24.05.13 Баланын жандүйнөсүн ойлогондор калдыбы?
"Балдар дүйнөсү өзүнчө бир планета"
Балдар жазуучусу Бек Жылдыз орус жана кыргыз тилинде чыгарма жазат. Чыгармачылык дүйнөсүнө аттангандан бери жүздөн ашык аңгеме, ыр жазып, бөбөктөргө арналган 27 китептин автору болду. Балдар кызыгып көргөн "Керемет көч", "Жомок дүйнөсүнө саякат" телеберүүлөрүнүн жаралышына салымы бар. Учурда Жазуучулар союзунда жазуучулардын өз колдору менен жазылган архивдерине үңүлүп, балдар адабияты бөлүмүн жандандырып иш алып барууда. Бек Жылдыз бүгүн биз менен балдар адабияты тууралуу кенен ой бөлүштү.

Өкмөт балдарга качан көңүл бурат?
Бир учурда бөбөктөргө арналган китептер таптакыр чыкпай калды. Чыкса да мааниси өтө төмөн китептер эле. Ошол кезде мен Билим берүү министрлигинде иштечүмүн. Балдар адабиятын жандандырууну министрлик колго алып, 2004-жылдан 2010-жылга чейин балдарга арналган 83 китепти жарыкка чыгардык. Кооз китеп, керемет китеп, тарых китеп, балдар энциклопедиясы чыкты. Залкар жазуучу, акындарыбыздан Алыкул Осмонов, Турар Кожомбердиев, Райкан Шүкүрбековдун, балдар адабиятына салмактуу салымдары бар жазуучулар Токтосун Самудинов, Абзий Кыдыров, Байтемир Асаналиев, Сулайман Рысбаев, Каныбек Жунушевдин ыр, аңгемелеринен турган сүрөттүү китептери эл аралык фонддордун көмөгү менен жарыкка чыкты. Бирок булар абдан аз. Ошондуктан алдыга ар кандай максаттарды, иш-чараларды пландаштырып алып аны жүзөгө ашырышыбыз керек. Мунун баарын колго алуу үчүн, балдар адабиятын өнүктүрүү үчүн өкмөттүн атайын программасы керек. Бир жылдары балдар адабияты үчүн жакшы программа иштелип чыгып, бирок ал программа кабинеттерден чыкпай калды.

Айрым китептер балдарга терс таасир тийгизет
Азыркы балдарды китепке тартыш үчүн калыптанган эмес башкача ыкмалар керек болуп жатат. Мисалы, мурда балдардын кызыккан нерсеси, эрмеги эле китеп болчу. Азыр болсо компьютер оюндары, dvd, телевизор, уюлдук телефон. Айтор электрондук оюндар балдардын эрмеги болуп калды. Ушул нерселердин баары китеп окууга атаандаш болууда. Бул бизде эле эмес, бүткүл дүйнөлүк тенденция. Биз китептин эң негизги сыйкырчылык милдетин балдарга түшүндүрүп, китепке тартышыбыз керек. Балдарды китепке тартыш үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү керек. Китепти кызыктуу жазыш керек. Анүчүн тубаса балдар жазуучусу болуп жаралыш керек. Жазуучунун да жазуучусу болуш керек. Айрымдар балдарга арнап чыгарма жазып, өз каражатына жарыкка чыгарып, балдарга таратып коюусу ыктымал. Бирок бул китептин суусу көп, супсак болсо терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок биз аны чыгарба деп айта албайбыз. Ар бир жазган адам ошон үчүн жоопкерчиликтүү болуш керек. Балдардын алдындагы жоопкерчилик эң чоң жоопкерчилик. Биз балдарды жакшы көрбөсөк, тереңдеги сезимдерден жакшы чыгармалар жаралбайт. Андерсендин, Пушкиндин жомокторун издеп окугандай балдар биздин китепти издеп окуган абалда болушубуз керек.

Жаштардан балдар жазуучулары жокко эсе
Азыр Жазуучулар союзунда жаш акындардын "Нурборбор" уюмун жакшы билесиздер. Алар дайыма бейшемби күндөрү чогулуп талкуу жүргүзүшөт. Анан мен алардын талкуусуна анда-санда кирип балдарга арнап чыгарма жазып жатасыңарбы деп кайрылам. Балдарга арнап чыгарма жазган жаштар жокко эсе. Мен ошого абдан түйшөлөм. Санай келсек беш манжабыз жетпеген эле саналуу жазуучуларыбыз бар. Бирин-серин орус тилинде жазган жаштар кездешүүдө.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун балдар дүйнөсү өзүнчө планета деп айтканы бар. Балдарды түшүнбөй эле биз өз көйгөйлөрүбүздү таңуулай бермей адатыбыз бар.
Балдар жазуучусу кандай учурда чыгарма жазат? Эң бактылуу болуп турганда, көйгөйү жокто, таза сезим менен жазышы керек. Өткөн жылы мен беш аңгеме, бул жылы алты аңгеме жараттым. Бул абдан аз. Көртириликке көмүлгөн ушундай заманда бала дүйнөсүнө кирип чыгарма жаратуу абдан оор. Балдар жазуучулары өзгөчө жаралган адамдар. Өкмөт аларга кам көрүп, багып алышы керек.

Чий куурчак
"Чий куурчак" аттуу балдарга арналган аңгемем үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүмдө жайлоодогу биздин оюндарыбыз, экинчи бөлүмдө таенем жасап берген куурчактын керемет окуясы менен. Үчүнчү бөлүм чий куурчактын сынакка катышкан окуясы. Бул китеп бүтүндөй республикабыздагы үч миңдей китепканага акысыз таркатылды.
Менин неберем төрөлгөндө өзүмдүн таенемди, таенемдин бизге жасап берген чий куурчактарын эстеп бул өнөрдү неберелериме үйрөтөйүн деп куурчак жасап баштадым. Чий куурчакты биздин өлкөдө жашаган башка элдердин, улуттардын кийимин кийгизип фестиваль өткөрөйүн деген максат коюп, азыр ошонун үстүндө алектенип жатам. Улам жасап бүткөн куурчактарды Касымаалы Баялинов атындагы китепканага алып барып учурда жыйырмадай куурчак койдум. Жалпы сексендей куурчак болушу керек. Менин идеям ар башка улуттун кийимин кийген чий куурчактар өз улутунун жомогун айтып берет. Анан ошол ар бир улуттун жомогу кыргызчаланып, китеби жарыкка чыгышы керек. Чий куурчак аркылуу ар бир улуттун кийимдерин, каада-салтын балдарга тааныштырып, бөбөктөрдүн дүйнөгө болгон ой өрүштөрүн кеңейтүү. Эл аралык уюмдар каржылап берсе бул балдар үчүн керемет салтанат болот деп ишенем.

Роза Отунбаеванын "Билим фестивалы" кандай өттү?
18-19-май күндөрү өткөрүлгөн "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан уюштурулган бул фестивалдын идеясы абдан жакты. Балдарга эмне керек болсо ошонун баары камтылды. Театр, оюн, китеп, ыр-бий, акысыз ар түркүн мастер класстар, ийримдерге жазылуу баары камтылган. Бөбөктөр балдар жазуучулары менен таанышты. Алардын китептерин алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Атмосфера балдарга ылайыктуу болуп, өз таланттарын көргөзүүгө да далалаттанып, таланттары ойгонду. Жыйырма жылдан бери биринчи ирет балдар үчүн сонун майрам өттү. Менин жандүйнөмдө ушундай бир чоң үмүт ойгонду. Биз келечекти ойлосок баарыбыз бириктешип Роза Отунбаева эжеге жардам көрсөтүшүбүз керек. Бул фестиваль балдардын келечеги кеңейип, башкача күчтүү муун алдыда өсүп жетилип, сөзсүз жемишин берерине үмүт таштап койду.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА