24.06.13 "Төрөт үйлөрүндө эмгектенгендер акчалууну көргөндө жүгүргөн адаттары бар"

Борбор Азия боюнча Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда экен. Бул тууралуу ПРООН тарабынан даярдалган "Коомду өнүктүрүү-2013" докладында айтылган. 1990-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү дүйнө боюнча 34%га кыскарса, Азияда 52%га кыскарган. Бирок Кыргызстанда энелер өлүмү көбөйүп, өткөн жылы төрөттөн 74 эне каза болгон. Жакында эле шаарыбыздагы №4 төрөт үйүнөн дагы бир эгиз балалуу болгон эне көз жумду. Төрөт үйлөрүнүн абалы, энелер, ымыркайлар саламаттыгы тууралуу абдан сөз көп. Адистер менен ой бөлүшүп, окурмандар кызыккан суроого жооп табуу али алдыда. Бүгүн азыноолак кеп кыла туралы.

Жаңы төрөт үйлөрү курулушу керек
Борбордогу №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Азамат Алымбаевдин билдирүүсүнө таянсак, азыр кайсы төрөт үйүндө болбосун көз жарган аялдарды 2-3 күн гана кармагандыктан, алар ар кыл гинекологиялык оорулар менен кайрадан ооруканаларга жатып калууда.
Шарт болсо жаңы көз жарган келиндерди 4-5 күн ден соолугун чыңдагандан кийин чыгарса. Бүгүнкү күндө күнүнө 40ка жакын аял төрөйт, ушул себептен алар 2-3 күн ичинде чыгарылат. Алар эндомитриттик дартка кабылып, кайрадан эле ооруканага түшүп калышууда.
Бир палатада 6-7ден эне ымыркайлары менен бирге жатышат. Бул санитардык нормаларга жооп бербейт.

Жаңы төрөт үйлөрүн курбасак абал оор дейт башкы дарыгер.
Бир эле мамлекет эмес, ден соолугуна кам көрбөгөн энелер да күнөөлүү
Энелердин, ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө, ымыркайлардын ар кандай тубаса оорулар менен төрөлүшүнө медициналык кызмат көрсөтүүнүн төмөндүгү, кесипкөй адистердин кетип жатышы, материалдык-техникалык базанын начардыгы себеп дегендер бар. Ал эми дарыгерлер мунун себебин кош бойлуу кезде энелер ден соолугуна кам көрбөгөнүнө, ар кандай дартка чалдыгып калгандарына байланыштырышат.
Энени жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, бул жалаң эле медицина кызматкерлеринин иши эмес. Бул мамлекеттин көйгөйү. Көп жолу айтып келебиз, болочок эне тез-тез медициналык текшерүүдөн өтүп, ден соолугу үчүн жакшы кам көрсө. Айрым энелер ден соолугунун өтө начар абалы менен деле кыйналып жүрө беришет. Акыры жаман окуя менен аяктайт дейт.

"Төрөтканадагы кайдыгерликтен он жыл бою күткөн ымыркайымдан айрылгам"
Мындан эки жыл мурун он жыл бою күткөн ымыркайын колдон жулдуруп, кан жуткан Чотуев Максат ызалануу менен төмөндөгүдөй эскерип олтурду.
"Толгоосу башталып мен келинчегимди түнкү саат 11лерде №4 төрөтканага жеткирдим. Он жылдан бери наристе күткөнгөбү, эмнегедир аябай сарсанаа болуп, тынчым кетип кооптонуп турдум. Бирок баары мен күткөндөй болбой, күзөттөгү гинеколог аябай салкын кабыл алып, орой мамиле жасады. "Келинчегиң 5 сааттан кийин төрөйт. Күткүлө" деп өзү жок болуп кетти. Улам акушер келип көз салып турду. Бул аралыкта келинчегим Жылдыз аябай кыйналды. Акырында анын жанында чыдап турууга мүмкүн болбой калганда өзүм издеп жөнөдүм. Менин келинчегим өлүм менен өмүрдүн ортосунда кыйналып атса, тиги врач болсо мемиреп уктап атыптыр, төрөй турган аял кыйналып атса, врач тынч гана уктап жаткан экен. Анын бейкапар жатканын көрүп жиним кайнап чыкты.
Төрөт узакка созулуп абдан оор өттү. Келинчегим канчалык кыйналып аракеттенгени менен наристем жарык дүйнөгө келбей жатты. Дарыгер бул учурда кандайдыр бир чара колдонуш керек эле. Биздин операцияга берели дегенибизди уккусу келбей, өз билгенин бербей, курсактагы ымыркайды күчкө салып түрткүлөй берди. Ымыркай таңга маал жарык дүйнөгө келгенде жансыздай болуп, ыйлабай төрөлдү. Салмагы 2,5 кг, бою 48 см экен. Аны дароо эле реанимацияга алып кетишти. Мен төрөткө катышып жүрүп, шымымдын баары кан болуп булганган, өзүм дагы кандын жытына башым тегеренип, кызымдын абалын билүүгө бир экинчи кабатка, бир келинчегиме чуркайм. Менин бул абалымды түшүнбөй ошол бөлүмдүн башкы дарыгери айтпаган сөздүн баарын айтып кыйкырып жатты. Бул каргашалуу мүнөттөр менин жүрөгүмө өчпөс так салды. Эмнеге ак халатчан дарыгерлер ушунчалык орой жана мерез болушат? Анан эртеси күнү эле гематомасы, пневмониясы бар экен деп түркүн диагноздорду кое башташты. Мен анын баарына ишенбейм. Мен кызымдын өлүмүнө ошол күнкү кезекте турган гинекологдорду күнөөлөйм.
Бир жума жашап 5-июлда менин көз алдымда кызым чарчап калды. Түз эле Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүн чакыртып, сотмедэкспертизага жөнөгөндө №4 төрөткананын дарыгерлери дагы кошо барышты. Диагноздун үстүнө диагнозду чаптап, өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп жатышты. Ичеги-карыны жабышып калыптыр дешет. Мындай симптомдор менен ымыркайлар жакшынакай эле төрөтканадан чыгып жатышканына күбө болдум.
Республика боюнча №4 төрөтканада энелердин өлүмү көп катталат. Ушундай салкын мамиледен канчалаган энелер, ымыркайлар көз жумуп жатат. Эмнеге мунун баарына мамлекет чара көрбөй көз жумуп отурушат?
Деги эле төрөт үйлөрүндө эмгектенген дарыгерлер акчалууну көргөндө жүгүрүшүп, жупунураак келгендерге муздак мамиле жасаган адаттары бар. Акча берген аялды менчиктеп, жанынан чыкпай айланчыктап төрөтүшөт, колунда жок бирөө барып калса түртмөлөп, эч кимиси карабай, кыйналып атып кыйкырса нары-бери басып каргап-шилеп да жиберишет. "Жакшы адам бирөөнүн кемчилигинен, жаман адам өзүнүн кемчилигинен сабак алат" дегендей, башка дарыгерлер дагы бул окуядан өздөрүнө сабак алат деп ишенем.


Гүлзина МадраимОва, Студенттер бейтапканасынын башкы гинекологу:
"Азыр энелер каалаган ыкмасында көз жарса болот"
Студенттер бейтапканасынын башкы гинекологу Гүлзина Мадраимова эженин 27 жылдык иш тажрыйбасы бар. Аталган бейтапканада борбордогу бардык окуу жайлардын 79 миңден ашуун улан-кыздары дарыланат. Анын 39 миңи кыз-келиндер.
- 39 миңден ашуун кыз-келиндерди карайт экенсиз. Алардын ичинде кош бойлуулары бар. Алардын ахыбалы кандай?
- Тилекке каршы ден соолугу чың, телегейи тегиз энени бул заманда учуратуу мүмкүн эмес болуп баратат. Болочок энелердин ден соолуктары начар. Алардагы эң көп учураган дарт эле аз кандуулук, бөйрөк оорулары, кан басымдын көтөрүлүшү. Аз кандуулуктун келип чыгышынын башкы себеби эле жашоо-шартка байланыштуу болуп жатканы маалым. Эт, сүт азыктары, жер-жемиштер менен азыктанууга каражаттары жетишпейт. Азыркы жаштардын жетишерлик тамактанбаганы, стрессте жүргөндөрү жүздөрүндө окулуп турат. Студент эле эмес карапайым үй-бүлөлөрдүн баары эле жыргатып тамактанып жаткан жери жок.
- Сиз байкайсызбы, студент кош бойлуу энелер кандай тамактанышат?
- Ден соолуктун бир булагы туура тамактануу эмеспи. Азыр көпчүлүгү тез даярдалуучу тамактардан пайдаланып калды. Жакында кош бойлуу бир студентимден сурасам жалаң фастфуд менен тамактанат экен. Ошол эле гамбургердин же ходдогдун акчасына жакшы тамак жасап жесе, же сүт алып ичсе алда канча пайдалуу да, өзүнө да, ымыркайга да. Мурдагыдай сүтү төгүлгөн замандан алыс калсак дагы энелер өздөрүнө, балдарына кам көрүүнү билүүлөрү керек.
- Азыркы учурда кош бойлуулуктун мөөнөтү узарып бараткансыйт. Сиз буга кандай карайсыз?
- Алма бакта бардыгы тегиз гүлдөйт. Бирок алма бышканда бири кеч бышат, бири эрте бышат. Кош бойлуу болгонуна 37 жума болгондон тарта 42 жумага чейин бул норма. Эч кандай кеч эмес. Бул кош бойлуунун этек кири акыркы жолу качан келгенин так айтканынан, дарыгердин туура аныктоосунан да көз каранды. Айрым учурда жаңылыштык кетиришет да мынча жума болуп кетти деп кейигендер да кездешет.
- Учурда кош бойлуунун жакын адамдары көз жарган эненин жанында болушат. Төрөттү тездетүүчү укол сайылбай толгоо узарып энелер кыйналып калган учурлар кездешет экен?
- Бул табигый көз жаруу жакшы нерсе, медицинада улам жаңы ыкмалар алмашып турат. Илгери биздин апалар бакан кармап, очоктун жанында туруп, дагы башка ырым-жырымдары менен көз жарышчу. Азыркы жаңы ыкмалар деле ошол биздин апалар төрөгөн ыкмаларга окшошконсуйт. Азыркы энелер каалаган ыкмасын тандап алса болот. Мейли креслодо, мейли кроватта, мейли үйүнөн, мейли турган ордунда көз жарсын, кандай болсо да энеге ыңгайлуу болгонун өздөрү тандашат.





Жанмаанай
Айга учкан ымыркай

Тар бөлмөдө бүл-бүлдөп чырак жанат. Ичкериде жылтылдап от жагылып жатат. Кызгылтым өңү бирде обон созгонсуйт, бирде ыйлагансыйт. От ырдаган, от ыйлаган узун түндө наристе уйкусуз жатты. Ыйлап жатты. Жаны тынбай, жаагы тынбай ыйлап жатты. Ал жарык дүйнөгө зор кубаныч менен келди эле. Жарык дүйнөгө жашайм деп келген. Узак өмүрдүн бал даамын татам деген. Бирок жарык дүйнөнүн сокур экендигин сезди. Дарыгерлер дартын таппай тескери дарылап жатышты. Напсисин тыйбаган дарыгердин кудум шайтандыкындай көздөрүн көргөн сайын ал көздөрдөн коркуп, ак халатчан эмес кара кийимчен жаналгыч тургансып ыйлап жатты.
Наристенин катуу чыңырыгы тирүү адамдардын кайдыгерлигине, алдым-жуттумдугуна, ыймансыздыгына кейиген үн эле. Ал ошентип ыңаалап жатып уктап кетти. Түшүндө акырын терезеден ай кирип бешигине конду. Касиетиңден айланайын жаратылыш ай! Айдын тазалыгын, тунуктугун, жылуулугун, мээримин карачы? Наристенин боюн балкытты.Тыбырчылаган тырмактай жүрөгү жыргай түштү. Ал бойтойгон кичинекей колдору менен айга жармашты. Ай болсо чексиз караңгылыкка сиңип баратты.
Наристе бул түшүнөн чочуп ойгонду. Ойгонуп эле тирүүлүгү тозоктой сезилди. Айга кеткиси келди. Тилеги орундалып, чындап айды көздөй сызып баратты. Айды көздөй учуп баратты.