№22, 31.05.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Айла түгөнгөндө
Экс-министрдин 80 жаштагы энеси да ачкачылык жарыялады

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого уруксат берүүдө коррупцияга катышы бар деген айып менен соттолуп, Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылып, кийинчерээк Жогорку сот шаар сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Равшан Сабиров өзүнө байланыштуу Жогорку сот чечимин мамлекет башчы Башмыйзамдын кепили катары өз көзөмөлүнө алуусун жана бул боюнча көз каранды эмес комиссия түзүүнү өтүнүп, ак жеринен караланып абакта жатканын билдирген. 47-колонияда жаткан экс-министр 27-майдан тартып кургак ачкачылык жарыялап, суу ичүүдөн да баш тарткан. Бирок анын ден соолугу начарлап, мурду канаганын анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. 30-майда Равшан Сабировдун 80 жаштагы апасы Анар Сабирова ачкачылып жарыялап, уул-кыздары, экс-министрдин балдары, неберелери менен бирге отуздай киши чогулуп Жогорку Кеңештин алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү.