31.05.13 ЖоКедеги жөө айтыш
Рысалиев-Текебаев тиреши, солкулдаган коалиция

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу акыры жарыяланды. Буга чейин парламент тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя катталганын - комиссиянын тогуз мүчөсү корутундуга кол койгонун айта кетели. Ал эми корутунду парламенттин 29-30-майындагы жыйынында талкууга салынды.
Депутаттык комиссия президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жана Соттор кеңешине бир катар жетекчилерди (вице-премьер Шамил Атаханов, Ички иштер министри (ИИМ) Абдылда Суранчиев, Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМ орунбасары Фуркат Үсөнов, Акыйкатчы Турсунбек Акун, МЖАК төрагасы Зарылбек Рысалиев жана анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, Башпрокурор орунбасары Людмила Усманова, Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов ж.б.) кызматтан четтетүү сунушун киргизди. Ысымы аталган чиновниктердин көпчүлүгү коюлган дооматтарды четке кагып, кызматын өткөрүп бербестигин билдиришти.
Ооруйт, оорубайт…
Медиктердин айыккыс дартка чалдыкты деген аныктамасы "мыйзамдагы уурунун" сот тарабынан акталып, тарыхый мекенине кайтышына өбөлгө болгону маалым. Депутаттык комиссия ушул маселени иликтегенде эки ача жыйынтык жаралган. Диагноз койгон адистер Батукаевдин ооруганы чын десе, көз карандысыз медиктер аны жокко чыгарышкан. Анүстүнө гематология борборунун врачы Мээрим Эралиева криматалыктан алынган анализ кийинчерээк өзгөрүп калганын шардана кылды. Нарындагы түрмөгө санавиация менен барып Батукаевден анализ алып келгенин айткан Эралиева анализди гематология борборуна тапшырганын, кийин караса башка анализдин үлгүсү туруп калганын ачыкка чыгарды.
Негизи Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу процесси Акыйкатчынын МЖАК жетекчилигине жазган катынан башталганы корутундуда жазылган. Турсунбек Акун криматалыктын абалы оордугу боюнча МЖАКка төрт жолу кат жолдогон экен. Атүгүл Турсунбек мырза Батукаев менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Муну Акыйкатчы өзү ырастап, телефондук сүйлөшүү адегенде Батукаев тараптан болгонун жашырган жок. Мындан улам комиссия мүчөлөрү "муну менен Акыйкатчынын анты, милдеттери бузулуп жатабы деген шектенүү жаралат" деген чечимге токтолушкан.
Ошол эле маалда башкы түрмөчү Зарылбек Рысалиевге олуттуу айыптар тагылды. Мисалы, Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Нарынга чейин барып Батукаевди бошотууга баштан-аяк катышкан. Анысы аз келгенсип, "мыйзамдагы ууруну" "Манас" аэропортуна чейин коштоп барып узатканы депутаттык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн. Натыйжада Зарылбек Кылычбековичке суроолор арбын берилди. Өзгөчө "ата мекенчилер" Рысалиевге чапкенедей жабышып, шаштысын алышты. Кызуу талаш-тартышта Батукаев темасы бул жакта эле калып, жеке маселелерге чейин киришип, бири-бирин коркутканга чейин барышты. Буга Өмүрбек Чиркешовичтин: "Башпрокурор Аида Салянова "Ата мекендин" депутаттары апрель окуясында адам өлтүрүүгө шектелип жатат деген мааниде айтты. Муну кечинде теледен эл угат. Ошондуктан айтып коеюн, эгер Зарылбек Рысалиев ушуну далилдеп берсе, мени камаганга депутаттар кол тийбестигимди алып, уруксат бергиле! Эгер Зарылбек, далилдей албасаң, өзүңдүн шоруң! Угуп кой, өзүңдүн шоруң!" деп айкырганы далил. Зарылбек Кылычбекович да жөн калбай далилдеп берерин айтканда, ачууга алдырган "ата мекенчи": "Зарылбек! Уктуңбу, энеңди таанытам! Энеңди таанытам! Бери бас, башыңды жарам!" деп опурулду. Дагы ортого спикер Асылбек Жээнбеков арачыга түшүп, Текебаевди көздөй басып бараткан Рысалиевди токтотуп калды. Антпесе парламенттин кечээги жыйынында Текебаев-Рысалиев мушташын көрөт элек.
Депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо кечээ кечке чейин жүрдү. Гезит басууга даярдалганына байланыштуу кандай чечим чыкканын биле албадык. Андыктан парламент чечимин жана ага карата президенттин, өкмөт башчысынын реакциясын макаланын кийинки бөлүгүндө улантабыз.
Батукаев кыргыздарга "согуш" ачтыбы?
Талкуу учурунда ачуу сөздөр мөндүрдөй жаады. Маселен, "Республика" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов А.Батукаевдин группировкасы Москвада жандана баштаганын жар салды. Анын айтымында, Москвадагы "Строгино" базарында соода кылган мекендештерибиз Азиз Батукаевдин группировкасына "салык" төлөп калышыптыр. Сөзүн андан ары улаган Сулайманов батукаевчилер Литвадан машине ташып келип саткан кыргыз жигиттерине да "салык" сала баштаганына токтолду. "2006-жылы өлтүрүлгөн Тынычбек Акматбаевдин, Полотовдун жана башка кыргыздардын балдары чоңоюп келатат. Алардын көз жашына ким жооп берет? Алардын Батукаевге суроолору бар эле, өчү бар эле, а силер аны түрмөдөн эрте бошотуп, өлкөдөн чыгарып жибердиңер. Эми алар өчүн кимден алат? Алардын көз жашынын убалы силерге тиет. Алар өчүн силерден алат. Анткени силер Батукаевди мыйзамсыз качырып жибердиңер" деген "республикачы" күч структурасынын анабашчыларына сөөмөй кезеди.
Алтынбек мырзанын кебин кубаттаган "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев бул башталышы гана экенин, алдыда кримдүйнөдө ири тирештер, жаңжалдар күтүп турганын кыйытып жыландын башын кылтыйтты…




Ток этерин айтканда
? "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев жогорку жетекчиликтин алдын ала сүйлөшүүсү менен бошотулду деген сөз жөн гана абсурд. Биздин жетекчиликте саясый жоопкерчилик таптакыр жок. Башпрокурор Аида Салянова атайын прокурордун кадамына карата кызматтык иликтөө жүргүзбөй туруп, анын күнөөсү жок деп жатканы туура эмес. Акыйкатчы Турсунбек Акун кызматынан кетиши керек. Анткени ал бир эмес, 16 жолу Нарынга барып, Батукаевдин кармоо шартына даттануу жазган" деген "темир генерал" Феликс Кулов Акунду алкымдан алды.
? Аида Жеңишбековна баштапкы позициясынан тая электигин дагы бир жолу далилдеди. Ал депутаттардын биринин: "Сиз корутундудан кийин оюңузду өзгөртүп, мыйзам бузуу болгонун байкадыңызбы?" деген суроосуна: "Мен кимдир бирөөнүн ишмердүүлүгүнө укуктук баа бергенде сөзсүз мыйзамдын беренелерине таянышым керек. Азыр мен андай мыйзам бузулган беренени көргөн жокмун. Эгер комиссиядагы материалдарды берсеңиздер, биз дагы карап көрөбүз. Бирок азыркы учурда айтылып жаткан маселелер боюнча мыйзам бузууну мен көргөн жокмун" деп жооп узатты.
? Кечээ Жогорку Кеңеш Батукаевдин бошотулушу боюнча токтом кабыл алды. Токтомду жыйынга катышкан 103 депутат колдоп, бирөө каршы болду. Анда Ш.Атаханов, А.Суранчиев, Д.Сагынбаева, З.Рысалиев, Т.Акун, Ф.Үсөнов, Л.Усманова сыяктуу чоң чиновниктерди кызматтан алуу боюнча өкмөт башчыга он күндүк мөөнөт берилди. Комиссия дагы бир топ майда чиновниктерди кызматтан бошотуу жөнүндө сунушун билдирди.





Кансыз "согуш"
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
"Ата мекен" фракциясынын лидери:
"Мыйзамдагы уурунун" ардакталып узатылышы - бийликтин ага ачык багынып бергени"
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан "ардактуу" узатылышы дале көңүл борборунда. Жума ортосунан тарта бул маселе парламентте кайрадан көтөрүлүп, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иш жыйынтыгы менен кесиптештерин тааныштырды. Бул маселеге "Ата мекен" билек түрүнө киришкендей. Ушул себептен жана кылмыштуулукка согуш жарыялаган "Ата мекен" фракциясы болгондугун эске алып, лидери менен бул окуянын тегерегинде маек курдук.

- Өмүрбек мырза, депутаттык комиссиянын жыйынтыгындагы айрым фактылар криминалдын мамлекетке дагы деле кооптуулугу күч экендигин көрсөттү. Азиз Батукаевдин бошотулушу эмнеден кабар берет?
- "Мыйзамдагы уурунун" бийликтегилер тарабынан мыйзамсыз чыгарылып, күч органдарынын коштоосунда ардакталып узатылышы - криминал алдында мамлекеттик бийликтин ачык багынып бергени. Биз криминалдык идеологияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялаганбыз. Коррупция жана криминал менен күрөшүүгө мамлекеттүүлүктү чыңдоо аракеттеринде олуттуу маани берилген. Дал ушундай учурда биз позициябыздан тайып, криминалитеттин башкы идеологун - "мыйзамдагы ууруну" бошотуп жатабыз!
- Парламентте сиз буга чейин да өлкө жетекчилерине Батукаевди бошотуу өтүнүчтөрү болгонун билдирдиңиз...
- Феликс Кулов премьер-министр кезинде да, Бакиев тушунда да мындай өтүнүчтөр болгон. Зарылбек Рысалиев да министр кезинде бул боюнча гезит аркылуу билдирип, "мыйзамдагы уурунун" бошотулушуна жол бербестигин айткан. Бирок азыркы кадамы башка. Анын кеңешчиси Батукаевди аэропортко дейре узатып барган.
- З.Рысалиев демекчи, бул маселе менен "Ата мекен" талап-тоноочулук боюнча ал кишиден өч алып жатат дегендер жок эмес. Анткени ал убагында ИИМ жетекчилигинен четтетилгенин дал ушул мародерчулукка байланыштырбады беле?
- З.Рысалиевдин министрликтен кетишине мародерчулукту териштирүү себеп болгон эмес. 2012-жылы Ички иштер министрлигинин ишмердиги боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын маалымдамасында анын бул кызматта тургандагы мыйзам бузуулары, кетирген орой катачылыктары белгиленген. Бул бүтүндөй министрликтин ыркы бузулушуна алып келген. Аталган министрлик азыркыга чейин ал абалдан чыга албай жатат.
- Зарылбек Рысалиев кайрадан текшерип жаткан талап-тоноочулук ишиндеги жаңы фактылар чыккандыгы чынбы?
- Мурдагы ИИМ башчысы бүгүн Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси. Батукаев окуясында анын күнөөсү ачык көрүнүп турса да, ал калканч катары кайра 16 жылга эркинен ажыратылган Юсуповду кармоодо. Бул ишти УКМК териштирип атканда, Юсупов мародерчулук иштерин уюштурууга жана ага катыштыгы боюнча Зарылбек Рысалиевдин да ысымын атаган. Иш ИИМге өткөндө Юсупов ал көрсөтмөлөрүн кескин алмаштырып, өзүнүн катышуучулар тизмесинен дароо З.Рысалиевдин атын өчүрөт. Азыр З.Рысалиев үчүн Юсупов "спецконтингент", ал эми З.Рысалиев Юсупов үчүн абактын тили менен "кожоюн". З.Рысалиевдин рапортунда белгиленгендерге караганда, ал Юсупов менен баарлашып турат жана бул иште жаралган "жаңы" жагдайлар да жеке анын көрсөтмөлөрүнө негизделет. Юсупов акыркы кезде Кыргызстандын бардык күч органдарынын ишин бармагынын учунда айландырып калды. Алтургай, президент да экинчи ирет бул боюнча кайрадан текшерүү тапшырмасын берди. Биринчи ирет - былтыр сентябрда, экинчи жолу - жакында, бардык күч органдары жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусундагы жыйындан соң, 17-майда. Бул ишти эми Зарылбек Рысалиев жеке көзөмөлдөйт. Анын түздөн-түз кызматтык милдети абактардын аймагына гана таркалса да, бул ирет ага парламент мүчөлөрүн да текшерүү ыйгарым укугу берилди. Бирок бир нерсени белгилеп коюу керек, Юсупов - ашынган аферист жана кылмышкер. Анын сөздөрүнө ишенип болбойт.
- Айрымдар Азиз Батукаев чуусунан пайдаланып, "Ата мекен" президент Алмазбек Атамбаевге сокку урууга ниеттенип жатат деген кептерге не дейсиз?
- Конституцияга ылайык, аткаруу бийлигинин иштери премьер-министрдин жеке жоопкерчилигинде. Атамбаев да мамлекеттүүлүктүн башкы коркунучтары катарында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка келишкис күрөш жарыялаган, бул маселеде биздин позициялар төп келишет. Бул милдеттин аткарылышында биз президентке да, башка бардык мамлекеттик органдарга да көмөкчү болобуз.
- Анда Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңордо тирешүү пайда болду деген пикирлерди кандай түшүндүрөсүз?
- КСДП менен биз стратегиялык союздашпыз. Стратегиялык өнөктөштүк дегендин өзү - тактикабызда пикирлердин ар кыл болуу мүмкүндүгү. Бирок бир коалициянын мүчөлөрү катарында мамлекеттин бүтүндүгү үчүн дайым өз ара алгылыктуу, компромисстик чечимдерди издеп, таап келебиз. Коалиция ичинде иш демократиялык режимде. Айрым учурларда бири бирибизди сындайбыз, бири бирибиз менен макул эмеспиз. Маселен, биздин фракция "Кумтөр" маселесинде "Центерра" менен келишимден чыкканыбыз туура деп эсептейт.

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ