presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Эл өкүлү эмне дейт?
Бакыт ТӨРӨБАЕВ,
ЖК төрага орунбасары:
"Батукаевге барган санавиация Жалал-Абадга жиберилбей бир адам өлүп калды"
Ушу тапта Жогорку Кеңештин ишине ичи чыкпагандар көп. Депутаттарды таратыш керек дегендер ар тарапта жетиштүү. Депутаттар өздөрүнүн иши жөнүндө кандай ойдо? Муну билүү үчүн ЖоКе төрага орунбасары Бакыт ТӨРӨБАЕВге кайрылдык.

- Бакыт Эргешович, учурда оппозициялык күчтөр митингдерди уюштуруп парламент тарасын, өкмөт кетсин деген талаптарды коюшууда. Мындай талаптар орундуубу?
- Албетте, коомдук уюмбу, оппозициябы митинг уюштуруп, өз ойлорун айтканга укуктуу. Ага эч ким деле тоскоол болгон жок. Бирок кандай гана маселе көтөрүлбөсүн бардыгы Конституциянын чегинде жүрүшү абзел. Ошондуктан парламент тарасын, өкмөт кетсин дегендерге кошулбайм. Туура, парламент мыкты деңгээлде ишмердүүлүгүн көрсөтө албай жатат. Муну моюнга алыш керек. Кээде депутаттар жогорку трибунаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышат. Ошол эле учурда мамлекеттик чоң-чоң маселелер парламентте көтөрүлүп, чечилип жатат. Бул жагын дагы эске алышыбыз зарыл. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, эл парламентти дагы туура түшүнүшү зарыл. Анткени Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруучу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган. Андыктан Бишкекте жолдор оңдолбой жатса, айылдарда таза суу чыкпай жатса, медициналык жардам көрсөтүлбөй жаткан болсо, буга Жогорку Кеңеш күнөөлүү эмес. Булардын баарына өкмөт жооп берет.
- Ошол өкмөттү парламент курабадыбы?
- Ооба, бул жагынан алганда маселе бар. Бирок парламент кандай өкмөт түзбөсүн, иштесин, маселелерди чечсин деп шайлайт. Шайланган өкмөт толук жоопкерчиликти алат. Эгер өкмөт өзүнүн дарамет-деңгээлин көрсөтө албаса, ага парламентти күнөөлөгөн туура эмес. Себеби, өкмөт жоопкерчиликти алып жаткандан кийин, мамлекеттеги экономикалык, социалдык маселелерге толук жооптуу. Бирок өкмөт иштей албай жатат деп эле ай сайын алмаштыра берген да болбойт.
Бизде эмнеге өсүш болбой жатат? Салыктардан түшкөн каражаттын көбү чиновниктерди бакканга (айлык, командировка, сыйлык ж.б.) кетүүдө. Анчейин көп каражатты талап кылбаган агенттик кызматтарга миллиондогон акча максатсыз бөлүнүп, өндүрүшкө (завод, фабрика курганга) каражат жумшалбай жатат. Эгер чиновниктердин ашыкча чыгымдарын кыскартып, бюджетти туура, максаттуу бөлүштүрүп, өндүрүшкө көбүрөөк каражат сарптасак, экономикада жылыш болот. Ошондо өкмөттүн иштеп жатканы көзгө көрүнмөк.
- Бийлик чөйрөсүндө Акаевдин кадры, Бакиевдин кадры, Отунбаеванын кадры деген сыяктуу сөздөр көп айтылып, бул жагдай элге да таасирин тийгизип жатат. Мындай бөлүп-жаруу маселесин кантип токтотсо болот?
- Биринчиден, Акаевдин же Бакиевдин кадры болобу, алардын баары Кыргызстандын жарандары. Демек, анын кадры, мунун кадры деп бөлбөстөн, алардын профессионалдык деңгээлине карап баалаш керек. Эгер кайсы бир чиновник кайсы бийликтин тушунда болбосун мыкты иштесе, жеп-ичкенден алыс, таза болсо, билими, интеллектуалдык деңгээли жогору, өз кесибин жакшы билген тажрыйбалуу адис болсо, аны эмне үчүн баланчанын кадры деп кодулаш керек? Бул туура эмес көрүнүш болуп жатпайбы. Кимде ким ичип-жеген болсо, аны Акаевдин же Бакиевдин кадры дебестен, коррупционер, ууру деп айтып камашыбыз керек. Баланчанын кадры дегенди токтотушубуз кажет. Себеп дегенде Атамбаевдин заманы өткөндө Атамбаевдин кадры деген да маселе чыгат. Ушинтип эле жүрө бермек белек? Баарыбыз кыргыз мамлекетинин жарандары болгондон кийин, кайсы бийликтин тушунда иштебейли, баланчанын кадры катары эмес, жасаган ишибизге жараша жооп берип, кылган эмгегибизге жараша бааланышыбыз абзел. Ошондо бөлүп-жаргандардын максаттары ишке ашпайт. Эл баарына тараза. Кимдин эмне иш кылып жатканын жакшы билишет. Андыктан коомчулукту ынтымакка үндөп, биримдиктүү иш алып барыш зарыл. Элге ынтымак, тынчтык керек. Ынтымак, тынчтык бар жерде, ар дайым өнүгүү болот.
- "Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча ар түрдүү версиялар айтылып жатат. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?
- Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши менен мамлекетибиз уят болду. Учурда ооруп түрмөдөн чыга албай жаткан жарандарыбыз толтура. Ушундай шартта Батукаев ооруп жатат деген негизде соттун чечими менен түрмөдөн бошотулуп, чет өлкөгө чыгып кетиши акылга сыйгыс. Калпы-чынын билбейм, массалык маалымат каражаттарында Батукаевдин ден-соолугун караш үчүн Бишкектен санавиация жиберилгени айтылды. Ал эми Жалал-Абадда бир жараныбыз катуу ооруп, Бишкекке алып келиш үчүн санавиация керек болуп чакыртышса, бул жактан жибербей коюшуп, кайтыш болуп калды. Ушундан эле кимге кандай мамиле жасалып жатканын билесиң. Бийлик, өкмөт жарандарга бирдей, акыйкат мамиле жасашы зарыл. Тең салмактуу мамиле жасалбаган жерде тартип, адилеттүүлүк орнобойт.
- Жогорку Кеңештин айрым депутаттары медиктердин статусун көтөрүү максатында "медиктер ишинде кетирген кемчилиги үчүн жооп бербейт" деген сыяктуу мыйзам долбоорун иштеп жатышыптыр. Азыркы кезде өлкөбүздө догдурлардын туура эмес дарылаганынын кесепетинен майып болгондор же каза тапкандар арбын. Жогорудагы мыйзам догдурлардын кесибине болгон шалаакы, кайдыгер мамилесин күчөтпөйбү?
- Жеке мен бул мыйзам долбоорун колдобойм. Ушул боюнча конкреттүү бир мисалга токтолуп кетейин. Кыргызстандагы догдурлар Алмаз уулу Нурмухаммед деген баланы 12 жолу операция жасап майып кылып коюшуптур. Анан ата-энеси Нурмухаммеддин тагдырын айтып, ыйлап мага кайрылышты. Баланын абалын көрүп, жүрөгүмө ушундай жакын кабыл алдым. Нурмухаммедди жеке каражатыма Стамбулга алып барып дарылаттым. Бир жарым айдын ичинде мурунку өз калыбына келип, айыкты. Андыктан "медиктер ишинде кетирген кемчилиги үчүн жооп бербейт" деген мыйзам кабыл алган туура болбой калат. Бул жерде маселени догдурлардын иштөө шартын жакшыртуу аркылуу чечиш милдет. Жаңы заманбап медициналык жабдууларды алып келип, чет мамлекетке тажрыйбасын өстүрүүгө жиберип, маселени позитивдүү караш керек. Мыйзам жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жазылышы шарт.
- Мына жакында сиздер "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын экинчи курултайын өткөр-дүңүздөр. Партия лидери катары сиз шайландыңыз. Коомчулукта сиздердин партиянын артында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев турат деген сөздөр айтылууда. Ушул чынбы?
- Жантөрө Жолдошевичтин биздин партияга эч кандай тиешеси жок. Бул жөн гана ушак. Партиянын артында карапайым адамдар турарын коомчулук жакшы билет.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Масалиев эскерилип, Мадеминов мыш болду

Кадамжай шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, маркум Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Ага КР вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин биртоп депутаттары, коомдук ишмерлер жана А.Масалиевдин туугандары катышты. Алгач Абсамат Масалиевдин эстелигине гүлчамбар коюлуп, Куран окулду. Абсамат Масалиевдин көөнөрбөс өрнөктүү өмүрү, коомдогу, үй-бүлөдөгү даражалуу орду жөнүндө кеңири чагылдырылган "Ала-Тоонун залкар уулу Абсамат Масалиев" аттуу китеп таратылды. Ошондой эле Кадамжай шаарындагы №17 орто мектепке Абсамат Масалиевдин ысмы ыйгарылды.
Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгында сөзгө чыккан Тайырбек Сарпашев Масалиев менен Жогорку Кеңеште аз да болсо бирге иштегенин сыймык менен айтса, Текебаев ага оппозиция болуп жүргөнүн, кийинчерээк шакиртине айланганын айтты. Ал эми убагында Кадамжайда аким болуп иштеп кетишкен Азим Карашев, Муктар Нургазиев анын тазалыгы, чынчылдыгы тууралуу белгилешти. Адахан Мадумаров сөзүн "жалган заман, калп заман" деп баштады. Тирүүсүндө бийлик кысымга алганын, эл менен жолугушууга келгенде жарыкты өчүрткөн, кабыл албаган акимдер кайда деп эски акимдердин көзүн жылтыратты. Абсамат Масалиев, Турдакун Усубалиев депутат болуп турганда трибунага чыгып бир сөз айтыш үчүн бир жума даярдангандарын, ал эми азыркы депутаттар болсо бетин жууганы да, жуубаганы да трибунада сайрап жатканын Мадумаров белгилеп өттү.
Андан кийин сөз алган депутат Мурадыл Мадеминов мурдагы президент Курманбек Бакиев менен Адахан Мадумаровду оозго ала баштаганда, эл сүйлөтпөй койду. Мунун өзү эле Мадеминовдун орду менен бийликте басымдуулук кылган КСДПнын деңгээлин көргөзгөндөй болду.

Азамат АБСАТТАРОВ, Баткен облусу




Жаштар жеңиш күнүн белгилешти
Таймаштан тактык жаралат

7- майда Талас шаарынын борбордук аянтында студенттер жана мектеп окуучулары арасында параддык марш өткөрүлдү. Иш-чара шаардык мэриянын демилгеси жана маданият кызматкерлеринин колдоосунда болду.

"Жалпысынан окуучулар арасында 11 команда, орто билим берүү окуу жайларынан 3 команда катышат. Алардын алдыңкы командалары 9-майдагы парадга катышат" дейт Талас шаардык маданият, туризм жана маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Бактияр Абдыкадыров.
Иш чаранын жыйынтыгында биринчи орунду №6 мектеп алды жана орто окуу жайлардын арасынан Талас экономикалык колледжи 1-орунга ээ болду. Калыстар тобунун жыйынтыгына каршы болгон адамдар да болду. "Алдыңкы орунду берген мектептин окуучулары маршта көп катачылыктарды кетирди. Алардын параддык кийимдери талапка ылайык эмес. Кызыл түстөгү кийимдерди кийип алышыптыр. Ал аскердик кийимге жатпайт. Ушундай кемчиликтерди эске албай баалаганы нааразычылык туудурат" дейт №3 орто мектебинин жогорку классынын окуучусу (суранычы боюнча аты жөнү өзгөртүлдү) Марина Кемелова.
"Албетте, таймаш болгон жерде нараазычылык сөзсүз болот. Анан калса нааразы болгон мектептер ар дайым биринчи орунга ээ болуп көнүп калышкан. Ошондуктан калыстардын баасына каршы чыгып жатат. Ар бир калыстар тобунун мүчөлөрү өзүлөрү жекече бааларын беришти. Ар бир команданын жободо көрсөтүлгөндөй окшош форма кийгенге аракет кылганын эске алдык. Эгер толук аскердик форма десек эч ким аткара алмак эмес", -дейт калыстар тобунун мүчөсү, облустук администрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Руслан Атаханов.

Жеңишгүл ТОГОЛОКОВА, Талас облусу









??.??