24.06.13 Көздөн учкан көк жээк
Жай саратанында Сатыбалдиев тытынып иштесе, депутаттар "жыргализмде" болушат
Саясый айдыңдагы кызыл чеке талаш-тартыштардын деми басылып, пикет-митингдердин аягы суугансыды. Себеби айтпасак деле түшүнүктүү. Саясатчы аке-эжелер чемоданын даярдап, жайкы эс алууга камданышууда. Элге төбөсү көрүнгөн фигуралардын кимиси кайсы жерде чартаңбай тээп жатканын жана эмгек өргүүсүн кайда өткөрөрүн иликтедик.
Өлкөбүздөгү соңку окуялар Ак үйдүн 7-кабатында отургандардын жүрөк үшүн алгандай. Дегенибиз, президент Алмазбек Атамбаев баш болуп эмгек өргүүсүнө качан чыгарын так билишпейт экен. Бул тууралуу президенттин маалымат саясаты бөлүмүнөн: "Азыр эс ала турган мезгил эмес, иштеш керек. Андыктан президент качан отпуске аларын чече элек" деп кыска-нуска кабарлашты. Ал эми ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, ажо августтун аяк чени же сентябрдын башында кыска мөөнөттүү отпуске алып, Ысык-Көлдөгү резиденциясына жөнөйт. Былтыр бир жумалык өргүүсүндө Түркияга жол тартып, Анкарадан кесиптеши Абдуллах Гүл, түрк башбаканы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканы маалым. Быйыл да отпускенин алкагында Түркияга бейрасмий визит жасашы ыктымал.
Премьер Жантөрө Сатыбалдиев дагы эмгек өргүүсү тууралуу ойлоно элек. Өкмөт акенин маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Нурзада Токтогулованын айтымында, башбакан жай саратанында башын көтөрбөй иштеши мүмкүн. "Жантөрө Жолдошевич отпуске туурасында ооз ача элек. Ал эс алып убакытты текке кетиргичекти иштегенди туура көрөт. Ал эми министрлердин кимиси качан өргүүгө чыгарын так айта албайбыз" дейт Нурзада айым.
Кыргыз бийлигиндеги экинин бири саналган ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков бизге ачылып сүйлөп берди. Мурда жыл сайын июлдун орто ченинде кичи мекени Кара-Кулжадагы Ажыке жайлоосунда он күн кымыз ичип, ден соолугун чыңдоону салтка айландырганын айткан ЖоКе "боссу" быйыл убакыт тапса бир күн болсо да жайлоонун таза абасынан кере дем аларын төмөндөгүчө ырастады: "Жайкы каникулду ойдогудай өткөрсөмбү деп пландап жаткам. Тилекке каршы, кырдаал дагы деле тынчыбай жатат. Мындай шартта биздин эс алганыбыз туура болбой калат. Эл менен жолугушууларды өткөрөбүз. Ошентсе да эгер мүмкүнчүлүк болсо Ажыке жайлоосуна барып келсемби дейм".
Эл өкүлдөрү чартаңбайды эчак башташкан
ЖоКе депутаттары июлдун башында эки айлык каникулга тарашат. Андан кийин депутаттар бала-чакасын алып кереметтүү Көл жээгиндеги "Алтын-Көл" пансионатында кумга оонап жатканын көрөсүң. "Алтын-Көл" парламентке караштуу болгондуктан баасы арзан, чөнтөгү жука депутаттар үчүн өтө ыңгайлуу. Ал эми капчыгы калың, акчасын кайда чачарын билбегендер Көлдү "чанып", чет өлкөдөгү абройлуу эс алуу жайларына жолдомо алып коюшса, айрымдары бир сыйрадан эс алып келишиптир. Маселен, "жыгач магнаты" атыккан "республикачы" Нурбек Алимбеков май айында Түркиянын Анкара шаарында бир жума "жыргализм" доорун сүрүп кайтканын билебиз. Бир жума аздык кылганбы, Анкарадан келери менен аттын оозун Ала-Арча жайлоосуна буруптур. Түркиядан күнгө кактанып, Ала-Арчадан саамал ичкен Нурбек мырзанын саламаттыгы бекем. Эми жай бою Россиядан жыгач ташып, тогуз кабаттуу элиталык үйдүн курулушун бүтүрсөмбү деп шымаланып жүргөн кези.
"Республиканын" төбөлү Алтынбек Сулайманов өткөн жылы Анкарадагы курорттордун биринде ден соолугун чыңап, андан соң Германияда саякаттап, 20 миң долларды сарптаганын жазганбыз. Бу жолу ысыгы мээ кайнаткан Дубайга барарын эшиттик. Мындан сырткары, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов Бали аралына, "республикачы" Акылбек Эшимов Дубайга, вице-спикер Чолпон Султанбекова Түркияга билет "брондоп" койгон.
"Манастан Чубак кем бекен" демекчи, эс алмай жагынан социал-демократчылар "республикачылардан" ашса ашат, асти кем калбайт. Дамира Ниязалиевага "подружкелери" Анкарага эки кишилик жолдомо белек кылышканынан кабардарбыз. Андыктан июлдун орто ченинде Дамира айымды күндүзү чырак менен издеп да таба албайбыз.
Эл өкүлдөрүнүн арасынан "ата журтчу" Нургазы Айдаров эмгек өргүүсүн өзгөчө белгилейт. Ал үй-бүлөсү менен жарым айга күнөстүү Японияга жол тартууга даяр турат. Кесиптештери Япония, Түркиялап жүрсө, эркин депутат Равшан Жээнбеков бир жума жеке менчик "Асыл-Таш" пансионатында сууга чумкуп, андан кийин бир жарым ай Америкадагы уул-кыздарынын кашында болот.
Оппозиция "барбарос" планын түзөт
Азимбек Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров өңдүү оппозиция лидерлери жай саратанында эс алышпайт. Алар күркүрөгөн күзгө карата даярдык көрүшүүдө. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка кулак түрсөк, ысымы аталган "кочкорлор" эмки айда АКШнын биздеги элчилигинин билермандары менен жолугушуп, келечек пландарын талкуулашмакчы. Американын оппозицияны бооруна тартканына караганда, күз күрөш катуу болчудай.


Майда бирок маанилүү
Саясат таануучу Табылды Акеров эмгек өргүүсүн Кара-Балта шаарында өткөрөт. "Сотогоюн" өчүрүп коюп докторлук диссертациясын аяктап, эки тарыхый китеп жазуу планы бар.
Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов бир жумалык отпускесинде Ала-Арча жайлоосунда кымыздан шыңгытып, казы-картанын "атасын таанытып" кайтты.
"Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жайлоодо кымыз ичип жүргөн маалы.
Бишкек мэри Иса Өмүркулов жыл сайын февраль айында отпускеге чыгып, жубайы менен Японияда көңүл ачат. Ал эми Ош мэри Мелисбек Мырзакматов алгач Кытайга саякаттап, ал жактан кайткан соң боз үй тиктирип алып жалгыздап эс алганды жактырат.
"Ата журтчу" Динара Исаева Алматыда бөгүп жаткан күйөөсү Данияр Үсөнов менен жайкы каникулду өткөрөрү айтылууда.
Айтылуу Чычкан капчыгайында "ОSON" аталыштагы эс алуу жайы бар, ал Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге таандык. Осмонбек Мамбетжанович КСДП депутаттарын мейманга чакырып, "ОSONдо" "обон" создуруу ниетинде.
Жалал-Абад губернатору Жусубали Төрөмаматов кыска мөөнөттөгү өргүүсүн ооруканада өткөрүүдө.
Ысык-Көлдөгү "Саякат" пансионатында "ар-намысчы" депутат Каныбек Иманалиевге таандык коттедж бар. Каныбек мырза кезектеги чыгармасын "Саякатта" саякаттап жүрүп жазарын уктук.
"Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев эмгек өргүүсүнө качан чыгары белгисиз. Балким күзүндө бир жумага эс алууга кетер. Салык тармагында кызыктай салт калыптанган. Ушу кезге чейин бир да жетекчи толук кандуу отпускеге чыга элек" деген аталган мекеменин басма сөз кызматы оозубузду ачырды.




Жайкы эс алууну кайда, кандай өткөрөйүн деп жатасыз?
Султан РАЕВ, Маданият жана туризм министри:
- Министр катары жай бою Ысык-Көлдү кыдырып, туризм тармагындагы абалды анализдейм. Бир жагынан иштеп, экинчи жагынан сууга түшүп, эс алганга убакыт табам. Анан отпускеге чыгыштын кажети канчалык?

Элмурза САТЫБАЛДИЕВ, экс-башпрокурор:
- Апрель окуясына байланыштуу сот процесси аяктай элек. Сот өкүмү угулгучакты Бишкектин аймагынан сыртка чыгууга укугум жок. Үч жылдан бери жайкы эс алуу дегенди унуткам.

Курмантай АБДИЕВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- 27-июнда акыркы жыйын болот. Ал эми 29-июндан тартып түштүк жергесинде жолугушууларды баштайм. Июль айында карапайым калк менен жолугушуп, алардын көйгөйүн угам. Депутат катары кандай иштерди жасаганым боюнча эл алдында отчет берем. Ал эми 14-августтан тартып Көлдө дарыланам.

Азамат БОЛГОНБАЕВ, төкмө акын:
- Кыргызда көпчүлүк учурда жайында эс алам деп пландабаса керек. Негизинен чыгармачылык жана башка иштер менен шаарда, анан айылымда болом. Себеби, айылым да шаарга жакын. Ара-чолодо Ысык-Көлгө бир барып келсемби деп турам. "Айтыш" коомдук фонду акындар менен кийинки айда Кочкордон Тогуз-Торого чейин кыдырып келсекпи деп турабыз.

Ыргал КАДЫРАЛИЕВА, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
- Балдарым менен "Алтын-Көлдө" бир жумача эс алам. Каникулдун калган бөлүгүн шайлоочуларым менен жолугушуп өткөрөм.