24.05.13 Кадр, тоюс, кадыр саясаты
Эсеп палатасы Элмира палатасына кантип айланды?
КР Эсеп палатасынын жетекчилигине Элмира Ибраимова дайындалып жатканда бул көзөмөл органы мурдагыдан да жакшы натыйжаларга жетишет деп үмүттөнгөн элек. Президент Алмазбек Атамбаев да ушул максатта аны кызматка дайындаса керек дегенбиз. Бирок иш теңирден тескери кетип бараткандай. Бул структурада тескерисинче кадрдык коррупция коко тикендей ар кай жерден сорое баштады. Элмира айым чычалабас үчүн төмөндө конкреттүү мисалдарды келтирели.


"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КР мыйзамындагы "жылчыкты" (24-25-статьялар) пайдалануу менен ал өзүнө кеңешчилик жана жардамчылык кызматтарга жаңы адамдарды кабыл алып, бир аз иштеткенден кийин эле аларды Эсептөө палатасындагы мамлекеттик кызматтарга дайындай баштады. А мыйзам боюнча бул кызматтарга кадрлар конкурстук тандоо менен өтүшү керек. Мисалы, Э.Ибраимова келгенден көп өтпөй эле палатанын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча территориялык бөлүмүнүн начальниги кызматына өзүнүн жаңы жардамчысы, балдар дарыгери кесибиндеги Азамат Айылчиевди дайындады. Азамат Айылчиев бөлүмдү жетектеп, кол алдындагылардын кемчиликтерин оңдомок түгүл, эң жөнөкөй аудитти жүргүзө албайт. Анткени финансы жана аудит маселелеринде түшүнүгү да жок. Эсептөө палатасындагы эң сабаттуу кызматкерлердин бири Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча территориялык бөлүмдүн начальнигинин орунбасары М.Абакировдун өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү дал ушул А.Айылчиевдин дайындалуусу менен түздөн-түз байланышкан. Элмира айым балдар дарыгерин аталган бөлүмгө дайындоо менен тим калбастан, анын орунбасарлыгына Бурул Кулназарованы дайындады. Бул айымдын Адыл Бакиев менен тыгыз байланышы бар экенин аны жакшы билгендер айтып жүрүшөт.
Андан кийин Элмира айым сот тарабынан өз кызматына кайра коюлган аппарат жетекчиси Талант Кутановду өз арызы менен кызматтан кетүүгө мажбур кылды. Анын ордуна кезектеги кеңешчиси, убагында "АзияУниверсалБанктын" банк уячаларындагы акчалардын жоголушу боюнча чыр-чатактар менен байланышкан Б.Жумашевди дайындады. Анын бошогон ордуна Чолпон Алымкулованы кабыл алат да, бир аз убакыттан кийин аны мамлекеттик инспектор кызматына которду. Ч.Алымкулова кандай сапаттары менен мынчалык ардактоого ээ болду? Көрсө Ч.Алымкулова өз кезегинде Болот Алымкуловдун келини экен. Болот Алымкулов деген ким? Ал бул мекемеге расмий түрдө эч кандай тиешеси болбосо да Эсептөө палатасында көп болот жана төрайымдын жардамчысы менен кеңешчиси аны Э.Ибраимовага тоскоолдуксуз киргизип турушат. Ошол эле учурда палатанын кызматкерлеринин өздөрү төрайымга жумалап кире алышпайт. Жүргүзүлгөн аудиттердин эсебинен Э.Ибраимова үчүн деп акча чогулткан да ушул Б.Алымкулов экени айтылып жүрөт.
Албетте Элмира айымдын ким менен кандай мамиледе болору анын өз укугу. Бирок жеке мамиле менен мамлекеттик кызматты аралаштырса болот деген мыйзам барбы? Э.Ибраимованын дагы бир жардамчысы Илим Исаков да ушундай жол менен мамлекеттик инспектор кызматына орношуп алып азыр аудитке чыга баштады. Дагы бир жаңы кеңешчиси Азамат Курамаевди ал аппаратка пресс-секретарь деп тааныштырган. Бирок бир аз убакыттан кийин аны башкы эксперт-аналитик кызматына дайындады. Иш жүзүндө ал басма сөз кызматы менен эле алектенет жана эксперт-аналитик кызматы үчүн тиешелүү тажрыйбага, билимге ээ эмес. Кызыгы, Э.Ибраимова Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумдарынын биринде аудиторлорго бул башкы эксперт-аналитик үчүн ортого акча чогултуу зарылчылыгын билдирген. Чогулган каражат менен эксперт-аналитик журналисттерди сыйлап, а журналисттер Эсептөө палатасынын ишин мактап, атын чыгаруу менен алектенишет экен. Э.Ибраимованын бул сунушу анын Эсептөө палатасынын аудиттерди жүргүзүүдө параларды алуу шарттарын жактагандыгын дагы бир жолу далилдеп тургандай. Болбосо аудиторлор айына ортого чыгарчу оңой эмес сумманы кайдан алышат, эмгек акыларынанбы? Мына ушундан улам Э.Ибраимованын өзүнүн "сүйгүнчүк" кызматкерлерине эгерде аудиттин жыйынтыгы жакшы болсо, кийинкисинде "майлуу-сүттүү объектилерге" жиберүүгө убада бергендигине да ишенүүгө болот. Бул ага жакын адамдарга убада берген кызматкерлердин сөздөрүнөн улам да белгилүү болууда. Эми ал өзү жакында кабыл алган кезектеги жардамчысы Сейтек Сулаймановду кандай кызматка кое тургандыгын карап көрөлү. Ал жардамчысы өзү кызматына ылайык келген класстык чин алуу кызыктыра тургандыгын, ал мындай наамды мурдагы иштеген Финансы полициясынан пенсияга чыкканга чейин иштеп да ала албай тургандыгын айтып жүрөт. Э.Ибраимованын дагы бир жаңы кеңешчиси Туратбек Асанбеков. Т.Асанбеков Э.Ибраимованын жердеши жана А.Акаевдин "капчыктарынын" бири болгондугу менен белгилүү. Э.Ибраимова КР өкмөтү менен макулдашпай туруп өзү билип эмгек акыны да жогорулатып койду. Бул албетте, жакшы нерсе дечи, бирок мыйзам чегинде болсо туура болмок.
Дагы бир көңүл бурчу жагдай бар. Бишкек мэриясына аудит жүргүзүүдө аудиторлук топто курулуш боюнча адис Зарылбек Сатаев болгонуна карабастан, курулуш боюнча адис сырттан тартылды. Эч кандай зарылдыктын жоктугуна карабастан мындай сырттан адистерди тартуу токтобой келет. Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча территориялык бөлүмүнүн тышкы адистеринин бири парламент депутатын кийлигиштирүү менен тышкы адисти тартуу келишимин түзүүгө жетишкен. Тышкы адистерди тартуу саясатында Э.Ибраимова мурдагы жетекчилерден калышпай келет. Анда мурдагы жетекчилер эмнеге алмаштырылды деген суроо туулат. Качкын президенттердин алгачкысы А.Акаевге жакын болгон аудитор Азамат Кангелдиев Э.Ибраимовага эмнеси менен жакты болду экен? Анткени учурда ага бүтүндөй энергетика секторун "карматып койду". Баса, дал ушул Эсептөө палатасына адистиги дал келбеген, бирок бажасы Акаевдин жардамы менен анын төрагалыгына жетип алган А.Кангелдиевдин убагында Эсептөө палатасында паракорчулук орноп жана өнүккөн эмес беле!

Мелис СОВЕТ уулу




Өкмөттүн "жөө жомогунан"
Сатыбалдиев эле өсүп-өнүүдө,
эл ордунда эле турат
Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү 2012-жылга карата кечээ парламентте отчет берди. Премьердин сөзүн
тыңдаган адамга экономикабыз космостук ылдамдыкта өнүгүп бараткандай сезилет.


Жантөрө Жолдошевичтин айтымында, былтыр бюджеттин киреше бөлүгү 86,8 млрд. сомду түзгөн, бул 2011-жылга салыштырмалуу 12,1%га көп. А бюджеттин чыгаша бөлүгү 107 млрд. сомдун тегерегин түзөт. Ал эми ички дүң жыйым (ИДЖ) 304,4 млрд. сомду чапчып түшүптүр. Бирок бул көкүрөк кагып мактанчу көрсөткүч эмес, тескерисинче, 2012-жылы ИДЖнын көлөмү 2011-жылга караганда 0,9%га кыскарган.
Ж.Сатыбалдиев өкмөттүн ийгиликтери катары инфляциянын деңгээлин 7-9%дын деңгээлинде кармап турганын билдирди. Ошондой эле лицензиялардын 113 түрү кыскарганын, мамлекеттик көзөмөл органдарынын саны 21ден 12ге чейин, пландуу түрдө өткөрүлө турган текшерүүлөрдүн мөөнөттөрү да эки эсеге азайганын кошумчалады. Мындан сырткары, мамлекеттик аппараттан жалпысынан 1904 кызматкер кыскартылганын, натыйжада мамбюджет андан 500 млн. сом үнөмдөгөнүн баса белгиледи. Арийне, 1904 адам жумушсуздардын армиясын толуктаганын башбакан билгиси да келбейт өңдөнөт.

Салык жыйымдарын ким "жейт"?
Жыйын жүрүшүндө "ар-намысчы" Дастан Бекешев салык жыйымдарынын өтө төмөндүгүнө нааразычылыгын билдирди. Ал аргумент катары былтыр 3 млн. 303 миң турист келгенин, бул 2011-жылга салыштырмалуу 300 миңге көптүгүн, ошого карабастан, салык жыйымдары көбөйбөгөнүн белгиледи. "Анда чогулган каражаттар кайда кетти?" деген Бекешев башбаканды жарга такады. Ага жооп кайтарган Сатыбалдиев салык төлөмдөрү ойдогудай чогулбаганын ачык айтты. Мындай жоопко канааттанбаган Дастан мырза: "Жеке менин пикиримде, буга Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы калпыс кызматташуу, коррупция күнөөлүү" деп негизги себептерин ачыкка чыгарды.
Эл өкүлүнүн сөзүнө арданып кеттиби, айтор, өкмөт башчысы башсалыкчы Исхак Масалиев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш бергенин айтып агынан жарылды. Муну менен Сатыбалдиев Бекешевдин дооматына кошулгандай таасир калтырды.
P.S. Гезит басууга даярдалып жатканда өкмөттүн отчетун талкуулоо уланып жаткан. Андыктан, макаланын кийинки бөлүгүндө өкмөттүн отчетуна кенири токтолобуз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ


Бир шиңгил
Кыргызстанда болжол менен 212 миң жумушсуз адам бар. Алардын 888и гана мамлекеттен жөлөк пул алат.
Өкмөт аке улуттук макамдагы 76 долбоор түзгөн. "Мунун ичинен 40ы мурдагы өкмөттөн калган. Алардын 51%ы этабы менен каржыланууда. Ал эми ири долбоорлор финансылык жактан бекемделген эмес" дейт Ж.Сатыбалдиев.
Өкмөт "Кумтөр" көйгөйүнүн тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы боюнча ушу айдын этегинде парламентте отчет бермей болду.
Өнөр жай тармагында абал чеке жылытарлык эмес. Былтыр аталган тармактагы көрсөткүч 2011-жылга караганда 5,7%га кыскарган.