31.05.13 Исабековдун амалы алтымыш эшекке жүкпү?
Барскоондо "Кумтөр" маселеси боюнча өтүп жаткан митингдин уюштуруучусу Нарис Калчаев деген эргул. Аны экс-"ак жолчу" Кубанычбек Исабеков каржылаары айтылууда. Байкасак ушул маселе боюнча былтыр өткөн митингди да Кубанычбек Сатындиевич каржылап, ишенимдүү булагыбыздын эсеби боюнча ашык-кеми жок 15 миң доллар чачкан имиш. Чындап келгенде бул митингдер анын акча табуу ыкмасы. Дегенибиз, Исабеков "Кумтөргө" каршы өтө турган митингге аз акча коротуп чоң акча тапканды мыкты өздөштүрүп алган дешет. Бирок өтө амалкөйлүк кылгандай. Өзү митинг болуп аткан жерге басып барбай, сырттан абай салып турат дегендей. Ушул убакта Кубанычбек Исабеков каржыны Нарис Калчаевге карматып, өзү эч кимди шек санатпоо үчүн учурда Германияга кеткени чынбы? Айтор "түлкү" кишиге айла жок экен.
Гезит даярдалып бүткөндө кызык жаңылыкты эшиттик. Ага ишенсек, Ички иштер министрлиги менен УКМК Кубанычбек мырза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын күнөөсүн мойнуна койгон имиш. Дагы бир жолу кайталайлы, укканыбызды гана жазып атабыз, аныгына кепилдик бере албайбыз.


Надира Нарматова кимдерди сотко берди?
2012-жылдын 15-сентябрында Жогорку Кеңештин үч депутаты, анын ичинде "Ата журт" фракциясынан Надира Нарматова Кара-Суу райондук акимчилигинин жыйындар залында шайлоочулар менен жолугушкан. Ошондо жеке ишкерлер Кенже Жээнбекова, Анипа Самиева Надира айымдын дарегине ачуу сын агытып, айрым ишкерлердин маселесин оң жагына чечип беребиз деп базарда иштеп жаткандардан ири өлчөмдө акча чогулткандыгы эл арасында байма-бай айтылып жаткандыгын жар салышкан. Мындан улам Нарматова абийириме эбегейсиз шек келтирди. Эл көзүнчө экөө мени абдан кемсинтти деп жергиликтүү жеке ишкерлердин үстүнөн Кара-Суу райондук сотуна кайрылган. Бирок ал даттануусунан эмнегедир акыркы сааттарда өзү баш тарткан. Ал эми соңку күндөрү Ош облустук соту эки ишкердин үстүнөн козголгон кылмыш ишин кайрадан жандандырып, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын доо арызын кайрадан өзүнүн катышуусунда карай баштады. Оштогу кабарчыбыз бул чуулгандуу иштин чоо-жайын кең-кесири иликтөөгө киришти.

Сагынбаева саламаттыкты кантип сактап атат?
Былыгы билинип, кылыгы баракталса да чаң жугузбай "жууп тазалаган" Дамира Ниязалиеванын "куурчагы" Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеваны отставкага кетирүү сунушу бир нече ирет айтылса да, негедир ага эч кимдин алы жетпей келет. Ал эми кылмыш дүйнөсүнүн "атаманы" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна министр айымдын катыштыгы бардыгы айтылды. Алортодо кечээ жакында Бакай-Ата районундагы 80 жаштагы кемпир ден соолугуна кайдыгер караган ак халатчандардын айынан дүйнө салганын жаап-жашырып, муну депутаттар укпасын, балээге калабыз таризинде чалмакей чалганы каңкууланууда. Бул тууралуу кат өкмөт башчысына жолдонуп, учурда иликтөө иши башталганын кулагыбыз чалды.

Жапаровдун куйругу алтын кенинен чыгабы?
Карама-каршы идеяларды айткан, Кыргызстандын колу-бутун бууп ХИПИКке киргизгиси келген Акылбек Жапаров "Ар-намыстын" ичин ириңдеткенден кийин министрликке жетип, андан ары аңга кулаган. Бирок тынчып отура албаган Акылбек мырза тымызын жеке саясатын жүргүзүп, оолуккан оппозиция менен табакташ болуп, эң ири алтын кенинин кумун казышканга салымын кошуп атканы тууралуу каңшаар эшиттик. Акылбек Үсөнбекович чамасы, мындай ыкмасы менен эптеп майлуу креслого көчүк басууну көздөп жатса керек…

Ишембини күткүлө
Абакта жаткан үч "ата журтчуну" (Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов) боштондукка чыгаруу талабын койгон кезектеги митинг 7-июнда өтөрү күтүлүүдө. Бизге жеткен маалыматка таянсак, Камчыкенин иниси Шайырбек Ташиев акцияны жалгыз өзү каржылайт экен. Ушу кезге чейин "ата журтчуларды" бошотууга арналган митингдерден натыйжа чыккан эмес, Бишкек шаардык соту эми ырайымдуулук кыларына ишениш кыйын.

Калдырактар шалдырай баштады…
Коррупцияга байланыштуу ЖоКедеги бараандуу эки депутатка кылмыш иши ачылганы тууралуу каңшаар желдей тарады. Көзөмөлдөөчү орган аларды кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушун жакынкы аралыкта парламентке жолдошу ыктымал. Башпрокуратуранын "республикачы" Исхак Пирматов, Элмурат Обдунов сыяктуу депутаттарды жоопкерчиликке тарттыра албаганын эске алсак, бу саам деле эл өкүлдөрү "парталаштарын" "ажалдын" оозунан сууруп аларын божомолдосок болот.

Университеттин да, Искендердин да ити чөп жеп жатат
Кыргызстандагы окуу жайлардын аксакалы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин 80 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Салтанатка окуу жайдын уясынан учуп, ар кыл тармакты калчап жүргөн инсандар, алыскы, жакынкы өлкөлөрдөгү окуу жайдын өкүлдөрү келип катышты. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин окуу жай жетекчилеринин жыйыны да ушул университетте өттү. Мындай жогорку масштабдагы юбилейди уюштуруп, аны менен катар чет өлкөдөгү кесиптештеринин жыйынын өткөрүүдө окуу жайдын ректору Искендер Исамидиновдун салымы зор.

Сарпашев кетсин!
Буга чейин вице-премьер Тайырбек Сарпашевди кызматтан кетирүү талабы коюлган нааразычылык акциялары өткөн. Бирок ага башбакан реакция жасаган эмес. Тайырбек Дүйшекеевичти ээрден оодарууну каалаган күчтөр тактикасын өзгөртүшүптүр. Жалпак тил менен айтканда, Сарпашевге чара көрүп, аны кызматтан алуу боюнча кайрылуу каты өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, президент Алмазбек Атамбаев жана ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековго жолдонгону тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Тайырбек мырза Токтогул районунун акими Үсөнбек Шабдановду канатына калкалап жатты эле, эми өзүн коргоочу жан чыгар бекен?

Фуркат Үсөнов кимдерге "крыша"?
Акаев доорунда кеминдик, Бакиев учурунда жалал-абаддык болуп жүргөн Фуркат Үсөнов Ички иштер министринин орунбасары болуп келгени ИИМде интрига күчөп, айрымдарды куугунтукка ала баштаганы айтылууда. Үсөновдун бир тууган карындашынын кызы Таалайбек кызы Наргиза убагында оор кылмыш кылса да, таякесинин калкалоосу менен ушу күнгө чейин качып жүргөнүн айтышат жабыркаган тарап. Орунбасардын дагы бир Дилшат Низамидинов жана Наргиза Мамашева деген туугандарынын Камчыбеков дегенди коркутуп 50 миң сом пара алганы, үй тартып алууга жасаган аракеттери ачыкка чыга баштады. Андан да кызыгы, Ф.Үсөнов 2008-2009-жылдары Бишкектеги Ленин РИИБни жетектеп турганда ишиндеги кемчиликтери үчүн ошогездеги министр М.Конгантиев аны жумуштан алмак болот. Ошондо ал Максим Бакиевди ортого салып ооруканага жата калгандыгын азыр да айтып жатышат.
ИИМде интрига күчөдү деп жазсак, жетекчилери ММКны жек көрүшөт. Андан көрө араңарды тазалап, эл сыйлап ишене турган адамдарды жетекчиликке алып келсеңер боло?!

"Жаңы Агым" - пресс