31.05.13 Шаар милийса башчысы эмне дейт?
Мелис Турганбаев:
"Саясатты, ушакты сүйлөшкөнгө убакыт жок"
Жакында vb.kg сайтына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Мелис Турганбаев түз байланышка келип, телефон чалган, интернет желелерине, сайтка жазган шаардыктардын суроолоруна жооп берди. Телефон чалгандар Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгына тиешелүү өздөрүнүн жеке көйгөйүн айтып, суроо узатып жатышты. Мелис мырза менен Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын өздүк коопсуздук, коомдук коопсуздук башкармалыктарынын, кылмышкерлерди иликтөө, тергөө башкармалыктарынын жетекчилери келишти. Көпчүлүк суроолор жарандардын жеке арыздары болгондуктан алардын даректерин алып, кайра байланыша тургандарын убада кылышты. Бул түз байланышка "Вечерний Бишкек", МСН, "Жаңы Агым", vb.kg сайтынын журналисттери катышты.


Телефон чалуулардын ортосунда Мелис мырзага журналисттер суроо узатып жатты. Мелис Турганбаевдин кесиби экономист болуп туруп, эмне себептен укук коргоо органдарында иштеп калгандыгы тууралуу суроого генерал төмөнкүчө жооп берди:
- Союз убагында экономика факультетин аяктагандан кийин жолдомо боюнча Нарын облусуна барып эсеп-кысап жаатында иштегем. Бирок ошол учурда эле ички иштер бөлүмүндө иштөөгө даярданып жүргөм. Негизи кичинемде эле милиция болууну каалачумун. Балким милицияга байланышкан тасмаларды көрүп ошондон таасирленсем керек. Бир жыл бухгалтер болуп иштеп, ошол учурда жолдомо менен Фрунзеге келдим. Агезде комсомол, коммунисттик идеология мыкты иштеп турган кези. Жөндөмдүү, милицияда иштей ала турган балдарды тандап Ленинград шаарындагы СССРдин Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоочу жогорку мектепке окууга жөнөтүштү. Бул окууну 1986-жылы аяктагандан кийин Кыргыз ССР Ички иштер министрлигинде кылмыш иликтөө башкармалыгына катардагы оперкызматкер болуп алгачкы кадамды баштагам. Ошондон бери укук коргоо органдарында талбай эмгектенип келем. Акыркы эле эки-үч жылдык эмгек тажрыйбамды айтсам, 2010-жылдын май айында КР ИИМ министринин орунбасары, 2012-жылы 16-ноябрынан баштап Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жатам.
- Жакында ММК булактарынын бирине "Генерал Турганбаевдин чыныгы жүзү... же Мелис мырза кылмышка шектүү тууганын неге качырды?" деген макала чыкты. Макалада "Лия" кафесиндеги ызы-чууну жана бул кылмышка шектүү Тяньшань Усупбаев сиздин жээниңиз экенин, аны кылмыш жоопкерчилигинен качырганыңыз боюнча эмне айтасыз?
- "Лия" кафесинде кытай жарандарына талап-тоноо болгондо дароо өзүм окуя болгон жерге барып, кылмыштын бетин ачуу боюнча тез иштерди алып бардык. Аталган кылмышка шектүү деп аталгандардын бардыгы камакка алынган жана бул кылмыш иши учурда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жатат. Аталган кылмышка гезитте айтылган Тяньшань аттуу жигиттин эч кандай тиешеси жок экендиги такталды. Эгер менин тууганым же иним болгон күнү дагы кылмыш кылса өз жазасын алышы керек. Ал менин тууганым эмес, ал өзү кочкорлук жигит. Кыргызда таанышып сураштыра келсең эле тууган болуп чыгасың. Кыздар турмушка чыгат, ошол сыяктуу эле менин эжелеримдин бири Кочкорго турмушка чыккан, бирок ал эже мурун эле каза болуп калган. Ал ошол эжелеримдин туугандары болуп кетет экен. Мен бул кызматка келгенден мурун эле органда иштеп жүрүптүр. Убагында ал жигит Чүй облустук милицияда иштеп, анан Бишкекке жиберилген экен. Ал Бишкек ШИИБне ишке орношкон жок. Бишкек ШИИБнин карамагындагы мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ал милициянын катарынан четтетилген. Анан да кандайдыр бир кызыкчылыгы бар деп айтышпасын деп, жогоруда айткан кылмышты министрибизге айтып, бул кылмышты тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына бердиргем. Мен ага жардам берип жоопкерчиликтен кутултуп жиберүү тууралуу айтылган кептер чындыкка жатпайт. Кылмыш жасаган болсо ал мойну менен тартышы керек. Мен азыр бирөө менен ушакташып, дагы бирөө менен саясат сүйлөшкөнгө убактым жок. Учурда шаардагы тартип маселеси менен эртеден кечке иштеп жатабыз. Мага сынды туура айтса туура түшүнүп ошол кемчиликти оңдойлу деп иштейбиз. Бирок кээ бир убакта туура эмес жана адамды таң калтырган буйрутма түрүндөгү маалыматтарды таратып жаткан учурлар кездеше калып жатат. Бул жакшы эмес.
- Акыркы кездеги педофилдердин көбөйүүсү, балдарга карата зордук- зомбулуктар тууралуу эмнени айта аласыз?
- Бул боюнча шаардык кеңешке түнкү интернет клубдарды көзөмөлгө алуу боюнча кат жөнөткөн элек. Балдардын кырсыкка, зордук-зомбулуктарга кабылышына биринчи кезекте ата-энелери күнөөлүү. Балдарды жалгыз кароосуз калтырган ата-энелерди жоопко тартууну күчөтүү керек. Мисалы, быйыл Бишкек шаарындагы Биринчи май району боюнча рейд жүргүзүп, бир суткада эле 90 бала милиция бөлүмүнө алынып келинген. Алардын отузу борборго сырттан келген. Ата-энелер балдарын эки-үч күнгө түнкү клубдарга алдын ала акчасын төлөп калтырып кеткен фактыларды көрдүк. Мисалы, бир үй-бүлө кичинекей баласын атайын түнкү клубга үч күнгө калтырып, өздөрү Ысык-Көлгө эс алганы кетишиптир. Бул жер тынч, ушул жерде ойноп, тамак ичип, эс алып жашай берет дейт. Балдарга жоопкерчиликсиз мамиле кылуудан улам жанагыдай кырсыктар көбүрөөк катталып жатат.
- Кээ бир милиция кызматкерлери кымбат унааларды айдап, мыкты үйлөрдө жашашат. Өткөндө Ош шаарындагы милиция кызматкеринин өлүмүн, аны акыркы сапарга узатып жатканда үч кабаттуу чоң үйүн көргөздү. Мындай каражатты милиция кызматкерлери кайдан алышат?
- Көпчүлүк милиция кызматкерлеринин туугандары, ага-ини, карындаштары бизнес менен шугулданышат. Алардын жардамы менен мыкты машине, жакшы үйдө жашашат. Оштогу милиционердин эки агасынын чоң бизнеси болгон, бир агасы банкир. Мисалы, менин унаам "Мерседес-Бенц Гелендвагенди" мага досторум убактылуу айдап туруу үчүн берген. Ал эми кээ бир милиционерлер ным, кепедей тар, эч шарты жок үйлөрдө жашашат.
Мелис мырза азыркы милициянын абалы, ИИМдин алдындагы академиянын курсанттарынын билим деңгээли түшүп кеткендиктен аларды кызматка алгысы келбесин да билдирди. Бул академиянын курсанттарына караганда биздин органга тиешелүү кызматкерлерди даярдаган башка ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жана патрулдук күзөт кызматында иштеп тажрыйба топтогондорду кызматка алуу пайдалуу экенин билдирди. Жакында Бишкек шаарынын аймактарына курулган милиция пункттарынан улам кылмыштуулук азайганын айтты.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




"Эй, чоңдор!
Бизге тийишпей, жайыбызга тек койгулачы?.."
Ош шаарында жыйырма жылдан бери иштеп келаткан эң чоң автобазарды шаардын чекесине жылдыруу тилеги ташкапты. Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэриясы күч органдарына таянып, аталган жайга биротоло отурукташкан ишкерлерди жаңы жайга тегиз көчүрүүгө дааган жок. Анткени автобазарга барчу жолдор укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик тарабынан катуу тосулганы менен, эки тараптын каршылашуусу чыңалуу чегине жеткенде жаатташууну токтотууга Бишкек өзү кийлигишкендиги дагы эл арасында байма-бай айтылууда.
- Жыйырма жылдан бери ушул автобазарда тиричилик кылам. Колумда 5 балам, 8 неберем бар. Кардарларыма минтип күн сайын оокат жасап сатып эптеп өлбөстүн күнүн көрүп келатабыз. Эгер жаңы жайга көчкүлө десе ал жакка баралбайм. Анткени көрүп келдим, аерде эч кандай шарт жок экен, - деп агынан жарылды Амитжан Ахунова.
- Кыш заводунда он беш жыл иштедим. Экинчи топтогу майыпмын. Ошон үчүн жашымдан пенсияга чыгарып коюшту. Күйөөм Ооган согушунун катышуучусу. Көрдүңор го, минтип аш демдеп, машине базарга келгендерге сатам. Тапкан-ташыганыбыз күнүмдүк оокатыбыздын өтүшүнө араң жарап жатат. Баса, кыш заводунун директору Эмилбек Касымалиевге абдан чоң ыракмат. Кыйын кырдаалда заводду бүлүнтпөстөн толук бойдон сактап калды. Жанына минтип унаа базар курдуртуп, бизге окшогон турмуш-шарттан абдан кыйналгандарды ушул жакка жайгаштырып, тиричилик кылуудабыз. Болбосо Оштогу текстиль жана жибек комбинаттарын, ошондой эле насос заводун талкалап, сатып ийишти го. Ордуна жалаң байлар чоң базарларды куруп алышты, - деп кепке аралашты Батма Кайназарова.
- Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги автобазарды милиция жана машинелер менен торотуп, ал жакка эч кимди жолотпой жатышат. Эки күндөн бери соодабыз чындап өлдү, - деп ыйлактады эмгек ардагери Нурия Маткаримова. - Дагы ушинтип нервибизди сынай беришсе, мэриянын алдында пикет-митинг уюштуруп, маселебиз бир жаңсыл чечилмейинче көгөрүп отурабыз.
- Бизге деле оңой эмес. Прибал-тикадан жеңил машинелерди көп-төгөн кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар менен өмүрүбүздү тобокелге салып ташып жатабыз. Кардарларыбыз кудайга шүгүр, унааны зарыктырбастан сатып алышат. Эгер башка жакка көчүрүшсө, кардарларыбыз ал жакка көнгүчө убакыттан уттурабыз го, - дейт он эки жылдан бери машине бизнес менен шугулданган Нематулло.
Ал эми Нурдин Амирдинов машине тетиктерин сатып жансактайт.
- Бийлик жаныбызды кашайтып утуру көчкүлө деп бизди мажбурлабасын! Жаңы жайга жылбайбыз!
Тимур Орозбаев, бизнесмен: - Биринчиден, жаңы базар абдан ыңгайсыз жерде жайгашкан. Экинчиден, ал жакка көчүп баруунун өзү өтө эле көп чыгымды талап кылат. Анан калса барып көрдүк го, таптакыр шарты жок. Үчүнчүдөн, ким каякта оокат кылат, өз эрки. Төртүнчүдөн, бизде демократия. Бул принципти бийлик бузса, ал кайра өз башына эртедир-кечтир муш болуп тийерин Ош шаар мэриясы эзели унутпасын.
Деген менен Ош шаарынын жетекчилиги жогорудагы айтылгандардын бирине дагы макул эмес.
- Автомашина жана анын тетиктерин сатуучу базарлар шаарыбыздын борбордук көчөлөрүнүн ар кайсы булуң-бурчунда чачыранды жайланышкан. Алар экологиялык жана санитардык нормаларды одоно бузуу менен салынган. Дал ушунун өзү аталган базарлар түштүк башкалаасында автоунаа каражаттарынын ээн-эркин жүрүүсүнө абдан ыңгайсыз абал жаратып, ошол эле учурда шаардыктардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудуруп жаткан чагы. Ошондуктан жеке ишкерлерге мыкты шарттарды жаратып, Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык башкармалыгынын алкагында жаңы муниципалдык автобазарын ишке киргиздик. Анда соода-сатык жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн, - дейт Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алымжан Байгазаков.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош шаары,
сүрөттөр автордуку