарды асманга тартыш керек эле да. Жаман-жуман кинолорду жоготуш керек. Денесин саткан кыргыз кыздар, сойкулук маселеси курч турат. Сойкулукту мыйзамдаштырыш керек. Ошондо гана азаят. Бардыгын интернеттеги системага киргизсек, уялып андай жолго барбай калышат деп ойлойм.

Кайда
баратабыз?
Ар бир адамдын өз укугу бар. Турмушта чындыктын кандай жолун тандап алса ошол жол менен кетет. Башкалардын укугуна доо кетирбесе эле болду да. Мисалы, динге берилген фанаттарды туура эмес деп айта албайбыз, анткени анын чындыгы ошол жол. Балким ал чындыкты ошол жактан тапкандыр. Бул эми плюрализм, мозаика да. Табигый көрүнүш. Бирөөнүкүн туура, экинчисин туура эмес деп айтуудан алыс болушубуз керек. Болгону мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттары туура багытты көрсөтүш керек. Ар кандай агымдарга азгырылып бараткан жаштарды тизгиндеп, түз жолго салып туруш керек. Эң негизгиси бирөөгө доо кетирбеген аракеттерди гана жасаш керек. Ар ким өзүнүн ишин мыкты жасаш керек. Ар ким өз жоопкерчилигин сезип, "мен киммин, каякка баратам" деген суроону коюп, өзүнүн кимдигин, иденттүүлүгүн сакташ керек. Азыр элдин баары ооруп жатат. Бейтапканаларда бут коерго жер жок. Алакандай калк ушунча оорукчал болуп бүттүк. Бул абдан чоң көйгөй. Медицина менен фармацевтика ушунчалык бизнес жасап жатышат. Кочуштап дары иче берип организмди талкалап жатабыз. Азыр кыргыз эли аябай ооруп жатат. Ошон үчүн жандүйнөбүздү тазартып, ыйманыбызга келип арууланышыбыз кажет. Азыркы адамдар эркин эмес. Анткени көртирликтеги ар кандай көйгөйлөргө көз каранды. Эркин ой жүгүртө алышпайт. Адам качан гана эркин ой жүгүртө алганда гана азаттыкты сезет. Болбосо азыр баарыбыз күнүмдүк көр оокаттын туткунундабыз. Адам деген эркин ой жүгүртүп, көз карандылыктан кутулуп, эркиндикте жашашы керек.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ
Редакциядан:
Ап-бали! Бар экен го эчен
эркектен артык Үмүт айым!