31.05.13 "Ата мекенчилердин" чыныгы жүзү эми ачылдыбы?..
Криматалык Азиз Батукаевдин тегерегиндеги чуу басыла электе апрель окуясындагы талап-тоноочулукка байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Мурдагы Ички иштер министри, учурдагы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) төрагасы Зарылбек Рысалиевдин президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон рапорту "мародергейт-2" чатагынын тутанышына өбөлгө болду. "Ата мекенчилер" муну Батукаев маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштырышса, Зарылбек Кылычбекович бул жерде саясат жоктугун билдирүүдө. Ал эми Башпрокуратура мунун негизинде кылмыш ишин кайрадан жандантты.


Рапорттун башталышында эле 2010-жылдын апрелинде качкын президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-мүлкүн талап-тоноону "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбеков уюштуруп, башкарганын далилдөөгө болору айтылат. Аргумент катары ысымы аталган депутаттардын Абдулла Юсупов менен телефон аркылуу байма-бай сүйлөшүп турганы мисал келтирилген. "Мародерчулук күндөрү Өмүрбек Текебаев өзүнүн жеке сотогой телефонунан Абдулла Юсупов менен сүйлөшүп турганы боюнча бир нече факт бар, - делет рапортто. - Ошондо Абдулла Юсупов менен Дастан Оморовдун мародерчулук аракеттеринин үстүнөн Турат Мадылбеков жана Райкан Төлөгөнов гана башкарбастан, Ө.Текебаев менен Болот Шер да жетектеп турганын далилдейбиз. Булардын Абдулла Юсупов менен болгон байланышын ЭлТР жана ЖТР телеканалдары аркылуу да тактоого болот. Жалал-Абад облусунда булардын тапшырмасы менен жүргөн А.Юсупов ушул телеканалдар аркылуу чыгып, буларды жактап сүйлөгөн".

Баскынчылыкка тушуккан Фейшн клуб, көмүлгөн сейфтер
Эркин басылмалардын биринде "энергобарон" Алексей Елисеевдин үйүн Туратбек Мадылбеков тартып алганы кабарланган. Бирок депутаттык комиссия муну төгүнгө чыгарганы маалым. А З.Рысалиев президентке жазган рапортунда Жусуп Бакиевдин уулу Куштардын энчисиндеги Фейшн клуб аталыштагы ресторанды (аталган ресторанды Эржан аттуу киши иштеткен - Н.К.) Райкан Төлөгөнов уулдары жана партиялашы Туратбек Мадылбеков менен биргеликте 7-апрелдин түнү тартып алганын ашкерелеген. Зарылбек мырза аргумент катары Эржандын берген көрсөтмөсүнө токтолуп, ал ысымы аталган фигураларды таанып, көрсөтүп бере аларын баса белгилейт. Фейшн-клуб ресторанынын директорунун милдетин аткаруучу Эржан аттуу жигит өзүнүн тергөөгө берген биринчи көрсөтмөлөрүндө эле Райкан, Муса, Иса Төлөгөновдорго жана Турат Мадылбековго каршы көрсөтмө берген. Ал көрсөтмөсүндө Турат Мадылбеков 7-апрелде Фейшн клубга нотариус алып келип, анын документтерин арткы число менен башка бирөөгө тез каттаткан деп айткан. Андан башка да Эржандын бул фактыларды далилдеген көрсөтмөлөрү бар" дейт ал.
Ушундай эле мүнөздөгү баскынчылык борбордогу Көк-Жар жаңы конушунда кайталаныптыр. Рапорттогу билдирүүгө таянсак, Р.Төлөгөнов 7-апрелдин түнү мыйзамсыз куралданган жигиттер менен Көк-Жарда жашаган Бакыт аттуу жигитти бул сенин үйүң эмес, бул Пайзулла Рахмановдун үйү деп коркутуп, үйдүн документтерин күч менен тартып алган. Эгер акыйкат тергөө болсо, Бакыт аны далилдеп бере алат экен. Мындан сырткары, Бакай-Ата жаңы конушундагы Мирлан аттуу жигиттин короосуна бир нече сейфти жерге терең көмүп салышканын окуган адамдын төбө чачы тик турат.

Байзаков небак билген тура…
А.Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун утурлай МЖАК жетекчисинин мародер темасын кайрадан көтөрүп чыгышы эл арасында түрдүү кепти жаратпай койгон жок. Бул жерде бүкшүгөн саясат катылып жатканы бешиктеги балага деле дайын. Ошентсе да бир кызык окуяга токтолушубуз абзел. МЖАКтын экс-төрагасы Шейшенбек Байзаков 2012-жылдын апрелинде А.Юсуповдун көрсөтмөсүнүн негизинде тирукмуш фактылардын бети ачылганын баяндаган рапортун убагында президентке жөнөткөн экен. Бирок негедир ажонун рапортту ачыкка чыгарбай, сандыгына катып жатканы күмөндүү ойго жетелейт. Батукаев маселеси бийликтин бийик сересиндеги аткаминерлердин, тагыраагы, КСДП өкүлдөрүнүн беткабын сыйрый баштаганда Рысалиевдин рапортуна дароо реакция жасап, коюлган кинелерди иликтөө тапшырмасын көзөмөлдөөчү органга жүктөгөнү көп нерседен кабар берет…

Чындык кимде: депутаттык комиссиядабы же З.Рысалиевдеби?
Апрель окуясындагы мародерлукка байланышкан чатак 2011-жылдан бери тынчыбай келет. "Ата мекенчилер" тарабынан агездеги башбакан Өмүрбек Бабановго чабуул жасалганда, "республикачылар" жолбашчысын коргоп, абакта жаткан Абдулла Юсуповду НТС телеканалы аркылуу үч күн бою сайратышкан. А.Юсупов 2010-жылдын 7-9-апрелинде төрт "ата мекенчи" депутаттын көрсөтмөсүнүн негизинде Бакиевдердин үй-мүлктөрүн, аларга караштуу имараттарды тоногонун бүткүл элге жар салган эле. Бул окуяны иликтеген депутаттык комиссия ушул жылдын 13-февралында парламент жыйынында корутундусун талкууга салып, натыйжада комиссиянын маалыматы укук коргоо органдарына өткөрүлүп, үч айдын аралыгында бул иш боюнча маалымат берүү тапшырмасы Башпрокуратурага жүктөлгөн.
Ошол эле жыйында Башпрокурор Аида Салянова "ата мекенчи" депутаттарга коюлган дооматтардын бирөө да тастыкталбаганын айтканы эсте. Ал эми ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын улук тергөөчүсү Бакыт Султанкан уулу да өз сөзүндө муну бекемдеген. Ошол убакта З.Рысалиев парламент жыйынында отуруп, буларга жооп кайтарган эмес. "Депутаттык комиссия бир катар аткаминерлерди, алардын ичинде МЖАК төрагасы Зарылбек Рысалиев кызматтан четтетүү сунушунан улам ушундай реакция кылды. Болбосо "бомбасын" мурда эле жардырбайт беле?" деген пикирдин жаралышынын сыры ушунда катылып жатат.
Көзкарандысыз эксперттердин божомолуна ылайык, бул дагы кезектеги саясый "шоу". "Ата мекен" менен КСДП Батукаев темасында тил табыша алышса, анда "мародергейт-2" чатагына чекит коюлат деген пикир арбын. Эгер окуя ушул нукта өнүксө, бийликтин беделине чоң сокку урулары шексиз. Себеби, көчөдө жүргөн бирөө эмес, генерал чининдеги Рысалиев парламенттеги бараандуу депутаттарга айып тагып жатат. Андыктан коюлган дооматтардын ар бири тыкыр иликтенип, юридикалык баа берилиши абзел. Маселе "бармак басты, көз кысты" принцибинде жабылса, анда бул келечекте бийликтин тагдырына балта чабышы ыктымал. Ошон үчүн Атамбаев бийлигин сактап калам десе саясый "кызыл кулактыкты" токтотуп, идеялаш, партиялаш деп бөлүп карабастан, "мародергейт" сыяктуу олуттуу окуялардын таза иликтенип, күнөөлүүлөрдүн мыйзам чегинде жазага тартылышын күч түзүмдөрүнөн талап кылып, өзү көзөмөлгө алышы зарыл. Анын мындан бөлөк аргасы жок.




Акча талаш, барымтадагы аял жана өлгөн Чыңгыз Актанов
"…Жалал-Абад облусунун администрациясынын алдында Абдулла Юсупов менен Турат Мадылбеков экөө олжого түшкөн акчаны тең бөлүшө албай жаңжалдаша кетишкен. Калган жаңжал мына ушул фактыдан баштап өрчүгөн. Бул жаңжалдын күбөсү Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов болгон".
"Мародерчулук боюнча ачылган кылмыш ишинин ичинде "ата мекенчи" Райкан Төлөгөновдун өзүнүн суракта берген көрсөтмөсү бар, анда ал А.Юсупов жана Дастан Оморовго куралды өзү таркатып бергенин мойнуна алган. УКМКнын кызматкерлери Дастан Оморовду колго түшүрүшкөндөгү биринчи суракта да ал курал-жарактарды силерге ким берген деген суроого "Ата мекен" партиясынын депутаттары берген" деп көрсөтмө берген. Райкан Төлөгөнов өз көрсөтмөсүндө бул жигиттер 2010-жылдын апрелинде бизге дружиначы катары көп жардам беришкен, абал өтө татаал болчу, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аларга курал-жарак таркатууга туура келди деп түшүндүргөн. Мындай маалыматты Райкан Төлөгөнов гезиттерге берген интервьюсунда да айткан. Ошондуктан А.Юсупов менен Д.Оморовго каршы козголгон кылмыш ишинин негиздүүлүгүн текшерип көрүш керек".
***
"Райкан Төлөгөнов Жылдыз Бакиевадан Жаныш Бакиевдин 0555555777 телефон номерин алып, ага өзүнүн 0777034241 номерлүү телефонунан чалган. Райкан Төлөгөнов Жаныш Бакиевге эгер аялыңды бошоткуң келсе, акчасын бер, биздин балдар Кордай чек ара заставасы аркылуу Казакстанга өткөрүп беришет дейт. Жаныш Бакиев дароо макул болуп, Алмаз аттуу шоопурду акчаны алып кетүүгө жиберүүсүн суранат".
***
"2010-жылдын 7-апрелинин түнкү саат 12:00-12:30дарда 1987-жылы туулган кыргыз жараны Актанов Чыңгыз мародерлор ок атуучу курал менен көкүрөккө аткандыктан каза болгон. Актанов Чыңгыз апрель революциясынын баатыры катары "Ата Бейит" мемориалдык комплексине көмүлгөн. Биздин маалыматтар боюнча Актанов Чыңгыз мародерлордун колунан өлгөндөн кийин Бишкектин борбордук моргуна Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов күмүш түстүү "Субару" (мини "жип") автомашинасы менен жеткирген".

Даярдаган
Нурканбек
КЕРИМБАЕВ,
e-mail: kerimbayev@mail.ru, тел.: 29-88-45